|
Дин: Аллахтын элчиси жана азиз иудей
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Мединанын базарында күнүгө “Оо, агаларым! Мухаммедге кошулбагыла. Ал акылынан адашып калган, ал - жалганчы, ал - бакшы. Эгер силер ага кошулсаңар, анда ага көз каранды болосуңар!”- деп кыйкырып туруучу бир азиз иудей кайырчы болор эле. Ал Мухаммед (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) менен тааныш болбосо да, пайгамбар менен бир да жолу жолукпаса да, жанына ким келбесин, баарына Мухаммедге (Аллатын тынчтыгы жана ыракматы болсун)болгон жек көрүүсүн айта берчү.
Бул кайырчы жөнүндөгү кабар Мухаммед (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) пайгамбарыбызга да жетип турат эле. Бирок Аллахтын элчиси кайырчы иудейдин бул сөздөрүнө көңүл бурчу эмес. Тескерисинче, Пайгамбарыбыз (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) ага ар бир күнү эртең менен тамак алып келип берчү. Кайырчыга эч бир сөз сүйлөбөстөн, аны өз колу менен тамактандырып кетчү. Ал эми кайырчы болсо, кубануу менен Пайгамбарыбыз (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) алып келген тамактан жеп жүрдү. Курсагы тойгондо ыраазычылыгын да билдирчү. Пайгамбарыбыз (Аллахтын тынчтыгы жанан ыракматы болсун) бул дүйнөдөн көзү өткөнгө чейин милдеттүү түрдө ар күнү кайырчыны тамактандыруусун уланта берет. Сокур кайырчы ким аны тамактандырып жаткандыгы жөнүндө ойлонгон да жок. Бирок Мухаммед пайгамбар (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун)бул дүйнөдөн өткөн күндөн баштап, ага эч ким тамак алып келбей да, аны эч ким тамактандырбай да калат. Кайырчы анын эмне үчүн келбей калгандыгын көп ойлонуп, себебин таба албады. Ал ар бир күнү тамак алып келчү адамды күтө берди. Көп күттү, бирок ал адам кайрылып келбеди. Күндөрдүн биринде Аллахтын Элчисинин (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун)жакын сахабасы Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) кызы Айшанын (Аллах андан ыраазы болсун) үйүнө барып калып, Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) сурайт: - Кызым, Аллахтын Элчисинин (Аллатын тынчтыгы жана ыракматы болсун)буга чейин мен бир да жолу жасабаган сүннөтү бар беле? - Ата, Аллахтын Элчисинин (Аллатын тынчтгы жана ыракматы болсун) сүннөтөрүнөн бирин гана сиз буга чейин жасаган элексиз. - Ал кандай иш эле? - Аллахтын Элчиси (Аллатын тынчтыгы жана ыракматы болсун) ар бир күнү эртең менен базардагы сокур кайырчыга тамак алып барып, өз колу менен тамактандырып келчү. Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) кийинки күнү тамагын көтөрүп алып, базардагы кайырчыга жөнөдү. Кайырчыга келип, аны өз колу менен тамактандыра баштады. Бирок Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) биринчи эле жолу тамакты анын оозуна салганда, ал ачууланып кыйкырып жиберди. - Сен ал адам эмессиң! Себеби ал мени жагымдуу тамактандырчу. Буга чейин мага тамак ташыган адам мени тамактандыруудан мурун алгач тамакты жумшартып, анан менин оозума салчу. Абу Бакр Сыдык (Аллах андан ыраазы болсун) кармана албай көз жашын төктү, шолоктоп өксүп ыйлады. Кайырчыга аны мурда ким тамактандырып жүргөнүн айтып берди. - Чындыгында мен ал адам эмесмин. Мен анын сахабаларынын бирөөсүмүн. Ал адам биздин арабыздан кетти. Эми ал биздин арабызда жок! Ал жөнөкөй эле бир адам эмес эле, ал - Аллахтын Элчиси Мухаммед (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) эле. Кайырчы мукактана: - Мухаммед.......? Мухаммед...........? Абу Бакр: - Ооба. Ал Мухаммед (Аллахтын тынчтыгы жана ыракматы болсун) эле. Ошол секундаларда кайырчы үмүтү үзүлө өксүп ыйлады. Ушуга чейин аны Аллахтын Элчиси Мухаммед (Аллахтын тынчытыгы жана ыракматы болсун) тамактандырып келгенине ынанып мойнуна алды. Мойнуна аккан көз жашын аарчып, “Ушунча убакыт....Ушунча убакыт мен ага наалат айтып, артынан ушак сүйлөдүм. Бирок ал мени бир да жолу тилдебеди, бир да жолу мазактабады. Тескерисинче ал мени ар бир күнү өз колу тамактандырды. Ал - Боорукер” – деди. Кайырчы Абу Бакр Сыдыкка (Аллах андан ыраазы болсун) колун сунуп, анын алдында күбө келтирип, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммед Аллахтын Элчиси деп жар салды. Кайырчы ушул күндөн баштап, ислам динин кабыл алып, мусулман болду. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик видеону көрдү:
|