super.kg logo

Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээсине кол салган жаран кармалды

 

Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу жайында катталган кандуу окуя боюнча бүгүн, 25-майда шаардык милициядан маалымат беришти.

Маалым болгондой, кечээ, 24-май күнү белгисиз жаран аталган жайдын ээси, 1992-жылы туулган М.Хга бычак менен кол салды. Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, бирок операция учурунда каза болгону кошумчаланды.

Ал эми кол салууга шектүү катары 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү окуядан кийин ал жерден акча алып чыгып кеткен. Учурда адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Каза болгон жарандын артында 3 баласы калды. Ал акча алмаштыруучу жайды быйыл февралдан бери иштетип келе жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: