Шаарга биз кандай гана чон умуттор менен кочуп келген элек бирок баары биз куткондой болгон жок.Биз кочуп кээлебиз менен экинчи эжемди ала качып кетишти аны уккан апам катуу ооруп калды.. анда 2006чы жыл эле. Биринчи жолу апам ооруп калганда эле Улуттук Госпиталдын "Нерв оорулары" болумуно тушуп калды андан кийин далай жолу "Реанимация" болумуно кайра кайра жатып калчу болду достор. Корсо апам "Эпилепсия"оорусуна кабылган экен кийин билсек. Врачтардын айтусунда бул оору катуу стресстен келип чыгат экен. Апам 2 айлап ооруканада жатып калчу эле. апамды сагынганымды айтпай эле койоюн. Ошондо журогумду океандай окунуч каптап кетти... кучумду туздай ачуу коз жаштардан чыгарчу болдум. Жаратканым бизди аяп апамды бизге кайтарып берди деп ойлойм себиби Казахстанга алып барып дарыланган сон бутуна туруп арабызга кошулду. Жаратканга чексиз шугур айтам азыр. Ооруп кайра айыкса да жаныбызда эле ушуга да шугур деп жашап калдык. Арадан 3 жыл откон сон апам озунун кесиби боюнча жумушка чыгып кетти. Эжем менен апам далай жылдар таарынышып журушту себиби апам оорукчан болуп калганы учун эжемди куноолу деп саначу. Бирок эне да биринен бири ширин неберелерин коруп кучагына алган кезде баардык таарынычы жазылды десем болот.. Уландысы бар...
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 16 Ноябрь 2016 - 10:38