Илгертеден бери бир сөз дайым айтылып келет "Алдыңдагы аккан суунун кадыр жок"-деп. Бул сөз бекеринен айтылган эмес менимче. Азыркы учурда сүйүүнүн баркы жоголуп бара жатат. Чын жүрөктөн сүйгөн инсандар саналуу гана. Аял заты гүл сыяктуу болот. Себеби гүлдү дагы астын чаап, суу куюп, мээрим берип, көңүл буруп карабасаң ал гүл өспөйт жыпар жытын таратпайт кайрадан гүлдөп бербейт. Ошол сыяктуу аял затына дагы сүйгөн жары тараптан берилген чыныгы сүйүү, айтылган ширин сөз, жасаган жакшы мамиле дем күч берет жана ошол инсандын жашоосун өзгөртүш үчүн колунан келгендин баарын жасайт. А бирок аял заттын кадырын ким билет. Анын бактылуу болуусу үчүн жасаган аракеттерин ким сезет ким аны кадырлап сыйлап ким бактылуу кыла алат. Аял бардык нерсени кечирет бирок жүрөгү ооруп кыйналганын эч ким сезбейт. Ага байлыктын, үй жайдын, акчанын кереги жок. Ага бир гана жанында жөлөк болуп таянып, кыйын күнүндө да дайыма сени мененмин деп колдоп турган жары болсо болгону. Азыркы учурда КЫЗДАР деген атты мырзалар укса, көп жигиттер менен сүйлөшкөн, күнү дагы түнү дагы көчөдө жүргөн кыздарды элестетип калышты. Ошол үчүн ар кайсы кызды колдонуп, сүйөм деп алдап ошол кыз жакпай калганга чейин жүрүүнү адат кылышып баштады. Антип ойлобогула беш бармактын баары бирдей эмес. Келечектеги жолдошу ким экенин билбей туруп ошол инсан үчүн жашаган, ошол инсан үчүн өзүн сактап жүргөн ыймандуу кыздар деле бар арабызда. Негизи жигиттерге караганда аял заты чын жүрөктөн сүйө алат. Ар бир секунтта бир гана ошол инсанды ойлоп, бир гана аны сүйүп, андан башка инсан менен бирге болууну элестете албай, бүткүл адамдардын арасынан бир гана ошол мырза башкача көрүнүп жүрөктө болгон бир гана орунда ал бар болсо, эмне үчүн бир ооз СЕН МАГА КЕРЕКСИҢ деген сөздү айта албайбы. Чыныгы сүйгөн адам кандай болот???? Сүйгөн инсанынын абалы кандай экенине, оорубай эсен аман жүрүүсүнө, убакыты тар болсо да сүйгөнүнө убакыт ажыратабы же убакыты болгондо гана сүйгөн инсаны эсине келип ошондо гана ага кызыгабы?????
Сүйгөн инсаныңызга убакыт ажыратыңыз болбосо убакыт сизди сүйгөнүңүздөн ажыратат. Кыз бала сүйгөн жарынан эмне күтөт мээрим берип камкор болуп ал үчүн кайгырып туруусун күтөт, ширин сөздөрдү күтөт, чыныгы махабат күтөт андан башка ага эч нерсенин кереги жок. Урматтуу мырзалар жаныңыздарда сүйгөн аялыңыздар,
сүйгөн кызыңыздар болсо аларды кадырлаңыздар эгер алар кетсе эч качан кайрылып келбейт кеткенден кийин ага окшогонун эч жерден таба албай каласыздар аларга күнүгө сүйүүңүздөрдү арнап жүзүндө жылмаюуу жаратып бактылуу жашашына жардам бериңиздер аларга убакыт ажыратпасаңыздар көңүл бурбасаңыздар бир күн өкүнүп калышыңыздар ыктымал... Эгер сөздөрүм катуу тийген болсо кечирим сураймын. БААРЫҢЫЗДАРДЫН БАКТЫЛУУ БОЛУП ЖАШАШЫҢЫЗДАРГА ТИЛЕКТЕШМИН АЛЛАХЫМ ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ ЖАШАГАН ҮЙЛӨРГӨ АКЫРЕТТЕ ДА БИРГЕ БОЛУУСУН НАСИП ЭТСИН. ОЙЛОНУҢУЗДАР МЫРЗАЛАР ТАНДАГАН АЯЛЫҢЫЗ БУЛ СИЗДЕРДИН ТАНДАГАН ТУУРА ЖЕ ТУУРА ЭМЕС ЖОЛУҢУЗ БОЛУШУ МҮМКҮН. Бул сөздөрдүн баары ээсин тапты менимче......
Унуткум келет.. сезимдер кундолугу..сезимдер кундолугу..сезимдер кундолугу..
#22 17 Март 2018 - 00:27
..Сезимдердин эн тунугу,эн тазасы жана аруусу балалык суйуу болот окшойт.Ойносок оюнга кулсок кулкуго тойбой жургон кезде бул сезимдерди ачыкка чыгара албай,байкасак да балалык кылып батынып ачыктай албай баёо бойдон калып кетет тура.Менин сезимдерим да ушул баёолуктун курмандыгы эле..
..Бала кезде атакемдин жумушуна байланыштуу коп жер котордук.Мектепти буткучо 4 мектепке окупмун.8ди буткондо атакем дагы которулду.Мурункулары бир областын ичиндеги райондордо журсо бул ирет башка областка жолдомо алды.Адатта кайда барсак чогуу жургон бир уйбуло 5 жан,атакем,апам, улуусу мен,2жашка кичуу синдим жана кокурок кучук бир жашар синдим кочуп конуп жургонго конуп деле калганбыз.Кай жерге барбайлы атайын болунгон уйду актап,сырдап, тазалап жайгашып алып,синдим экообузду мектебине киргизип коюшчу.Анча- мынчасын эске албаганда жаны мектеп,жаны классташтар, жаны мугалимдерге бат эле конушуп кетчубуз.Бирок бул жолу тайенем биздин бой жетип баратканыбызды айтып,синдим экообузду таштап кеткиле деп келиптир.Атакемдин мунозу оор болсо да ары айтып бери айтып атып кондурушту. Ошентип 9-класска экинчи чейректен 5-классымда 1жылдай окуп кеткен мектепке кайра бардым.
Бул мектепте мени жан дуйномду гулдотуп кайра азапка салаар,конулумду остуруп кайра тамырына балта чабар,сезимдеримди жылытып кайра ызгаарына тондураар,тугонгуз кыялдар менен улпулдоп очойун деген умутторго бекем чырмап алып белгисиз тунгуюкка жетелечу суйуу кутуп турганын билбегем...
..Эки жагыман коштогон кошуна турган эки классташ кыздарым менен мектептин дарбазасынан жанашып кирдик.Туулган кунумо арнап алып беришкен кызыл курткам ансайын конулуму которгондой бир башкача бактылуу корсотуп,жарашып турган.Ал кезде телегейим тегиз,дуйном тугол,менден артык бактылуу жан жок болчу чынында.Ошол куну менин суйуумдун тазалыгын,аруулугун, тунуктугун тастыктаган биринчи кар жаап жаткан эле.Алгачкы кар аппак болуп алсыз бурганактап, женил учуп келип курткама тийип качып ойноп атты.Бетиме аяр келип опкон сыяктуу,бирок ордунда эле эрип кетет..Бул алгачкы кар бир эле кыштын символу эмес менин эн алгачкы сезимимдин да символу болчу..
..Суйлошулгондой классыма кирип отурдум.Мурда окуп кеткеним учун баары эле жылуу кабыл алышты.Болгону эки класс кошулуп окуучунун саны кобойуп калыптыр.Келген кундон тартып сен мага имерилип жакындай бердин.Экообуз эки башка партада отурсак да,жанымда отурган парталашымды жылдырып жаныма отуруп алчу элен.Акырындап сен мага жылуу соз,жумшак мамилен менен озуно тартып кондуро баштадын.Башкаларга окшобогон мунозун,дайыма ойлуу,жалооруй тигилген коздоруно конуп бараттым.Оюн кулкуго толгон,кыраан каткырык тамаша менен коштолгон эн бактылуу,эн кызыктуу,артка кайткыз окуучулук кундорумдо сен тымызын жандуйномо кирип,журогумдон озуно тунок даярдап журупсун.Мен дагы ботон коздон,сырт создон корумжулай жургон сага кадимкидей ымала тартып коно баштагам.Ошол убактарда синдим сагындым деп чыдабай журуп,атам алып кетти.Менин сагынычымды "улуу кызы эстуу,токтоо" деген мактап-алдоо тизгиндесе, бир жактан сенин жылуу мамилен алаксытып атты..
Жалындаган жаштыктын коштоосунда балалыктын баа жеткис кундорун билинбей учкан убакыт тооруп,мектепти аяктаар мезгилибиз да келди.Бул мезгилде экообуздун мамилебиз ото терендеп кетпесе да мектептин чон болугуно маалым болуп улгургон эле.Ошондогу куноосуз сезимдер,балалык курчтук,баёолукка салып эч кимден тартынчу эмес экенбиз.Экообуз бир бирибизди энчилеп алган сынар бир партада отуруп,бирге басып,бийге да экообуз чыкчубуз.Класста да,классташтардын арасында да сенин ордун менин жанымда,менин ордум сени менен боло турганы конумуш адатка айланган эле.Элдин козунон аянбай акыркы конгуроодо жетелешип чыгып,чакан кечебизде жанаша эгиз козудай ээрчишип жургонубузду айтсан.Бизге ал кезде биз тууралуу ким кандай ойлойт,эмне дейт мааниси жок болчу,себеби экообуздун тен оюбуз бири бирибизге акактай ак,аккан суудай таза эле.Келечегибизди окуу,максатыбызга жетуу менен гана элестетчубуз. .
Кайран гана баёо балалык ай,ошондо суйуубуздун ушунчалык тамыры жайылып,акыры арманга айланганын сезсен гана..Балким, балким анда баары башкача болоор беле..
..Эсимде,бутуруу экзамендерин тапшырып жургон кез.Кечинде коз байланган убакта дос кызым чакырып чыкты.Ар дайым "бироонун кызы,балээнде мен калам"деген создордун коштоосунда кадимки аскердей кайтарган тайнемди экзаменге даярдануу деген шылтоо менен аран жубатып чыктым.Досум менен классташ бала торой чыгышты.Арыраакта бетинди басып отурупсун. Сени коруп журогум бир силкинип алды,себеби мынтип туну жолугушууга келчу эмессин.Мумкун журок кургур ошондо эле сенден бир нерсени умут этип кутуп жургон белем..Мен чыкканда эле тигилер сенин мага жолугууга келгенинди, анан менин тайкелерим сени кармап катуу уруп койгонун айтып киришти.Аягына чейин укпай учуп эле жанына жеттим.Билбейм неге,бирок ошол учурда мен баарына даяр элем.Сен учун эч нерседен кайра тартпастай чечкиндуу чуркап жеттим.Жакындаганда ордундан каткырып тура калдын.Ишенип ишенбей карангыда бетине тигилдим.Тамашалап, мени сынаганынарды айтып беркилер каткырып калышты.Ошондо алгач жолу сен учун журогум толгонуп,сезимдерим толкуп жургонун сезгенмин...
Корсо ошондо эки жылдай мурун эле коодонумо бучур байланып,сенин жылуу созуно,аяр мамилене суугарылып отуруп кадимкидей тамыр ала баштаган мезгил экен..Бири бирибизге батына албай,сезимдерибизди журогубуздон туюшуп,бирок суук коздон коргон,аяп сактап журуп коодондогу бучурду кадимкидей жетилтип,тамырлаштырып алган экенбиз...

Билдирүүнү түзөткөн: APMAH..: 17 Март 2018 - 00:34
#24 18 Март 2018 - 02:29
Кыска, так жанатүшүнүктүү кылып жазсаңар кымбаттуулар.
Сүйүп калсаң эле ар дайым бирге боло адасың или у вас все получиться эмес да. Жашоо силер көргөн корей сериалдары эмес. Адальс ооругандай ооруп жүрбөгүлө анан кореецтер менен
Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#25 18 Март 2018 - 09:05
Мен да унуткум келет , бир убакта журоктун тупкурунон орун алган адамды. Болбой жатат , эх журогум до омур бойу жашай берсин эч кимге билгизбей десем. Журок кургур кее бир убакта коргусу келет буулугуп. Озумчо урушуп койом, жоон журчу сени унуткан деп айтсам журок капа болгондой буулугат, козумо жаш берип. Экообуз уккан ырлар угуп ыйлап женил деп алам , анан кайра еле жашоо мн алышып кичине унуткандай болосун , кайре еле еске салып койот журок мн акылым урушуп .
#26 03 Апрель 2018 - 00:09
...Тушумо кирдин)кызык,
дагы кирдин.Канчалык унутам деп алдастагандан сайын кайра эле журогумо тымызын булук салып кетесин.Жадакалса тушумдо дал онумдогудой колуна колум тийгизгенден тартынам.Сырттан карап караанына козумду толтура карап алсам ошого раазымын.Сенин ошол элесин ойгонгон сон кыйлага чейин азык болот.Тушумдогу бир суртум элесин журогумун тилигине дары,бир суйком дары,даба.
Кээде журогум акылыма баш бербей кетет.Ойноок, тентек,жаралуу журогум..Унуттум десемда журогум сени издей берет.
Эсиндеби соц сеттерден табышып алган кун..Коктон издегеним жерден табылган менен журогум канап турганы куну кункудой эсимде.Себеби сени тапкан менен бир омур жоготконуму тушунуп тургам.Бирок ошонуда менин журогум которду...Ал арман жашоомо бир омур так салсада арманымы ичке катып журогумду ооздуктай алдым.Антпеске арга канча аттин ай..
Соц сетке сен учун гана кирчумун." Кандайсыз чон кыз"деген бир ооз созун канча бакытка болоор эле мени."Мен. .мен сени куттум,сагындым сени.Журогум дегдеп сен учун кирдим.Караанынды бир корсотчу.Тупойул болуп тынчтык бербеген журогумо бир даба тапчы..Сен деген сезимдерге буулугуп,тупкуруно чогуп баратам.Куткарчы мени куткарып алчы берекем.Мен сени ушул кезге чейин суйом деп айтпагам,корсо менин суйуумо айтсан соз,ыйласан коз жаш,жазсан тамга жетпейт экен"деп коодонго толуп ташкан арманымды ичимден гана кайталаймда бирок аттин"Жакшы" деп бир ооз гана жооп жазып коем.Ошондогу журогумдун жанчылганын сурабаныз..Бир ооз создун ичинде канча арман канча сагыныч канча оксук бар экенин сездин бекен.
Мындай суз жооптун артынан кайра сенден козго суртоор тамга кунконумчу. Жазса экен,жаз,жазчы деп тиленип отурганымчы. .Жазышуубуз ушул нукта уланат"Айылга качан келесин"Канатым болсо учуп жетмекмин.Мына азыр да сага корунбой уй жагына барып сыртындан караанынды бир коруп алсам эмне.Барайын тосуп ал,жон эле мени куса кылып арманга салган коздорунду бир коруп алайынчы" дегим келет.Бирок аттин"Билбейм, окуу"эки созду аран жазам.Болду ошо менен бутот суйлошуу.Бирок ушул торт созда экообуздун тен журогубуздогу армандарды козгоп,буркан тушуруп кайра сооротот тура.Кутконумчу ушу торт созду...

Билдирүүнү түзөткөн: APMAH..: 03 Апрель 2018 - 00:13
#27 20 Апрель 2018 - 21:54
Унуткум келет бирок унуту мынчалык кыйын экенин билбептирмин.
Эстесем сагынам.Атайын деле эстебейм кандайдыр бир создонда сизди эстей турган болдум...Сиздинда унута албайм деген созунуз журогумдо так болуп калды.Сени жакшы кором деген созунуз так болду. Азаптангым келбейт кусалыктан,
анткени козумдон жаш тыйылбай калат ((.Жаратканым жардам бер...((
#28 20 Апрель 2018 - 22:47
Унуткум келет. Эх эстеген сайын ичим эзилет. Сени жоготконума бир жылдын жузу болду. Мен сени дагы деле унута албай журом. Кантип унутмак элем?! Коп жакшылык жамандык кундордо мени менен бир болдун эле го. Экообуз бири бирибизди толуктап турат элек го. Озум куноолуумун.
Ошондо кантип унутуп калтырып кеттим экен сени, кок курткам. Кайра барып эле таппай калдым го. Таштандыга ыргытылып, селсаяктарга кийим болдун бекен? Же ортолуп жок болдунбу? Айтор билбейм. Жакшы адамдарга туш болгон болсон эле болду. Орттолуп кетпесен эле коп жашайсын. Сапатын да жакшы эле. Мен сени кышы менен унута албай чыктым. Азыр деле суук кундору сени эстейм. Мен сени унуткум келет!
#29 25 Апрель 2018 - 17:55
Pelargos (20 Апрель 2018 - 22:47) жазган:

Orhideya