Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#101 25 Июль 2015 - 21:57
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#102 27 Июль 2015 - 20:01
Кошуу менен кемитүү бир – айырма аз:
Кемийт жылда, өмүрүңдөн да бир жылга,
«Кошулду - деп кубанбагын - жашыма жаш...»
27.07.2015-жыл.
Карынын каалосу
Капсалаңсыз өтсүн, мейли, далай жылдар...
Кыңкайы-ып жатып алып, байбичеңе
кыраркаңды кашылатуу – кандай жыргал!
27.07.2015-жыл.
Пенсия тиерине аз эле күн калганда жазылган ыр
«Ач курсакка – ачуу сарымсак...»
Эл сөзү.
Деп күлбөгүн: «Ушул ырбы... жамак бекен?»
Курулдаган курсагың ач отурганда,
Кууруп жеген кур пыяз да тамак экен!
27.07.2015-жыл.
Көйгөйлөр. ..көйгөйлөр.. .
Акыйкатты айтайынбы көкүрөккө коюп туруп колду:
Башыңдагы көйгөйлөрүң көйгөй эмес, ал чечилет бир кун...
Керт башыңдын бар экени көйгөй болуп, курутпаса болду...
27.07.2015-жыл.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 27 Июль 2015 - 22:34
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#103 06 Сентябрь 2015 - 19:00
I.
Чачтарыңдын өрүмү текши,майда!
Чалдың кечээ:«Күтүңүз, эски жайда...»
Чакырдың да,келбедиң таң тостуруп,
Чач өргөнүң майдалап кимге пайда?!!
II.
Эриндериң түсүндөй кожогаттын!
Эмне дейин: «Жакса...» – дейм кошоматым.
Эч болбосо кабыл ал элесимди,
Эзилишип сен менен кошо жатсын.
III.
Мелт-калт толбой дайранын жайыгынча,
Мени деген сүйүүң тайыз мынча?!
Мээримиңди төгүп кой, эч болбосо,
Мен сүйгөндүн он эле пайызынча...
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 06 Сентябрь 2015 - 19:02
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#104 13 Сентябрь 2015 - 07:07
(Бытыгый аңгеме)
Каргаша каш менен кабактын ортосунда деген чын. Ойдо жок жерден бул окуя болуп кетти. Муну эч ким күткөн да, ойлогон да жок эле. Баарыбыз Карыптын үйүндө конокто отурганбыз. Начальнигибиз төрдө, андан соң анын жанындагы начальниктин аялын эске албаганда, мекемедеги кызмат ордубузга, анан калса, бир аз жашыбызга карай начальниктин эки жагынан баштап, үстөлдүн эки капталына жайгашкан элек.Начальнигибиз кайсы бир кепти оголе берилүү менен айтып жаткан. Анан эле бир аз обдула түшүп, отургучтан майкуйругун көтөрө койдубу, же дагы мине балакет болуп кетти, ал кишинин артынан «тарт» деген добуш чыгып кетсе болобу, кокуй! «Ойдо осурган к...түм, тойдо осурат» болду да калды...
Бөлмөнүнү ичи тынчып калды... бөлмөнү кой,ошол кабат үйдүн баары, атургай шаар, бүт аалам унчукпай, тымтырс боло калды саамга. Начальниктин аялы селт этти да, оозу ачылган тейде күйөөсүн жалт бир карап алды да, катты. Начальниктин да «алласы» оозунан түшүп, каратору өңү, кандайдыр бир бир башкача түскө боёло түштү.
Аңгыча эле күтүлбөгөн жерден:
- Эй, - деди үй ээси – чык эшикке!
Мындайды такыр күтпөгөн биз жапырт баарыбыз үй ээсин карап калдык. Анткени, үй ээси чайды начальникке айласын таап бере албай жүрүп, бир болбогон шылтоо менен бизди кошо чакырып, араң ал тилегин ишке ашырып жаткан болчу. Анан кантип, начальникке минтип айтышка оозу барды?Баарыбызды, ошону менен бирге началикти таң калтырган мындай сөз, төбөгө чагылган түшкөн менен барабар эмеспи, чиркин!
-Чык деп атам сени... уяты жок! - деди үй ээси кайра начальник тарапка. Баарыбыз командирдин буйругу берилгенсип, кайрадан начальник жакка баш бурдук.
- Мен бекем?.. –деген баланын үнү угулду начальниктин арт жагынан. Көрсө ошол учурда (биз «ошол моментте» деп коебуз) үй ээсинин он үч жаштардагы уулу бир нерсе алганы төр жакка өтө калган экен. Аны атасы байкай коюп, ошол баласына кыйкырып жатыптыр, тооба.
Баланын бакырайган көзүндө таң калууда да, ызалануу да кошул-ташыл билинип турду.
- Мен бекем?.. – деди бала кайрадан, башка сөз оозуна кирбегенсип.
-Атаң чык дегенден кийин тез чыгып кетпейсиңби, коноктордун көзүнчө уят эмеспи ошенткениң? .. – деди апасы да, ким кылганын даана билип туруп эле, баланы жетелей эшикке чыгарып баратып.
- Мен бекем? – деди бала кайрадан – өздөрү... Баланын оозун апасы баса калып эшикке сүйрөй тез алып чыгып кетти.
-Кечиресиз, Алым Орозович, бала да... Айып этпейсиздер, урматтуу коноктор... –деди үй ээси жагалданып.
Кырдаалдан оңой чыкканына ишинип ишене албай турган начальник, жанагы өңүндөгү бозала бир аз тарап:
-Э эч нерсе эмес, токчулук да... –деп кыт-кыт күлүмүш болду. Бирок, күлкүсү да,үнү да өзүнүкү окшобой турду, каапырдыкы.
Менин эсиме илгерки бир уккан кеп келип туруп алды.
Анда ошол илгерки советтин мезгилинен мурун бир жерде конок болуп жатып, бир мырза кыйшаямын дегениби, айтор, бир аз козголо түшкөндө дал азыркыдай байкоосуздан жел чыгып кетип, намыстанган неме байкатпай жанынан канжарын алып, жүрөгүн туштап, такыр колтугуна уч жагын такап туруп кыйшайган бойдон канжар как жүрөккө матырылып, ошол бойдон кыңк деп үн чыгарбай намыстын күчүнөн наркы дүйнөгө уктап жаткан сыяктуу кете берген дешчү эле. Андагы шарт, кырдаал, Намыстын күчү башка болгон белем, «Уят өлүмдөн катуу», «Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт» деген макалдарды өз күчүндө маанисин бузбай так колдонуп жүргөн учур тура.
А биздин начальнигибиз өлүмдү ойломок турсун, кайра бир аз убакыт өткөн соң, бат эле өз калыбына келип, кайрадан баягы кебин улантып, эч нерсе болбогондой, эч нерсе көрбөгөндөй жаадырап жайнапгана отурушун улантты го чиркин. (Аялынынгана бир аз тымпыйып калганы болбосо...) Анан аныкы да туура да э? Бир болбогон осурук үчүн (аны да тиги күнөөсүз жаш балага төңкөп кутулушту го...) өлүп алмак беле? Өлүп алмак болгондо деле тиги мырзаныкындай курч, учтуу канжары жок, тиги үстөлдөгү эт кесип жегенге ылайык бычак менен, же андагы ашайры менен өзүңдү өлтүрө албайсың да!
Атаңгөрү ушундайда ар балекет нерселер ойго келип туруп алат. Эми ушунча болду аны да айтып берейин, тиги жер бир аз тынчтанып, абал жеңилдей, аба тазара түшсүн. Макулбу?
Дагы илгери бир тойдо төкмөнүн ырын угуп отурушкан көпчүлүктүн арасында бир келиндин алдына алып отурган баласы «чыйк» этирип коёт. Аны баарысы эле баласы экенин билишет да, эрен-төрөн деле алышпайт. Бала деген бала да... Бирок, ошол жердеги тигил келинге көзү катып,бирок, оң жооп ала албай жүргөн бир жубармек жигит, кегин ала турган пайити келгенин сезип, тиги акынга шыбырап, бир нерселерде убада кылып, кайсы бир нерсесин колко кылып, келинге карата ырдатат. Ошондо төкмө минткен дейт:
«Эй, кумдак жерден суу чыкты,
Куркурап эле буу чыкты.
Куп келишкен келиндин
Куйругунан чуу чыкты...
Куру дүрмөт болсо да,
Куп атты го мылтыкты!
Таштак жерден суу чыкты,
Таң калыштуу буу чыкты.
Татынакай келиндин
Такымынан чуу чыкты.
Таамайлап туруп бул сулуу,
Таза атты го мылтыкты!
Тегеректен сый албай,
Теңгедей жерин тыя албай,
"Тарс" эткизе бир койду
Теңтуштардан уялбай.
Таң калып калдык баарыбыз,
"Тарс-турс" тан эсти жыя албай...
Куттуулардан сый албай,
Курган жерин тыя албай,
"Курк" дедире бир койду,
Курдаштардан уялбай!..
Калтырап калдык баарыбыз,
Корккондон эсти жыя албай..." - деп дагы бир топ ырдап жиберип... ак жеринен күйгөн келиндин күйөөсү баш болуп, төкмөнү токмоктоп, ага болушуп,берки айдактаган жигиттин тобу алар менен төбөлөшүп, аягында аксакал-көксакалдардын кийлигишүүсү менен араң басылган дешчү...
Муну мейли, бул осурактык маселесин тек эле койчу, мындан бөлөк канчалаган аткаминерлерибиз адамдын бети чыдабай турган,осургандан да алда канча уяттуу көптөгөн иштерди жасап коюшуп, аны элдин баарынын назарынын илингенине, билинип калганына карабай, кайра бет тырмачылык кылып, күнөөсүз башкаларга асылганын койбой жүрүшкөнүнө күбө болгонубуз жалганбы?..
Баардан да мени ошол күнү тиги өспүрүм баланын жогоруда сөз кылган келиндин кейпинде «күнөөкөр» болуп чыга келгени абдан кыжаалат кылып, жама-ан кейитти. Ата-энеси ага неликтен ошентишкенин түшүндүрүштү дечи. Антсе да баланын сезиминде чоң кишилерге болгон ишенбестиктин тагы калды да...
Андан соң, дагы бир мени кызыктырган ой: ошол күнү начальнигинин осурактыгы тууралуу үй ээлери башкаларга сөз кылышты бекен? Ай ким билет? Азыр балээни сөз кылышабы, о кийин бир канча убакыт өткөн соң, тагыраагы начальник иштен бошонгондон кийин үй ээси менен аялы: «Тиги Алым Орозович деген немени үйдө тойгончо сыйлап, осурта коноктогонбуз» - деп айтышаар бекен ыя?
15-июнь 2015-жыл.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#105 13 Сентябрь 2015 - 07:47
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#106 13 Сентябрь 2015 - 08:57
,, АЛЛА"-деген соз ар-дайым чон тамга менен жазылат.
Билдирүүнү түзөткөн: osh93: 13 Сентябрь 2015 - 09:01
Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
#107 13 Сентябрь 2015 - 19:48
osh93 (13 Сентябрь 2015 - 08:57) жазган:
,, АЛЛА"-деген соз ар-дайым чон тамга менен жазылат.
Ар бир адам жакшылап ой жүгүртүп, баарына акыл жетип калган соң гана сын айтса жарашат беле дейм да... Динден сабаттуулук менен жазуу эрежесинен сабаттуулукту ажырата билип алуу - жаш азаматтар үчүн абдан керектүү. Ошондуктан, Жаратуучу Аллах деген түшүнүк менен "алласы оозунан түшүп" деген фразеологизмдин маанилери таптакыр башка экенин "сабаттуу" мырза түзүктөп айрымалап алганы дурус болмок! Анын үстүнө Аллахтын аты "АЛЛА" деп бардык тамгасы баш тамгалар менен да жазылбай турганын, орфографиядан көрүп алсаң, өзүңө пайда, урматтуу "чоң эле киши" эмес, кичинекей, бирок сабаты "ашык" киши!!! )))
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#109 01 Октябрь 2015 - 20:47
"Бийик мөңгү, арчалар арасына,
Кетесиңби, сулуу кыз, мени менен..." деген саптары бар ыры эсиме түштү эле. Ал ырга пародия жазганмын. Эми ушул ырга да жазып койсомбу деп ниеттенип жүрөт элем, бүгүн ниетиме жеттим. Ал канчалык деңгээлде жазылды, окшошобу, жокпу, окурман журт таразалап баалар...
ӨРҮКЗАРДАН КЕТЕЛИ
(пародия)
"Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга. " Мадина Тураева
Мөмөлөр жок тегиз бышкан кечеги,
Мөлтүр күздүн болуп калды этеги.
Кокус сага суук тийип калбасын,
Койчу, жаным, өрүкзардан кетели!
Сугун артып боз балдардын нечени,
Суктанышат алдуусу да, бечели.
Четке тартып тийишти дейт, чынбы ошол,
Чепилдеген Четимбайдын чечеги.
«Айтсам эле макул болот» - дешеби,
Аңгырайт дейт Асанбайдын «эшеги».
Мадыра баш балдар дагы көз кысат,
Мойнундагы кирин билбей беш эли.
Акын кызды көрбөгөнбү эзели,
Аңги адамдар көп экен эй безери...
Сен аны кой, серепчилеп жылмаңдайт,
Сексенде чал токтобогон бейшеби...
Бүттү баары... өрүкзарды кечели...
Бишкекте эле гүлдөтөлү кечени.
Ар бир ырга миңдеп доллар беришет,
Андай акча чөнтөктөрдү тешеби?
Же гүлү жок, же өрүк жок эсеби,
Жөн жок эле мында жүрүп нетели?
Кокус дагы бири ала качпасын,
Коку-уй, жаным, өрүкзардан кетели!
«Өрүкзарга кетели» деп ырдайбыз,
Өрүкзарга келбей коюп эч эми!..
1-окятбрь 2015-жыл.
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 04 Октябрь 2015 - 19:18
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#110 02 Октябрь 2015 - 13:32
#111 07 Октябрь 2015 - 07:40
Балким, менин «Мерген» аттуу аңгемемди окуган окурман, андагы катышкан каармандар окшоп, мергендин айткандарын апыртмалуу калп деп түшүнүп калышы толук мүмкүн. А тургай ал аңгеменин автору катары өзүм деле ошол окуяга көп да ишенсиребей жаздым эле. Бирок, азыр ошол мергендин үйүнө келип, кийик менен улардын эттеринен даам сызган соң ынанбашка айлам калбады. Ага үйүнүн төрүндө илинип турган аюунун териси ишенимдүү да, далилдүү себеп болду сыяктанат. Мен жогоруда сөз кылган даамдуу тамактын үстүндө отуруп, тиги илинген аюу тери туурасында сурап калдым:
-Бу аюунун териси өңдөнөт го... Муну кайдан алдыңыз эле?
Ал бир аз кыт-кыт күлүп:
- Мунун икаясы да кызык. Аны айтып берсем, башкалар сыяктуу силер да ишенбессиңер. Ушул адамдар кызык эй. Өздөрү мергенчилик кылмак түгүл, тиги дөңгө чыга алышпайт да, андагы укмуштарга жолукканыңды айтып берсең, кайра калпычы кылып, өзүңдү мазактап, сөз кылышат. Мына өзүң жазып, мага тартуулаган бул китебиңдеги аңгемеде сүрөттөлгөн жатак теке окуясы да карандай чындык экенине карабай, «башкалар эмес, мен деле толук ишине албадым» деп турасың го. Алибетте, бир аз кошумчасы болот дечи. Силер аны «көркөмдөп» деп коёт турбайсыңарбы, биз да мергендер кичине боёк кошобуз хе-хе... бирок, силерчилеп өтө коюу эмес... (Мурутун жанып, көзүн кысып койду.) Ой, башка жакка кетип калган турбаймынбы, тиги талпактын жөн жайын айтайын, кокуй...
Биздин тоолордо не деген гана илбесин жок а... Мына ошолордун бири – күрөң аюу. Бул каапырдын жыртыкычтыгын мындай кой, карандай кара күчтүн ээси эмеспи. Ошондон улам бакубат балбандарды «аюудай күчү бар» деп коюшат да. Буга жолуккан мергендер атмак түгүл, айланып жашынып өткөнгө аракет кылышат-ов. Анткени, муну бир атканда өлтүрө атып алуунун өзү ишенимсиз жана опурталдуу. Эгер кокустан өлтүрө ата албай жарадар кылып алдым десең, анда шоруң шорподой кайнады дей бер. Жаралуу аюудан кудай сактасын. «Майпаңдап басат» деп коюшат, кудум аны жаңы сүннөткө отурган баладай жакшы чуркай албай тургансып... Оу ал кандай чуркайт, охо-оо! Ал эми жардар болуп жаны ачыганда күлүк атыңа деле жетип алгыдай... Эгер колуна тийип калсаң барбы, эки эмес денеңдин төрт-бешке бөлүнүшүн бөркүңдөй көрө бер, баатыр акеси! Заматта башың башка, колдоруң анда, буттарың мында, сокудай көөдөнүң тытылып тигинде бөлөк-салак болот да калат. Ошондон улам, өтө өзүнө ишенген гана мерген аюуну атканга тобокелчилик кылбаса, алашемдерине жол болсун.
- Анан ошентип, бул «талпактын» ээсин адис мерген катары атып алдыңыз... – кептин нугу башка жакка ооп кетпесин деп, тиги аюунун терисине кызыккан жаным, мергендин сөзүн бөлүп койдум. Менден башка ал жерде отургандарга да ошол кызык белем, кээлери баш ийкеп, кээлери:
- И туура, тиги аюуну атканыңыздан кеп козгоң, – деп жаалап жиберишти.
Кепти белге тептик окшойт, мерген бир азга унчукпай калды да, кудай жалгап кайра сөзүн улантты. Кызыккан баарыбыз кулак төшөдүк.
- Муну балээни атканыбы! .. Көрүп турасыңар го чоңдугун, муну замбиректин эле огу эле жыкпаса, мылтыктын огун к.. түнө кысабы (ушул жерде мергендигине салып бир аз орой сөз менен айтып салды. Кептин удулу бузулбасын деп мен да ошол боюнча жазып койдум. Өтө такыба окурмандар кечирсин..).
-Анан кантип?.. Капканга түшүрдүңүзбү?
-Ха-ха, капкан дейт тура... Буга чак капканың кайда? Деле капкан атпайдыңдын илбоюн шарт жулуп алып капкан-сапканың менен башыңды айырый чаппайбы! Муну аскадан түртө кулатып, анан...
-Эмне-е?..
Ошол жерде отурган баарыбыз оозубузда аңырдай ачып, хор менен бирдей тиги суроону бердик.
- Ооба, аскадан түртүп жибергенмин. .. Кой, силерге түшүнүктүү болсун үчүн бир баштан баяндайын.
Кадимдегидей эле ал күнү да кийикке ууга чыккам. Мылтыгымды асынып алып, таң ирең-бараңда кийиктер оттоочу жайыкка жөнөп калдым. Ага жетиш үчүн бир жалама асканын боорунда бир таман жолчо бар. Ошол аркылуу өтүшүм керек. Бийик аска. Ошол өтүп бараткан жолдон төмөн карасаң башың тегеренет. Аерден өтүп баратканда анын астын ким карайт дейсиң. Күндөгүдөй эле бараткам. Анан эле ошол жолчонун жарымына барып калганымда алдымдан ушул аюу чыгып калса... Я пирим, жүрөгүм болк этти. Бетме-бет келип калыппыз. Ал да мени көрүп айран болгондой токтоп калды. Мындайда өзүңдү колго албасаң болбостугу жарк эте мээме келе түштү. Качканга болбойт. Кайда качасың? Ал эки аяктап тура калып, кармашканга даяр боло бери басты... Анан мен да жанагы телевизордон көрсөтүп жаткан «Эрежесиз эр уруштун» катышуучусундай болуп чабуулга өттүм. Барып эле башымды колтугуна ката койдум. Болбосо, анымды коондой гана үзүп аларына көзүм жетип турат да. Ал да жондон мыжый кармады окшойт, тырмактарыны учу далыма бата түштү. Кайриет дагы калың купейкенин үстүнөн текенин терисинен тигилген бешмантымды кийип жүргөнүм абийир болгон экен, мына ошол керекке жарады жыртылып кетпей. Аюу түз эле мени аскадан ыргытып жиберүү ниетинде ылдый карады, каапыр. Мен болсо анын жүндөрүнөн мыжый кармап, анын денесине кене болуп биротоло жармашып алдым. Ошондон улам болсо керек, ыргыта албады. Анан жерге түшүрдү. Мен да жерге бутум тиери менен кээде той-томолокто күрөшүп жүргөн ыкмама салып, бутум менен тогонекке алып туруп чалып жыгайын десем, кысталактын буттары кыска экен, мыйтың эткизе көтөрө коюп, таптакыр ыңгайына келтиртпей койсо... Анан билбейм кайдан жайдан колум колтугунун бир жерине тийип кетти өңдөнөт, «аа-хаа!» деп эле бакырып калды. Эсиме келе түшүп, бир аяоолуу жерине тийдим окшойт дедим да, дал ошол жерин кайталап тырмалап жибердим. Жанагы албууттанган аюум башкача боло түшүп менин жонумдан колдорун тартып алып, башын калдаңдатып, колдорун жогору көтөрүп, кыйкыра баштаса, ботом! Көрсө, чын эле кытыгысы бар аюу окшобойбу! А мен болсо ошол жеринен колумду албай кытыгылаганды уланта бердим. Анткеним сайын каткыргансып аюуң кургур бир бакырып-өкүрөт десең... Ошол айкырып жатканда оозу мен жакка туш келип калды эле, бу дейм өмүр бою оозу суу көргөн эмеспи (тиштерин шоткелеп жууп го жүрбөйт дечи...), андан чыккан буу бир сасыктан сасык эке-ен! Каңырсыган жытына адам пендеси чыдап тура албоочудай жөн элечи... Мен ага да карабай кытыгылаганды уланта бердим. Аюунун эси ооду! Анан менден качып, нары карап асканын четине жакын барып калды эле, мына ушул пайиттен пайдаланып, көчүктөн нары келиштире бардык күчүм менен бир тептим эле: «Ааа!» деген ачуу добуш чыгарып, төмөн карай учуп кетти! Анын үнүнөн зоо жаңырып, тоо текелер төрт-беш кыр аша качып кетишти го дейм...
Мен болсо тирүү калганыма жакшы ишенип ишене албай, «өх!» - деп, жерге отура калдым да, бир аздан соң аюунун кытыгылуу экенине бир ишенип, бир ишенбей, өзүмдү кимдир бирөө кытыгылап жаткансып, бир азынап күлдүм дейсиң, мындай эч качан күлгөн эмесмин эй. Жанагы аюунун тырмактары баткан денемдин ачышканы деле билинбей калды. Көптө барып эсиме келип, кементайымды чечип, өзүм көрө албасам да, аюунун тырмагы кирген жерлерди болжолдоп туруп, кереги тиер деп ала жүргөн жарым бөтөлкө спирттен шыбап, анан бир аз ооз чайкап алып, анчадан соң, айланып о итабар убакта аюу кулап түшкөн асканын түбүнө келсем, аюум мойну кайрылган тейде эчак жантаслим болгон экен. Анан тирүү калмак беле... Мындай жерден деле танкаң куласа деле денеси калың болот менен чоюндан экенине карабай, бырын-чырыны чыгып, соо калмак эмес.. Дагы жакшы аюунун сөөктөрү талкаланганына карабай териси тытылбай бүтүн түшүптүр...
Анан кечке кестигим менен аюуну союп, терисин сыйрып алгандан кийин ошол жердеги үйдөй келген килейген чоң таштын үстүнө жайсам, айланайы-ын, тим элеби бир чоң килемдей болуп жатып калды. Азыр силер мунун ийленип, кичирейгенин көрүп турасыңар, баатырлар...
...Ошентип, анда отурган коноктор баарыбыз мергендикинен курсантчылык менен чыгып, ар кимибиз ар жакка жөнөндүк. Жолдо машинам менен келатсам ошол айылдык дагы бирөө кол көтөрүп калды эле райондун борборуна чейин алып алдым. Жолдо сөздөн сөз чыгып отуруп, алиги киши кайдан келе жатканыма кызыгып калгандан, болгон окуяны түшүндүрүп, мергендикинен келе жатканымды айтсам, күлүмсүрөп:
- Дубалында илинген аюу менен күрөшүп, кантип жерге көтөрө чаап жыкканын айтып бердиби?.. – деп калды.
-Ооба. Бирок аюну жыкпай эле, кытыгылап жатып, аскадан кулатып жибериптир го?.. – дедим мен суроолуу.
- Я де. Аюу окуясынын дагы жаңыча бир түрүн чыгарып айта баштаптыр да анда... – деди тигил айылдашы.
Мен кимисине ишенеримди билбей кала бердим. Сизчи, урматтуу окурман?
6-октябрь 2015-жыл.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#112 07 Октябрь 2015 - 10:45
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#114 16 Октябрь 2015 - 09:19
1.
Көңүлүбүз бап келип унаса да,
Куп окшоштук тәрпи ләнч кунасага.
Кетебизби бир балишка баш коюшпай,
Келишпестен бирәр жолу мунасага?
Каалап сени жүрчүмүн раса әмә,
Карабай койдуң өзүң сыра мага.
Әнушунуң жакпастан жабыр тарттым,
Әшунүчүн көңүлүм кыра сага!
2.
Нә муда бар оюңда,
Науман сарттын тоюнда,
Каш каксамам чакырып,
Карабастан койдуң а?!!
Алоо чыкты бетимен,
Аккан тер чыкты этимен.
Эсеби жок канчасы,
Ээрчип жүрөт кетимен.
Былтың-шылтың кыласың,
Бунуң кимге ынасын?
Меймаш байдын кәлинә,
Мени алдырып тынасың!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#116 26 Декабрь 2015 - 10:44
Айлам жок күйүп, түтөдүм,
Ар дайым жооп күтөмүн.
А эгер кабар бербесең,
Анда эле күйүп бүтөмүн.
Ашыктык алды, мен кантем,
Айрылар бекем жан эттен?
Маанилүү кабар жөнөтчү,
Mail.ru_дагы agent_тен.
А бу деп айтчу кез эмес,
Айламды алдың, эс эмес!
Сонуркап окуп жүрөйүн,
Соткаңан жөнөт SMS.
Барпы акынды какшаткан,
“Болоор болбос баш баккан...”
Форумун көрүп жыргайын,
Фотоңу жөнөт WhatsApp_тан...
Сагынып сени сыздайт жан,
Сары оорумун, кыска айтсам.
Баарысын таштап, байланыш,
Баарлашалы Skype_тан.
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#117 01 Январь 2016 - 15:50
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 03 Январь 2016 - 21:28
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#118 01 Январь 2016 - 15:56
Тамаша сөздөрдү айтсам – күлбөгөнүң,
Тоотпостой көзүңө илбегениң.
Түшүмө түндө кирип, күндүз болсо,
Сөз айталбай зааркана зилдегеним. ..
Сага бир пул өңдөнүп, сезбегениң-
Ал сенин эссиздигиң эмес, секет,
Ал менин сүйөөрүмдү билбегениң !
Кыпындай да коялбайм сага кине,
Көйгөйүмдү жеткирбеген менде күнөө!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#119 17 Январь 2016 - 15:10
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#120 18 Январь 2016 - 19:05
Кабарлаш!
Айлам жок күйүп, түтөдүм,
Ар дайым жооп күтөмүн.
А эгер кабар бербесең,
Анда эле күйүп бүтөмүн.
Ашыктык алды, мен кантем,
Айрылар бекем жан эттен?
Маанилүү кабар жөнөтчү,
Mail.ru_дагы agent_тен.
А бу деп айтчу кез эмес,
Айламды алдың, эс эмес!
Сонуркап окуп жүрөйүн,
Соткаңан жөнөт SMS.
Барпы акынды какшаткан,
“Болоор болбос баш баккан...”
Форумун көрүп жыргайын,
Фотоңу жөнөт WhatsApp_тан...
Сагынып сени сыздайт жан,
Сары оорумун, кыска айтсам.
Баарысын таштап, байланыш,
Баарлашалы Skype_тан.
[/ quote]
СУПЕР!!! Браво!!!