|
Оюндар: Ice Bucket Challenge эми биздин версия ;)Окшош видеолор
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Каптал амиотрофикалык склерозду (айыкпаган ооруну) изилдөөгө көңүл буруу үчүн флешмоб-акция, август айынын башында старт алды жана дүйнө жүзү боюнча IT-гиганттар, актерлор, музыканттар жана саясатчылар өздөрүнө башынан ылдый чакалай муздак суу куя баштаганда катуу күү алды. Флешмобдун эрежелери өтө оңой: башыңдан ылдый бир чака муздак суу куюп, 10 доллар кайрымдуулук кыласың дагы башка үч адамды кошулууга чакырасың же болбосо кургак бойдон калып, бул ооруну изилдөө үчүн 100 доллардан кем эмес кайрымдуулук кыласың. Мунун барын 24 саат ичинде кылыш керек. Атактуулар 10 миң доллардан кем эмес кайрымдуулук кылып, айдын аягында 15 млн доллардан ашык акча топтолгон. Биз Баймоңолов Бектур жана Рысалиев Рахатбек, “Айбат” – коомдук-саясий гезитинин жамааты дүйнөлүк флешмобдон четте калбай, салидарлуулук үчүн өзүбүздүн башыбыздан ылдый чакалай муздак суу куюп, Тербишалиев Данияр, Жанар Акаев, Молдокматов Жеңиш жана ырчы Омарды бул акцияга кошулууга чакырдык. Ал эми эрежесин өзүбүздүн өлкөгө ылайыктштырып, бираз өзгөрттүк: муздак суу куюнуп, “Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна” 500 сом кайрымдуулук кыласың же болбосо кургак бойдон калып, 5000 сомдон кем эмес кайрымдуулук кыласың. Биздин мекендештер бул флешмобду колдоп, муктаж болгондорго ашыкча болбогон жардамын берет деген үмүттөбүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик видеону көрдү:
|