Айталык куну кеткен ак жоолукту.
Ак сакалдан уят кеткен заман болду.
Көз үйрөнүп киндиктерин ачкандарга
Шым кийген аялдар “кыргыз” болду.
Ата менен энени аябастан
Уруп согуп таштаган “бала” болду
Адамдыкты унутуп арам менен
Бирин бири тепсеген заман болду.
Чачын кырккан аялдар “кыргыз” болуп,
Жоолукчандар “бизге жат, араб” болду.
Урпактарын ойлобогон акмак үчүн
“Көк текелер” кыргыз үчүн “адал” болду.
Сисембай Мустафин
Билдирүүнү түзөткөн: Yusufmuslim: 04 Февраль 2015 - 16:12