Жардам бөлүмү: Колдонуучулардын өздүк баракчасындагы маалыматтарды кароо
Колдонуучунун өздүк баракчасын кароо үчүн форумдун кайсы жери болбосун анын ысымын басышыңыз керек. Эгер сиз өзүңүздүн баракчаңызды көргүңүз келсе, форумдун өйдө жагындагы ысымыңызды басыңыз.
Өздүк баракчанын башкы бетинде кыймылсыз болгон эки жана ортосунда тандалган маалыматты көрсөтө турган бөлүкчөлөр жайгашкан.
Өздүк маалымат
Бул секция сол жагында жайгашып, колдонуучу тууралуу ар кандай маалыматтарды камтыйт. Ага өздүк сүрөт (эгер ал жүктөлгөн болсо), колдонуучунун рейтинги, ар кандай опциялардын жыйындысы (мисалы, колдонуучунун билдирүүлөрүн табуу), жашы, жынысы, калаасы тууралуу маалыматтар кирет. Төмөн жагынан колдонуучунун статистикасын (билдирүүлөрүнүн саны, катталган датасы жана башкалар) жана байланыш маалыматтарын көрө аласыз.
Ортосунда ар кандай маалыматтарды камтыган бөлүкчө бар. Бул бөлүкчөдөн сиз колдонуучунун акыркы билдирүүлөрүн, досторун (досторунун өздүк баракчаларын алардын ысымын басып көрө аласыз) жана комментарийлерин көрө аласыз. Ошондой эле, эгер форумда Invision Power Gallery жана Blog системасы орнотулган болсо, сиз дагы кошумча маалыматтарды көрө аласыз. Галерея бөлүкчөсүнөн колдонуучунун акыркы 6 жүктөгөн сүрөтүн, ал эми блогдун бөлүкчөсүнөн блогго жазган акыркы 5 билдирүүсүн көрө аласыз.
Бул маалыматтардын төмөн жагынан бул колдонуучунун өздүк баракчасына баш баккан колдонуучулардын ысымдарын көрөсүз.
Комментарий кошуу
Сиздин башка колдонуучулар тууралуу комментарий калтырууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Өздүк баракчаны карап жатканыңызда акыркы комментрийлерди көрө аласыз. Комментарий кошуу үчүн "Комментарийлер" сабынын төмөн жагындагы талаачага билдирүүңүздү жазып, "Кошуу" баскычын басып коёсуз.
Комментарийлерди модерациалоо
Эгер башка колдонуучу тарабынан сиздин баракчага орой же кадыр-баркыңызга шек келтирүүчү комментарий жазылган болсо, аны өчүрүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Ал үчүн жазылган комментарийдин төмөнкү оң бурчундагы "Өчүрүү" баскычын басып коёсуз.
Ошондой эле сизге жазылган комментарийлерди өзүңүз модерациядан өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар. Эгер бул функцияны жандырган болсоңуз, сизге жазылган комментарийлерди өзүңүз модерациядан өткөзмөйүн жарыяланбайт.
Колдонуучунун рейтинги
Өздүк баракчада колдонуучунун рейтингин аныктоо системи иштейт. Бул көйгөйлүү колдонуучулардын рейтингин төмөндөтүп, жакшы колдонуучулардын рейтингин көтөрүүгө мүмкүндүк берет. Рейтингди өзгөртүү үчүн колдонуучунун өздүк баракчасын ачып, жылдызчаларды басып, колдонуучунун рейтингин аныктаңыз.
Өздүк маалыматты өзгөртүү
Форумга өз ысымыңыз менен кирген соң өзүңүздүн баракчаңызга киргенде "Баракчамды өзгөртүү" баскычын көрө аласыз. Бул баскычты басып, сиз өзүңүздүн баракчаны өзгөртүү боюнча бир нече маалыматты көрөсүз. Бул жерден сиз өздүк сүрөт жүктөп же өчүрө аласыз. Эгер сүрөттү өчүрүү опциясы тандалган болсо, сиз "Сактоо" баскычын басканда, сүрөтүңүз өчөт. Ошондой эле сиз өзүңүз жөнүндө маалыматты өзгөртө аласыз. Бул талаача сиздин кол жазмаңызга окшош, бирок ал кол жазмадай болуп билдирүүлөрүңүзгө эмес, сиздин баракчаңызга бекитилет. Бир аз төмөнүрөөк сизге жазылган комментарийлер жана сизди досторунун тизмесине кошкон колдонуучулар тууралуу сизди кабарландыруунун жолун тандайсыз. Сиз e-mail же жеке билдирүү аркылуу кабарландырууну өчүрүп салсаңыз болот. Төмөн жагында сиздин баракчага жазылган комментарийлерди жана сизди досторго кошуунун модерациялоо опцияларын тандайсыз.
" Өздүк маалыматты өзгөртүү" бөлүмүнөн өзүңүздүн жеке маалыматыңызды өзгөртөсүз. Сиз өзүңүздүн жынысыңызды, туулган күнүңүздү, калааңызды жана байланыш маалыматыңызды калтыра аласыз.