Чүй облусундагы Бишкек - Кашка-Суу жолунда болгон жол кырсыгынын видеосу интернет желесине тарады.
Окуя кечээ, 14-майда кечинде Кашка-Суу айылында катталды. Анда Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта унаа айдап бара жатып, рулду башкара албай жол четиндеги 5 адамды сүзүп кетти. Алардын төртөө жаш балдар.
Эскерте кетсек, милиция шектүү кармалып, тергөө уланып жатканын билдирди.





+996 779 47 39 39 












