Жардам бөлүмү: Билдирүүлөр
Форумда билдирүү жазуунун үч түрү бар. Форумдун ар бир бөлүмүндө жана темалар барагында “Тема ачуу” баскычы бар, ал жаңы тема ачуу үчүн колдонулат.
Ошондой эле темаларды, форумдарды кароодо “Сурамжылоо кошуу” баскычы (администратор мүмкүнчүлүк берген болсо) көрүнөт, аны басуу менен форумда жаңы сурамжылоо кошо аласыз. Темага жаңы билдирүүнү ошол темадагы “Жооп жазуу” баскычы аркылуу жазасыз.
Жаңы тема ачуу жана темага жооп жазуу
Билдирүү жазууда сизди форумдун коддору кызыктырышы мүмкүн. Бул коддор сиздин билдирүүлөрүңүздүн текстин ар кандай форматтоо үчүн керек. BB-коддор жооп жазуу талаачасынын үстүндө жайгашкан.
«Rich Text» (RTE) редактору — бул WordPadка окшош WYSIWYG (What You See Is What You Get) редактор. Сиз ВВ-коддорунун фрагментинин ордуна билдирүү жарыялагандан кийин кандай көрүнөрүн көрөсүз. Бул редактордун артыкчылыгын сиздин браузериңиз Internet Explorer 6 же Firefox 1.5 андан жаңыраак болсо колдоно аласыз.
Аспап панели
Солдон оңго, өйдөдөн ылдый:
«Каптал такта» баскычын басып, сиз быйтыкчалар бөлүгүн жана кошумча ВВ-коддорун ачып же жашырып коё аласыз. Бөлүктөрдү жашырып, билдирүү жазуу үчүн мейкиндикти чоңойтуп аласыз.
Билдирүү опциялары
Форумда тема ачуу үчүн же темага жооп берүү үчүн үч опция бар. Эгер “Быйтыкчаларды көргөзүү” функциясы тандалган эмес болсо, быйтыкчалар билдирүүгө коюлбай калат. Эгер “Кол жазманы көргөзүү” функциясы тандалган эмес болсо, сиздин кол жазмаңыз билдирүүңүзгө кошулбай калат. “Жооп тууралуу e-mail`ге кабарлоо керекпи?” функциясы темага жооп болсо, сиздин e-mail`ге кабарлап турат. Ошондой эле форумдун администратору уруксат берген болсо, билдирүүдө HTML колдонуу опциясы бар.
Ошондой эле сиз өзүңүздүн темаңызга же билдирүүңүзгө иконка тандап алсаңыз болот. Эгер сиз тема ачып жатсаңыз, иконка теманын аталышынын жанына жарыяланат. Эгер темага жооп берип жатсаңыз, иконка билдирүү жазылган датанын жанына жарыяланат.
Сурамжылоо опциялары
Жаңы тема ачуу маалында теманын атын жана ал тууралуу жазуучу саптардын алдында “Сурамжылоо” деген шилтемени көрөсүз. Бул шилтемени бассаңыз, сизге сурамжылоо опциялары ачылат. Биринчи сап сиздин сурамжылооңуздун суроосун жазуу үчүн. Сурамжылоого суроо кошуу үчүн “Сурамжылоого суроо кошууну” басасыз. Сурамжылоонун суроолорунун жана алардын жоопторунун санын форумдун администратору коёт.
Билдирүүлөрдү цитата кылуу
Темадагы ар бир билдирүүнүн алдында “Жооп жазуу” баскычы бар. Бул кнопканы басканда сиз кайсы билдирүүнүн алдындагы баскычты баскан болсоңуз, ошол билдирүүнү цитата кылып темада жооп бере аласыз.
Ошондой эле ар бир билдирүүнүн алдындагы “Цитата” баскычы сиз белгилеген билдирүүнү жообуңузга цитаталап кошуп коёт. Ушинтип бир нече билдирүүнү цитатага тандаса болот. Баракчанын өйдө же ылдый жагындагы “Жооп жазуу” баскычын басып, сиз тандаган билдирүүлөр цитата түрүндө коюлган жооп формасына туш болосуз. Ыңгайлуулук үчүн “Цитата” баскычын басканда, анын түсү өзгөрүлөт.
Билдирүүлөрдү түзөтүү
Сиз жазган билдирүүлөрдүн алдында “Түзөтүү” баскычын көрө аласыз (форумда билдирүү жазылган соң 1 саатка чейин гана түзөтүү мүмкүн). Бул баскычты басканда сизге түзөтүүнүн 2 түрү ачылат. Билдирүүнүн алдында “Кененирээк жооп жазуу” баскычын бассаңыз, билдирүүнү толугу менен түзөтөсүз, барак башынан жүктөлөт. Эгер ал баскычты баспай түзөтсөңүз, баракча башынан жүктөлүп ачылбайт.
Түзөтүү маалында “бул билдирүүгө «түзөтүлдү. ..» жазуусун кошуу?” опциясын көрө аласыз. Бул опцияны тандаган болсоңуз, сиз жазган билдирүүнүн алдында, сиздин билдирүүңүз өзгөртүлгөнү тууралуу датасы менен жазуу чыгып калат. Эгер сиз бул опцияны көрбөсөңүз, демек, өзгөртүүлөр тууралуу жазуу автоматтык түрдө кошулат.
Эгер сиз билдирүүнү түзөтүү баскычын көрбөсөңүз, мүмкүн форумдун администратору бул функцияны же өчүрүп койгон, же түзөтүү убакытына чек койгон, ал убакыт өтүп кетсе, билдирүүнү түзөтүү мүмкүн эмес.
Ылдам жооп
Эгер бул мүмкүнчүлүк бар болсо, ар бир темада “Ылдам жооп” баскычы болот. Аны бассаңыз, билдирүү жазуучу форма баракчадагы тема менен кошо ачылат. Сиз ылдам жооп формасын автоматтык түрдө ачылуусун жасап алсаңыз болот, ал үчүн өздүк маалыматтагы форумдун жөндөөлөрүнөн тиешелүү опцияны тандайсыз. “Кеңейтилген форма” баскычын бассаңыз, сиз үчүн кадимки жооп жазуу формасы ачылат.

- Өзгөртүүлөрдү өчүрүү: бул бардык өзгөртүлгөн билдирүүлөрдү өчүрөт.
- Атайын элементтер: бул блок сизге атайын тег коюуга мүмкүнчүлүк берет, мисалы, темага же билдирүүгө шилтеме берүү жана администратор уруксат берген дагы башка кошумча ВВ-коддору.
- Шрифт: бул жерден сиз текстиңиздин шрифтин тандай аласыз. Эгер сиз «Rich Text» редакторун колдонсоңуз, тандалган шрифттер сиздин билдирүүңүздө көргөзүлөт.
- Өлчөм: бул жерден сиз жети өлчөмдүн бирин тандап алсаңыз болот.
- Жокко чыгаруу жана кайталоо: бул эки жебелер артка кайтарат же сиздин акыркы кыймылыңызды кайталайт.
- Жазуу сап өлчөмү: бул жерден сиз билдирүү киргизүү сабынын өлчөмүн чоңойтуп же кичирейтип алсаңыз болот.
- Стандарттык менен «Rich Text» редакторлорунун которгучу: бул баскычтын жардамы менен стандарттык редактордон «Rich Text» редакторуна которуп, же тескерисинче, «Rich Text» редакторунан стандарттык редакторго которо аласыз. Бул функцияны өздүк маалыматыңыздагы форумдун жөндөөлөрүнөн өзгөртүп алсаңыз болот.
- Стиль баскычы: белгиленген текстти калың, жантык жана алды чийилген кылып коюу мүмкүнчүлүгү.
- Текст форматы: бул баскыч менен текст сызыктан өйдө жазылышын, ылдый жазылышын же чийик жазылышын тандап алса болот.
- Текст түсү: бул блок текст үчүн түстөрдүн палитрасын көрсөтөт.
- Быйтыктар: быйтык сүрөтү бар баскыч, форумдагы бардык быйтыктардын тизмесин чыгарат, сиз үчүн билдирүүгө керектүүсүн коюуга мүмкүнчүлүк берет.
- Кемтик: эки баскыч сизге кемтикти чоңойтууга же кичирейтүүгө мүмкүндүк берет.
- Текстти түздөө: бул баскычтар сизге тандалган текстти сол жак менен , оң жак менен, ортосу менен же туурасы менен түздөп берет.
- Тизмелер: бул эки баскычтар номерленген же маркировкаланган тизме түзүүгө мүмкүндүк берет.