super.kg logo

Бексултан Алимбеков "Ырдайм жаштыкта"

Жүктөлгөн: 26-02-2021
Көчүрүү
03:59
75,46 Мб
Жанр: Поп
  • Currently 0.00/5
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Бексултан Алимбеков
"Ырдайм жаштыкта"

Сөзү : Турсунай Калмурат кызыныкы
Обону : Жамиля Муратованыкы
Жалындап,
Жан дүйнөмдүн жанып турган жазы ырдайт.
Аруу сезим менен,
Жакындап,
Үнсүз гана үмүт көккө азгырат,
Жалгыздык алыстайт.
Күн өттү,
Тагдырымдын бул махабат күбөсү,
Кайгырба,
Кайгы-муңдар бизден алыста.

Баратам,
Бакытыма бийик учуп жарышта,
Ырдап жаштыкта.
Ар таңда,
Кадам таштайм калбаш үчүн арманда.
Ал барда,
Кайрыгындай жаңырамын ааламда,
Канат жаям да,
Жомокто жашагандай алоолонуп жанам да.

Азгырып,
Азыр койдуң ар күнүмдү жаз кылып,
Обондо жазылып.
Ай чыгып,
Калды бүтпөс сөздөр дагы айтылып,
Жүрөккө тартылып.
Албырган ак таңдагы тостум сени жамгырдан,
Ашыкпайм,
Кереметиң сунчу жаштыктан.

Булуттай,
Жылмай гүлүм ичтен сызып буулукпай,
Күлүп ушундай.
Башкача,
Күн кызарып уясына батса да.
Таптаза,
Айланамды сенин сүйүүң каптаса,
Көңүл калбаса,
Ааламда махабаттан алоолонуп жанам да.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул видеоклипти көрдү:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;