Бул жерде тренингдер тууралуу сөз козгосок.
Тренингдер максатына жетеби? Тренинг өтуп аткан адам (коуч деп койот экен го) эмне максат менен тренинг өтөт? Кандай тренингдер бар Бишкекте? Кайсысына бардыңар эле жана эмне сабак ала алдыңар? Алган болсоңор жашооңордо колдондуңарбы?
Мен өзүмдүн пикиримди кечираак жазайын.
Эме, атайы издедим. Мындай тема жок эке
Баракча 1 - 1
Тренингдер тууралуу < ой-пикирлер >
#2 06 Июль 2018 - 18:23
Университетте барат элек,тилеке каршы,же аты же пайдасы эсимде калбаптыр.Азыр болсо Владимир Герасичев видеолорун корчу болдум))Жакты,
шык берет экен,дух олуп калганда коргонумобууу"
мечта и цель"дегенин коргонлем биринчи.
Билдирүүнү түзөткөн: Yago.limon: 06 Июль 2018 - 18:29
#3 07 Июль 2018 - 00:15
Таакс. Албетте ар ким өз кызыгуусуна жараша тренингдерге барат .2 жыл мурун Бишкектеги белгилүү бизнес-тренердин сабагына катышып калдым. Мурда кийин бизнес китептерди окугандыктан,
анчейин кызыктуу боло бербеди. Бир теманын башын баштайт да "калганын кийинки сабакта улантабыз"
дей берди. Биринчиси 300 сомдон эле ал эми кийинки сабактары 5000 сомдон экен. Мен калганына жазылган жокмун. Тренингден кийин "бул да болсо бир адамдын бизнеси экен" деген жыйынтыкка келдим. Андан кийин деле бир нече тренингдерге катыштым. Негизинен өзүмө бизнес боюнча көп деле нерсе ала алган жокмун. Ал эми Нуржигит Кадырбеков деген бар мына ошол адамдын сабактарынан адам өзүнө жакшы нерселерди ала алат. Себеби анын максаты акча табуу эмес. Кечээ жакында эле дагы бир белгилүү адамдын окутуу борборуна озумду өнүктүрүү үчүн жазылайын деп бардым, пробный сабагы болуп жатты. Кыргызча-орусча аралаштырып өтүп салды сабакты. Орусча түшүнөсүң дечи болгону мен сабактын бир тилде болушун кааладым. Сунуш катары оюмду айтайын деп, туура болобу, же балким туура эмес болуп калар деп оюмду анализдегиче сабак да бүттү. Ошентип ал да көңүлүмө толгон жок. Кыскасы адамдын өзүнөн эле окшойт. Мына ушундай тренингдерге барып жатып суроо туулат экен "биз адамдар чын эле тренингдерге муктажбызбы же бир адамдын бизнесиби"
деген...
#4 07 Июль 2018 - 01:30
Мен ойлойм мындай тренингдер адамдарга кереги жок эле сандырак соз деп! Себеби; эч бир бизнесмен же атактуу адам озунун басып откон жолун жана бизнес тууралуу маалыматтарвн башкаларга бир заматта эле тарттыра койбос.Ошонун ордуна китеп окусан пайдалуу эмеспи? Эми мотивация болушу мумкун алардын создору бирок ал кээде эч нерсени чечбей калат.Антип акчаны ошолорго бергенден коро озуну теориялык жактан даярдаганын он.Мотивацияны озуно-озун беришин керек.Себеби;
озунду озун кана тушуносун ал адамга акча бергенин учун кана суйлоп бериши мумкун.Башка учурда сага ойлору менен болушбойт дагы.Болгону сезимдерини бир ааз ойготот бирок жашоодо сезимден да конул калуу жаман эмесби? Ошого сезимди биринчи ар-бир адам озу жонго салыш керек...
#5 07 Июль 2018 - 02:37
Мен биринчи жолу английский боюнча бесплатный тренингке барып аябай жакшы маанайда кайткам. Смотря кимдин тренинги экенинен зависит го. Мисалы мага Асел деген Америкада иштеп келген аялдын тренингтери жагат кыргыздардан.
Чындап эле мотив бере алат. Озунун примерлери кыскасы жаккан, бут нерсени таштагым келип ыйлагым келип отурсам апам корсотту эле, кайра туруп кылчу жумуштарымы бутургом. Кыргызстанга барганда барам деген ой бар, балким ал Питерге келип калаттыр..
Salam baaryna
#6 07 Июль 2018 - 02:40
Азыр Кыргызстанда коп эле мода болуп кетиптир. Эжем жонотуп калат барганда моондай нерселерди айтты тиги бу деп, карасан баары эле Роберт Кийосакинин,
Напалеон Хиллдин китептеринен алынган цитаталар, фразалар болот. Аларга 1000сом толоп баргандан коро китептен эле окуп алсан болот бир чети. Мен дуйнолук бизнесмендердин тренингтерине катышып коргум келет.
Salam baaryna
#7 07 Июль 2018 - 08:45
Сыналгыдан бир берууго туш болуп калдым, биснес тренинг жонундо экен. Журналист кыз ар кайсы тренигтерди кыдырып журот, тренингке катышкандардан сурамжылоо,
интервью алып атат. Бир орус улутундагы жигит айтып атат:" бизнес баштайын дегем. Ал бизнесим галстук, бабочка тигип сатуу"- дейт. Мен ичимен ойлоп койдум :" бабочка тигип сатканга тренинг эч кандай жардамын бербейт. Ошол тренинге мин сом тологондон коро, ага бир рулон резина - 150 сом ( 50 м), "Мадина"
базарында костюмная ткань деп койот жуз сомдон ойдо бир метр кездемеге, эки жуз сомдуктан уч метр алса, ой оой канча галстук, канча бабочка тигет эле. Коп байкайм, эркектер абдан тыкан таза тигишетта кийим кечени, ал бала деле жакшы тикмек болуш керек. Ошентип интернет аркылуу, дукондор менен суйлошуп, же акча коп болсо ижарага ылайыктуу жер алып "мужские аксессуары"
деп сатса болотта".
Ал болсо тренингте отурат Бир нерселерди чиймелеп койуп, тигил трениг откоруп атканды уккан дагы жок.
brother
#8 07 Июль 2018 - 09:03
Анан, эки уч жолу чакыруу боюнча тренингтерге катышып калгам ( ошондон улам тренингтерге симпатиям жок). Алардан алган жыйынтыгым :" тренинг болбогон нерсе". Кытай философу Лао Сцынын айтканы барго:" адамга балык кармап берсен, ал бир жолу ток болот. Ага балык кармаганды уйротуп койсон, ал омур бойу ток болот"- деген, а бул тренингтер,
вродебы балык кармаганды уйротуш керек эле, бирок иш жузундо балык деген эмне, аны кантип даярдап жесе болот, кандай кайырмак жакшы, иши кылса балык улоо жонундо баардыгын айтат, балыкты кантип кармаш керек экендиги жонундо айтпайт. Конкретика жок, бут эле абстракция.
"Личностный рост"- деген тренингтер деле ошо.
brother
#9 07 Июль 2018 - 13:27
Бирок , бир жолу тренингке барган адамдын ою 80% озгорот. Коп эмес 2,3 жолу барып койгон туура эле болот. Ошол тренингтен кийин адамдын коз карашы, жашоого болгон кызыгуусу артат, койгон максатына бир кадам болсо да, алдына жылуусуна чон туртку берет.
Ойлоп корсон, баардык тренингде окшош эле создор , окшош эле мисалдар айтылат.
Эки, уч жолу барган адамдын кайра тренингке баргысы келбей , конулу калат.
Ойлоп корсон, баардык тренингде окшош эле создор , окшош эле мисалдар айтылат.
Эки, уч жолу барган адамдын кайра тренингке баргысы келбей , конулу калат.
#10 07 Июль 2018 - 13:51
Азыр эмне көп, тренингдер көп. Ийгиликке жеткени дагы, жетпегени дагы "ийгилик сырлары" менен бөлүшүп жүрүшөт. Кайсы багыттагы тренингге катышуу керек, тандоо өзүбүздө. Албетте, максатыңа жараша багыт аласың.
1-2-курста көптөгөн тренингдерге катышып, уюштуруу иштеринне катышып жүрүп көп эле маалыматка ээ болдум. Тренингге катышуудагы эң негизги максат - угуп эле тим болуу эмес, уккандарыңды практикада колдонуу.
Тренинг деле "бизнес" экен дегендер, ооба, андай болушу толук мүмкүн. Мисалы, көпчүлүк билген С.Давлатовдун тренингдерин алалы, ал бизге үйрөтүп жаткандарын, өзү башка бирөөгө акча (көп суммада) берип үйрөнөт, анан кантип башкаларга жөн эле үйрөтүп койсун.
Кыйындар кыйындардан үйрөнүп жаткандан кийин, кандайдыр бир деңгээлде тренингдин пайдасы бар.
Азыр бизге, жаштарга - жан дүйнөнү руханий жактан азыктандырган, интеллектуалдык жактан өстүргөн, ыймандуулукка тарбиялаган, мекенин сүйүүгө үндөгөн тренингдер эң маанилүү. Аны философия менен эмес, жөнөкөй тилде, таасирлүү, жеткиликтүү кылып өткөндөр керек. Себеби, технологиянын өнүгүүсү менен китеп окубай, жеңил нерселерге кызыгып калдык. Ушундай багыттагы тренинг-семинарларын Нуржигит Кадырбеков өтүп жүрөт.
Өзүм оратордук чеберчилик боюнча тренингге көп катышчумун, тартынчаактыкты жою максатында, пайдасы тийди))
1-2-курста көптөгөн тренингдерге катышып, уюштуруу иштеринне катышып жүрүп көп эле маалыматка ээ болдум. Тренингге катышуудагы эң негизги максат - угуп эле тим болуу эмес, уккандарыңды практикада колдонуу.
Тренинг деле "бизнес" экен дегендер, ооба, андай болушу толук мүмкүн. Мисалы, көпчүлүк билген С.Давлатовдун тренингдерин алалы, ал бизге үйрөтүп жаткандарын, өзү башка бирөөгө акча (көп суммада) берип үйрөнөт, анан кантип башкаларга жөн эле үйрөтүп койсун.
Кыйындар кыйындардан үйрөнүп жаткандан кийин, кандайдыр бир деңгээлде тренингдин пайдасы бар.
Азыр бизге, жаштарга - жан дүйнөнү руханий жактан азыктандырган, интеллектуалдык жактан өстүргөн, ыймандуулукка тарбиялаган, мекенин сүйүүгө үндөгөн тренингдер эң маанилүү. Аны философия менен эмес, жөнөкөй тилде, таасирлүү, жеткиликтүү кылып өткөндөр керек. Себеби, технологиянын өнүгүүсү менен китеп окубай, жеңил нерселерге кызыгып калдык. Ушундай багыттагы тренинг-семинарларын Нуржигит Кадырбеков өтүп жүрөт.
Өзүм оратордук чеберчилик боюнча тренингге көп катышчумун, тартынчаактыкты жою максатында, пайдасы тийди))
<
Баракча 1 - 1