|
Жарнамалык роликтер: Медиалаборатория ЭлТРОкшош видеолор
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Кулактандыруу! СЫНАК!
Радиодо же телевидениеде иштөө, ошондой эле теледолбоорлорду түзүүгө катышуу сенин кыялыңбы? Кесипкөй журналист болуп же өз программаңдын алып баруучусу болгуң келеби? А балким, ошол эле программага режиссёр болуп мыкты жөндөмүңдү көрсөткүң келет чыгар. Же жөн гана тележылдыз болгуң келеттир... Бирок эмнеден баштаарыңды билбей турасың. «ЭлТР» телеканалынын «ЭлТР медиалаборатория» долбоору жаш, таланттуу, амбициялуу улан-кыздарды издейт. Сен долбоорго катышуу менен журналистика тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүңдү ачып, операторлук жана монтажёрдук кесипти үйрөнүп, теледолбоорлорду түзүүнүн ыкмасын үйрөнгүң келеби? Балким, бир гана сенин көрсөтүүң мыкты болуп, "ЭлТРдин" көрүүчүлөрүнө тартууланат. Эмесе, кыялыңды орундатуу үчүн сен биринчи кадам ташташың керек! Сынакка катышуу үчүн журналисттер жана телеалпаруучулар, «Кыргызстан - көп улуттуу мамлекет. Биримдик тынчтык жана ынтымак» аттуу темада эссе жана резюмелериңиздерди, оператор-монтажёрлор, өзүңүздөрдүн тарткан видеолоруңуздарды жана резюмелериңиздерди төмөнкү дарекке жөнөтүүңүздөр зарыл: e-mail: eltrlabaratory@gmail.com Кайрылуу каттары 2015-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат. Долбоор БУУнун колдоосу менен өтөт. Сурап-билүү телефондору: (0555) 66 30 55 (0551) 10 84 10 (0559) 44 88 45 |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик видеону көрдү:
|