super.kg logo

Музыка: Турдакун Айса уулу "Дүнүйө"

Жүктөлгөн: 05-02-2013
Көчүрүү
04:27
19,76 Мб
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Жүктөгөн:TolonturCN
Комментарийлер(3)
05.02.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амеей ботом бул ырды Айбек Карымов меники деп ырдайт го,эми кимге ишенебиз.
05.02.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanukei, Айбек Карымов деле автордук укукту сактап, с.о: Турдаку Айса деп аткарган турбайбы. бирок ырдын темасын башкача кою алыптыр "жүрөк зары" деп.
05.02.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек карымов жакшы ырдаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
"Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн видеого жана анын мазмунуна жүктөгөн колдонуучу жоопкер.
Адамдын кадыр-баркына жана юридикалык жактардын ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтар, тиешелүү жактардын жазуу түрүндө жеке кайрылуусу менен өчүрүлүшү мүмкүн.
Дүнүйө

Сөзү:Орозалы Кашкарбай уулу
Обону:Турдакун Айса уулу

Бал жуттум балдай таттуу болбой койду,
Уу жуттум уудай ачуу болбой койду.
Дүнүйөң ий кетик чыны сыяктанып,
Балга да же ууга дагы толбой койду.
Дүнүйөң оой кетик чыны сыяктанып,
Балга да оо ууга дагы толбой койду.

Кайырмасы:

Бал жуттум, уу жуттум,
Шарап жуттум, суу жуттум.
Баары бирдей даба болбой,
Айлам кетип буулуктум.

Асылдар асылдарча болбой койду.
Аккуулар көлгө келип конбой койду.
Дүнүйөң ий тешик челек сыяктанып,
Деңизди сузсам дагы толбой койду.
Дүнүйөң ой тешик челек сыяктанып,
Деңизди сузсам дагы толбой койду.

Кайырмасы:

Бал жуттум, уу жуттум,
Шарап жуттум, суу жуттум.
Баары бирдей даба болбой,
Айлам кетип буулуктум.

Каректен кан аксада азап менен,
Калып эле мен өзүмдү жасап келем.
Карындаш ой кандай жансың таштан бүткөн,
Кайгынын туманында жашап келем.
Карындаш ой кандай жансың таштан бүткөн,
Кайгынын туманында жашап келем.

Кайырмасы:

Бал жуттум, уу жуттум,
Шарап жуттум, суу жуттум.
Баары бирдей даба болбой,
Айлам кетип буулуктум.

2012/12/16 чыгарылыш
Шашылыш, жарым күндө тартылып жасалган клип (обондуу тасма)
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул элдик видеону көрдү:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;