Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш
#5282 03 Апрель 2016 - 12:33
Сиздин бала алмурут сымал болуп калды. Узундугу 11–12 cм. Ал эми салмагы:100 гр.
Кош бойлуулктун 17-жумасынан тартып 5 ай ичиниздеги чүрпөнү көтөрүп жүргөн болосуз. Абдан жагымдуу учур. Бардык ойлондурган нерселер артта калгандай сезилет. Ошентсе да: тердегениңиз көбөйөт, тиштериңиздин бүлөсү канашы мүмкүн жана жыныстык органдан бөлүнүүлөр байкалат. Көбүрөөк эс алып, кереги жок түйшүктөрдөн баш тартыңыз. Анда кош бойлуулуктун 5 айы сизге ырахат тартуулай баштайт!
Кош бойлуулуктун 17-жумасында эмнелер болот?
Бул учурда жатын капталга эмес, узунунан өсө баштайт. Ошол себептен аз-маз ооруксунтуу байкалат. Мындай жагдайда зарна да коштооп, дем кыстыгуу байкалат. Бул көрүнүштөр болушу мүмкүн же, болбойт. Анын бардыгы сиздин организм менен байланыштуу. Кош бойлуулуктун 17-жумасында молочница сизди кыйнашы мүмкүн. Доктур андан алыстоонун жолун айтып берет. Кандай болбосун сиз азыр таттуудан алыс болушуңуз керек.
Кош бойлуу айымдын жүрогү катуу сого баштаганын байкады. Себеби, баланы курчаган тон керектүү заттарды өткөрө баштады. Жүрөктүн кагышынын катуулашы тиш бүйлөлөлөрүнүн канашына алып келет. Ошол себептен стоматологго кайрылып көрүңуз. Ал өз учурунда ооз көңдөйүн эмне менен чайкоо керек экендигин айтып берет. Тердегениңиз көбөйөт, андан да чочуулоого негиз жок. Сууга коп чайканып турганыңыз оң.
Кош бойлуулуктун 17-жумасында түйүлдүктүн абалы.
Ушул жумада баланын өзүнүн иммундук системасы ишке кирет. Ымыркайдын организми иммуноглобулин жана интерферон бөлүп чыгара баштайт. Эми апада да ымыркайда да коргонуу бар. Баланын салмагы: 200 грамм, узундугу 10-14 см түзөт. Бала абдан активдүү, кээде катуу үндөн чочушу ыктымал. Баланын терисинин алдында май пайда болот. Ал организмде жылуулукту сактоо үчүн абдан керек. Ымыркайдын жүрөгү толук калыптанды. Ал өзүнүн функциясын жакшы аткарууда. Кыздарда бул учурда жатын пайда боло баштайт. 17-жумада балада туруктуу тиштери үчүн пайдубал түптөлөт. Бөйрөктөр гормон бөлүп чыгарып, гипофиз жакшы иштейт. Бала апасынын баардык кыймыл аракетин сези, үнун угат, апасынын эмоцияларын сезет. Бул жагдайлар кош бойлуулуктун 17-жумасында баланын туура өсүп жатканына кабар берет. Эч өзгөрүүсүз нормалдуу өсүүдө бул учурда доктурлар УЗИ сунуштабайт.
Бир аз чарчайсыз, биринчи маектешүү.
Эгер сизди бир нерсе тынчсыздантса: уйкусуздук же, көнүмүш абалыңызда жата албай кыйналсаңыз же зарна басылбаса, анда наалыгандан кажет жок. Эсиңизде болсун ичиңиздеги ымыркай апасынын маанайына жараша рекция кылат. Баланын кыймылы дал ошону билдирет. Балаңыз менен маектешиңиз, себеби ичиңиздеги бөбөк үчүн кичинекей мөөнөттө деле маектешүү абдан маанилүү.
Көбүрөөк эс алыңыз, күнүмдүк турмуштагы жасалчу иштерди жасатыш үчүн жакындардан жардам сураңыз. Аны эч ким өөн деле кабыл албайт. Алар сизди толук жана жакшы түшүнүшөт.
“Кош бойлуулуктун” салттуу рациону
Зарна, ичтин катышы, ичте желдин толуп кетиши-бул мөөнөткө шартуу. Жардам кылуунун бир эле жолу бар – ал туура тамактануу. Тезден бирок аз-аздан тамактануу керек. Ар бир тамактануу пайдалуу, сиңимдүү болушу кажет. Эгерде сиздин тамакты сиңирүүңүзгө оор болуп калаарын сезсеңиз анда, ашыкча, майлуу тамак аштан баш тартуу зарыл. Сиздин тамак сиңирүүңүзгө мындай оорчулуктар азыр керек эмес. Күн сайын тамак-ашта жер жемиш, жашылча керектүү азыктар, кычкыл ак азыктар болушу керек.
Бөлүп чыгаруу.
Эгер кош бойлуу айым жыныс органынан кадимки көрүнүштөй сезилбеген бөлүп чыгууларды байкаса анда доктурга кайрылуусу керек. Доктор ошол бөлүнүп чыгып жаткан заттан анализ алып эмне себептен болуп жатканын аныктап, изилдейт. Ириң өңдүү, сары, жашыл өңдөгү, жагымсыз бөлүнүп чыгуулар коркунуч жаратат. Бул жыныс органдарынын инфекцияга кабылганын түшүндүрөт. Балким молочница өрчүп кеткен жана аны дарылоо керек. Ал эми, сизди агыш түстөгү бир аз кычкыл жыттагы кадимки бөлүнүп чыгууларга окшош бөлүнүп чыгуулар коркунучтуу эмес, андан эч чочулабаңыз.
Кош бойлуулуктун 17-жумасы кандай сезимдер менен коштолот?
Өзгөрүүлөр сиздин бетиңизге чыгат. Бул сөздүн ар кыл маанисинде кабыл ала бериңиз. Бир аз мурдуңуз шишип, эриндериңиз көөп калганыны байкайсыз. Жүзүңүз албырганы да билинет.
Кош бойлуулуктун 17-чи жумасында ичиңиз чоңойгондон чоңоюда. Аны тегеректегилерден жашыруу өтө кыйын. Ал гана эмес ичиңиздеги баланын кыймылы да колду апанын ичине койбостон эле көрүүгө мүмкүн. Сизге ыңгайлуу кийим кийиңиз. Себеби: демиңиз кысылганы да сезилет.
Билдирүүнү түзөткөн: zaika.tvo9.1990: 03 Апрель 2016 - 12:35
#5283 03 Апрель 2016 - 12:38
Билдирүүнү түзөткөн: zaika.tvo9.1990: 03 Апрель 2016 - 12:39
#5284 03 Апрель 2016 - 15:58
#5285 03 Апрель 2016 - 20:03
#5286 03 Апрель 2016 - 21:49
Кыймыл
Түйүлдүктө эң алгачкы сезим 6-7 жумада пайда болгону менен эч кандай реакция кыла албайт, башкача айтканда, эмне жагып, эмне жакпай жаткандыгын апасына билдире албайт. Анткен менен 6 жумалык түйүлдүктө мээ көбүкчөлөрү деп аталган баш мээнин негизги бөлүктөрү түзүлүп, нерв клеткалары калыпка салына баштайт. Түйүлдүк өзүн курчап турган дүйнө тууралуу алган эң биринчи маалымат – кыймыл. Энеси менен кошо түйүлдүк да тынымсыз кыймылда болот. А түгүл, кийинчерээк апасынын кыймылы аркылуу эле апасы толкунданып жатабы, тынч отурабы, эң жакшы өздөштүрүп, өзүнүн кыймылы аркылуу жооп берет. Жарыкка келгенден кийин да көтөрүп кыймылдатканда же болбосо бешикте терметкенде тынчып калганы – түйүлдүк кезинде кыймылга көнүп калганы.
Кол тийгизүү
7,5 жумалык түйүлдүктүн териси сезимталдуулукка ээ боло баштайт. Ал эң алгач оозунун айланасында пайда болот. Бул болсо эмүү рефлексине болгон даярдык. Түйүлдүк 8 жумалык болгондо бети менен алакандары, 10 жумалык болгондо бүт денеси сезимтал болуп калат. Ушундай убактан баштап эле эгер апасы курсагына колун койсо, “аркы беттен” аны кармаганга аракет кылат. Ушундай эле жол менен атасы, бир туугандары менен “таанышат”. УЗИге тартканда бейтааныш муздак буюмдун өзүнө жакындап келатканын сезип, андан кача баштайт. Эгер апасы толкунданбай, өзүн бош таштап жатса, түйүлдүк да тынчтанып, аппараттын өзүнө тийишип жаткан бөлүгүн колдору менен кармаганга аракет кылат.
Кош бойлуулугуңуздун экинчи жарымында атайын “сеанс” жүргүзсөңүз болот. Ал үчүн күн сайын бир маалда колуңузду ичиңизге коюп, алдей ырын же болбосо башка эле балдарга арналган ыр ырдаңыз. Бул маалда балаңыз сиздин колуңузду кармаганга далалат кылат. Күн сайын бир эле ырды кайталап ырдашыңыз керек. Буга бала көнүп калат да, төрөлгөндөн кийин да ырдасаңыз өзүнө тааныш музыканы таанып, тез тынчтанат. Бала чарчап калбаш үчүн “сеанс” 10 мүнөткө гана созулууга тийиш.
Даам
9 жумалык түйүлдүк даамды сезүүгө жарап калат. Энеси эмне жесе, анын бир аз бөлүгү тондогу сууга түшөт. Кош бойлуу аял сарымсак же лимон жеди дейли, анда суунун даамы ачуу же кычкыл болуп калат. Бул сууну жутуп алган бала бети-башын тырыштырат. Эне өзү сүйгөн тамакка төрөлө элек баласын да көндүрсө болот. Ошол тамагын күн сайын жей берсе, эгер ага сарымсак кошулган болсо да бала бара-бара көнүп кетет. Натыйжада төрөлгөндөн кийин да апасы кош бойлуу кезинде жеген тамактын сүйүүчүсү болуп калат.
Үн
14-16 жума болгондо түйүлдүк уга баштайт. 16 жумага чейин үндөрдү ал вибрация катары гана кабыл алат. Ал эми 16 жумадан баштап түйүлдүк үнгө кадимкидей реакция кыла баштайт: үн каяктан чыкса, ошол жакка башын бурат, кокусунан катуу чыккан, чочутуп жиберген үндү укса колу менен бетин басат.
Бала төрөлгөнгө чейин айланасындагы сөздөргө, айрыкча апасынын сөздөрүнө болгон сезимталдуулугу пайда болот. Ал интонацияны ажыратып биле алат. Кыйкырык менен коштолгон ата-энесинин уруш-талашы баланы кадимкидей чочутат, муну түйүлдүктүн кыймылынан билсе болот.
Көрүү
25 жумалык түйүлдүктүн көрүү органдары иштей баштайт. Албетте, эненин жатынында көрүүнү өнүктүрүү үчүн маалымат көп деле эмес, бирок бала үчүн ушул деле жетиштүү. Түйүлдүктүн түстү сезүүсү далилденген. Күндүн байкалбаган түсүн ал жакшы кабыл алат, ал эми ачык түсүнөн жашынып, көздөрүн жүлжүйтөт. Андыктан кош бойлуу аялдар жылуу аба ырайында таза абада көбүрөөк сейилдөөлөрү керек. Бирок күндүн нурун көп өткөргөндө бала чарчап калат.
Түйүлдүк менен сүйлөшүү
Эне ичиндеги бала менен сүйлөшүү үчүн атайын убакыт бөлбөсө деле ал энесинин башкалар менен сүйлөшүүсүн угат. Түйүлдүк менен сүйлөшүү анын өнүгүүсүнө жакшы таасир берет. Андыктан бул маанилүү нерсе. Айрым энелер түйүлдүк менен сүйлөшүү зарыл деп эсептешип ичиндеги баласы менен өздөрүн зордоп сүйлөшө баштайт. Мунун кереги жок, бала менен болгон сүйлөшүү табигый болууга тийиш.
Ичтеги балага китеп окуп берүү, чет тилинде сүйлөшүү – ал үчүн түшүнүксүз жана керексиз маалымат. Андан көрө төрөлгөндөн кийин эркелете турган “алтыным”, “айым”, “периштем” сыяктуу сөздөрдү ичиңизди сылап көбүрөөк кайталаңыз.
Музыка угуу
Апасы музыканы кандай укса, түйүлдүк да ошондой угат. Ага музыка жаккан-жакпаганын өзүңүз аныктасаңыз болот. Эгер табитине туура келсе, ал музыканын ыргагы менен кыймылдай баштайт, жок, жакпаса, музыканын ыргагына таптакыр карама-каршы кыймылдайт. Наушникти курсакка коюуга мүмкүн эмес. Түйүлдүк үндү кандайдыр бир аралыктан гана угуу керек.
Каалайсызбы, музыканы уга бериңиз, негизгиси андан ырахат алгыдай болушуңуз керек. Балдар жөнөкөй, ачык музыкаларды, башкача айтканда, элдик жана жаш балдарга арналган ырларды жакшы көрүшөт. Классикалык, популярдуу музыкаларды уксаңыз да болот, эң негизгиси татаал роктон алыс болуңуз.
Бала төрөлгөн соң ага кулак-мурун кескен тынчтыктын кереги жок. Албетте, катуу, кескин үндөргө чочуп кетет, бирок алыстан угулган үнгө тынч уктай берет. Жатында жатканда такай уккан апасынын жүрөгүнүн соккондогу үнү жаңы төрөлгөн ымыркайга тааныш болот. Ыйлаган баланы башын сол жак капталыңызга каратып кармасаңыз, тез сооронот.
#5287 03 Апрель 2016 - 21:53
Түйүлдүк биринчи жолу качан кыймылдайт?
Түйүлдүктүн кыймылдашы чындыгында эрте эле, тактап айтканда, кош бойлуулуктун 8-жумасында эле башталат. Анткени бул учурда баланын колу-буту пайда болот. Болгону ал учурдагы кыймылды эне сезе албайт. Биринчи төрөтүн күтүп жаткан эне түйүлдүктүн кыймылын 20-жумасында сезсе, мурун төрөгөн энелер 18-жумасынан баштап эле туя башташат. Мындан тышкары толуктарга караганда арык энелерге баланын кыймылы эрте сезилет. Анткени толуктардын май ткандары баланын кыймылын сезүүгө тоскоол болот.
Бир күндө канча жолу кыймылдоого тийиш?
Адатта эне басып жүргөндө бала термелип уктайт да, энеси эс алганда бала кыймылдай баштайт. Бала орточо эсеп менен бир суткада 10дон кем эмес жолу кыймылдоого тийиш. Бул сөзсүз түрдө ушундай болуу керек дегендик эмес. Баланын кыймылы анын мүнөзүнө, курагына жараша болот.
Эмне үчүн кыймылдайт?
Сырткы факторлор. Ичтеги бала сырткы чөйрөнүн ар кандай таасирлерине жооп кылып турат. Мисалы, музыканын үнү катуу чыкса, атасынын же апасынын үнүн укса кыймылдап аларга жооп кылат. Же болбосо энеси аба жетишпеген, тамекинин түтүнү толгон бөлмөдө болсо энесинин таза абага чыгышын талап кылып кыймылдай баштайт.
Кычкылтектин жетишсиздиги. Эгерде түйүлдүк өтө активдүү кыймылдай баштаса, ал тамакка же кычкылтекке муктаж болуп турат. Мындай көрүнүш көбүнчө эне ири кан тамырларын басып туура эмес абалда отуруп же жатып алганда болот.
Эненин эмоциясы. 24 жумалыгынан баштап бала энесинин маанайына жараша жооп кылууга үйрөнөт. Эгерде энесинин маанайы жок болсо, кээ бир балдар ал учурда тынчып калышат, айрымдары, тескерисинче, тынымсыз кыймылдай баштайт. Же болбосо энеси телевизорду тиктеп же башка иш менен алек болуп бир орундан жылбай көпкө чейин отуруп калганда бала тажап кетет да, кыймылы аркылуу энесинин туруп басышын талап кылат.
Энесинин жеген тамагы. Энеси тамактанганда бала активдүү кыймылдап баштайт. Айрыкча таттуу нерсе жесе. Анткени киндик аркылуу тамак балага да барып, энесине кошулуп ал дагы энергия алат.
Курак. 24 жумалыгынан баштап 32 жумалыгына чейин түйүлдүк активдүү кыймылдап калат. Төрөткө жакындаганда жатындагы орундун тардыгынан улам кыймыл азаят.
Режим. Эненин курсагында жаткан баланын өзүнүн режими болот. Ал бир күндө бир нече жолу 3 сааттан уктайт. А ойгоо учурунда абалын өзгөртүп ары-бери оодарыла берет.
Ыктытуу. Түйүлдүк ыктытат, бул кадимки эле көрүнүш. Анын ыктытып жаткандагы кыймылы жүрөк соккондой бир калыпта болот.
Кандай учурда доктурга көрүнүү керек?
Баланын кыймылынын алсыз болуп калышы же такыр эле жоголуп кетиши - кооптондуруучу жагдай. Бул кычкылтектин жетишпей жатканынан кабар берет. Эгерде 6 саат бою бала кыймылдабай калса, болочок эне тезинен доктурга көрүнүшү же тез жардам чакырышы керек.
Бала төрөлгөнгө чейин тарбияланышы керек
Кечигип калбоо үчүн баланы качантан баштап тарбиялай баштоо керек? Бул суроого адистер бир ооздон “төрөлгөнгө чейин” деп жооп беришет. “Кантип?” деген суроо пайда болушу мүмкүн. Баары жөнөкөй. Төрөлө элек балаңызды мына минтип тарбиялаңыз:
1. Күтүп, каалап боюңузга бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Сиздер каалап төрөлгөн бала жетиштүү салмак менен төрөлөт, көп оорубайт, мүнөзү жайдары болуп баары менен тез тил табышып кетүүгө жөндөмдүү болот. Ошондой эле оптимист жана чыгармачыл адам болуп калыптанат.
2. Кош бойлуу учуруңузда бир гана жакшы нерселерди ойлонуңуз.
3. Боюңузга бүткөнүнө 1-2 ай болгондон баштап эле курсагыңызды айланта сылоону адатка айландырыңыз. Бул эне менен баланын сүйлөшүүсүнүн негизин түзөт. Бир нерсеге сарсанаа болуп, толкунданып же кайгырганыңызда ичиңиздеги бала да сөзсүз түрдө сиз менен кошо тынчсызданат. Мындай учурда курсагыңызды сылаганыңыз баланын абалын жеңилдетет.
4. Балаңыздын биринчи кыймылын сезген күндөн баштап аны менен ичиңизден эмес, үн чыгарып сүйлөшө баштаңыз. Ага атасы кандай адам экенин, эгерде улуу балдарыңыз болсо, алардын кандай экенин, өзүңүз жөнүндө айтып бериңиз. Түйүлдүк бул учурда сөздүн маанисине түшүнбөйт, ошондой болсо да сиздин сөздөрүңүз анын жалпы өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
5. Өзүңүз эле сүйлөшө бербестен, балаңыздын атасын кошо тартыңыз. Ал курсагыңызды сылап, баласы менен жылуу, ишенимдүү сүйлөшсүн. Мындан түйүлдүктө кандайдыр бир ишеним пайда болуп, атасы менен болгон бул жылуу мамилеси төрөлгөндөн кийин да сакталып калат. Эгерде бул биринчи кош бойлуулугуңуз болбосо, байкеси же эжеси менен сүйлөштүрүңүз. Алар бөбөктү чыдамсыздык менен күтүп жатышканын, төрөлгөндө аны жакшы көрүшөрүн, эркелетерин айтып турушсун. Бир туугандарынын бактылуу үндөрүн угуу түйүлдүккө абдан жагат. Муну менен ал өзүнүн жалгыз эмес экенин, коргоочулары бар экенин сезип кандайдыр бир ишенимдүү мүнөзгө ээ болот.
6. Курсагыңыз чоңойгон сайын аны менен болгон сүйлөшүүнү күчөтө бериңиз. Эртең менен турганда күнүңүздү балаңыз менен учурашуудан баштаңыз. Анан ошол күнкү пландарыңызды аны менен бөлүшүп каякка барарыңызды, эмне иш бүтүрөрүңүздү айтып бериңиз. Эгерде иштесеңиз, жумуштан бир нече мүнөткө алыстап балаңыз менен сүйлөшкөнгө убакыт бөлүңүз.
7. Кош бойлуу кезиңизде жагымдуу музыкаларды көбүрөөк угуңуз. Эгерде өзүңүз алдей ырын ырдасаңыз мындан да жакшы. Бул адатыңыздын кийин пайдасы тиет. Бала төрөлгөндөн кийин ыйлаганда кулагына сиңип калган бул музыкаларды коюп берсеңиз же алдей ырын ырдасаңыз тынчтанып калат.
#5288 03 Апрель 2016 - 21:57
Кош бойлуу айымдарга мышык менен ойноого жана мышыкты колуна алууга болбойт. Антсе келечекте наристенин душмандары көп болуп калат. Мунун медициналык дагы аныктамасы бар. Мышык алып жүрүүчү токсоплазма козгогучтары аялдын организмине кирип кетсе, түйүлдүктүн нерв системасына терс таасир этет да, бала ар кандай оорулар менен төрөлүшү ыктымал.
Босогого отурганга болбойт. Ата-бабаларыбыз босогону чоочун дүйнө менен өз ааламын бөлүп туруучу катары кабылдашкан. Так ошол жер - терс энергиялардын чордону деп баалашып “эшикти кулачтабаш керек”, “босогого турбаш керек” деген түшүнүктөрдү пайда кылышкан. Заманбап көз караш менен алып караганда, босогодо отурганда түйүлдүккө суук тиет.
Кош бойлуу айымга бутун кайчылаштырып олтурууга болбойт. Мындай шартта баланын буту ийрейип же май таман болуп төрөлүп калышы ыктымал деген ишеним бар. А чындыгында мындай абал баланын бутуна эч кандай таасир тийгизбейт. Бирок кош бойлуу айымдын бутунун кан айлануусу начарлап кан тамырлардын көөп кетишине, варикоз оорусунун башталышына алып келет. Анын таасиринде түйүлдүктүн да тынчы кетери турган иш.
"Бала төрөлчү болжолдуу күндү эч кимге, жадагалса жолдошуна да айтпаш керек. Жашыруун төрөт жеңил жана тез болот. Эгерде кош бойлуу толготуп жатканын көп адам билип аны күтсө, бала ичтен ошончолук көп кыйналат" дешет. Бирок бул төрөткө эч кандай тиешеси жок. Болгону бала төрөлчү мөөнөттөн өтүп кеткенде башкалардын «сен дагы эле төрөй элексиңби?» деген суроолору боюнда бар аялдын нервин козгошу ыктымал. Анын таасиринен ичтеги бала дагы жабыркайт.
"Төрөрдүн алдында чачын кырктырууга болбойт. Бала өлүү төрөлүп калышы ыктымал. Чачта адамдын энергиясы катылган. Аны кыскартуу менен ичтеги баланын өмүрүн кошо кесет" деген түшүнүк бар. Медицина бул куру шектенүү гана экенин айтат.
Кош бойлуу коркунучтуу фильмдерди жана кейпи сууктарды көрүүгө болбойт. Антсе баласы түрү суук болуп калат. Бул аныктаманы медицина адистери дагы тастыктаган. Өзүнө билинбегени менен коркунучтуу тасмаларды көргөн эне бир топ эле стресс алат. Анын таасири баланын борбордук нерв системасына доо кетирип, денесинде тактары бар же өңү серт болуп төрөлүп калышы ыктымал экен.
Жаңы үрөн айдалган жерден аттап өтүүгө болбойт. Уламыштар боюнча "жер өзүнүн "түйүлдүгүн" өстүрүп жатканда аны сыйлабастык кылып аттап өтсө, жер эне дагы кош бойлуунун ичиндегисин алып коёт" дешет. Ал эми медициналык жактан алып караганда, чоң аттоо бойдон түшүп калуу коркунучуна алып келет.
Боюнда барда түймө түйүүгө же бир нерсе жамоого тыюу салынат. Айтымдарда баланын өмүрүн бычак, кайчы өңдөнгөн курч куралдар коштоп калары белгиленет. Чын-чынына келгенде эне менен баланын киндиги бир болгондуктан ийне менен колун сайып алган эненин чочуусу баласына эки эсе болуп барат. Экинчиден кош бойлуунун кечке бир калыптан жылбай отура берүүсү наристенин ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет.
"Алдын ала балага кийим алып камданууга болбойт. Анткени аларды камдаган күндөн баштап наристе кийимдерин кийүүгө шашылат" деп түкшүмөлдөшөт. Медицинада бул түшүнүктүн эч кандай таасири жок деп белгиленет.
Иттин толгоосу жеңил болгондуктан толгоону жеңил тартуу үчүн итке тамак берип, баскан жолун басып, “ит толгоо бер” деп сураныш керек. Ал эми медицинада “боюнда бар аялдын көп басуусу өтө пайдалуу” деп кеңеш беришет
#5289 03 Апрель 2016 - 21:58
#5290 03 Апрель 2016 - 22:01
Убагынан өткөн кош бойлуулук
Негизи идеалдуу кош бойлуулук 40 жумага созулат. Бул медициналык көз караш менен, башкача айтканда, айымдын акыркы этек киринин токтогон күнүнөн тартып эсептелген мөөнөт болуп саналат. Ал эми боюна бүткөн күндү так билген айым үчүн идеалдуу мөөнөт 38 жума болушу керек. Коомдо болсо идеалдуу кош бойлуулук тегеректелген түрдө 9 ай деп айтылып келет. Бирок кандай гана болбосун, идеалдуулуктан чегинип айтканда түйүлдүктүн 37-42 жума эненин ичинде болушу нормалдуу кош бойлуулукка кирет. Ал эми бул көрсөткүчтөн ашып кеткен жагдай убагынан өткөн кош бойлуулук болуп саналып, ал баланын жана эненин саламаттыгына коркунуч туудурушу ыктымал.
Себептери
Негизи кош бойлуулуктун убагынан өтүп кетишине таасир этүүчү себептер көп. Алардын басымдуусу төмөнкүлөр болуп саналат:
35 жаштан өткөн курак
- Семиздик
- Тон суусунун кескин түрдө азайып кетиши
- Жатындын жетиле элек болушу
- Түйүлдүктүн чоң болушу
- Түйүлдүктүн баш сөөгүнүн чоң болушу
- Стресс, депрессия
- Жыныстык органдын сезгениши
- Менструалдык циклдин бузулушу
Белгилери
- Ичтин 5-10 смге кичирейип кетиши
- Тондогу суунун азайышы, булганышы
- Салмактын азайып кетиши
- Түйүлдүктүн баш сөөгүнүн чоңоюшу (УЗИ аркылуу)
- Түйүлдүктүн жүрөгүнүн тез согушу (УЗИ аркылуу)
- Сүт бездеринен сүттүн агышы
- Жатындын жогору көтөрүлүшү
Анара ОрдОкова, Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун гинекология бөлүмүнүн акушер-гинекологу: “Дени сак бала төрөө кош бойлуулукту жакшы күтө билүүдөн көз каранды”
– Эже, айтсаңыз, жогоруда саналып өткөн себептер кош бойлуулуктун созулуп кетишине кандайча таасир этишет?
– Мында стресс менен депрессиядан тышкаркы себептердин баары эле кош бойлуулукка түздөн-түз таасир этүүчүлөр болуп жатышат. Мисалы, түйүлдүктүн же анын баш сөөгүнүн чоң болушу албетте жатындан чыгууга кыйынчылык жаратат. Жатындын жетиле элек болушу болсо ал айымдын төрөөгө даяр эместигинен улам кош бойлуулукту өткөрүп жиберет. Жыныстык органдын сезгениши, түрдүү инфекциялык оорулар, кайсы бир витаминдин жетишсиздиги менен айыздык циклдин өз убагында келбей жүрүшү да көп учурда толготууну кармап, убагынан өткөн кош бойлуулукка себепчи болушат. Ал эми стресс менен депрессия тууралуу сөз болгондо, муну кош бойлуу аялдын төрөткө психологиялык жактан даяр эместигин түшүнүү керек. Башкача айтканда, ал төрөткө чейин бул процесстен ашыкча корккон же бир нече жолу боюнан түшүп кала берип бул көрүнүш анын толготуу механизмин жокко чыгарып жиберген болот.
– Ошондо мындай абалдан кантип чыгуу керек?
– Негизи ар бир аял өзүнүн боюна бүткөн мөөнөтүн так болбосо да болжолдуу түрдө билгени жакшы. Эмне үчүн дегенде бул анын түйүлдүктү канча убакыт көтөрүп жүргөнү тууралуу тагыраак маалымат берет. Анан 37-42 жума аралыгында түйүлдүктүн ылдый түшүшү, толготуу сыяктуу белгилер байкалбаса, өзү эле билип же тиешелүү дарыгери менен кеңешип төрөт үйүнө келе бериши керек. Ооруканага келгенден кийин өзү төрөй ала турган болсо акушер төрөт чакырып төрөтүп алат, болбосо кесүү жолу менен баланы алып чыгышат. Кыскасы, медицинада эреже боюнча төрөт 42 жумалык мөөнөттөн кечиктирилбеши керек.
– Азыркы маалда убагынан өтүп төрөгөндөр көп кездешип жатат дешет. Бул чындыкпы жана ошондой болсо эмне үчүн?
– Акыркы эсептөөлөр боюнча мындай көрүнүш энелердин 14 пайызында кездешет. Биздин мамлекетте энени жана баланы аман алып калуу өнөктүгүнө өзгөчө маани берилет. Ошон үчүн мунун баарына боюна бүткөн мөөнөтүн билбей калып, каттоого турбай жүрүп, дарыгерге көрүнбөй коюп өткөрүп алуу себеп болууда. Муну эске албаганда, кош бойлуу эне сөзсүз 42 жумалык мөөнөттө төрөт үчүн ооруканага жаткырылат.
– Кош бойлуулук созулуп кеткенде кесепети эмнеге алып келет?
– Көп учурда баласы каза болуп калат. Андай болбосо баш мээсине доо кеткен, баш сөөгү чоң, борбордук нерв системасы жабыркаган же денеси чоң абалда төрөлөт. Негизи түйүлдүк 42 жумалык болгондо өз алдынча жашоого толук даяр болот. Андан ашкандан кийин эненин ичинде ал түрдүү жарааттарды ала баштайт. Оорукчан балдар кайдан төрөлүп жатат дешет, мына ошол суроого бирден-бир жооп ушул. Деги эле эне үчүн, бүтүндөй коом үчүн ушундайдын кереги барбы, албетте жок. Ошон үчүн кош бойлуулукту да жакшыраак күтө билген, анын алдын алган дурус.
– А убагынан өткөн кош бойлуулуктун кантип алдын алууга болот?
– Каттоого туруу, убагында медициналык кароодон өтүү менен алдын алган болот. Азыр бизде миграция деген балакет күчүндө эмеспи. Ошонун айынан айымдар паспорттук каттоом бул жакта эмес деп убактылуу жашаган жерлериндеги ооруканаларга көрүнбөй коюп жатышат. А чынында кош бойлуу айым үчүн паспорту боюнча туруктуу каттоосу мааниге ээ эмес. Ал убактылуу жашаган жеринин квартал жетекчисинен, үй комендантынан справка алып эле ошол жердин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бара берсе, андан бир да дарыгердин баш тартууга укугу жок. Бул саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу болуп саналат.
#5291 03 Апрель 2016 - 22:03
Алгачкы үч айлыктагы сасык тумоо
Бойго бүтүүнүн алгачкы үч айлыгындагы сасык тумоо алда канча коркунучтуу. Ошол эле учурда бул көп кездешчү көрүнүш. Анткени, эне болууга даярданып жаткан организм бул учурда коргонуу активдүүлүгүн кескин төмөндөтөт, башкача айтканда, иммунитет алсызданат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Ал эми бул учурдагы сасык тумоонун кооптуулугу мында: дал ушул маалда эненин ичинде болочоктогу баланын бардык органдары калыптанып жаткан процесс болот. А эненин организмине түшкөн вирус бул процессти бузуп коюшу мүмкүн. Натыйжада, баланын бул же тигил органы туура эмес калыптанып калат да, бала тубаса оорулуу болуп төрөлөт. Мындан тышкары, алгачкы үч айлыктагы сасык тумоо түйүлдүккө кычкылтектин баруу процессин да бузат. Бул болсо бойдон түшүүгө жеткирет. Буга жол бербөө үчүн сасык тумоонун алгачкы белгилери байкала баштаганда эле кош бойлуу айымдын врачка кайрылуусу зарыл. Өз убагында чара көргөн врач түйүлдүктү сактап кала алат.
Кийинки үч айлыктардагы сасык тумоо
Кош бойлуулукка төрт ай болгондон баштап сасык тумоо менен ооруган эне көп ойлонбой деле койсо болот. Анткени, бул учурдагы сасык тумоо алгачкы үч айлыкка караганда коркунучсуз. Бул учур баланын бардык органдары толугу менен калыптанып бүткөн маал болот. Бул сасык тумоо менен ооруй берсе болот дегендик эмес, бул учурдун деле өзүнчө кооптуу жактары бар. Тактап айтканда, бул учурдагы сасык тумоо баланын маалынан эрте төрөлүшүнө себепчи болушу мүмкүн. Ал эми кош бойлуу айым ай-күнүнө жетип калган учурда сасык тумоого кабылса, баласы алсыз, купкуу болуп төрөлөт да, врачтын көзөмөлүнө муктаж болот.
Кош бойлуулукта сасык тумоонун алдын алуу
•Жетиштүү витамин. Витаминдерди жашылча-жемиштерден алыңыз. Сасык тумоонун алдын алууда негизги ролду С витамини ойнойт. Андыктан, апельсин жана ит мурундун кайнатмасы менен дос болуңуз.
•Кофеинден алыс болуңуз. Кофеин организмдин сасык тумоого туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт деген сөз бар. Негизи эле ал кош бойлуу айымдар үчүн андай деле пайдалуу эмес.
•Бөлмөңүздү тез-тез желдетип туруңуз. Күнүнө 3-4 жолудан кем эмес.
•Эгерде кимдир-бирөө сасык тумоо менен ооруса, медициналык беткап кийип алыңыз жана аны күнүнө 2-3 жолу алмаштырыңыз. Бул ыкма ыңгайлуу болбосо дагы натыйжалуу.
•Эл көп жерге бара турган болсоңуз же жөн гана көчөгө чыга турган болсоңуз, мурунуңуздун ичине оксолин майынан сүртүп алыңыз. Үйгө келген соң мурдуңузду туздуу суу менен чайкап алыңыз.
•Көнүгүү жасаңыз. Кош бойлуулукта күн сайын көнүгүү жасоонун пайдасы көп. Ал булчуңдарды төрөткө даярдап, келбеттин бузулбай сакталышына жардам берип гана тим болбой, иммунитетти да чыңдайт.
•Колуңузду тез-тез жууп туруңуз. Сырттан келгенде, акчаны кармаганда, ооруган адам менен кол алышып учурашканда сөзсүз түрдө колуңузду самын менен жууп туруңуз.
•Пияз, сарымсак жеңиз. Бул жашылчалардын курамындагы эфир майы вирустан коргоочу табигый каражат болуп эсептелинет.
Кош бойлуулуктагы сасык тумоодон коргоочу элдик каражаттар
1. Сасык тумоого жана сезгенүүгө каршы малинаны, кызыл жана кара карагатты бардык түрүндө: ширесин, катырылганын, кыямын колдонуңуз.
2. Жылуу суусундукту көп колдонуңуз. Лимон кошулган чай, ит мурундун кайнатмасы – булар С витаминин булактары. Жалпы организмди чыңдоо менен сизди сасык тумоодон арылтат.
3. Температура көтөрүлгөн маалда аны да элдик каражаттардын жардамы менен түшүрүүгө болот. Ал үчүн апельсиндин, лимондун, кычкыл алманын, кызылчанын жана помидордун бирдей өлчөмдөгү ширелерин аралаштырып, ар бир саатта жарым стакандан ичип туруңуз.
4. Дене табын түшүрүүнүн дагы бир ыкмасы: бир аз эле уксус кошулган сууга таза чүпүрөктү малып алып, аны менен денеңизди сүртүңүз. Мындан кан тамырлар кеңейип, 3-5 мүнөттөн соң дене табы түшүүгө тийиш.
5. Эгерде жаңыдан гана ооруп баштаганыңызды байкап калсаңыз, биологиялык активдүү чекиттерге массаж жасоо жардам бериши мүмкүн: мурдуңузду учунан баштап эки кашыңыздын ортосуна чейин 36 жолу сүрүңүз, андан соң ушунча жолу мурдуңуздун эки тарабын массаждаңыз. Анан моюнуңузду кулагыңызга чейин, желкеңизди массаждаңыз.
6. Эгерде кош бойлуулугуңуздун алгачкы үч айында жөтөлгө кабылып калсаңыз, бул каражатты колдонуп көрүңүз: түрптүн кесимдеринин үстүнө шекерден себелеп, пайда болгон таттуу ширесин 1 чай кашыктан ар бир саат сайын ичип туруңуз.
Түйүлдүк кантип өнүгөт?
Ар бир аял боюна бүткөндөн тарта курсактагы баласынын жарыкка келишин чыдамсыздык менен күтөт. Бала болсо энесинин күтүп жатканын сезип, күн өткөн сайын өнүгүү этабында болот. Түйүлдүктүн физикалык жактан өнүгүү этабы төмөндөгүдөй.
1-айдын ичинде. Түйүлдүк формага салынып, негизги органдар жана түйүлдүктүн чел кабыгы жаралат.
2-айдын аягында. Түйүлдүктүн узундугу 3-3,5 см болуп, денеси формага салынат, башы денесинин калган бөлүгү менен теңелип, андан көздөрүнүн, мурдунун, оозунун ордулары байкалып калат. Жыныс органы түзүлөт.
3-айдын аягында. Түйүлдүктүн узундугу 8-9 см, салмагы 48 грамм болуп калат. Жыныс органынын сырткы түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрү байкалат, колу-бутунун манжалары көрүнөт.
4-айдын аягында. Узундугу 13,5 см, салмагы 120-180 граммды түзөт, бети калыпка салынып, баш сөөгү сөөккө айлана баштайт, жыныстык органы даана айырмаланып калат.
5-айдын аягында. Түйүлдүктүн узундугу 18,5 сантиметрге, салмагы 280-300 граммга жетет, денесин түк каптайт, кыймылдаганы энесине сезилет.
6-айдын аягында. 25 см узундукту, 600-680 грамм салмакты түзгөн дене тирүү төрөлүшү мүмкүн, бирок, бат эле өлүп калат.
7-айдын башында. Узундугу 32 см, салмагы 1-1,5 кг болуп калат. Териси бырыш, кулагы менен мурунунун кемирчектери жумшак болот. Бул учурда бала тирүү төрөлөт, дем алат, бирок, жашоого жөндөмдүү болбойт.
7-ай бүткөндө. 28 жумалык бала жетилген деп эсептелинбейт. Бирок, жашоого жөндөмдүү келет, алсыз үн чыгарат. Жети айлык төрөлгөн балдар өзгөчө кам көрүүдөн кийин жашап кетишет.
8-айдын аягында. 40-42 см узундуктагы, 1,5-2,2 кг салмакта төрөлгөн мындай балдар жашап кетет, бирок, өзгөчө кам көрүүнү талап кылат.
9-айдын башында (36 жума) түйүлдүктүн узундугу 45-48 сантиметрди, салмагы 2,4-3 килограммды түзөт. Түктөр азайып, денеси жылмакай болуп калат, бул мөөнөттө төрөлгөн бала катуу кыйкырат, көзүн ачат, эмүү рефлексине ээ болот.
9-ай бүткөндө. 38-40 жумалык балдарда жетиле электик белгилеринин баары жоголот
#5292 03 Апрель 2016 - 22:08
#5293 03 Апрель 2016 - 23:22
#5294 04 Апрель 2016 - 00:07
ainaz.ainaz (03 Апрель 2016 - 20:22) жазган:
Кечиресиз мен дагы башка жактан сүдүрөп апкелип илип койдум эле. Калган жумалары жок экен.
Бирок сизге:
5-айдын аягында. Түйүлдүктүн узундугу 18,5 сантиметрге, салмагы 280-300 граммга жетет, денесин түк каптайт, кыймылдаганы энесине сезилет.(ушул туура келсе керек)
#5295 04 Апрель 2016 - 00:17
Аялзаты көбүнчө абортко боюнда болгон 2-12 апта аралыгында көп барышаары маалым. Эми сиз, жаш эне, жогорудагы маалыматтардан улам ушундай ыйлай, күлө жана уга алган сезимтал, өң-түсү улам өзүңүзгө окшошуп бараткан баланы алдырып салуу чоң күнөө жана убал экендигин мойнуңузга ала ойлондуңузбу? Эгер чындап жүрөгүңүз мыкчылып, аборт өз эрки менен баланы өлтүрүү экендигин сезсеңиз, анда сиз адамгерчиликтин жолундасыз жана абортко барбайсыз деп ойлойбуз! Анын үстүнө түйүлдүк болсо да жашоого акысы бар экендигин унутпоо милдетиңиз.
БАЛА – КУДАЙДЫН БЕЛЕГИ
3 аптада түйүлдүктүн узундугу 3 миллиметр келип, жүрөгү сого баштайт.
4 аптада түйүлдүктүн узундугу 4 миллиметрге жетет. Мээнин алгачкы 3 бөлүгү менен көрүү, угуу жана жыт билүү нервдери түзүлөт. Жүлүнү, ашказаны, боору, ашказан алдындагы без жана ичегилери жаралат. Кичинекей буттардын формасы билинет.
5 апталык түйүлдүктүн узундугу 5 миллиметрге жетет. 6-аптада түйүлдүктүн мээси иштей баштайт.
19-кылымга чейин окумуштуулар курсактагы бала эч нерсени укпайт деп эсептеп келишкен. Чындыгында эле кулактын ички бөлүгү 4-5-айлыгында өнүгөт. Бирок, антсе да түйүлдүк алгачкы айларда эле кыймылдын арты менен «уга» алат. Мисалы, эшиктин жабылганын же энесинин катуу чыккан музыканы угуп жатканын. Ымыркай төрөлгөндөн кийин энеси баласын сол көкүрөгүнө кысса, ал тынчтанып калат. Бул бала үчүн энесинин жүрөгүнүн кагышы 9 ай ичинде көндүм мелодияга айланганында. Ошондуктан, энесинин жүрөгүнүн кагышын укканда ымыркайдын тынчтанып калышы да ошондон.
8 АПТАЛЫК ТҮЙҮЛДҮК БУТУ МЕНЕН ТЕПКЕНГЕ ЖАРАШЫ МҮМКҮН
5-7 апта аралыгында түйүлдүктун узундугу 30 миллиметрди түзөт. Баш бөлүгүндө көзүнүн, кулагынын, мурдунун сырткы бөлүктөрү пайда болот. Колдорунун жана буттарынын манжалары билинип калат. Сырткы жыныс органдары жарала баштайт.
8 апталык түйүлдүк таамай кыймылдарды жасай баштайт. Колу, бутун башка дене бөлүктөрүнө тийгизе алат. Эгер курсактын сыртынан эле мурдун же оозун кытыгыласа, ал башын буруп кетет. Чарайнадагы суюктукка жакын сүзүүдө бутун өйдөгө каратып оодарыла алат.
«МЕН БАРМЫН, МЕН ЖАШАП ЖАТАМ!»
9 апталык түйүлдүк колу менен бир нерсени кармоого жетишип калат. Эгер баланын согончогуна кол тийгизсе, ал бутун бүгүп алат. Мунун баарын УЗИден байкоо жүргүзүүдө компьютерден көрүүгө болот. Демек, түйүлдүктүн кыймыл-аракетинен «мен бармын, мен жашап жатам» дегенди түшүнсөк болот.
11-12-апта: Бала ыйлайт жана күлөт
12-аптада баланын бардык органдарынын түзүлүшү аяктайт. Түйүлдүк 9 сантиметрге чейин өсүп, салмагы 45 граммды түзүп калат. Бул учурда түйүлдүк дем алат, жутат, тамагын сиңирет жана бөлүп чыгарат. Жылуу менен муздакты, ооруну сезет. Муштумун түйөт, бийик чыккан үн тараптан башын буруп кете алат. Нерв жана кан айлануу системасы өнүгүүгө өткөндүктөн, үнсүз ыйлай жана күлө алат. Оозун манжалары менен кармалап, 12 аптадан кийин манжасын соро алуусу мүмкүн.
14-16-АПТА: БАЛА ТҮШ КӨРҮШҮ МҮМКҮН
14 апта дегенде баланын жүрөгү күнүгө 24 литр канды айландырып иштетет.
Бала энеси менен бир жашоодо жашайт. Апасы качан уктаганда уктап, ойгонгондо ойгонот. Түш көрүшү да мүмкүн. Баланын активдүүлүгү өсөт. Апасы кайгырганда бала башаламан кыймылдай баштайт. Апасы чарчаганда да чыйпылыктаган сымал бат-бат кыймылдайт.
16 аптада түйүлдүктүн бою 18-20 сантиметрге жетип, салмагы орточо эсеп менен 120 грамм чыгып калат.
18-20-АПТА: ТЕНТЕК БАЛА
18 апта дегенде бала колун соргонго жарап калат. Буту менен тепкени энесине так сезилет. Башында чач өсө баштайт, бетинде кашы, кирпиги пайда болот. Көзүн жымшыйта алат. Тили өсүп, калыптана баштап, бир нерсени соргондогудай кыймылды жасоого жетишет. Эгер энесинин курсагына жарыкты багыттаса, көзүн колу менен калкалоого жарайт.
20-аптада түйүлдүктүн салмагы 300 граммга чейин жетет.
АНДАН АРЫ...
Түйүлдүктүн бою 6 ай дегенде 35 сантиметрге, салмагы 700 граммга жетет.
7 айында болсо боюнун узундугу 38-40 сантиметрге жетип, салмагы 1 килограмм 200 граммды түзүп калат.
8 айында бою 43-45 сантиметрге жетсе, салмагы 2 килограмм 500 граммды басат.
Кыскасы, түйүлдүк эненин курсагында өсүп отуруп, 9 ай өткөндөн кийин баштапкы 1 грамм салмактан орточо эсеп менен 3,5 килограмм салмакка, ал эми узундугу уюган тамчы кандан орточо эсеп менен 51 сантиметрге чейин жетет. Жыйынтыктап айтканда, кичинекей адам болот да калат. Төрөлгөн учурдагы баланын чоңдугу генге, энесинин тамактануусуна жана денсоолугуна жараша болот.
АКЫРКЫ СӨЗ ОРДУНА...
Элибизде «Балам бактым, балам базарым» деген кеп бекеринен айтылбаганын эске алыңыз. Жубайлардын бактысы үйбүлөлүк ынтымакта жана балада экендигин унутпаңыз.
#5296 04 Апрель 2016 - 00:21
#5297 04 Апрель 2016 - 08:30
zaika.tvo9.1990 (04 Апрель 2016 - 00:07) жазган:
Бирок сизге:
5-айдын аягында. Түйүлдүктүн узундугу 18,5 сантиметрге, салмагы 280-300 граммга жетет, денесин түк каптайт, кыймылдаганы энесине сезилет.(ушул туура келсе керек)
Ыраазычылык
#5298 04 Апрель 2016 - 20:23
#5299 04 Апрель 2016 - 20:32
#5300 04 Апрель 2016 - 21:51
Билдирүүнү түзөткөн: Gul90: 04 Апрель 2016 - 21:53