МЫКТЫ КОТОРМОГО СЫНАК
2014
Дүйнөлүк адабияттын (анын ичинде балдар адабиятынын) мыкты үлгүлөрүнүнкотормолору боюнча конкурстун
Жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо (мындан ары- Жобо) КР Президентинин 01.07.13. № 155 “КыргызРеспубликасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнчачаралар жөнүндө” Жарлыгынын 6-пунктунун 1-абзацына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Жобо дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн (балдар адабияты кошо камтылат)котормосуна конкурс (мындан ары - Конкурс) өткөрүүнүн шарттарын жана тартибинаныктайт.
1.3. Конкурс Жарлыкка ылайык КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнчаулуттук комиссия тарабынан, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,
КРБилим берүү жана илим министрлиги,
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданиймурастарынын “Мурас” фонду менен биргелешип өткөрүлөт.
2. Конкурстун максаты:
2.1. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн (балдар адабиятын) мамлекеттик тилдеокуганга мүмкүнчүлүк түзүү, мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө өбөлгө жаратуу.
2.2. Көркөм котормону жандандыруу жана котормочуларга чыгармачыл дем берүү.
3. Конкурсту уюштуруу
3.1. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиятарабынан,
КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,
КР Билим берүү жанаилим министрлиги,
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас”фонду тарабынан бекитилген кызматкерлер конкурсту уюштуруучу топтун курамынтүзөт.
Уюштуруучу топ:
• Конкурстун үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн,
маалыматтык уюштурууну;
• Конкурска келип түшкөн котормолорду категориялары боюнча тандоону жанакалыстар курамына өткөрүп берүүнү камсыздайт.
3.2. Калыстар тобунун курамы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,
КРБилим берүү жана илим министрлиги,
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданиймурастарынын “Мурас” фондунун сунуштарынын негизинде КР Президентине караштууМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
Калыстар тобу:
• Баалоо критерийлерин иштеп чыгат;
• Котормолордун конкурстун талабына ылайыктуулугун баалайт;
• Жеңүүчүлөрдү жана кызыктыруучу байге ээлерин аныктайт.
4. Конкурска катышуу шарттары:
4.1. Котормо тексти Microsoft OffiseWord документи тибинде, 14-шрифт, 1–сап аралык менен (ыр сабынын аралыгы – 1,5)Times New Roman арибинде болууга тийиш. Бир конкурстук иш - бир чыгарма.
4.2. Конкурска 4.1 пункттун талаптары сакталган, мурда которулбаган чыгармалартөмөнкү номинациялар боюнча катыша алат:
• Проза (роман, повесть)
• Кичи проза (аңгеме, новелла, эссе, очерк)
• Поэзия
• Драма
4.3. Купуя ысым (псевдоним) жазылган чыгарманын басма түрүндөгү 2 нускасы, түпнускасы менен кошо кабыл алынат, ал эми автордун чыныгы аты-жөнү, чыгармасынынаты,
купуя ысымы жазылган башка конверт Мамлекеттик тил боюнча улуттуккомиссиядан конкурска катышуучунун билдирме бланк барагына атайын номер алыпкатталуусу зарыл.
4.4. Билдирме бланкта автордун аты-жөнү көрсөтүлбөйт.
Электрондук,
басмаформада жазылган купуя ысым менен конверттеги купуя ысым дал келүүгө тийиш.Номерленген конверт конкурстун жыйынтыгы чыгарылгандан кийин жеңүүчүлөр купуяысым боюнча аныкталган расмий шартта ачылып, айкындуулук үчүн катталганномердеги маалыматтар менен салыштырылат.
4.5. Плагиаттык деп табылган чыгармалар конкурстук кароодон четтетилет.
4.6. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген жана катышуу шартына ылайыктапшырылбаган чыгармалар конкурска кабыл алынбайт.
4.7. Каттоо төгүмү – 200 сом
5. Чыгармаларды баалоо критерийлери
5.1. Жогорку көркөмдүк деңгээл
5.2. Мазмундун актуалдуулугу
5.3. Идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына
шайкештиги
6. Конкурстун жыйынтыгы
6.1. Баалоо системасы – рейтингдик (1ден 100 баллга чейин)
• Жогорку көркөмдүк деңгээл (50 балл)
• Мазмундун актуалдуулугу (20 балл)
• Идеялык-нравалык негиздин кыргыз адабиятынын мыкты салттарына
шайкештиги (30 балл)
6.2. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат жана котормолор басмагасунушталып,
котормочуга жарык көргөн китеп нускасынын 10%ы берилет.
6.3. Калыстар тобунун чечими менен басмага татыктуу чыгармалар жыйнаккачыгарылат.
6.4. Конкурска келген котормолор жыйынтык чыгарылгандан кийин КР Президентине караштууМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сайтындагы атайын баракчагажайгаштырылат.
7. Конкурстун мөөнөтү:
Конкурс 2014-жылдын август айында жарыяланып,
жыйынтыгы 2014-жылдын 12-декабрь“Улуттук жазуучулардын күнүнө” карата чыгарылат. Конкурска катышууга билдирмежана конкурстук ишти кабыл алуу 2014-жылдын 12-ноябрында саат 17:00дө аяктайт.
Чыгармалардын электрондук түрү:konkurs.kg@list.
ru дарегине жөнөтүлүүгө же атайын флеш-дисктерде тапшырылуугатийиш.
4.4 - пункту боюнча каттоо КР Президентине караштуу мамлекеттик тилбоюнча улуттук комиссияда жүргүзүлөт.
Дареги: Бишкек ш., Бөкөнбаев к., 182,7-бөлмө (котормо бөлүмү). Маалымат үчүн тел: (0312) 31 58 75, 31 58 15
Баракча 1 - 1
Көңүл бургула, СЫНАК!
#1 14 Август 2014 - 19:38
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#2 14 Август 2014 - 21:21
Маалыматынызга рахмат, Барс агай.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#3 14 Август 2014 - 21:26
Котормо ошондо дуйнолук адабияттын улгулорунон тандалуусу керекпи же соз жалан гана балдар адабияты ж.до болуп жатабы? Башындагы абзац менен 2.1 пункту эки анжы ойдо калтырды, чынын айтсам.
Анан да тупнускадан которуу керекпи же котормодон которсо да болобу? Мис: жапон ангемесин туз эмес, орусча котормосунан кыргызчага которсо кандай, жарай береби?
Анан да тупнускадан которуу керекпи же котормодон которсо да болобу? Мис: жапон ангемесин туз эмес, орусча котормосунан кыргызчага которсо кандай, жарай береби?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#4 15 Август 2014 - 17:21
"
Онлайн переводчик"
деген жардамчы аркылуу которсо кантет?
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#5 19 Август 2014 - 08:39
aijan (14 Август 2014 - 21:26) жазган:
Котормо ошондо дуйнолук адабияттын улгулорунон тандалуусу керекпи же соз жалан гана балдар адабияты ж.до болуп жатабы? Башындагы абзац менен 2.1 пункту эки анжы ойдо калтырды, чынын айтсам.
Анан да тупнускадан которуу керекпи же котормодон которсо да болобу? Мис: жапон ангемесин туз эмес, орусча котормосунан кыргызчага которсо кандай, жарай береби?
Анан да тупнускадан которуу керекпи же котормодон которсо да болобу? Мис: жапон ангемесин туз эмес, орусча котормосунан кыргызчага которсо кандай, жарай береби?
1. Дүйнөлүк адабияттын балдар адабиятынан башкалары да боло берет.
2. Кайсы тилден которгонуңду ким билмек эле...
3. "Онлайын переводчиктин" котормосун жөнөтсөң, калыстар тобунун боорун эзесиң!! !
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#6 20 Август 2014 - 20:46
Барс (19 Август 2014 - 07:39) жазган:
1. Дүйнөлүк адабияттын балдар адабиятынан башкалары да боло берет.
2. Кайсы тилден которгонуңду ким билмек эле...
3. "Онлайын переводчиктин" котормосун жөнөтсөң, калыстар тобунун боорун эзесиң!! !
2. Кайсы тилден которгонуңду ким билмек эле...
3. "Онлайын переводчиктин" котормосун жөнөтсөң, калыстар тобунун боорун эзесиң!! !
Ошол бойдон кочурбой кичине коркомдоп кочуробузда онлайн переводчиктикин.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#7 11 Сентябрь 2014 - 11:26
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
Баракча 1 - 1