Бул темага: Аалымдардын, ойчулдардын, акындардын, ырчылардын ж.б. Дин (Ислам дини) тууралуу айткан сөздөрүн, ырларын жазсаңыздар болот. Ислам динине байланыштуу болгон нерселердин баары, сахабалардын, даанышмандардын сөздөрү.
Эгер жеңилүүгө учураган болсоң Жаратканга сажда кылып: "Йаа Жаббаар! (О, Кудуреттүү Кудай) абалымды оңдо" - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер заалымдын зулумдугуна дуушар болуп зулум чегип жаткан болсоң: "Йаа Аадил! (О, Адилеттүү Алла! Мага жардам бер" - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер айры жолдо калып, эмне кылаарыңды билбей арсар болуп турсаң: "Йаа Басиир аршиднии! (О, Ашкере-жашыруунду, кайыпты, сырларды баарын көрүп туруучу Алла! Мага туура жолду көрсөт) - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер муктаж болуп жаткан болсоң: "Йаа Мужииб! Ажибнии" (О, дуаларды кабыл кылуучу Алла! Дуаларымды кабыл кыл жана Өзүңдөн башкага муктаж кылба) - деп дуба кыл.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Эгер жүрөгүң эч кимди сүйө албай жаткан болсо "Сүйүүңдү Аллага арна, анткени чыныгы сүйүүгө Андан башка эч ким татыктуу эмес".
Чын сүйүү бул - Жаратканга жанашуу,
Калгандары уруш-жаңжал талашуу.
Билдирүүнү түзөткөн: Tatli_Melek: 28 Февраль 2016 - 12:14