Психологдор баланын акча менен таанышуусуна канчалык эрте мүмкүнчүлүк түзүлсө, ошончолук жакшы экендигин айтышат. Өз убагында акча менен таанышпаган,
аны өздөштүрбөгөн баланы өмүр бою акча жаатындагы маселелер коштоп жүрүп өтөт экен. Эгер балаңыздын мындай маселелерге кабылуусун каалабасаңыз,
тескерисинче,
анын келечектеги банкир, мыкты бизнесмен же жөн гана акчалуу адам болуп чоңоюшун кааласаңыз,
психологдор сунуш кылган төмөнкү кеңештерди эске ала жүрүңүз.
Баракча 1 - 1
Келечектеги олигархты кантип өстүрүү керек? Психологтун кенеши:
#1 13 Апрель 2015 - 16:00
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 13 Апрель 2015 - 16:01
Тыйын - бала үчүн
жакшы оюнчук
Эки жашынан баштап бала акча дүйнөсү менен тааныша баштоого тийиш. Ал үчүн балаңызга тыйындарды берип коюңуз: бала алар менен ойносун, чачсын, кайра жыйнасын... Болгону оозуна салып албаш үчүн көзөмөлдөп туруңуз. Ойноо менен катар санаганды да үйрөтө бергениңиз ашыктык кылбайт. Кыскасы, бала өтө жаш кезинен акчанын жашоодогу эң негизги нерсе эмес экенин, бирок аны көбөйтүш керек экенин түшүнсүн.
Үй-бүлөлүк бюджетти
чогуу талкуулоо
3 жашынан баштап баланы дүкөнгө көбүрөөк ээрчитип барып, анын кассага акчаны өзү төлөшүнө, сүт, нан сыяктуу нерселерди өзү сатып алышына жол бериңиз. Булардын бары балага өзүн чоң адам сезишине мүмкүнчүлүк берет. Акчанын маанисин жана баалуулугун балага тааныштыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти 5-6 жашынан баштап бала менен чогуу талкуулоого болот. Эгер санаганды билсе, акчаны балаңыз менен бирге санаңыз. Билбесе, иреттегенге жардам берсин. Негизгиси, ата-энеси тапкан акчанын канчасы квартирага төлөгөнгө, канчасы тамак-ашка кетеринен бала кабардар болушу керек.
Балага күнүнө канча
акча берүүгө болот?
Мектеп босогосун аттагандан баштап баланын өзүнчө менчик бюджети болуп, анын бир күндүк чыгашасы так аныкталууга тийиш. Өз акчасына эмне сатып алууну каалаганын балаңыз менен чогуу талкуулаңыз: булочка, момпосуй, китеп, диск ж.б. Бала талап кылган акча сизде жок болсо, аны түшүндүрүүдөн эч качан тартынбаңыз. Ал акча дайым эле боло бербестигин түшүнсүн. Эгерде бала каалаган акчаны берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болгон күндө да ага ашыкча акча бербегениңиз туура. Күнүмдүк кетирген акчаларынын жыйынтыгын чыгарып туруусун үйрөтүңүз. Мисалы, каалаган нерсесин сатып жесин да, жуманын аягында жазуу түрүндө сизге отчёт тапшырып турсун. Эгер бала акчаны сарамжалдуу пайдаланган болсо, мунусу үчүн "премия" берип коюңуз. Ал эми балаңыз акчаны орду жок, баш-аламан пайдаланса, ага "копилка" эң керектүү буюм. Баланы кызыктырыш үчүн айлык алган күнү ага өзүңүз да акча салганды унутпаңыз. "Копилканы" майрам күндөргө карата гана ачыңыз, ага чейин болсо чогулган акчага эмне сатып аларын балаңыз менен сүйлөшүп алыңыз.
Баланын эмгек акысы
Баланын жашы канчалык улуу болсо, ага ошончолук көп акча берүүгө туура келет. Үй-бүлөлүк бюджет өспөгөн күндө да баланын бюджетин көбөйтүңүз. Ошону менен бирге бала байпак, бетаарчы сыяктуу өзүнө керектүү майда-чүйдө буюмдарын өзү сатып алганга үйрөнсүн. Мындан тышкары, акчанын асмандан жаабаганын өз тажрыйбасынан көрсүн. Башкача айтканда, иштеп акча тапканды баштай берсе болот. Бирок эч качан кызыңызга идиш жуугандыгы, уулуңузга таштандыны төгүп келгени же алардын мектептен жакшы баа алып келгендиги үчүн акча бербеңиз. Ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн, анын ичинде балдардын да үйдө өз милдеттери болууга тийиш. Ал эми милдетинен тышкаркы иштерди кылганда гана ага "акы" төлөсөңүз болот. Мисалы, атасынын машинасын жууганда, офисин тазалаганда, балким, кандайдыр бир текстти сизге компьютерден терип бергенде ж.б.

#3 13 Апрель 2015 - 16:03
Адистер балага акчаны туура иштетүүнү үйрөтүү үчүн анын жаш курагына
жараша төмөнкү эрежелерди колдонууну сунушташат:
8 жашка
чейинки балдар
1. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бирине өз милдеттерин бөлүштүрүп коюңуз. Төрт жаштагы бала өз оюнчуктарын жыйнай алат. Балдарыңыздын милдеттерин тизмелеп жазып койсоңуз да ашыктык кылбайт.
2. Оюнчукту баланын талабына жараша сатып бербеңиз. Жакынкы майрамга же туулган күнүнө чейин күтүүгө үйрөтүңүз.
3. Бир нерсеге ээ болуу үчүн башка нерсеге жоопкерчиликтүү болуш керек экендигин үйрөтүңүз.
8-12 жаштагы балдар
1. Чечим чыгарууга жардам беришине жол бериңиз. Мисалы, аны дүкөнгө ээрчите барыңыз да, кечки тамак үчүн эмнелерди сатып алыш керек экенин акылдашыңыз.
2. Акчаны туура пайдаланууну үйрөтүүнүн эң жакшы жолу - акча өзү эле келбестигин, ага ээ болуу үчүн иштеш керек экендигин түшүндүрүү.
3. Баланын кадимки милдеттери мисалы, өзүн жакшы алып жүргөндүгү үчүн акча төлөбөңүз.
13 жаштагы жана андан улуу балдар
1. Бала өз милдетин бирде аткарып, бирде аткарбай койбой, такай аткарсын.
2. Балага анын өз кызыкчылыгынан жалпы үй-бүлөнүн кызыкчылыгы маанилүү экенин түшүнүүгө жардам бериңиз.

#4 13 Апрель 2015 - 16:10
Ата-энелердин эсине:
Бала бардык неселер, анын ичинде акча да чектелүү экендигин түшүнсүн.
Акчаны кантип иштетүүнү, кантип сактоону балага буйрук берип эмес, кеңеш берип, жардам берип үйрөтүңүз.
Урушуунун ордуна көбүрөөк мактаңыз. Баланын катасы - анын үйрөнүүсүнүн бир бөлүгү.
Анын тентектиги үчүн эч качан "айып" салбаңыз.
Акча жаатында дайыма так, чынчыл болуп, балаңызга үлгү болуңуз.
Бала ата-энесинин акчаны бир гана оюнчуктар менен таттууларга эмес, башка нерселерге да жушмаарын түшүнсүн.
Башталгыч класста окуган балаңызга банктан сактоо эсебин ачып койсоңуз болот.
Бала ата-энесин бардык жагынан тууроого аракет кылат. Андыктан, акча тууралуу китептерди көбүрөөк окуңуз.
Өткөөл курактагы бала үй-бүлөлүк бюджеттин кандай жол менен чогулуп, каякка кетип жатканынан толук кабардар болууга тийиш.
Өткөөл курактагы бала өз алдынчалыкты каалайт, бирок финансылык жактан ата-энесине көз каранды болот. Ошондуктан, балаңызга өзүнө ылайыктуу, ден соолугуна залалы тийбей тургандай жумуш тапканга жардам бериңиз. Иштөөнүн жакшы жана жаман жактарын чогуу талкуулап, тапкан акчасын пландоого кеңешиңизди бериңиз.
Көп акчага ээ болуу үчүн билимдин маанилүүлүгүн балаңызга жакшылап түшүндүрүңүз.

#5 13 Апрель 2015 - 16:52
Жакшы жакшы
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#6 14 Апрель 2015 - 13:43
Feijipio жакшы сунуш экен ракмат ! Мен балдарыма такыр акча карматпайт болчум жаман уйроносун деп .Корсо берип уйротуш керек экен да .Дагы бир жолу ракмат .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#7 18 Апрель 2015 - 13:30
Балага акча ашыкча бербеш керек. Олигарх болгондон коро акылдуу жакшы адам болсун.
Сабырдын тубу- сары алтын! Сабыр пендени судуроп журуп Бейишке жеткирет.
#8 18 Апрель 2015 - 15:55
Атабыз карматып кое берет кыздарына, экоонун оз-озунчо капчыгы бар, анан мен алдап, шыпырып алып кое берем. Телефонго бирдик, майда-барат нерселерге деп. Байкуштарым алданып кала берет. ))
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 18 Апрель 2015 - 16:06
#10 18 Апрель 2015 - 16:09
Жакшы кенеш экен. Бирок мен коп эле акча эсептеттирип же магазинге коп апарбайт экенмин. Себеби акча кир болот. Кир жугат, сага таза акча берем деп тазасынан берип турам. Озунун тыпыйгап кашалегу бар ошого салып алат. Ал эми магазинге болсо коп эрчитпегенимдин себеби магазинде кобунчо консерванттар сатылат. Мына ошолордон корком. Болгону атасы жумуштан ал жакшы коргон нерселерин апкелип берет.
Бирок бир чети жогорудагы ойлорго кошулам.

#11 19 Апрель 2015 - 00:15
Эн жакшы кенештер экен Фейжи айым.Чон адамдардын да бюджетти остуруусу боюнча ыкмалар болсо жаза кетсениз.
Баракча 1 - 1