•Мусулман мусулмандардын бир тууганы, ага зулумдук кылбайт, кыйынчылыкта жалгыз таштабайт.
(Бухарий, Мазалим-3; Муслим, Бирр-58)
•Акылдуу адам өзүн-өзү суракка тартып, өлүмдөн кийинкиси үчүн кам көрөт. Алсыз, акмак адам напсиси каалаганды ээрчип, Аллахтан курулай үмүткөр болот. (Тирмизий, Кыяма-25; Ибн Маажа, Зухд-31)
•Үч киши болсоңор, экөөңөр досуңардан четтеп шыбырашпагыла (бул анын көңүлүн оорутат).
(Бухарий, Истизан-47; Муслим, Салам-37)
•Аллахка жаккан иш – аз болсо да уланып турган иш.
(Муслим, Салатул-Мусафирин- 218) <br data-reactid=".78. 1:3:1:$comment41319
•Элге ишеничтүү, чынчыл, туура-так жүргөн соодагер Кыяматта шейиттер менен бирге болот.
(Тирмизий, Буйуу-4; Ибн Маажа, Тижарат-1)
•Аййуб бин Муса атасы аркылуу чоң атасынан бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты: “Эч бир ата, балага жакшы тарбиядан дагы баалуу белек бере албайт”.
(Тирмизий)
•Сахабалардан Абу Сайид ал-Худрий бул хадисти баяндаган: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты:
“Ким үч кыз чоңойтуп, жакшы тарбиялап, күйөөгө узаткан болсо, ал үчүн Бейиш бар”. (Абу Дауд)
•Айша энебиз баяндаган хадисте:
Чөлдө жашаган бир араб пайгамбарыбыз Мухаммадка (саллаллаху алейхи уа саллям) келип мындай деп айтты:
“Силер балдарыңарды өбөсүңөрбү? Биз болсо өппөйбүз.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) : ”Аллах сенин жүрөгүңөн мээримдүүлүктү алып койсо, мен эмне кылайын? (мен сенин жүрөгүңө мээрим бере албайм) деген”. (Бухарий жана Муслим)
•Сахабалардан Зарбий бул хадисти баяндаган:
Анас бин Малик мындай дегенин уктум: “Карыган бир адам пайгамбарыбыз Мухаммадды (саллаллаху алейхи уа саллям) көрүү үчүн келди.
Ал жердегилер тосуп алып, кары адамга жер бошотууда кечигишет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) : “Кичүүлөрүнө ырайым кылбаган, улууларына урмат көрсөтпөгөн бизден эмес (мусулман эмес)” деп айтты”.
(Тирмизий)
•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) айтты: “Ырыскысынын кенен, өмүрүнүн узун болуусун каалаган адам (тууган-уруктарына каралашсын) алар менен болгон байланышын үзбөсүн”.
(Бухарий, Муслим жана Абу Дауд)
•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты: «Адамдын бейиште даражасы көтөрүлөт. Буга таң калган адам: «Бул кайдан чыкты?»- деп сурады.
Ага: «Балаң сенин күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүүчүн дуба кылуудан улам”,- деп айтылат.»
(Ибн Маажа)
•Абу Хурайра бул хадисти баяндаган:
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты:
“Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, мейманын сыйласын.
Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, тууган-уруктары менен карым-катнашта болсун (аларга каралашсын).
Ким Аллахка жана Кыямат Күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн, же унчукпасын”.
(Бухарий жана Муслим)
•Айша энебиз баяндаган бул хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи уа саллям) мындай деп айтты:
“Сообуна эң тез жете турган кайырдуу иштер, жакшылык кылуу жана тууган-уруктар менен карым-катнашта болуу.
Жазасы эң тез келе турган жамандыктар, чектен чыгуу жана тууган-уруктар менен болгон карым-катнашты үзүү”. (Ибн Маажа)
Билдирүүнү түзөткөн: ROZI: 02 Март 2015 - 11:11