Өксүк көңүлдөр
#1 15 Март 2019 - 18:29
Тушку дем алуу убактысы. Асман бурколуп, батыштан турмоктолгон булуттар улам кобоюп отуруп, кундун козун тосуп калды. Бул корунуш албетте жан дуйнону оорлоштурбай койбойт эмеспи.
Айым терезеден кокту карады:
-Бугун да жаан жаайт окшойт, быйыл кун,коз жашын тогуп эле туруп алды да?, деп кобурап койду.
Андан аркысы белгилуу, ойлор да булуттар сымал турмоктолуп келе берет.
Чубалган ойду эшиктин такылдаганы бузду.
Нааразы боло эшик тарапты карады:
-Кире бер!
Жумушка жакында келген кесиптеши экен:
-Эже кечиресиз?
-Эмне болду?
-Коноктор келишти.
Журок учу зырп этти:
-"Дагы бир шордуу, дагы бир оксук бучур" деп кубуронуп алды.
Халатын кийип, узун каридор менен кесиптешинин артынан басып баратты.
Чар'жайыт ойлорду ойлой берип, акыркы кундору башы тез'тезден ооруучу болгон. Канчалык озунон алыс кубаласа да тупсуз ойлор мээсин чыналтып жиберет, коп эле ачылып суйлобой, тунт да болуп кетти.
Короодо унаа токтоп, жанында орто жашап калган бир аял, эки эркек, ортолорунда кичинекей жаш бала, дагы бойго жеткен кыз турат.
-Саламатсыздарбы?
Аял оозунуп жооп бере койду:
-Бул жердин башчысы сенби айланайын?
-Ооба мен!
-Биз атайын келдик эле,бул баланы сиздерге каттоо учун?
-Ата'энеси эмне болгон бул баланын?
-Каза болуп калышты.
Айым терен дем алып, баланы карады.
Куноосуз , бирок жаштуу коздор! Туптунук, али турмуштун татаалдыгын, тагдырдын ташбоордугун биле элек таптаза каректер!
Мындай коздор менен нечен ирет тиктешпеди дейсин, ар бир жолу караганда журогу сан'мин жеринен тилинип, болукторго болунуп кетет.
Коздорун ала качты.
Ылдый боло баланын колдорунан кармады:
-Атын ким?
Бала умуттуу тигилди:
-Азык.
-Азык сен коркпо, бул жерде сени эч ким урушпайт.
Азык бышактап, ыйлап кирди:
-Мен уйумо кетем.
-Бул жерде баары бар, сенин коп досторун болот.
-Мен апама барам, мени албайм дечи, киргизбейм десен, булар мени уйумо кайра алып барышат.
Наристенин ыйлаганына чыдабай кетти. Ойдо боло, жанындагы эркегине кайрылды:
-Документтери барбы?
Туулгандыгы тууралуу куболугу менен кошо, дагы бир топ кагаздарды кармата койду тиги.
Баланы колунан кармап турган кыз да ыйлап жиберди:
-Эже, мен инимди озум багам,бул жерге таштабайм, эмне келген баланы эле унчукпай кабыл ала бересинерби, эмне учун "жакын адамдары, туугандары барбы?" деп сурабайсынар?
Мындай абал биринчи жолу башынан отуп жатпаган учун, аял абалын озгорткон жок:
-Багаар адамы бар бала, бул короонун эшигин аттабайт эч качан, тамаша кое турган аянт эмес бул жер!
Келгендерди кабинетине киргизип, керектуу жерлерге кол койдуруп алды. Алардын козунон баладан эртерээк эле кутулуунун амалын издеген корунушту окууга болот эле. Баары чыгып, кыз инисин кучактап отура берди:
-Эже алар баш тартышса озум алып кете берейинчи?
-Кайда алып барасын, уйун барбы?
-Бар, озум иштейм, башкаларга оордугубузду тийгизбейм?
-Нечедесин?
-17 де.
-Жаш экенсин, сен кабатыр болбо биз жаман адам эмеспиз синдим.
Тиги укпады, соз укпай ыйлап, бир топ убара кылды.
Аялдын айласы кетти. Озун токтоо кармап, кызды жоошутуп," инин бул жерде убактылуу жашайт, сен каалаган куну келип алып кете аласын, ага чейин келип, коруп кетип турсан болот" деп жатып, аран сыртка алып чыкты.
Баланын ыйы андан отот, бул жакта карап турган адамдын сай'соогун сыздачудай. Чырылдап ыйлап, бир тууганын ээрчип, тарбиячыга баш бербей тыбырчылайт.
Айым наристени менен алышып олтуруп, туш ооп, кеч кирип калганын байкабай калды. Саатына караса уйго кетуучу убактысы жакындап калыптыр.
Ыйдан козу'бети дулдуюп шишиген бала уктап жатты. Тушундо да ыйлап жатты окшойт, улам кынылдап коет.
Аны таптап, козуно келген жашты улам аарчып коюп Айым да отура берди.
Анын жан дуйносундо болуп жаткан бороонду озу , анан жанында жаткан Азык гана туюп' билип жатты.
Наристе болсо да, ал дагы Айым сыяктуу конулу оксук бир жан эле.
#2 15 Март 2019 - 18:55
Жол катар баланын ыйлуу коздорун унута албай,терен ушкуруп алат.
Конгуроону басаары менен, эшик дароо ачылды. Сербейип, озун кутуп уктабай отурган кызын коруп, бугунку кайгылуу окуяны саамга унута тушту.
Кыз аксандап чуркап келип мойнуна асылды:
-Аппоов?
-Оув жарыгым, куттунбу мени?
Кыз бугунку башынан откоргон окуяларын айтып берип жатты, улам апасын ооп коет.
Деги мынчалык жароокер болбосо, кулгондо бутун аалам кошо кулот, болбогон бир кичинекей нерсеге деле кубана берет.
Бул кыз Айымдын, жашоодогу байлыктарынын бири.
Айымдын Нуру!
-Нур, бугун канча беш алдын?
-Экоону?
-Экоону элеби?
-Эки эле сабак болсо, экоону эле аламбы ыя?
-Озумдун акылдуу кызым!
Нур быйыл биринчиде окуп калды. Акыл'эси баары жайында болгону менен торолгондо эле туубаса майып болуп торолгон. Он ныптасы жакшы иштебейт, он колу таптакыр которулбойт, сол колуна караганда кичине, буту да аксап басат. Катуураак жугурсо, чалынып жыгылып тушот.
Бирок апасынын аракети менен сол колу менен жазууга уйронуп кетти. Анан кантсин байкуш, мындай болуп торолуп калуусуна озу куноолуу эмес го?
Бардык нерсени сол колу менен жасайт, колунан келбесе да тырбаландап апасына жардам берип, ар нерсени кармалай берет, колунан тушуп, же сындырып алса,дароо кечирим сурап, жыйыштырып кирет.
Анын боорукерлиги жанда жок, Айымдын кабагынан баарын билип турат.
Кызын карап отуруп, эненин журогу эзилет, майыптыгы кыздан коро Айымга оор батат.
Ушу маалга чейин кылган аракетинен майнап чыкпай, корсотпогон дарыгери, алып барбаган ооруканасы калбаган.
"Майып" деп эле таштап коймок беле, эненин журогу ага кантип чыдасын?
Дагы деле аракетин токтотпой, кызынын тагдыры учун курошуп келе жатат.
Озу болсо шаардагы "Кароосуз калган балдарды тарбиялоо борборунда" директор, бирок жон гана катардагы тарбиячы катары эмгектенет.
Ал жердеги кароосуз калган ар бир наристе Айымдын уул'кыздары.
Кучагында уктап жаткан Нурдун саамайынан жыттап коюп, кайра бугунку наристе коз алдына тартылып жатты.
Эмне кылып жатат болду экен?
Анын жаштуу коздорундогу умут оттору,Айымды, аргасыздан озунун балалык кезине жетеледи .
Айтмакчы, анын балалыгы кандай отту эле?
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Март 2019 - 19:48
#4 15 Март 2019 - 20:29
Айым менен синдиси удаа торолду. Атасы уулдуу болгусу келет окшобойбу,кичуу кызынын атын Уулкыз койду.
Апасы мээримдуу, эч катуу уну чыкпаган, жумшак аял. Жетээр жерине жетип калганда гана жарылбаса, кыздарын деле урушуп, кагып'силкчу эмес.
Анда Айым 5 жашта, Уулкыз 4 жаштагы кездери.
Эхх, оюнга тойбогон курак! Эртеден кечке ойноп, ботала болуп уйго келишет. Апасы унчукпай экоону тен жуундуруп таза кийим кийгизип, курсагын тойгузуп уктатып коет.
Айым шогураак, синдиси жоош болду. Бар балекеттин баары Айымдан чыкчу, дарактын башына чыга коюп, коншу балдар менен мушташа кетип, кышында муз тепкени чыкканда чанадан учуп кетип айтор , жаны тынбайт.
Сонун мезгилдер эле анда.Атасынын тапканы уйбулого кенен жетет,тогун' чачын жашоо.
Апасы акыркы кундору тамакка табити жоголуп , тошок тартып жатып калды.
Ата' эне оз ара кункулдошуп калышат, кыздардын козунчо кайра унчукпай тим болушат.
Бирок бул нерселерди тушунууго кыздар али жаштык кыла турган.
Эненин ой'боюна койбой жаткан жеринен ойдо тургузуп, оздорунун жомок сымал дуйносуно жетелешет. Апасын Жезкемпир кылып, кыздар ага каршы согушка аттанышат, атасы болсо кыздарына ат болуп берет.
Айымдын эсинде, ошондо деле апасынын "ой жаным" деп кабак буркогонун корбогон. Дартын унутуп койгондой, наристелери менен ойноп, алардын оюу менен болот.
Бул да болсо эненин балага болгон мээрими болсо керек да?
Муну Айым озу эне болгондо гана тушунуп жетип атпайбы?
Корсо ошол убакта апасы кош бойлуу болуп, бир жагынан кургак учук дарты менен алышып жургон тура.
Аны наристелер кайдан билишсин?
Ошол куну кыздар короодо бейкапар ойноп отурушкан .
Эшиктен кирген атасы, экоону кучактап алып булкулдоп ыйлады.
Атасын коруп Айым онгуроп ыйлап жиберди.
Балким ал наристе сезими менен, ушул уйбулого келген чон коркунучту сезип жаткандыр?:
-Ата, апам кайда?
Атасы Айымга жооп беруунун ордуна экоону кийинтип ,сыртка жетелеп жоноду:
-Апан келбейт, азыр апана озубуз барабыз кызым!
"Жаш бала эч нерсени билбейт" деп ойлой корбогуло, тескерисинче алар чондор корбогон нерсени коро алышат. Анткени алардын дуйносу аруу бойдон!
Болбосо ошол куну балбалактап жаап жаткан аппак карды, апасы бар кезде шандуу корунгон уй заматта унуроюп, козго суук корунуп калганын, атасынын коздору, орду толгус жоготуудан майышып турганын Айым кантип билмек эле?
Бойтоюп, атасынын жетегинде бараткан Уулкызга карап, кичинекей колдору менен козундогу жашты улам суртуп коюп, баргысы келбеген багытка кетип баратканын туюп , кетип баратты.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Март 2019 - 20:35
#6 15 Март 2019 - 20:56
Кирип'чыккан эл коп экен. Баары кыздарды карап, коздорун ала качып шыпшынышат.
Айым жайнаган коздордун арасынан апасынын, мээримдуу коздорун издеди.
Корунбойт!
Аландаган экоону боз уйго алып киришти.
Муштумдай журоктору дукулдоп, коркконунан бакырып ыйлап жиберишти:
-Апаа?!
Уулкыз атасынын колунда боздоп жатты.
Айымды кармаганы эч кимиси улгурбой калды, ал олукту тебелеп башына отту. Тепкиленип, уну кудайга жеткидей болуп, чынырып ыйлады:
-Апаа, аппааа деймм?!
Апасынын ээгин танып коюшуптур, нурдуу коздору туболукко жумулган экен, кызынын унун укпагандай мемирейт.
Сырттан чон апасы кирди:
-Шордуу, эрте кетип артында экоону жетим кылбай кал, эмне турасынар , алгыла кызды, журогу тушот, эмнеге алып кирдинер кокуй?
Бироо мурдун шыр тартты:
-Акыркы жолу коруп алышсын дешти чондор!
-Чондорундун да акылы жок...
Соокту которуп сыртка чыкканда ызычуудан кулак тунуп кетти. Ыйлаган катын'калач, окургон эркектер.
Кыз сезди, эми апасын эч качан корбосун билди. Олумдун эмне экенин билбесе да, даамы ачуу болоорун билди.
Коз жашын унсуз тогуп турган атасынын кокурогуно башын катып,солуктап жатты.
Жакшы адамды асман да жакшы корот белем, кыштын кыраан суугунда кун жылуу болуп, жумшак кар жаап турду.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 15 Март 2019 - 21:00
#7 16 Март 2019 - 12:24
-Сен чонойгондо.
-Мен качан чоноем?
-Карлар кетип, гулдор ачылганда!
Кантсе да бала эмеспи,атасынын созуно муюй тушту. Озу чоноюп калганда апасынын келээрине ишенди.
-Чындап келеби?
-Ооба, апанды озум алып келем ошондо.
Оюнга алаксып,чондор карматкан таттууларды чонтогуно шыкап, Уулкыз экоо уйдун бурчунда отуруп калышты.
Эртеси эки кыздын тагдырын талкуулап, тууган'урук чогулушту. Атасынын туугандары ун катпайт, апасынын торкундору кыздарды алып кетмей болушту. Атасы ун катпай тунорот. Аны баары коптоп киришти:
-Кайда болсо бала сеники, качан барсан алып келсен болот,азыр алар жаш, биз алып кете берели?
-Озум багам кыздарымы.
-Кыздарды кантип жаман карамак элек биз, сен оболу алды'артынды жыйна, озуно келип ал, анан калганын суйлошо жатаарбыз?
Деги копко суйлошушту, эмнени анча чечише албай кыйналышты билбейм.
Кыздарды алып кетмек болушту. Уулкыз момурайып, ким жетелесе да унчукпай кете берди . Айым чыргоолонуп, атасынын колун кое бербей ыйлады. Ал атасын аябай жакшы корчу. Атасы кайраттуу корунгону менен, кызынын абалын коруп бошошуп кетти:
-Жаз келсин, мен барып силерди алып келем кызым!
Эмнеге ошондо андай кылганы тушунуксуз, Айымды куч менен аларга кошуп берип, озу тамды айлана качты.
Ошол ошол болду. Айымдын балалык дуйносу, эми таптакыр башка чойрого кабылды.
Эртели'кеч туноргон адамдар, ойноюн десе ага деле уруксат беришпейт,озунон' озу кысынып, жудоп кетти.
Сырттан караган адамга билинбегени менен, жаш наристенин аруу дуйносу бара'бара жоголуп, бул нерсеге да ынгайлашып конуп кетти. Эми конбой кайда бармак, "Эркелээрин жок болсо,эмшиндеп ыйлап не пайда?"дешет эмеспи?
Бирок журок тупкурундо атасын куто берчу. Карлар эрип, жаздын жакындаганын коргон сайын кубанчу. Ушул жаз келсе эле атасы кирип келчудой болуп, моюн созуп жол карайт.
Уулкыз деле бир тууганы сезген сезимдерди туйчу, бирок ал абдан жоош, коп деле ыйлабайт,эжесинин, бас деген жагына басып, отур деген жерине отурат.
Айым куткон жаздын нечени келип, нечени кетти.
Атасы келбеди.
Бир кездердеги таттуу умуту очуп баратты. Мурдагыдай жол карап кутпойт деле, болгону байчечекей ачылганын корсо суйунуп кетет, бул жаздын алгачкы белгилеринин бири го?
Кутуу бара'бара сагынычка айланды, сагынуу болсо сары'санаа болуп жыйылып, журогундо уюп калды. Ал санаа кез'кезде коз жаш болуп, сыртты коздой агат.
Мына, быйыл атасын куткон 17-жазы!
Тан эрте туруп, мектепке чейин короону шыпырып, озуно тийиштуу болгон жумуштардын баарын бутуруп, эртен мененки чайга отурду.
Нанга колун узатканда кундогу корунуш башталат, эшиктен кирген эжеси суйлонуп, урушунуп кирет:
-Тамакка шашылбай ,тугол жыйнабайсынбы, калганын ким жасайт?
-Мектепке кеч калам да?
-Мектебин менен куруп кеткир, деги окуп эмнени кыйратмак эленер силер.
-Сабактан келип жасайм да?
-Тигини, бардык созумо жооп табат, кылган жумушунардан дайын жок, тамак болсо болду силерге.
Уулкыз туруп кетти,Айымдын да кекиртегинен ошол биртке нан да отпой, ал да артынан турду.
Мектепке чейин баштарын жерге салып барышты.Уулкыз ыйлап жатыптыр, Айым ыйлаган жок, кайра синдисин сооротту, анткени бул корунуш кундо кайталана берип жедеп ,конуп буткон.
Кулактан кирген суук соз, алардын наристелик ааламын алда'качан ылайлантып, кирдетип улгургон.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Март 2019 - 12:27
#8 16 Март 2019 - 13:47
Кайдагы уйку?
Бугунку окуядан кийин эмнегедир баарын эстеди.Озу да бир мезгилде ушул баланын ордунда болгон, бул бала эжеси келип алып кетээрине ишенсе, ал атасынын алып кетээрине ишенген.
Бирок атасы келбей койбодубу, а баланын эжеси келээр бекен?
***
Айымдын кара жумушка бышкан, акылдуу болуп бой жеткенин коруп, коз арткандар кобойду.
Биринен сала бири келип жатышты. А кыздын эмне ойлоп жургонун эч кимиси сезген жок.
Анын сагынычка толгон журогунун эшигин сураксыз ачып,билинбей ичине кирген бир инсан бар эле!
Аны кээде гана коруп калчу, сылык саламдашып отуп кетет. Озу болсо суйуу эмне экенин деле жакшы андап жете элек кези болчу. Жон гана коргонуно жетине албай, кубанычтан коздору кулундой тушот.
Балким ал чындап эле алгачкы суйуусудур?
Бирок Айым, ал сезимдерин билдиргени деле улгургон жок,анын тагдырын учтуртон эле чечип коюшту.
Он жетиден он сегизге жаны караган убагында эле, тынбай келе берген жуучулардын бирине кармата беришти.
Корбой билбей, тааныбай туруп эле ал адамга було болуп барды. Жандуйносунун чан'будуну чыгып, алгач эмне болуп кеткенин тушуно албай, делдиреди.
Алдына койгон канчалаган умут'тилектерин таш каап отуруп калды .
Ал ошондо биринчи жолу апасына муктаж экенин жон'териси менен сезди. Бул мезгилге чейин "апасыз деле жашагандар толтура, бой жетсем, баарын озум жондоп кетем", деп ойлоочу. Кайдаан?
Муну турмуш деп коет, эртен эмне даярдап турганын билбейсин адам.
Баарынан да Уулкыздан алыстаганына ичи сыйрылды. Тундо кучакташып уктап, кундузу бирге журуп, бир кундо эле алыстап калганына коно албай журду. Бир тууганын сагынып, козун жаштап алат эч кимге коргозбой.
Баары тушунуксуз. Бирок Айым бул жашоого деле конду. Кайынжурт эмне экенин, жолдош кандай болоорун, кимге кандай мамиле кылуу керек экендигин уйронду.
Жузу жумшак аялдын, оз апасынын ордуна апа болот деп ойлоду.
Ммм жолдошучу?
Ал Айымга жакшы тугой болуп бере алдыбы?
Баары кийинчерээк башталды. Башында жакшы эле башталган жашоосу акырындап урай баштады. Жолдошу болбогон жерден кемчилик таап,Айымды куноолой берчу. Кылган ишинен кыйкым таап турчу.
Айым оор эле. Болгон нерсени ичине жутуп, сабыр кылып, жон эле которуп коет. Ушул абалында кош бойлуу да болуп, абалы ого бетер оорлошту.
Тунт болуп баратты.
Жолдошунун унун угуп ыргып турду:
-Келдинби, кеч калдын го?
Ал кайдыгер жылмайды:
-Эмне уктабай олтурасын?
-Сени кутуп.
-Мени кутуп эмне кыласын, уктай бербейсинби?
-Тамак ичесинби?
Тиги бут кийимин чечип туш келди ыргытты:
-Ичпейм, бар козумо корунбой жоголчу!
-Чарчагандырсын, жур жатып эс ал!
-Айым,сен эмне атайын жасайсынбы?
-Эмнени?
-Билмексен болбо, эмнеге кет десем деле кетпейсин?
-Ал эмне дегенин?
-Себеби бараар жерин жок, менден кетип кайда бармак элен?
Айым унчукпады.
-Сен ошол жашоондон кутулуу учун эле мага турмушка чыгып алгансын,мени пайдалангансын сен!
-Эми бул создордун эмне кереги бар?
-Ээ, барчы ары!
Жолдошу колун шилтеп, темтендей басып ордуна барып жатты.
"Дагы тоюп алган экен" деп ойлоду Айым.
Коз кычыгына келген жашты аарчып, адамдардын эки жуздуу экенине ушунчалык капа болуп турду. Ал келечектеги жашоосуна ишенген, жок дегенде колдоп турган адамы болот го деп кыялданчу жолдошун.Ага эркелеп, ичиндеги сырлары менен болушкусу келет.
Аттинай, бала ата'энеден башка эч кимге кереги жокпу эмне?
Томпоюп чыгып калган ичин сылап отура берди.
Айым баарына чыдай алам деп ойлоочу, бирок жолдошун тушуно албай убара. Андан улам атасын эстейт, ал да кээде ичип келип, апасы экоо оз ара урушуп калышаар эле.
Мындай окуялардын далайын башынан откорду.
Ичтен сыгылып , канчага чейин чыдап журо берээрин ким билсин ошол кунку окуя болуп кетпегенде.
Ай кунуно жетип, коз жараарына аз калган.Бактагы алмалардын жерге тушконун терип келип, ортосунан кесип тамдын башына алып чыгып жайчу. Ичинин улам оорутканынан коркуп, жолдошун чакырды:
-Журу, баарын даярдап койдум, сен алып чыгып тогуп койсон болду?
Ал шашкалактап кийинип, каякадыр жоноп жатыптыр:
-Озун эле жая берчи, достор чакырып калды, мен кеттим!
Шалдырап отуруп калды. Ушул бойдон таштап кое албайт болчу, чакаларга тендеп, азыраактан салып озу жоноп калды.
Шатыга бутун кое берээрде жаза басып тайып кетти:
-Аай!
Уйдо эч ким жок эле, капыстан кошунасы корбогондо , балким ал азыр тируу калбайт беле?
Ооруканадан озуно келди. Ичи туюлуп ооруп, чекесинен тер чыпылдайт.
Андан аркы ооруну айтпаса да белгилуу эмеспи,жан алакетке тушуп,ооруга чыдабай эрдин кырча тиштеди:
-Апа,!
Апасынын ысымын оозунан тушурбой кайталай берди:
-Апа, жардам берчи мага!?
Ошентип кызы торолгон.
Айым энелик сезимдин ары таттуу, ары жоопкерчиликтуу экенин билди.
Мурда жанынан тойгон кундору, асынып олуп алууну ойлоно берчу.
Бирок Айымга бул бакыт деле толук бойдон берилбеди. Кызынын майып болуп торолгонун укканда, айласы кете тушту:
-Ыя!?
-Кечээ жыгылганында ичин менен катуу тийгенсин, биз толук диагноз кое албадык, эгер жашап кетсе, ошого карап бир жыйынтыкка келебиз.
Мумкун биз ойлогондой болбой, кыздын чоноюшу менен баары башкача болоор?!
Айым кызын бооруна басып, ачуу жашын токту. Баары эне болгондо кубанычтан ыйласа, бул кызынын алдындагы куноосуно ыйлады.
Ансыз да тетириленип аран жургон жолдошу, ого бетер алыстады. Кызын уйго чыгарып келгенде бир караган бойдон, колуна алып , жакшы деле корбоду.Бул Айымга ото оор батты.
Кундузу тирилик менен болсо, тундосу кызы менен алышат.
Бул уйдо анын бары менен деле, жогу менен деле эч кимдин иши жоктой.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Март 2019 - 13:51
#9 16 Март 2019 - 14:22
Айым чоочуп ойгонду. Мандайында жолдошу туруптур:
-Уктап калыпмын го?
-Мындай жашоо болбойт Айым?
-Эмне кыл дейсин?
-Сенин сабырын менин сабырымды туготмок болду, деги качанкыга чейин чыдамакчысын?
-Кызыбызда эмне куноо?
Жолдошу жинденип ордунан тура калды:
-Сен озуно кара биринчи, карасан?
-Ушундай болуп калганыма ким куноолуу?
-Озун гана! Башка эч кимден куноону издебе, сени ким мынчалык чыдамдуу бол дептир?
Айым ордунан тура калып, жолдошун ургулап кирди:
-Акмак экенсин, мен сен учун , кызыбыз учун чыдап келе жатам эгер билсен, иттей кыялына менден башка эч ким чыдамак эмес?
-Ким айтты ал жомокту сага, озунду баарынан акылдуумун деп ойлойсунбу?
Кетчи Айым, мени да озунду да кыйнабачы, карачы абалыбызды?
-Деги онолбойт экенсин сен, сага кетирген кайран убактым! Сени було болот деген кайран жаным.
Нурдун кийимдерин жыйыштырып, тагдырына нааразы боло ыйлап жатты.
Жолдошу ордунан да козголбоду, башын мыкчып, коздорун жумган боюнча кала берди.
Багытын, кайда бараарын да билбеген.
Жон эле кызын бооруна басып кете берген.
#10 16 Март 2019 - 18:12
Айым козун ачса тан сурулуп калыптыр.
Нурду ойготуп албайын деп, акырын кучагынан бошонуп туруп, ашканага жоноду.
Тунку ойлордон мээси чарчап, конулу кирдеп ойгонду. Эстегиси келбеген эскеруулор аны кыйнап келет ар дайым.
Эртен мененки тамакты даярдап,Нурду ойготту. Экоо конулдуу чай ичип, кызын мектепке таштап, озу жумушуна жоноду.
Буларда кундогу корунуш ушундай, эртен менен кетишип, туш оой уйго келишет. Коп учурда Нур уйдо жалгыз калат, кичинесинде Уулкыз келип карачу, эми анын да оз турмушу бар, анын устуно Нур акылына кирип калды, апасынын айтканындай кылып, эч кайда чыкпай аны кутуп отура берет уйдо.
Эне деле ойлонот кызын, бирок жумуштан калууга да болбойт.
Бул жумушун ал жанынан да артык корот, себеби бир учурларда, озун да, кызын да ушул жумуш сактап калган. Болбосо ымыркайы менен жалгыз кайда барат эле?
Ар кун эртен менен келип,тарбияланып жаткан балдарды коргондо кубанганын озу да билбей калат.
Бул жердеги наристелердин ар кимисинин озунчо тарыхы бар, биринин ата'энеси каза болуп калган, биринин атасы бар апасы жок, кээ бирлерин болсо, эшик алдына таштап кетишкен.
Айымдын биринчи жумушу, баары менен саламдашуудан башталат. Аны коргон балдар эркелеп, мойнуна асылып алышат. Айымдын балдарга катуу айтпаган, жумшак мунозун баары билип бутушкон. Алардан убактысын аябайт, чогуу ойноп, арасынан бироо'жарымы ооруп калса, кадимкидей кошо ооруп кыйналат. Кээ кундору уйуно кете албай, Нурду да ушул жерге алып келип, жумушта туноп калышат.
#12 16 Март 2019 - 19:14
-Бала жакшыбы?
-Туну менен ысытмалап чыкты.
-Азырчы?
-Бир аз жакшы.
Баланын болмосуно кирди, ойгонуп эле эжесин издеп ыйлаган окшойт, коздору шишип турат:
-Азык, кандайсын балам?
Азык унчукпай дулдуйду.
Айым жанындагы кызга кайрылды:
-Эртен мененки тамагын бердинерби?
-Ичпей койду.
-Жылытып алып кел!
Озу жайланыша отуруп, Азыктын башынан сылады:
-Сен тамак ичпесен, ооруп каласын уулум?
-Эжем качан келет?
Бала бышактады:
-Эжен келет, сен тамагынды ичип, жакшы бала болсон келип, сени алып кетет, макулбу, келегой?
Азыкты озу карап отуруп тамагын берди,кечээтен бери эч нерсе жебегенге бала ачыгып калыптыр. Ал Айымдын жылуу создоруно эрээркеп, апасын элестетип жиберди:
-Эми эжем келеби ?
-Ооба, журогой эшикке чыгасынбы?
Азыкты жетелеп короого алып чыкты:
-Канчага чыктын Азык?
-Алтыга.
"Мендей курагын экен" деп койду озунчо.
-Мектепке баргын келеби?
Бала башын ийкеди:
-Бул жерде сени мектепке алып барышат, ал жерде сен сыяктуу балдар аябай коп.
-А эжемчи?
-Эжен сен чоон жигит болгондо алып кетет, ага чейин келип, сени коруп турат.
-Бая эле тамак ичсен келип алып кетет дебединби?
Азык ыйлаганга даярданды:
Айым энкейип баланы кучактап которуп, отургучтардын бирине отурду:
-Тамак жегенин сайын чоноюп бара бересин, сен ыйлаба, ыйласан боюн оспой калат.
Бала ээрдин эмшиндетип барып токтоп калды.
-Азык , карачы бул жалбырактарды, кел терип ойнойбуз?
Айым колунан келишинче аракет кылды, бирок бала эжесин сураганын койбоду.
Албетте, азыр анын абалын Айымдай эч ким тушуно алмак эмес, бир тууганын кайра'кайра сураса да ыйлабай калганына кубанып, кеч киргенче баланын оюу менен журо берди.
Ал куну Нурду дагы алып келип, жумушунда калып калды.
Азыктын конулун алууга болгон аракетин жумшап, жоготуудан оксуп турган конулун толтургусу келди.
Эмнегедир ушул баланын коздорунан башкалардыкына окшобогон кучтуу сезимдерди окуп турду.
Бугун жуманын башталышы болгондуктан маяна алышмак.
Акчаны таркатып берип, Айым куло карады:
-Баарына жеттиби?
Баштарын ийкеген тарбиячылар Айымга карашты:
-Озунузго да жетсин .
Тамак даярдаган ашпозчунун суйлонуп жатканын угуп, устуно кирди:
-Эже, эмне болду?
-Ээ Айым, кумшекерди отконку айга салыштырмалуу азыраак алып келишиптир.
Айым чонтогунон акча алып сунду:
-Ушул жетеби?
Ашпозчу башын чайкады:
-Озун жарытылуу маяна алсан да мейли эле, эмне сенде тирилик жокпу?
-Эже, балдарга айдын акырына жеткидей кылып кумшекер сатып алыныз!
Эртеси жумуштан чыгып, Нурду мектептен алуу учун шашылып чыгып баратып, дарбазанын алдынан Азыктын эжеси менен сузушо кетти:
-Сенби?
-Эже иним кандай?
Айым аргасыз артына бурулду:
-Журу мени менен!
Азыктын эжеси менен суйлошуп отурганын ичкериден карап турду. Эжеси улам жузунон ооп, коз жашы токтобой жатты.
Айымдын журогу кысылып чыкты, бирок тим койду, сабыр кылып кутуп турду.
Эшикти акырын ачып, Азыкты которгон эжеси кирди. Акырын шыбырап суйлоду:
-Иним уктап калды?
Айым баланы озу болмосуно алып барып жаткырып, устун жылуулап жаап койду.
Экоо унсуз тиктешип отуруп калышты:
-Атын ким?
Кыз жашын суртту:
-Умутай.
-Окуйсунбу?
-Ооба, экинчи курста окуйм.
Айым кызга тике карады:
-Умутай, мени ташбоор экен деп ойлобо, бирок эми мындан ары келбе!
Кыз коздорун алайтып туруп калды, ал Айымдан мындай созду кутпосо керек:
-Эмне учун?
-Кундо келип баланын жарасын жанылай бергенден эмне пайда, качан айыгат анда ал?
-Аны апам мага таштап кеткен эже, андан башка дагы торт синдим бар, бул эн кичуубуз, жалгызыбыз. Таштап кете берсем, ал мени жек коруп калат.
-Жаш наристени кунуго сое бербегин ар куну келе берип. Андан коро бир жолу жанын оорутуп, башка кайрылып келбе, же алып кете албаганындан кийин?
-Эже?
-Сен али жашсын Умутай, окуунду жакшылап окуп, келечекте мыкты адам болуп жетиш, Азыктан кыжалат болбо, мен ага оз апасындай боло албасам да , жамандык кылбайм.
-Жок эже, мен озум алып кетем.Мен оз апамдай кылып карайм аны?
-Кандай тушунбойсун, ата'энен эми жок, сен озун азыр мээримге муктажсын, баланы кыйнап койбогун деп жатам.
Эч ким эненин ордун баса албайт, тушун!
Бир учур келет, ошондо баарынар бирге болосунар, азыр сен коп нерсени тушунбойсун!
Умутай бетин басып копко ыйлады. Бирок Айымдын созундо жан бар эле. Бир туугандык сезимге алдырып суйлоп жатканы менен, азыр аны багууга мумкунчулугу жок болчу:
-Каалаган куну алып кете аламбы?
-Ооба, эгер мен ушул жерде болсом эле.
Умутайдын кайгыдан жуйурто басып баратканын коруп , озу да ыйлап алып, артынан чыкты.
Турмушун менен жерге кир,деги буларда эмне куноо десен, же ата' энеден ажырагандардын баары эле, тагдырга да огой болуп калабы?
...
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Март 2019 - 19:26
#13 16 Март 2019 - 19:44
Чебелектеп, отуп бараткан унааларга кол которо кетти, алардын деле токтоор'токтобосу кумон да?
Кудай жалгап бироосуно ынсап берип токтой калды:
-Кайда барабыз ?
Айым Нурдун мектебинин дарегин айтып, арткы орундукка отурду.
Жетээри менен капчыгын чукулап калды,айдоочу кулуп койду:
-Бербей эле коюнуз,соопчулук деле керек го?
-Рахмат!
Айым айдоочуга танкала карап коюп, тушуп кетти.
Келсе окуучулар дээрлик калбаптыр, дайым апасынын ,озу алып кетээрин билген кызы да ордунан жылбай кутуп турган экен, апасын коро сала аксандап жетип келди:
-Кечиктиниз го?
Нурду кучактап, которо келген таттуусун карматты:
-Кызым кечир, экинчи кайталанбайт ээ?
-Келиштик!
Экоо кол алышты, жадырай кулуп, жетелешкен тейде автобустардын бирине отурушту.
Мына ушуну чыныгы суйуу десе жарашат, эненин балага, баланын энеге болгон суйуусунон , мээриминен откон жакшы нерсе барбы бул жашоодо?
Бул корунушту жакын эле жерде турган,азыркы айдоочу да корду:
-Деги чыныгы бакыт ушул болсо керек!
Ал кыздын аксандап, бир тарабына бираз ооп басып баратса да, энесин коргондо жайнаган коздорунон, озгочо таасирленген эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Март 2019 - 19:45
#14 16 Март 2019 - 22:34
#16 17 Март 2019 - 11:45
Уулкыз экен:
Айым суйунуп кетти:
-Келдинби?
Уулкыз суроосун жоопсуз калтырып, эжекесин бек кучактады. Айым сезди, анткени Уулкыз , жашоодон чарчап кетип, тогулгусу келип калганда гана ушинтчу.
-Эмне болду?
-Сени сагындым!
Уулкыз Нурду бооруна басып, ооп'ооп алды:
-Алтын кызым менин, жакшы журосунбу?
Нур эжесине эркелеп алды:
-Эмнеге Эламанды алып келбедин?
-Кийинки жолу келгенде алакелем ээ?
Нурду уктатып коюп, копко чейин суйлошуп олтурушту:
-Жигитти бекер таштапсын, ал жок уктай албай кыйналасын го?
-Элдин баары эле сен дейсинби,карай турган адам толтура го уйдо?
-Ошентсе да, сенин ордун башка да баарыбир?
-Эже койчу эми, озун кандай журосун?
-Жакшымын, менде баары сонун, Нур мектептин "Ардак тактасына" илинди, алдынкы окуучулардын катарында.
-Кызындан кутсо болот, зирек эмеспи,мен озун жонундо сурадым?
Айым ойлуу жооп берди:
-Уулкыз айтчы, эне учун баланын бакытынан артык бакыт барбы бул жарыктыкта?
-Албетте жок, бирок сенделе ысык жансын да?
-Мен эркек аттуудан конулум калган, эгер алар ошол кызымдын атасындай болсо, анда жалгыз эле журо бергеним артык.
-Беш кол тен эмес да, сени коп ойлончу болдум акыркы убактарда.
-А сен ойлобо, сен уулунду, Кенжебекти ойло!
-Сен эмне Нурдан башка эч кимди ойлобойсунбу?
Айым кулуп койду:
-Сени да коргум келип турат,сенин бактылуу жашаганынды коруунун озу мага чон дем берет,менда да бир кун келип жакшы кундорго жетээрмин андай дебечи?
Бир тууганы, эжесинин мунайым тарткан коздорунон баардыгын окуп турду, дуйнодо, озуно куйоор жалгыз адамы го кантсе да.
Уулкыз уйбулодо эн кичуу уулга турмушка чыккан. Ортолорунда уулу бар.
Кенжебек мыкты жолдош,камкор ата!
Ата'энеси, бир туугандары да жакшы адамдар,Уулкызды оз кызындай жакшы корушот.
Баса, Уулкыз кантип мындай кен пейил адамдарга туш келип калды эле, аны да айта кетпесек болбос?
..
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 17 Март 2019 - 12:10
#17 17 Март 2019 - 19:54
Айымдын кетип калганын угуп,Уулкыз алгач ишенбей карап тура берди, ал учун кутулбогон кабар болчу. Кабар айтып келген адамды улам'улам жузуно тигилет:
-Сиз ким болосуз?
-Мен жон эле кабар айткан адаммын, мага "Айымдын кабарын билдирип кой!"дешти болгону, мына дареги.
Мына сага!
Майып кызы менен кандай кун кечирип журду экен?
Уулкыз кагаздагы даректи окуганы менен, ал жака жете албастыгын тушунуп эле турду.
Айымдын кетип калышы, жалгыз бир тууганынан башкасына коп деле баш оору жаратпагандай.
"Теги жамандар, мен силердин айынардан айылда баш которуп журо албай калдым, эч кимиси жоктой болбой уйго келбейби?" деп, эжеси бар кучун Уулкыздан чыгарды .
Озу да буулугуп аран жургон кызга бул создор ашыкча болчу. Эмне кылаарын билбеди.
Анын абалын тушунуп, акылын айта турган жан адам табылбады. Бир тараптан айыл шартындагы тумон туйшуктон баш которо албаса, экинчиден эжесине болгон кусалык эзди кызды.
Кундо жатаарда Кудайдан амандыгын тилеп жалбарат. Оз алдынча Айымды издеп барууга эрки жетпейт эле.
Бугун да кундогу жумуш кайталанып, короого келген малдарды байлап жургон.
Огой энесинин ачуу унунон зырылдап жетип барды. Уулкыз анын эмнеге ачууланып жатканын билгенге деле улгурбоду, босогодон бери ыргыган идиш жердеги ташка тийип, анын бир болук сыныгы , бутуна келип тийгенде гана эсине келе тушту.
Бутунун кызыл ашыгынан бираз жогору жери бираз ачышып ооруп, анан ысык кан жая берди. Уулкыз коркуп кетип аркага кетенчиктеди:
-Апа бутум..?.
Апасы да коркуп кетти бейм, коздору алайып кетти.
Ал кезде ар кимдин короосунда бирден унаа кайдан, а "Тез жардам" унаасы андай тоонун боорундагы айылга жеткенче качан?
Эптеп бироону таап келишти, ошол учурда апасы да эмне кылып койгонуна тушуно албай, ичинен коркуп турду.
Аймактык ооруканага жетип барганча карангы кирип кетти. Уулкыздын ооруга чыдабай, козунон буурчак'буурчак жаш тогулот.
Деги бир Кудай сактаптыр. Эгер бираз эле теренирээк кесип кеткенде, соокко жете тушмок экен. Озу да талуу жер болгондуктан, дарыгерлер шашып калышты.
Уулкыз козун ачса буту танылуу жатыптыр.
Мандайында турган, ак халатчан жаш эле дарыгер , кызга карап жылмайды:
-Абалын жакшыбы?
Ооруканада он кундон ашык жатып калды. Озу менен чогуу жаткан жашы элуулордон отуп калган толук жуздуу аял, улам кызга боору ооругандай карай берди.
Уулкыз озуно аянычтуу, анан оздорун бийик коюп, устуртодон караган адамдарды жактырчу эмес. Азыр да анын коз карашынан ачууланып отурган.
Ангыча медайым эшиктен баш бакты:
-Эже, уулунуз сизди коргону келиптир,башчыбыз жогунан пайдаланып киргизе берейин, батыраак чык деп айтыныз!
Сырттан кара тору, коздору кулмундогон жигит кирди.
Ал апасы менен суйлошуп отурганы менен, эси'дарты киргенде эле мандайынан, озу кабылган Уулкыздын,керсары тарткан жузундо болчу.
Чындап эле тагдыр дейбизби, же жон эле дал келуучулукпу, болбосо азыр кобурашып отурган эне баланын оюу бир жерден чыгат деп ким ойлоптур..?
#18 17 Март 2019 - 20:33
Кыз конулу назик болот эмеспи, жакшы созго, жылуу мамилеге оксук конулу аз да болсо толо тушту. Ал турмуштун кандай экенин билууго жаштык кылса да, тобокелдикке салды.
Озунун макулдугу менен эле, Кенжебектин колун кармады.
Себеби максатсыз жашап журо берсе, бир кун акылсыздык кылып коюшу мумкун эле, анткени, анын конулу менен эч ким эсептешчу эмес.
Балким ал деле келечекте мыкты инсан болуп жетишкиси келгендир, а мумкун анын да толгон'токой арзуулары бардыр эле?
Ал эми кыздын ичинде гана кала берди.
Уулкыз адашкан жок, ал куткон мээримди, озу энсеп жургон камкордукту жолдошунан, анын ата'энесинен корду.
Жашоодо жакшы адамдар да бар экенине аз да болсо ишенди.
Анын конулу оксук экенин эч ким эстетпеди бул уйдо, бир аз тумоолоп калса, кайненеси баш болуп уйрулуп тушо калышат. Дары'дармегин ташып, колунан жумушун алып, Кенжебек жанынан чыкпайт.
Жакшы адамдардын балдары да жакшы болот, себеби алар мыкты тарбия корушкон, мээримге болонуп чоноюшкан, ал эми камкордкта, бейпилдикте чонойгон инсан, башкаларга да мээрим бере алат.
Анын сынары, Кенжебектин бир туугандары да ток пейил адамдар,алар Уулкызга, эч кимиси жок экенин билдиришпейт, барам деген жагынан калтырышпайт, пикирин сыйлап турушат. Алгач бул корунуш кызга оон учураганы менен, акырындап коно баштады. Багбандын мээнети куч болсо, гул да ошончолук кулпуруп бучурун ачкандай,Уулкыз да абдан татына келин болду.
Бугун айылда улак болуп, ага катышып келген Кенжебек эчкинин этин алып келди. Эмнеге аны которуп келгенин ким билсин, аны коргон Уулкыз эттин баарын салып, уйдогу эттерден да кошумчалап, жашылчалардан толтура кошуп, дымдама жасады. Тамак даамдуу болуптур, баары келинди алкап эле жегендей болушкан. Бирок кайненеси менен жолдошу улам эле эшикке кирип'чыгып калышты.
Кенжебек Уулкызды чакырды:
-Мен алып келген эт кана?
-Тамакка кошуп салдым?
-Кайсы тамакка?
-Азыр эле жебединби озун?
Кенжебек же ачуусун келтирээрин билбей, же куло албай туруп калды:
-Эй, ал деген эчкинин эти да?
Уулкыз каамырабады:
-Аны кайдан билдим, жумшак, даамдуу экен го?
Куйоосу келинчегин мойнунан кучактап, ылдый ийди:
-Сени менен анан суйлошом!
Дааратканага чуркап бараткан жолдошун карап, Уулкыз ийнин куушуруп койду да уйго кирип кетти.
Корсо "эчкинин эти суук келет" деп, такыр жешчу эмес экен, баарынан да кайненеси менен Кенжебектин ичи ооруп кыйналышыптыр ал куну. Ал окуяны копко чейин айтып, кулуп журушту.
Корсо аз эле олчомдо, мээрим гана керек турбайбы конулдорго! ?
Уулкыз дароо эле Айымды издеп барды. Бир тууганын коргондо кубанганынан ыйлады.
#19 18 Март 2019 - 02:13
#20 18 Март 2019 - 12:25
Айым перзенти учун жашагысы келсе, Уулкыз да ошол сынары.
Кыйынчылык менен откоргон балалык кундору, заматта эле бир жаман туш сыяктуу артта калды.
Ооба, эми ал кундорго кайра'кайра кайрылып, эстей бергенден пайда жок. Бирок журокто айыкпас дарт болуп, канча мезгил отсо да кунурттонуп тура берери бышык соз.
Ата'энесиз жалгыз эле булар эмес албетте, жашоодо андайлар толтура.
Айым эртен менен ойгонсо Уулкыз тамак даярдап коюптур:
-Сен жумушуна бара бер, Нурду мен жеткирип коем.
-Уйуно кечикпейсинби ?
-Сага окшоп кундо шашыла турган жумушум жок го?
Айым синдисине бирдеме айтуучудай, оозун таптап туруп калды:
-Эмнени сурай албай жатасын?
-Уулкыз, атаман кабар албадынбы?
Уулкыздын кабагы бурколо тушту:
-Жок, сен барып турасын го, жетет ошол, эгер жардам керек болсо..
-Баарыбир атабыз эмеспи?
-Анда эмнеге биз куткондо келбеди?
-Откон отту да, кекчил болгондун эмне кереги бар?
-Мен кек сактаган жокмун эже, болгону "ий атам эле" деген сезим жок менде, аракет деле жасап кордум, болбосо эмне кылайын?
Айым улутунуп алды:
-Менде бар дейсинби андай сезим, мен болгону перзенттик бурчумду аткаргым келет.
-Анда аткара бер, мени зордобо, коргум келбейт ал адамды!
Айым унчукпады, бир тууганы менен жылуу коштошуп , жумушуна жоноду.
Анын созу деле туура!
Кайсы ата' эне баласын унутуп койсун, балдарынын озунун мээримине муктаж экенин билип туруп, эмнеге бир да жолу издеп келбей койду? Атасынын деле озуно жараша себептери болгондур келбегенине, бирок кантип?
Айым бул суроолорду нечен ирет берди озуно, атасынын келбесин билсе дагы, дилинде умут оту булбулдоп жанып турчу.
Куто берчу.
Жетим балдар уйуно келип жашап калгандан кийин, атасын суруштуруп, издей баштады. Эмнеге издеди озу деле билбейт, балким сагынып, ага болгон таарынычын айткысы келди?
Анын башка уйбулосу бар экенин билгенде, ото катуу деле конулуно тийбеди, анткени озу божомол кылып, сезип журчу.
Айымды коргондо атасы кубандыбы, же жон эле кызынын конулун которгусу келдиби, айтор кучактап алып копко ыйлаган. Аны деле окунуч журогун жеп жургондур ушунча жылдан бери.
Ачылып суйлошо албай, коомай сурашып,атасынын кабагын карап отура берди кызы. Алдыларына тасмал жайып, чайын сунуп жаткан аялды, чолуй бир карап алды.
Ал деле кыздагы сезимдерди байкап, акырын сыртка чыгып кетти.
Айымдын кокурогундогу уюп турган сагынычы, кандайдыр бир ооруну жаратты. Дилинде даярдап келген создору айтылбай, ичтен тынды. Эми оропкоп таарына бергенден эч кандай майнап чыкпасын билди. Апасындай мээримдуу болбосо дагы аялы , аялдын озуно окшош баласы бар экен.
Олгондун озунун эле шору тура! Артында калган тируулор, андан ары жашоосуна улантып кете берет.
Айым ашыкча соз айталбай коштошуп кете берген. Издеп барганына да окунуп кеткен эле ошол убакта. Бирок бул жашоодо эч нерсе себепсиз болбойт, дарактан бир жалбырак жерге тушсо да, анын да оз себеби болот.
Коп отпой атасына дагы барды, бирок биринчи барган даректен таппай калды. Нур ал кезде эки жаштан отуп калган кези болчу. Анын оорулуу буту кеч чыкканына байланыштуу, Айым аны которуп алчу. Кызын жонуна которуп журуп, атасын ар кимден сураштырып журду. Бир эле жолу эмес, далай ирет издеп барып, аран тапты атасын.
Коргон коздоруно ишенген жок, коздорунон нур кеткен, арыктыгынан далысы каркайып, ичкиликтен жузу шишип кеткен, таптакыр башка эле адам турду алдында. Кызынын козуно карай албай томсорот:
-Ата?
-Дагы издеп келдинби?
Атасы кызынын абалына боору ооруп, озунун акылсыз ата болгонуна кейип, Нурду бооруна басып оксогон эле.
Ичтен эзген куйуттон кыйналгандыр, же кыздарынын алдындагы куноосу тынч койбогондур, жакшына эле жашап жаткан жашоосунан айрылып калаарын сезбей, атасы ичкиликке берилип кетиптир. Андай адамдын кимге кереги бар дейсин?
Анан аялы да кол шилтеп басып кетиптир. Айым атасынын бул абалын коруп, унчукпай кетип кала албады.
Тамак'ашы, кунумдук керектелуучу нерселерин ташып келип берип журду. Келип кирин жууп, тамагын бышырып берет, бирок атасы ичкенин токтотподу. Акыркы жолу келгенде Уулкызды да ээрчите келди, алагуу болуп отурган атасы кичине кызын коргондо соолуга тушту:
-Кы ззым?
Уулкыз адатынча буулугуп ыйлабады, аны деле турмуш озгорткон да?:
-Кебетен кантет?
Атасынын башы шылк дей тушту:
-Мен ушинтип калдым кыздарым?
-Уялсан боло?
-Ошондо апан эмес мен олгонумдо, силер да мынчалык кыйналбайт эленер, кызым?
Уулкыз жинденип кетти:
-Сен кимсин Жараткандын ишине аралашкандай, ким керек болсо алып кетет да? Билесинби сени канчалык кутконубузду, тундолору жаздыкка башыбызды катып алып , ыйлап тан атырып жибергендерибизди? Айым айтпаса, мына мен айтам ата!
Бизде таптакыр башкача жашоо болмок, апам олсо, сен тируу элен го, эми карачы бизди?
Кимбиз биз? Бул создордон эч кандай пайда чыкпаса да айтам мен сага, жетишет ушунча которуп жургонубуз, эми мындан ары сен котор!
Айым Уулкызды токтотууга аракеттенди:
-Болду дейм?
-Эмнеге озунду акылдуу коргозгун келет эже, калп эле менде баары жакшы дей бересинби?
-Уулкыз?
-Мына эми карачы атамды, акыры тубу келип экообузго коз каранды. Эмнеге билесинби?
Анткени ал сен экообуздон башка эч кимге кереги жок, тируунун олугу!
Атасы кош колдоп бетин жаап, бир ооз соз кошууга жарабады. Кыздарынын аны куноологонго укугу бар болчу.
Уулкыз ачууланып ордунан туруп, Нурду которуп эшикке бет алды. Айым да атасына дагы келээрин айтып, артына бурулду:
-Мынчалык катуу кетуунун кереги жок болчу Уулкыз?
-Билем эже, озумду кармай албай калдым, адилетсиздикке чыдай албай кетем да!
Ошондо эмнеге мынча катуу суйлоду экен, деп ойлоду Уулкызды.
Ойго алдырып, жумушуна жетип калганын байкабай калыптыр:
-Ой токтотуп коюнузчу! ?
Автобустан шаша тушуп,бат' баттан басып жоноду.
Себеби аны, тупсуз ойлордун кучагынан сууруп чыгуучу, кулмундогон чексиз куноосуз коздор кутуп турат.
Шашылбаса болбойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 18 Март 2019 - 12:51