Мен өзүмдүн сырткы келбетиме нааразымын
#41 02 Декабрь 2016 - 18:11
Баланчанын келини мындай экен, тигиндей экен деп бизде деле айтат. Эл айтып келген, айтып эле атат , айта берет. )
Анан, пластикалык операция менен убактылуу гана сулуу болушу мүмкүн. )
Эрте менен турганда, күзгүнү карап коюңуз да. Оо , Кудай, мени мынча сулуу кылып жараттың экен деп.
#42 02 Декабрь 2016 - 20:27
#43 03 Декабрь 2016 - 00:48
#44 03 Декабрь 2016 - 01:27
#45 03 Декабрь 2016 - 01:58
#46 03 Декабрь 2016 - 12:09
Aikewa (28 Ноябрь 2016 - 12:41) жазган:
Ушунун баарына оңбогондой акча кетет. Баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок да ал нерселерге. Ал эми авторго, алты саның амандыгына шүгүр кыл демекчимин мен да.
#47 03 Декабрь 2016 - 12:10
Mompi (28 Ноябрь 2016 - 13:02) жазган:
++++
#48 03 Декабрь 2016 - 12:18
aijan (28 Ноябрь 2016 - 13:32) жазган:
Сырткы сулуулуктан кабар жок болсо, ички сулуулукка басым коюнуз. Ички куч, харизма, жакшы сапаттар да адамды сулуу кылып корсотот.
Анан сулуу болуп бардык адамдарга жагуунун кереги жок, бир эле тугойунузго жагып, таттуу жашасаныз, ошо бир башынызга жетет.
Супсулуу болуп туруп деле бардык кошуналарга жага албайсыз , "ии, сулуу да, сулуунуку кургабайт" дешип, анда деле жон коюшпайт, айторр, элдин оозун андып жашасаныз, жашагандай болбойсуз.
Адамдар сизди сулуу эместигинизден улам тоготпогонго алышпайт, озунузго ищенбей, "неуверенная" болгондугунуздан улам же балким оор басырыктуусуз же дагы башка себеби бардыр. "Кор козуно алат" демекчи, кимдин кай жерде жарасы болсо, куноону ошол кемчилигинен издейт эмеспи.
Ошо, мына мына. Мен да сулуулардын катарына кирбейм. Өзүмө жакпаган куник жерлерим көөп . Бирок өңү да, мүнөзү да сулуу күйөөгө тийгем. Супсулуу балдарды төрөдүм. Сулуу болоюн деп жасанбайм деле. Куник жерлеримди өзгөрткүм келчү сендей кезимде, азыр оюма да келбейт, муктаждык жок дегендей. Жүзүңдөн, келбетиңден көрө акылың сулуу болсун. Жашоодо акыл сулуулугу, ойдун тунуктугу сулуулуктан көрө чоң роль ойноорун практикада көөп көрүп келе жатам.
#49 03 Декабрь 2016 - 12:57
#50 03 Декабрь 2016 - 17:33
Билдирүүнү түзөткөн: aruuke0000: 03 Декабрь 2016 - 17:34
#53 03 Декабрь 2016 - 22:43
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#54 04 Декабрь 2016 - 00:25
Билдирүүнү түзөткөн: dobrajelatel: 04 Декабрь 2016 - 00:26
#55 04 Декабрь 2016 - 02:36
#56 04 Декабрь 2016 - 03:12
Shirin_N88 (04 Декабрь 2016 - 02:36) жазган:
Тан алуу да, бир марттык дейт беле?
#57 04 Декабрь 2016 - 03:15
#58 04 Декабрь 2016 - 08:17
#60 05 Декабрь 2016 - 18:25
Кудай Таала ар кимди ар кандай кылып жараткан.Бирөөгө сулуулук,байлык, ден соолук,бала чака,аял,жакшы жумуш,иши кылса баарын берип сынап көрөт.
А бирөөгө ушуларды эле бербей сынап көрөт.
Бизге Кудай Таала кандай жашоо бербесин баарына шүгүр кылып жашашыбыз керек.
Кээде ушундай соонун жашоолорду тартуулайт. Кана эмне кылаар экен?- деп
Кээде аталага да тишинди өткөрбөй турган кылып сынап көрөт.Кана эмне кылаар экен?-деп.
Кээде башыңа өтө кыйынчылык берип сынап көрөт.
Кээде жашооңдун баарын сен ойлогондон да соонун кылып коёт.
Мунун баарын кылуучу албетте жараткан Кудай Таала.
Ошондой убактарда да жашоодон эч таасирленбей алдыга карай умтулуп кайра күчтөнүү керек.Жүрөктү бекем кармап Кудай сага өтө раазымын деп,жүрөктүн түпкүрүнөн шүгүр кылышыбыз керек.
Бул жашоо өзү ушундай.
Ошол сени сөз кылып үстүндөн күлгөн адамдар алар айла жок адамдар деп койсон болот аларды.
Эгер сен жакшы бир пайдалуу адам болгонунда ар дайым сени мактамак.Алар ойлойт да жашоосу ушунусу менен чектелуү деп.Жок!Андай эмес.
Дүйнөлүк сулууларды да бир тарыхын карап көрсөң болот.Алар ошол сулуулугу менен бактылуу болобуз деген эле.Андай болгон жок.Беттерине кислота чачылып адам карагыс акывалда азыр алар.
Кыскасы Кудай бизге кандай гана жашоо тартуулабасын баарына шүгүр,сабыр, кылып жашаш керек.
Жашоого өзү нааразы болгон чоң күнөө.
Канча адамдар бар.Көзү бар көрбөйт.Тили бар сүйлөбөйт.Буту бар баспайт.Колу буту иштебей түнү күнү төшөктө жатат.
Айлана чөйрөнү да карап көрөйлү да.
Бир эле сулуулугуңа нааразы болуп өзүңдү чүнчүтпөй.