Сиздерден аз да болсо кенеш алуу же тажрыйбаныздардан болушуу учун тема ачтым урматтуу эжелер,апалар.
Биз да эл катары уй салалы деп Москвага келгенбиз. Турмушка чыкканыма 3жыл болду,бир балабыз бар. Баламды кайненеме таштадык. Кеткенче эстеп ыйлап журдум. Кетип жатканды айтпай эле койойун. Абдан жаман экен. Жашы 1жарымда,жаны гана тили чыгып келе жаткан. Мама деп бетимден ООП кетип ,кетееримди балам да сезип аткан окшойт. Айлам жок кеттим. Эми келгенден бери байкушум мамалап тундо издеп,уктабай чыгып жатат дейт. Видеозвонок менен суйлошсом телефонду ООП коет . Азыр жумуштан да баламды эстесем ыйлап жиберем. Келгенибизге 10кун болду, мен эстеп ыйлап жатканым учун балам куса болуп жатабы? Дегеле ушундай ситуациялардан кантип чыктыныздар эле... Баланын куса болгону жаман экен,мен го эптеп чыдайм. Тушумо кирип чыгат кундо. Башыныздардан откоргондор болушо кетиниздерчи.
Балам куса болуп жатат
#2 07 Ноябрь 2016 - 19:39
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#3 07 Ноябрь 2016 - 21:16
Менда азыр сиздин акыбалынызга туш болуп , сагынычым койнума батпай, ичимден эзилип жургон убагым. Менин кетишими билгендей , кетээриме 2,3 кун калганда туну бекем кучактап уктап жатты. Болбосо туну кучактаганды жаман корот эле. Кокурокто сутум боюнча келдим, балам байкуш же апасы жок же эмген суту жок , кантти экен?
ИМОдон суйлошсом " аппаа" деп кыйкырып, колун сунат. Жазып жатып ыйлап жибердим....
Баланызды ото сагынып , эстеп ыйлабан. Анткени бала куса болуп, ооруп калышы мумкун экен. Баланыздын оорушун каалабайсыз да чынбы? Андыктан белди бекем бууп, алаксыганга аракет кылыныз.

Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#4 07 Ноябрь 2016 - 21:49
Бойумда болгон кундон баштап эле кайненем талашат. торолду Эми точно талашып жатат. таштагым келбеейт. сиздердин жазганыныздарды окуп эле ыйлап алдым
#5 07 Ноябрь 2016 - 21:55
Ииий журокту эзесинерда.
Силер жазсанар мен баламды таштап атканымды элестетип алып эле жаман болтам, таштабай эле калайынчы.
#6 07 Ноябрь 2016 - 23:03
Мен баламы 1 саатка зорго тыштайм. Ошондо дагы ойлоно берем. Силерге сабыр тилейм.
#7 07 Ноябрь 2016 - 23:26
Мен 4 айында апама калтырып кеткем баламды, азыр ойлосом ото жаш болгон экем.Кетсен сени тааный элегинде кет, балан кыйналбайт дешкенинен,
мен да оолугуп барышын барып алып куп азапты тарттым го.Эмчектен кеткен куну чыгаргам.Барып алып эстеген сайын,сутум ийип эзилип ыйлайм.Жолдошуму да кыйнап иргем ортодо ыйым мн.Магазинде иштечуумун,
орустардын балдарын корсом деле бырылдап ыйлай берчум. Баланын сагынычы жаман болот экен, куса болуп коп ыйлай бергенге, чиедей болуп арыктап, акыры ооруп калгам.
Апама мин мертебе рахмат айтам азыр мени тороп остургону аз келгенсип,небересин да жакшы карап, оорутбай чонойтуп бергенине.
Автор сизди жакшы тушунуп турам, ырас кеттинизби белди бекем бууп иштей бериниз. Коп ойлонуп сагына бергенден пайда жок экен.Жакшы нерселерди ойлоп алаксыш керек лучше.

#8 08 Ноябрь 2016 - 04:19
Сиздин абалыңыз азыркы убакта ар бир экинчи аял затынын башында бар деп ойлойм.Мен да жаңы Москвага келгенимде күүндө ыйлаган күндөрүм болгон.Бирок келечекти ойлосом белди бек бууп иштөөгө туура келген.Сиздин балаңызго кайненеңизде калыптыр.Мен үч баламды тай эжеме таштап келгенмин.Балалыктарын көрбөдүм балдарымдын тиричиликтин артынан жүрүп.1жарым жашар балам азыр 1класска барып калды.Кантип чоңойгондорун көрбөдүм.Өкүнүп кетем кееде.А бирок алардын келечегин ойлосом кайра кайраттана түшөм да күчүмө күч кошулат.Азыр жогорудагы билдирүүлөрдү окуп жүрөгүм эзилип кетти,өзүм араң чыдап жүрөт элем,качан балдарыма жетет экенмин деп(((....
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 08 Ноябрь 2016 - 04:20
#9 08 Ноябрь 2016 - 09:18
Бир жолу балам катуу ооруп скорий чакырып больницага барсак мени албай баланы алабыз дешкен. Ага конбой баланыда таштабайм деп уйго жоноп калсам баланды ойло деп врачтар жолумду тосушканда куйоом колумдан жулуп алып берип койгон тунку саат 4 болчу. Балам бечара чынырып ыйлаган боюнча кирип кеткен мен болсо бул жакта ыйлайм. Больницада алыс, шаардын четинде болчу уйго жеткиче ыйлап келгем машинада.
Такыр балам экообуз ажыраган эмес элек озунчоле козумон жаштар куюлат, куйоом сооротот. Баламдын ыйлаганын эстеп, курсагы не болду деп олло кыжаалат болгом. Уйго келипда уктаган эмесмин.
Эрте менен 7 де ФЛГдан отуп кайра больницага жеткиче саат 10 болуп кетти. Барсам баламды палатага алып келип беришти эле балам бечара мени коруп жармашып чынырып ыйлады. Суу ала барган элем суу берсем байкушум бир баклажка сууну бир ичип алып дагы суу дейт, аны коруп андан бетер ыйладым.
Ошол жерде санитарка кыргыз эже экен келип сенин баланбы дейт, оа десем туну менен ыйлап чыкты дейт. Баары таанып калыптыр эчкимге уйку бербей ыйлаптыр мени издеп.
Ошондо катуу коркуп калган экен мени бир карыш да жылдырбай ыйлап журду больницадан чыкканга чейин.
Ошондо баладан ажыроо канчалык жаман экенин билгемин.
Эч бир эне менен бала ажырабасынчы.

#10 08 Ноябрь 2016 - 09:52
бала менен эненин ортосунда кандайдыр бир сезим бар..ошондуктан сиз баланы канча ойлоп ыйлаган сайын балада кыйналып эстеп куса болот..ойлонбош керек сиз кайнененизге ишенип таштап келдинизда туурабы? Кайненениз кантип эркелеткендерин эстеп ии балам жакшы эле журот деп журогунузду тынчтандырыныз
Мен да баламы 1.7 айында таштап келгемин россияга тынымсыз эстей бердим анан кайненем бир кун чалып балан туну эшикти коздой корсотуп ыйлап атат деди сен коп ойлонбо мага ишенип таштадынбы анда коп ыйлап ойлоно бербе деди ошол бойдон озуму озум басынта турган болдум чон ата чон энесинин койнунда жыргап журот эмне болсода деп..3айдан кийин баламы россияга алдырдык кызыгы балам мага таарынгандай мага сразу келбеди ..мен го мейли 3 ай корбоду атасынчы? Атасын 1 жылдан бери корбогон атасын таанып барды мына сага ыйлаганымы айтпагыла .. автор сизге да сабыр тилейм наши мысли моральны дейт беле жакшы нерсени коп ойлонунуз ошондо баары жакшы болот ин шаа Аллах

#11 08 Ноябрь 2016 - 11:41
Келиним тороп 2 айга 2 кун калганда Россияга кетти.Балам козун ачканда малютка берсем,бир соруп кайра тили менен туртуп,мага таарынгансып,
кабагын буркоп алды.Кийин суту го ичти бирок уч кун кабагын ачкан жок.Эми кантим,же жакын жер эмес келе кал десем келчуудой.Жок акыры кабагын ачып экообуз эне бала болуп,билинбей калдык.Орубады,
жакшы чонойду.Бир жашка чыканда апасы ай кунуно жетип келди.Эки кундон кийин,апа Чынгыз экообуз Кара- Суга барабыз деп кесе суйлоду.Унчуга албадым "Эси келсе ,бээсин бер"-дейт.
Туну менен уктай албай кыйналдым,колум менен тошок сыйпалап чочуп кетем.Туруп звандайм,бала ыйлабай эле жакшы деп койот.Кулагыма баламын уну угулуп,чочуп ойгоном,иши кылып ото кыйналдым...
Ичимен балама таарынып койом эне деп ыйлап койбойбу,ыйласа келет эле дейм...
7кун дегенде бала ооруп келди.Эне деп эле басып жыгылды,кучакташып отурабыз,уктабаган бала кучагымда уктап калды.Ойгонуп эле ойноп калса болбосо ысытмалап,кусуп аткан экен эле.Корсо куса болуп ооруп калыптыр...Кийин уксам бала тундору энелеп ыйлап журуптур...
Келиним кыз тороп бизди кубантып 6 ай журду.6ай дегенде дагы жолго чыкты.Азыр коркуп кетип атам анда коркпой эле 6 айлык менен 1 жаш 6 айлыкты алып калдым.Аллага шугур жакшы чонойуп беришти,орушпады маалында басып беришти.Анда эмне азыркыдай автомат машина жок,уйдо эч ким жок баары Фронтко кетишкен.Чон ата да иштейт.Эки бала бир озум.Айыл,той дегенди унутум,чон атадан туйуп,бууп,чонтогуно акчаны салып бир озун жонотом.Келин уул уч жыл дегнде келишти.Мен озумду мурункудай болбой мен чон энемин,апасы атасы келет,мен чекеге чыгып калам анткени мен чон энемин деп озумду колго алып таяр болуп тозуп алдым...
Жакында келиним келип кетти.Эки баласын эки жагына алып жатып жыргап жатты бирок бала бакпаган да туну ачлып,балдар томурайып чекеде калып атты.Дагы эле туну уктай албай,балдарымды издеп,неберелеримдин устун жаап келип аттым.Ичимен каап очредешип бирин энен менен жат дебеди да деп оксуп калып аттым...
Кетип атканда эки айында калган неберем эрчип букулдап ыйласа аны коруп келиним ыйлап,чон ата экообуз тен ыйлап...
А заманын менен куруп кал аа...
Азыр балдарым экинчи класста окушат,ата энеси менен скайптан,ватсаптан имодон суйлошуп турушат.
Атан менен апан силерди аябай жакшы корушот.Азыр шарт ушундай ошол жерден иштеп силерге акча салып атат.Мен силерге каалаган ойунчуктарынарды, кийиминерди сатып берип атам,уйунорго акча салып атат,чон атан экообуз бутуруп атабыз,.Уй буткондо келишет.Чон уйдо чогуу барып бактылуу жашап калабыз,эч ким,эч жака кетпейт деп чон эненин жомогу аяктайт...
Алыста жургон,балдарын сагынган кыздарыма айткым келет...
Чон эне,чон ата неберелерин оз балдарынан ашык суйсо суйот бирок кем суйбойт...
Коздорунун карегиндей асырап абайлайт...
Бирок силер да чон ата менен чон эненин мээнетин актап,сенин чон атан, сенин чон энен баргыла жанына,кабар алгыла деп турсанар аалам гулстан болмок да ...
Копчулук эле чон ата менен чон энелер ата энеси келсе бизди карабай калат деп капа болушканын коп угуп калам...
Бирок неберелерим чогуу жашаган учунбу анча деле болунушпойт майда чуйдону эсепке албаганда...

Билдирүүнү түзөткөн: raia: 08 Ноябрь 2016 - 11:43
#12 08 Ноябрь 2016 - 12:13
Сабырдуу болунуз, менда 9айынан кызым эмчектен чыгарып келгем Турцияга .Азыркы учурда ар бир аялзаттын башында турган койгой болуп жатат бул проблема .Бир гана сиз жалгыз эмесиз , 3 баласын багып алыста сагынып иштеп жаткан келиндер толтура .Ова мен озумдун апам карап жататц чындыгында эле мага караганда жакшы карап жатат апам ,жылуу кийинтип ,курсагы ток , урбайт . Биз болсо жанында болсокта анчалык конул коюп карабайт болчук же женил кийинтип , ачуубуз келсе ура коюп котонго , Апаларыбыз антип урбайт ушунчалык козун кареги мн тен айланып багып жатышат . Менин кызымда тили чыгып божурап суйлоп жаткап учуру ,чуркап тыпылдап журот дейт .1жаш 5ай болду .Бирок мен озумду карманам ,сабырдуу болуп анткени мен Ыйласам кызым кыйналбасын дейм , жакшы жашоо учун тырышып иштеш керек азыр .Убагы келгенде баарбыз чоогу бирге болобуз созсуз !!!
#13 08 Ноябрь 2016 - 19:16
Мен торт ай аран чыдадым,кундо ыйлай берип ооруп калганымда кой деп кайра алдырып алдык.Азыр садикке берип койгонбуз,кыйналсак да жаныбызда болсун деп чечти атасы
#15 08 Ноябрь 2016 - 22:15
Баарыныздарга рахмат,озгочо Рая Апа сизге рахмат. Балам мурдакыдай болбой, тентектенбей,
жоошуп калыптыр. Биздин мандайыбызда журсо дайыма кулуп журчу эле да. Эхх жашоо... Кайненем да ишке кетет суткага. Дайым ОЗУ караса жакшы болмок. Иштеп конуп калса, иштен чыккысы келбей калат экен да.
#16 08 Ноябрь 2016 - 22:17
Биз частныйга бергенбиз,2жашпыз,
гос садикке 3жаштан болуш керек.
#17 08 Ноябрь 2016 - 22:35
Рфда яслиге 1,5жаштан алат.бирок эртерээк очередге туруп коюш керек. Москваны билбейм кичинерээк шаарында,оной эле.Департамент бар атайы бош орундарды айтып берет.
#18 09 Ноябрь 2016 - 01:53
Баланы таштап,чет мамлекетке кеткендер алдын ала даярдагыла озунорду.Сен ыйласан да,сыгылсан да баланарга барып калбайсынар.
Белди бекем бууп иштей бергиле. Эгер эч болбой, сагынычка,кусалыкка чыдабай жатсанар эн жакшысы кеткиле!!
Мен да уулумду 8 ай,кызымы 9 айынан таштап келгем.Келгенден козумо бир жаш алган эмесмин,таш боордуктан эмес,башка вариант жок,мен балбалактап сыгылып,куйоому кыйнасам деле,балдарымдын жанында болуп калбайм.Адам озун озу контролдой билиш керек.Отпуска барып, коштошуп чыгып кетип жатканда ыйлабаганга аракет кылам,ичимден жарылып,толуп ташып турса да,озуму кармап уйдон чыгып кетем.Мен ошондой катуу болгон учунбу,балким энем менен атам жашырып коебу,балдарым коп деле кыйналбады.
Азыр 8 жаш,5 жаш болуп калышты,барсам,
апам деп эркелешип,боор беришип, тыпылдап журушот.Ошондо да баары бир кетем,озумо бир жолу уйротуп алып,мен кеткенден кн кыйналышпасын деп чон ата,чон энесине тек коем,талашпайм дагы.Кайра атам "апанар менен жаткыла" деп калат.
Биринчи ыйлаганым,эн акыркы, быйылкы жайда болду, самалет которулуп жатканда опко опкомо батпай,шолоктоп, колум мн оозуму жаап алып кеттим.Бул балдарым гана учун эмес,уже чет олкодон тажагандык, мекеним мн даагы коштошуп кетип жаткандагы абалым болду окшойт.
Кыскасын айтканда сагынып, куса болуп,ооруганга чн барган адам, лучше балдардын жанына кеткен жакшы.Эрки кучтуу,озумду башкара алам дегендер гана чыдашы мумкун.

#19 09 Ноябрь 2016 - 02:15
Ошондуктан мурундун суусун куюлтуп,ыйлап,
куйоонорду да кыйнабай,кучтуу,
эрктуу болуп,тез тез иштеп,баланар чоноюп, мектепке баргыча кетип калгыла.( мага окшоп журо бербей темселеп). Кичинесине караганда, чоноюп калган мезгилде апанын орду аябай билинет. ( негизи ата энеси мн ар дайым эле болгон жакшы го,мен эми кырдаалга карап жаздым)
#20 09 Ноябрь 2016 - 02:58
meerimka86
, омиий дең, лекция окуп таштадыңыз го
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…