|
Саясат: Садыр Жапаров ага карата козголуп жаткан кылмыш ишин саясат менен байланыштырат
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Бишкек, 18-сентябрь, 2012-жыл Депутат Садыр Жапаровдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратура бүгүн Жогорку Кеңешке сунуштама жиберди. Башкы прокуратура Элдар Мадылбековго козголгон кылмыш иштин негизинде “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров да шектүү деп, ага карата кылмыш ишин козгогон. Ал эми эл өкүлү Жапаров бүгүн журналисттерди чогултуп, Башкы прокуратуранын бул аракетин саясат менен байланыштырды.
Апрель революциясынан кийин Максим Бакиевге тиешелүү имаратты рейдерлик жол менен басып алынган деген шек менен Бишкек шаардык прокуратуранын кызматкери Элдар Мадылбековго карата кылмыш иши козголгон. Анын негизинде “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров да шектелип, ага да каршы кылмыш иши ачылды. Анын себебин Башкы прокуратура - фракция лидери Элдар Мадылбеков басып алган имаратты мыйзам бузуу менен сатып алган деп түшүндүрүүдө. Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Каныбек Турдумамбетов: “Материалдын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун үстүнөн - кылмышка аралашканы, алдамчылыкка кол кабыш кылып, имаратты мыйзамсыз сатып алганы боюнча кылмыш иши козголду. Ушул ишке аралашканы үчүн Садыр Жапаров жооп бериш керек.” Садыр Жапаров менен анын жактоочусу Шарапидин Токтосунов маалымат жыйынын өткөрдү, бирок жыйынга келген анын партиялаштары журналисттерден көп болду. Садыр Жапаровдун айтканына караганда, ага имарат сатып жаткан Элдар Туратбек Мадылбековдун уулу экендигин ал билген да эмес. Имараттын документтери жайында экенин текшергенден кийин, Элдарга акчаны колуна санап бергем, - дейт Жапаров жана ага карата козголуп жаткан кылмыш ишин саясат менен байланыштырат. Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров: “Ушул жылдын 20-июнунда парламентте Кумтөр боюнча мафиянын жүзүн ачкам. 2010-жылы Кумтөр кенинен контрабандалык жол менен келген алтын Сокулук райондук прокуратура кызматкерлери тарабынан кармалып, кийин ал кылмышы иши токтотулуп калган. Ушундан улам, бизде мыйзам кимдир бирөө үчүн иштеп, кимдир бирөө үчүн таптакыр иштебейби деген суроо туулат.” Садыр Жапаров Кумтөрдөн кайсы чиновник канча акча алгандыгын жакында ачыкка чыгараарын да айтып чыкты. Мына ушундай чуулуу имаратта ушул тапта “Ата-Журт” партиясынын кеңсеси жайгашкан. Башкы прокуратура - бул окуяда аталган партиянын жетекчиси, депутат Камчыбек Ташиевдин ролуна да баа бериле турганын айтат. Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Каныбек Турдумамбетов: “Бул имарат 500 миң доллар эмес, анын чыныгы баасы 2 миллион долардын тегерегинде болот. Бул окуяда аталган партиянын жетекчиси, депутат Камчыбек Ташиевдин ролуна да баа берилет. Жапаров экөө тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн чакырылат.” Ал эми депутат Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” партиясы имаратты ижарага алгандыгын жана анын бул ишке тиешеси жоктугун белгилейт. Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Журт” фракциясы Камчыбек Ташиев: “Башкы прокуратура шашып кылмыш ишин козгоду. Алгач териштириш керек болчу. Садыр Жапаровко айып коюлуп жаткандыгы, коюлгандыгы анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Ал эми буга менин эч кандай тиешем жок. Прокуратура чакырса, барып көрсөтмө берем.” Коомчулукта катардагы эл өкүлү эмес, фракция лидерине кылмыш иши козголуп жатканы кызуу талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин айрым депуттарына карата кылмыш иштери ачылганы менен, фракция лидери буга чейин күнөөлөнгөн эмес. Серепчилер - атка минерби, же катардагы кызматкерби, мыйзам алдында бирдей жооптуу болуш керектигин айтып, коррупцияга каршы күрөш жандана баштагандай, - дейт. Саясат таануучу Марат Казакбаев: “Албетте, депуттарга кылмыш иштери козголуп, алардын ак же кара экендигин сот аныктайт. Бирок коррупцияга каршы күрөш ушундай болуш керек. Ал депутат эле деп, көз жаздымда кетире берсек, коррупция менен күрөшө албайбыз.” Бишкекте жайгашкан Бакиевдерге таандык үйлөр, кеңселер жана ишканалардын айрымдары улутташтырылган эмес. Ошондуктан, аларды азыр ким колдонууда деген маселе чыгат. Бул боюнча атайын депуттык комиссия да түзүлгөн. Анын мүчөлөрү - чырдын түйүнү болгон Киев көчөсүндөгү мурда Бакиевдерге таандык имарат тууралуу маалымат жок болгондуктан, эми аны иликтей турганын айтууда. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик видеону көрдү:
|