Биз Россияда уйлонуп, Кыргызстанга келип той кылганбыз. Жолдошум жалгыз уул, эки кайынэжем бар, алар оз турмуштары менен. Бир кайним мындан 10жыл мурда катуу жыгылып, коз жумган экен. Кайнатам менен кайненем ошол окуядан кийин ажырашып кетишкен экен. Кайненем аябай тушунуктуу,
бардык жагынан идеалдуу, жакшы апа. Ал эми кайнатам арак менен дос. Кайненем Россия жарандыгын алып ошол жакта жашайт. Той каражатын да кайненем менен жолдошум которушту. Кайненем акылдуулугунан озу жалгыз бала болсон элге наалаты болбой атан менен жашагын деп бизди кайнатама калтырып кетти. Мага да коп кенешин берип, жаман болсо да атанар, силерге эчким жакшы атасын бербейт, кайнатаны сылап, таза, жакшы караган деп ар убак кенешин берип турду. Тойдон кийин жакшы эле мамиледе болуп жургон. Эки ай отуп отпой кылыктары чыга баштады.мас болуп келет, баласы жумушта экенин билет, мага суйлонуп баштайт. Бул менин уйум, сенин куйоондун бул уйдо бир кирпичке да акысы жок деп. Баласынын козунчо бир да суйлобойт. Кайненеми жамандай, жолдошуму жамандай. Жаны келгенимде эле кошуна аялдар айтышкан, канатан кайненени коп жамандайт, соз талашпайт макул десен кутуласын деп. Ошондон улам такыр соз кошчу эмесмин. Кундор улана берди, ал оолгондун ордуна кайра куч алып, мени келин эмес кулдай коро баштады. Каридордо бет келип калсак энен деп мастыкка салып, согуп отуп кетет. Мас да деп озумду сооротуп коем. Кайненем тынбай чалып, катуу суйлободубу деп сурап турат. Жок апа баары жакшы, ал мени менен иши деле жок деп коем. Жолдошум экообуз коноко барыш керек болуп, тамагын даярдап, столго коюп берип ата тамак салып койдум десем мен сага не жаш баламынбы алдыма коюп берсен унчукпай жей бергидей деп урушту. Силер жургуло ээрчишип, мен уйдо отурайынбы деп, дагы коп создорду айтты. Жолдошум уйдон чыгып калды бирок укпады. Атам не деп атат дедиле тамак салып койдум дедим, бираздан кийин жейт экен деп койдум. Кош бойлуумун, ФАПка барыш керек болуп, ата барып келейинчи десем бара бер ошону да менден сурайсынбы,
комнатаны бекитип кеткин, кошунанын жаш балдары кирип чыгып атышат деди. Бир жумадан кийн кайра эле барыш керек болуп, сурабай эле бара берейинчи озу айткан го деп, эшиктерди ключтоп кетип, кайра келсем сурабай каякта журосун, дунуйон барсынып, уйунду да жаап кетипсин да деп суйлонду. Бир куну короо шыпырып атсам кундоле шыпыра бересинби, эки кундо бир тазаласан болот дегенинен макул деп эртеси шыпырбай койсом, жолдошума аялына айтып кой эрте туруп эшик шыпырсын деп айтыптыр. Кийин ойлоп корсо анын барыы бизди уруштуруштун бир амалы экен да.
Кундор ото берди, убакыт келип уулдуу болдук. Бир айдай торкундо журуп келдим. Келсек мас экен келдинерби да дебеди. Эртеси соолукканда озум баламы которуп кирдим комнатасына,
неберениз менен таанышып коюн деп. Оюмда жаш балага элжиреп мунозу да озгоруп калаар деп ойлодум. Кайдан озгорот, кайра куч алып калыптыр. Огороддо бираз жумуш кылса чай апчык деп кыйкырат. Байкамаксан болуп чайын берип журдум. Дагы бир куну баламы которуп журсом чай деп артымдан апарып бер деп буюра суйлоп ары басып кетти, ошол убакта балам сыркоолоп, чырылдап ыйлап жаткан. Чыдамым чегине жетип артынан чай которуп бардым да, атаке мен да бироонун бапестеп баккан кызымын, не очунуз бар менде анчалык кулдан да ылдый коргудой, сиз мага орой суйлобон бакырып, жетим кыз эмесмин деп козумун жашы куюлуп кетти. Коп суйлобой ишинди кылчы деп басып кетти. Тилими тишиме басып, кундузу балама кошулуп ыйлап, тункусун жолдошум билдирбей кулуп жайнап журо бердим. Бир куну камыр кылсам свет очуп, наным жакшы бышпай калыптыр, бул нанды ит да жебейт, ата энендин телефон номерин билбей кат жазып жибердим, эртен келип сени алып кетишет, бирге жашатпайм силерди деп суйлонуп кыйкырды кайнатам, унчукпай чыгып кеттим, жолдошум жумуштан келип ал да суйлонуп баштады, нанын антип калыптыр, мынер мынтип деп. Чыдабай кетип кыйкырып ыйлап жибердим, экоон эки комнатада мени кажып жеп жутмой болдунар гоооо деп. Ал тушунбой эле кайсы экообуз, баладан тажадынбы дейт. Баарын айттым, болгонун болгондой, согунгон создорун, баарын айтыпсалдым.
Журчу деп атамын алдына ээрчитип кирди, эми суйло деди, ыйлап да, суйлоп да аттым. Силер урушуп кетпесин, ата баланын ортосуна от жакпайын деп тилими жутуп келдим, атам жакшы суйлобосо мейли чыдай берем эч болбосо сиз адамча мамиле кылсаныз мен баарына коз жумуп коер элем дедим. Ушундай кылдынызбы,
чынбы келиниздин айткандары дедиле атам суйлобой туруп берди. Сен чыга бер деп мени чыгарып койду. Ошол менен соз бутуп, эки саат бир нерселерди тартышып отурушту. Жолдошум кирип эчнерсе дебей жатып алды. Эрте менен жумушка жоноп жатканда мен торкунумо барып келейинчи десем жок деп чыгып кетти. Кайнатам беш бетер куч алып, очошуп калыптыр, чай демдеп берсем кок чай ичем деди. Заварка озунун болмосундо болчу, кайнак суу куюп чайнекти коюп чыгып кеткем, баланын шымын которуп атсам эшик тарактатып кирип келди болмобузго,
мен сага кок чай ичем деди гоо деп кыйкырды, балам чочуп чынырып ыйлайт.
Бир үй-бүлөнүн окуясы! Кенешиниздерди кутом...
#2 11 Август 2015 - 12:59
Баланы чочуттунуз десем балан олбойт, чай алып чык деп эшикти тарс жаап чыгып кетти. Ыйлап журуп чай бердим. Жолдошум келгиче аран чыдадым. Мен кетем, мындан артык чыдай албайм десем, бираз чыдап кой. Отуп кетет баары деп тынчтандырып койду. Макул деп калдым. Эртеси дагыле ошол корунуш жолдошум жумушка жоноп жатканда мен коркуп жатам сиз кетсениз дагы кыйкырсачы десем эшикти ичинен илип ал, чыкпай отура бер деп койду. Кантип чыкпай коем, тушку тамакты которуп, жагынайын деп, кайнатамын конулун алгым келип, уй буломду сактап калуунун амалын издеп, комнатасына баш багып ата тамак бышты десем сенин колундан тамак жебейм, ачка отура берем, чыгып кет уйдон, баланы ал, буюмуну жыйнап чыгып кеткин деди. Жиним келип, баланыз кет дебесе эч кайда барбаймын, деп чыгып кеттим. Узуун каридор, анын комнатасы бираз бийигиреек болчу, ошол каридордон отуп баратсам отурган стулчигин атайын мен тарапка ыргытып койду, чалынып жыгылсын дедиби тушунбодум.
Чыдабадым, жолдошума чалып, мен коркуп жатам, азыр стул менен урду, эртен тепкилеп, же олтуруп салгыча чыда деп журо береспи. Мен кетем, биротоло болбосо да эки уч кунго барып бираз женилдеп келем десем кетсен кайра келбегин, болбосо чыдап отур деди. Акчасы жок кайда барат деди окшойт. Балама корундук деп берген бир кайнежемин 500сому бар эле ошону алып, бир эки кийим алдым да баламды которуп чыгып кеттим. Жаныбызда кошуна абысын жашайт, ал бир четин билчу. Таныркап каяка жонодун деп калды. Апамдар чакырып жатышат, барып келели, кайниниз жумуштан бошой албайт экен, озубуз эле бара берелик дедим деп чыгып кеттим. Уйго да жеттик, апамдарга сыр бербей эле, жон эле уч торт кунго келдик дедим. Эне журогу сезет да, деги тынч эле жашап жатасынарбы деп кайра кайра сурайт. Айтышка туура келди, дагы ыйладым. Башка эчким билбей эле койсунчу дедим. Кеч кирди, кызыгы жолдошум чалып сурап да койбоду. Эртеси кайненем чалды, кандайсын балам дегенде эле бырылдап ыйлап кирдим. Ыйлабай жакшына баарын айт, мен сени урушкан жокмун, озунду кармап, тушундур деди. Айттым баарын. Ай балам аай, эмнеге башында эле айтып жарылган жоксун, ушунча азап берсе да атма жакшы деп кантип айттын. Эми билдинби менин эмнеге ажырашканымды деди. Бираз журо тургула ошол жакта, биз маселени чечели анан силерди алып кетет деди. Макул деп калдым. Жолдошум чалды, ал да бираз туруп тургула, анан бир кабарын айтам деди. Мен кеткенден кийин кайнатам сотко арыз жазыптыр ( тан калышынар мумкун озунун баласы го деп, мен да тан калдым, бирок ошондой болду). Балам менин уйумду талашып жатат, аялына болушуп мени экоолоп уруп, жаман создор менен сокту деп. Соттон чакыруу келиптир. Жолдошум барса айылындан эки уч аксакал алып, атанды ээрчитип келгин, уялбайсынбы оз атанды кор кылгандан деп урушуптур. Айыл аксакалдарынан учоону алып, кайнатамдын инисин ээрчитип барса алардын баарысы жолдошумду жактап, кайнатамы бул кишиден биз да тунулгонбуз,
озу ажырашканы аз келгенбиз келинин да батырбай жатат дешиптир. Ошентип ызы чуу болуп, кайнатам менин уйумду бошотуп койсун, кааласа бир комнатасын башка эшик ачып алсын, мен бирге жашагым келбейт дептир. Уйго келгенде жолдошума мени атам десен аялын менен ажырашкын деп ультиматум коюптур. Кайненем озунун торкун жагына уй салган экен эки жыл мурун, ошол уйго барып жашагыла, кааласанар ал уйду сатып шаардан уй алып жашагыла. Атанар азыр жаш оз оокатын озу кыла алат, бирок беш алты жылдан кийин кылалбай калганда барибир силер барып карайсынар,
ошого чейин болунуп жашап тургула деди. Жолдошум атасына кааласаныз уйлонтойун,
жакшы бироону табын дептир. Бир жумадан сон биз кайненемин уйуно келип жашап калдык. Азыр ошол уйдобуз. Бир жумада бир продукты алып кайнатаман кабар алып келебиз. Кошуналар неге кабар аласын, карабай эле койбойсунарбы силерди ошончолукка жеткирген деп калышат. Бир эле атабыз бар, кантип кабар албай коебуз дейм.
Мени ар дайым ата баланын ортосуна от жагып, эки болок жашаткан менде кунообу деген ой жеп келет. Кенеш бериниздерчи, ошондо мен куноолуу болуп калдымбы???
Мени ар дайым ата баланын ортосуна от жагып, эки болок жашаткан менде кунообу деген ой жеп келет. Кенеш бериниздерчи, ошондо мен куноолуу болуп калдымбы???
#3 11 Август 2015 - 13:08
Коп тамгалары калып кетиптир, орду алмашып калгандары да бар экен, тууралап окуп койунуздарчы.
..
#4 11 Август 2015 - 13:35
Сен куноолуу эмессин десе бир тараптуу болуп калат. Себеби окуя сенин айтканын боюнча жазылган. Кайнатанын жаш кезинде бир нерсеге каттуу капа болгон, же арманда калып кеткен бир нерсеси бар. Ото акылдуу адамдар да карыганда ушинтип алжып калышат. Нервден оорушу мумкун. Бирок кайнатанды баары бир сыйлап кое бер. Ал конок адам.
#5 11 Август 2015 - 13:42
Менимче туура эле кылгансыз, болунуп кетип. Же болбосо кунуго кайнатанын жемесин угуп, чыдап жашай алат белениз?
#6 11 Август 2015 - 13:42
Аллах ыйман берсин кайнатанызга,
сиздин куноонуз жоок деп ойлойм кайненениз ажырашып таштап кеткенине алам кылса керек да, балким мунозу озу ошондойдур,
ар адамда ар кыйял да, тобоо чон эле киши экен тордо отуруп урмат сыйынарды коруп, ак батасын берип,акыл насаатыны айтып, баладан да небере ширин болот дешетко, небере жытына мас болуп бакытка балкып жата бербейби, токтукка шоктук кылбай
#7 11 Август 2015 - 14:05
aibo_85 (11 Август 2015 - 13:35) жазган:
Сен куноолуу эмессин десе бир тараптуу болуп калат. Себеби окуя сенин айтканын боюнча жазылган. Кайнатанын жаш кезинде бир нерсеге каттуу капа болгон, же арманда калып кеткен бир нерсеси бар. Ото акылдуу адамдар да карыганда ушинтип алжып калышат. Нервден оорушу мумкун. Бирок кайнатанды баары бир сыйлап кое бер. Ал конок адам.
Туура айтасыз, озунун жана тааныгандардын айтуусу боюнча жаш кезинде ото акылдуу, келишимдуу, эки жогорку дипломдуу жигит болгон экен. Атасы бай, абройлуу адам болгон учун эркелиги да кучтуу экен эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Supsuluu: 11 Август 2015 - 14:07
#8 11 Август 2015 - 14:13
Эмнеден жаздым экен, кайсыл жерин туура эмес кылып жакпай калдым экен деп ойлоном. Кошуна, тууган уруктар кайненеми макташат. Кайнатан мас болуп, ылайга оонап келсе да кайненен эчкимге билгизбей жууп тарап, костюм шымдарын утуктоп кийгизип кайра чыгарып коет эле, жана эчкачан бироого куйоом ичет деп арызданган эмес дешет. Анан ойлоп калдым, демек ушунча тарсылдаган кайненем жакпаган, мен деги эле жакпайт экем даа деп.
#9 11 Август 2015 - 14:15
Супсулуу досум капа болуп маанайыны тушурбо. Жалгыз кайын ата менен жашаган кыйын деп мамам коп айтчу. Мамамын да кайын энеси эрте каза болуп кайын атасы менен калышкан экен. Кайын атаман корбогон кордукту коргом. Кайын энем да антип киришкен эмес дечу. Акыры уйлондуруп,
жалгыз уул болсо да болунуп кеттишкен экен. Силер да болунуп туура кылгансынар.
Болбосо жолдошун да озун да кыйналмаксынар.
Кайын атана Аллахым ыйман-ынсап берсин.
Жалгызмын дебейм беруучум АЛЛАХ,
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
Сыркадым дебейм эмдоочум АЛЛАХ.
Кыйналдым дебейм сыноочум АЛЛАХ,
Досум жок дебейм сырдашчум АЛЛАХ.
[color="#FF0000" ][/color] นн ωฉ A∫l∫lฉx бฉρน жฉkç๖l бо∫lฉд๖l..
#10 11 Август 2015 - 14:17
Аллах ыйман берсин кайнатанызга.
Ооба жаман болсода жолдошунуздун атасы, барып кабар алып кирин жууп уйун тазалап турганыныз жакшы. Эл озу таразалап алат. Ким жаман ким жакшы экенин.
Ассаламу алайкум
#11 11 Август 2015 - 14:34
Кудай сактасын.Бир кем дуйно да.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#12 11 Август 2015 - 14:38
Кайната менен жашаган азап экенин мен жакшы тушуном.Кайната деген озунун сыйын билип унчукпай тордо эле олтура берсе да, казан-аяка кирише бербей.Кайнатаныз кудай дебейби, айтканынызга караганда мыкты келин экенсиз! Сиздей сабырдуу адам корсом да, мен сизчелик боло алмак эмесмин
#13 11 Август 2015 - 14:40
Сизге сабыр тилейм .кайнатанызга болсо ыйман ... Ал жолдошунузга жана кайынененизге капа брлуп сизден чыгаргандыр ... Ошентсе да жакшы жака озгоргоруптур турмушунуз .
#14 11 Август 2015 - 14:46
Туура кылыпсынар чыгып кетип. Ошондой кор жемечиден кудай сактасын. Тиги "адабият жана поэзияда"
Osh93 деген "акындын"
ырлары бар экен. Жанатан бери ошону окуп кулом. Сиз да окуп корун, балким маанайыныз которулуп калат.
#17 11 Август 2015 - 15:13
кайнаталардын баары жакшы, камкор деп ойлочум. Жаман кайнаталар да бар экенда. Тооба кылдым. Кайнатаныз баласы отуп кеткенден кийин чунчуп ошондой болуп калган го. Маани бербей койсонуз деле болот, макул дей берсениз, женесиз. Сабырдуу болуну3.
#18 11 Август 2015 - 15:18
Кудайым ааай...эркек эркектей эле болсо. Сиз куноолуу эмессиз. Кеч болсо да бир куну жарылмаксызда
#19 11 Август 2015 - 15:19
Теманы окуп жон гана чыгарма болсочу десем, оз турмушун тура...
Конулуно алба, капа болбо дейин десем, мен жеке озум мындайга чыдай алмак эмесмин. Чунчуп кетмекмин. Кайненен, жолдошун туура эле тушунуптур, алардын чечими да болунуп жашап туруу менен чектелиптир. Демек озунду куноолобо. Бир аз убакыт керектир...
Конулуно алба, капа болбо дейин десем, мен жеке озум мындайга чыдай алмак эмесмин. Чунчуп кетмекмин. Кайненен, жолдошун туура эле тушунуптур, алардын чечими да болунуп жашап туруу менен чектелиптир. Демек озунду куноолобо. Бир аз убакыт керектир...
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#20 11 Август 2015 - 18:14
Акырына чейин ушунчалык кыжаалаттанып коркуп окудум.Кайнатам экөөбүз жалгыз калчубуз,өчөшүп калыптыр десең окуп атып оюма ар балакет келип кетти.Себеби арак деген бул жинди суу.муну ичкенден кийин адамдын акыл-эси кетип калат эмеспи.Анан да өчөшүп калса урушмак түгүл жаманатты кылып койгондон да тайбаса керек.Анын бетин ары кылсын бирок азыркы замандын жаштар тургай кээ бир карыларынан да мындай нерсени күтүүгө болот.Соттошконго чейин барса демек кайнатаңын да ичинде бир күйүтү,же ызаасы калып кеткен.Сен келгенге чейинки турмуштарына сенин тиешең да күнөөң да жок.Эл түшүнсө,эл билсе сен да сыр бербей барып оз милдетиңди аткарып кое бер.Соттошмоктон оттошсо деле баарыбир ата бала.Бирок бир аз этиет боло көр.