Жардам бөлүмү: Колдонуучунун өздүк маалыматын кароо
Колдонуучунун өздүк баракчасын кароо үчүн форумдун кайсы жери болбосун анын ысымын басышыңыз керек. Эгер сиз өзүңүздүн баракчаңызды көргүңүз келсе, форумдун өйдө жагындагы ысымыңызды басыңыз.
Өздүк баракчанын башкы бетинде кыймылсыз болгон эки жана ортосунда тандалган маалыматты көрсөтө турган бөлүкчөлөр жайгашкан.
Өздүк маалымат
Бул секция сол жагында жайгашып, колдонуучу тууралуу ар кандай маалыматтарды камтыйт. Бул жерден өздүк сүрөтүн (эгер колдонуучу аны кошкон болсо), мындан тышкары дагы кошумча опциялар жайгашкан (мисалы, колдонуучунун билдирүүлөрүн издөө), колдонуучунун кол жазмасын, ошондой эле колдонуучунун өздүк маалыматын, мисалы, жашын, жынысын, жашаган жерин тапсаңыз болот. Сол жагындагы омөнку бурчунда колдонуучунун статистикасы жана колдонуучу калтырган билдирүүлөрүнүн саны, ошондой эле байланыш маалымат жайгашкан.
Өздүк баракчанын ортосунда бөлүктөн турган секция жайгашкан. Булардан колдонуучунун акыркы билдирүүлөрүн, ага жазылган комментарийлерди, анын досторунун тизмесин (досторунун ысымдарын басып, алардын өздүк маалыматын көрсөңүз болот). Ошондой эле, эгер флрумда Invision Power Gallery жана Blog орнотулган болсо, кошумча бөлүктөр пайда болот. Галерея (Gallery) бөлүкчөсү колдонуучу тарабынан жүктөлгөн акыркы 6 сүрөттү көргөзөт, Блог (Blog) бөлүкчөсү колдонуучунун акыркы 5 билдирүүсүн көргөзөт.
Өздүк маалыматтын төмөн жагынан колдонуучунун өздүк маалыматына баш баккандардын тизмесин көрүүгө болот.
Комментарий кошуу
Сиз башка колдонуучулар тууралуу комментарий калтырсаңыз болот. Алардын өздүк баракчасын ачканыңызда, акыркы комментарийлерге туш болосуз. Комментарий жазуу үчүн атайын талаача жайгашкан. Комментарийди ошол талаачага жазган соң "Кошуу" баскычын басып коёсуз.
Комментарийлерди модерациалоо
Эгер башка колдонуучу сиздин өздүк баракчаңызга кадыр-баркыңызга шек келтирген же адепсиз комментарий жазган болсо, комментарийдин оң бурчундагы "Өчүрүү" баскычын басып өчүрө аласыз.
Ошондой эле сизге жазылган комментарйилерди өзүңүз башкара аласыз. Кийинки шилтеме менен өтүп ылайыкташтырып алсаңыз болот: http://www.super.kg/ ...cp&tab=members. "Жаңы комментарийлерди модерациялоо" деген саптын төмөн жагынан өзүңүз каалаган вариантты тандап, "Сактоо" баскычын басып коёсуз.
Колдонуучунун рейтинги
Өздүк баракчада колдонуучунун рейтингин аныктоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул көйгөйлүү колдонуучулардын рейтингин төмөндөтүп, жакшы колдонуучулардын рейтингин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Рейтингди өзгөртүү үчүн колдонуучунун өздүк баракчасын ачып, жылдызчаларды басып, колдонуучунун рейтингин аныктаңыз.
Жөндөөлөрдү өзгөртүү
Өздүк баракчага өзүңүздүн ысымыңыз менен кирсеңиз, "Баракчамды өзгөртүү" деген баскычты оң жактан көрөсүз. Бул баскычты басып, өздүк баракчаңызды өзгөртүүгө кошумча функцияларын колдонууга мүмкүнчүлүк аласыз. Бул жерден сиз өздүк сүрөт жүктөп же өчүрө аласыз. Эгер сүрөттү өчүрүү опциясы тандалган болсо, сиз "Сактоо" баскычын басканда, сүрөтүңүз өчөт. Ошондой эле сиз өзүңүз жөнүндө маалыматты өзгөртө аласыз. Бул талаача сиздин кол жазмаңызга окшош, бирок ал кол жазмадай болуп билдирүүлөрүңүзгө эмес, сиздин баракчаңызга бекитилет. Бир аз төмөнүрөөк сизге жазылган комментарийлер жана сизди досторунун тизмесине кошкон колдонуучулар тууралуу сизди кабарландыруунун жолун тандайсыз. Сиз e-mail же жеке билдирүү аркылуу кабарландырууну өчүрүп салсаңыз болот. Төмөн жагында сиздин баракчага жазылган комментарийлерди жана сизди досторго кошуунун модерациялоо опцияларын тандайсыз.
" Өздүк маалыматты өзгөртүү" бөлүмүнөн өзүңүздүн жеке маалыматыңызды өзгөртөсүз. Сиз өзүңүздүн жынысыңызды, туулган күнүңүздү, калааңызды жана байланыш маалыматыңызды калтыра аласыз.