Балдарым аман болсо болгону...(((
Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#4602 18 Январь 2020 - 01:06
Ушунчалык сагындым сени .Аны сөз менен айтып жеткизе албайм.Мен сени ушунчалык көргүм келет.бирок сага баруучу жолду таппайм.Сен дагы сагынасыңбы мени?
#4603 18 Январь 2020 - 01:09
Сени унуткум келет.Сени менин жүрөгүмдөн такыр жоготуп салчу адам барбы?Эгер ошол адам бар болсоң эртерээк келчи сураныч.Ошол бир белгисиз адам мага жазып койчу.Мен сенин бар экенине ишенем
#4604 18 Январь 2020 - 01:23
Мен дагы жакында могу темага: "Сени менен жолукканда,
сенин көздөрүң тата-пата"
деп жазып калбасам эле өля. Бир баля болчудай өзү.
#4605 18 Январь 2020 - 01:35
#4607 18 Январь 2020 - 02:15
Тун. Терезени ачтым. Дыбырап жааган жамгырдын унун тыншап отурамын. Кычыраган кыштын экинчи айы болсо деле бизде жамгыр. Жаандын уну мынча керемет ээ?... Жамгырды суйчу эмесмин, бирок жаандан кийин жуулган жалбырактай,
жан дуйном да тазарып, дилимдеги кайгы капалар жуулуп кеткендей. Жузумо тамып жаткан муздак тамчылар да жагып жатат. Эхх омурумдун дагы бир кышы...
Кундо тундосу келечегимди алдыга, отмушумду артыма, ал эми ушул кунумду азыр убакка коем деп бел байлап олтурам да кайра эле бутпогон, туйшолткон тумон ойлордун кучагында калам. Кайра эле чырмалган ойлордон чыга албай баарын чубап чаташтырып жиберем. Санаалардан кутула албай, балким сени куткондой улам артымды карап кылчактайм бактылуу балалыгым. Тээ алыста, тагдырымдын тикендуу жолунда жоготкон, карайлап кармап калаар айла таппай боздоп, оксуп кол узгон артымдагы эки айрылыш жолду кылчактап карай берем. Мына чуркап келип кайрадан ошол бактылуу бала кунумо алып кетчудой, колумдан кармап аркага алып барчудай, жетелеп алып умут берчудой кылчактап тиктейм. Анан келбесинди акылым менен сезип, алдыны умуттуу тиктеп омур жолумду улап келе жатамын. Арты окунуч, алды табышмак жалган дуйно. Бугун да тун жарымынан ооп калса да ойлорумдун учугун таппай, жоготуп алган таттуусун издеп, таба албаганда томсоруп отурган баладай саатты тиктеп отурамын. Ал эми саат болсо "мен сенин омурундун, суйуундун кандайдыр бир болугун уурдап баратам" - дегенсип бир калыпта чыкылдайт...
Жалгызым... Темирлан...

#4608 18 Январь 2020 - 21:09
Оо Аллахым Бир Гана озунузго мактоолор болсун.Озунузго минмертебе шугур бактылу кылып бешенеме жакшы адамды жазып Ширин наристе бергенинизге шугур.ширин балам акылдуум менин атына затын жарашкан уул болушунду тилеймин.Баарыбыз сени жыттап чарчаганыбызды басып,кайгы капабызды жоготобуз даары балам менин омурун Узун болсун.
#4609 18 Январь 2020 - 22:55
Элдин созу учун эмес,эрдин намысы учун эмес,балдар учун эмес,уят учун эмес,кайнжурт учун эмес,ата энендин жузу учун эмес,дегеле башкалар учун эмес аял адам озу учун жашоого аккысы барбы???
#4610 18 Январь 2020 - 23:43
Албетте!
Өзүңүз үчүн жашаңыз. Бул дүйнөдө эч ким эч нерсе эч кимге милдеттүү эмес!...
Өзүңүз үчүн жашаңыз. Бул дүйнөдө эч ким эч нерсе эч кимге милдеттүү эмес!...
#4611 19 Январь 2020 - 02:03
"Эч ким сага бакыттын мойнуна аркан салып суйроп келип бербейт, ал учун озун аракет кыл. Озун курош." - бул создорду кайсы жерден окуганым эсимде жок. Бирок аябай бек сакталып калыптыр. Ар бир женилуумдо,
ар бир ташка чалынып жыгылганымда ушул создорду эстеймин. Озун курош. Аракет кыл. Умтул. Кол соз. Жыгылсан тур, ыйласан соорон. Жоготуп алсан изден. Озун жаса. Озун ишке ашыр. Анткени бул сенин жашоон. Сенин жолун. Сенин тандоон. Сенин аракетин. Сенин ийгилигин. Сенин женишин. Сенин БАКЫТЫН. Озун аракет кылып тапкан нерсе гана бакыт болот.
Жалгызым... Темирлан
Жалгызым... Темирлан
#4612 19 Январь 2020 - 14:52
#4613 19 Январь 2020 - 15:06
Мен бактылуу болбой калсам эгерде,
Сен да бакыт эмнелигин сезбегин...
деген экен каттуу суйгон бир жинди)))
Сен да бакыт эмнелигин сезбегин...
деген экен каттуу суйгон бир жинди)))
#4614 19 Январь 2020 - 16:50
Кулачы кең ааламга батпай, ушунчалык чоң дүйнөдөн өзүмдү-өзүм таппай кыйналдым, кысылдым. Жан дүйнөм менен акылым эмнени каалаганын билбей ден дароо абалдамын. Бир туруп алсыз, назик, коргоого муктаж болуп бирөөнүн канатына калкалангым келсе, дагы бир туруп күчтүү, эч кимге көз каранды болбой жашагым келет.
Бул жашоодо өзүмдү өзүмдөн башка эч ким сактай албашын билсем да, кылчактап эки жактан "сактоочумду" издейм. Ачылып-чачылып ичимдегинин баарын төгүп таштагым келет да, кайра "жыйналам" . Жан дүйнөм бош, ээн үйдө калгандай, кыйкырыгым, сүйлөгөнүм жаңырып жалгыз өзүмө кана угулат.
А сен кандай жүрөсүң? "Деңиздей тынчтык берчү дарыңды таптыңбы?"
Билем, жек көрөсүң. Туура эмес түшүндүң. Күнөөнү менден кана издебе. Эч кимибизде күнөө жок. #лейло)

#4615 19 Январь 2020 - 23:19
#4616 20 Январь 2020 - 11:24
Сен жонундо коп нерсе айткым келди. Бирок башка убакытта. Сени жакшы кором. Сенин барын мен учун бакыт.
#4617 20 Январь 2020 - 22:32
Сен күткөн жоопту бере албаганым учун кечир .....т. Жакшы адамсың, бирок менин түзүп алган жашоомдун формуласында сага эч бир орун бош эмес экен. Формула жазылып, кашаа коюулуп калганда кезиктиң...
#4618 20 Январь 2020 - 22:55
Сүйөрүмдү мурун эле айтсам эмне болмок, билем кыз бала биринчи болуп айтбашын, эми мынтип башкага турмушка чыгып атасын, убакыт дарылайт мени....
#4619 20 Январь 2020 - 23:07
Бакыттын ыйык гүлү арманай учуп кетти, жанаша канат кагып арманай учалбадык,
Сезимдин сересине эмнеге чыгалбадык,
Жанаша канат кагып арманай уча албадык...ииии ииийй ииии
Сезимдин сересине эмнеге чыгалбадык,
Жанаша канат кагып арманай уча албадык...ииии ииийй ииии
#4620 21 Январь 2020 - 01:17
So...
Йоксуң го,ыя?)Жакшы жүрсөң болду деги.Ооруба. Оорусаңыз капа болобуз)
Күндөр мынча тез өтөт.Январь айы аяктап калды.Анан жаз.Жаздан күзгө кантип жеткениңди билбейсиң.Уйку келдии."Заман тынч болсун"деп эле чоң энеме окшой берсем))#Кудайга шүгүр❤