Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#5841 06 Октябрь 2021 - 01:12
Мен бир нерсеге өкүнөм да...
Илгери бир видео көрүп байкуш келинге боорум ооруган. Баягы эле эне. Келин жүрүп-жүрүп айтор, бутуна туралбай төшөктө жатып калат экен, инвалид болуп, ошондон кийин кайын-журту төркүнүнө жеткирип коюптур. Эми килтейген аялды апасы карап отурат.
Анын сыңары эжем мына-мына төрөйм деп жүргөндө бутун кайрып алып, сөөгүнө жарака кеткенби айтор, басалбай жөрмөлөп калса, кайненеси үйгө таштаттырыптыр. Дагы жакшы, апасы (тайжем) Кыргызстанда болчу, чет жакта болсо эмне болот эле а, кор болуп..? Анан, төрөп үйгө чыгып, 20 күндөй үйдө жүрүп, жакшы болоору менен алып кетишти, жада калса кызыңдын кыркын чыгарып кет эми ушунча болду десем да болбой...
Анаан, ошондо баары бир бир ой кетет экен да, келиндер кайын-журт үчүн кара жумуш күч эле, адам ордуна көрүшпөйт деген...
***
Эми Кудай сактасын, өзү да өлөсөл жаным бар, мен бир нерсе болсом, кимге жалдырайм а, кимге эркелейм... Ден-соолук берсин Кудай, бөөдө кырсыктан сактасын.
В каждой шутке есть доля правды...
#5842 06 Октябрь 2021 - 13:24
Анан да жиним келгени,дагы удаа төрө дегендерчи!
Жаны кыйналбагандан кийин айта беришет да.Сактанып,
өзүңө кара деген апаң эле...
#5843 06 Октябрь 2021 - 16:22
Видеозвоноктон суйлошуп жаткам эки байкем мн ,анан улуусунан сурап калдым той кайсыл кунго белгиленип жатат десем ,кичуу байкем сразу «Н@31К сен укпадынбы али ?Бизге айтып даже приглашения келди го ,жакшы коргон карындашы элен кантип сен укпай Калдын .Мен сенин ордунда Болгондо давно телефонду очуруп ,заблокировать этип суйлошпой коет элем мындай мамиле кылганда»-дейт .Жалдырап улуу байкемди бир карап ыйлап жибергим келип ,»Кайдагыны айтпанызчы ,Болсо даже сизден биринчи мен угам,силер акыркы угасынар»-деп койдум озумчо .Улуу байкем болсо экообузду карап ,кулуп «3$3Н койчу?!Каяктан кимден уктун?Бизди деле чакырышат бекен анан ,Тойдон калып кетпейли» -деп кулот .Болбосо тою боло Турган адам озу Анан кайра тамашалап жатат да той пока белгилене элек ,суйлошуп жатабыз десе кичуусу «Жон турсаныз аз жерден ыйлап жиберет эле « деп кулуп калган
Коп отпой телефонго улуу байкемден СМС келди «Той ушул числого белгиленди Н@31К» деп жылмайган смайлик менен .Андан кийин Гана озубуздун группага жазышты ушул числого даярдана бергиле туугандар деп ….
Эмне десем байкем экообуздун жашообуздагы катачылыкпы же кемчиликпи эмнеси Болсо да кеч табышканыбыз. Эмнеге бир семьяда бир курсактан тушкон эмеспиз дей берем .Кичинебизден чогуу оскондо али бизди мындан да соонун нерселер кутмок беле.Хотя биз бири бирибизди тапканга аз Гана жылдар Болсо дагы ,чогуу оскон бир туугандардай характерлерибизди 100% ашык билебиз .Кээде сезип да турабыз эмне каалаганыбызды .Даже биздин кызыкчылыктар да бир багытта.Анан да азырга чейин ыраазы боло берем,жашоонун эн чон белектеринин бири жакыным менен табыштырганы
Коп отпой телефонго улуу байкемден СМС келди «Той ушул числого белгиленди Н@31К» деп жылмайган смайлик менен .Андан кийин Гана озубуздун группага жазышты ушул числого даярдана бергиле туугандар деп ….
Эмне десем байкем экообуздун жашообуздагы катачылыкпы же кемчиликпи эмнеси Болсо да кеч табышканыбыз. Эмнеге бир семьяда бир курсактан тушкон эмеспиз дей берем .Кичинебизден чогуу оскондо али бизди мындан да соонун нерселер кутмок беле.Хотя биз бири бирибизди тапканга аз Гана жылдар Болсо дагы ,чогуу оскон бир туугандардай характерлерибизди 100% ашык билебиз .Кээде сезип да турабыз эмне каалаганыбызды .Даже биздин кызыкчылыктар да бир багытта.Анан да азырга чейин ыраазы боло берем,жашоонун эн чон белектеринин бири жакыным менен табыштырганы
Chagylgan
#5844 06 Октябрь 2021 - 16:40
Ушунча жашап кызганчаак экенин билбептирмин,
мен жуткан ууну сен да жут деп ичимен кымындадым.
....уктай албай калдым,эмнеге анттин деп сурадың,мен ийиимди куушуруп тим болдум.Болбосо өзүмө өзүм жөнөткөн өзүмдүн сүрөттөрүм болчу.Номерди билбедиң.Билгизбедим.
...Билбе азырынча....ууну сен да жут...Жакшынакай сүрөттөрүмдү эстеликке сактаганга да болбойбу тобааа...
#5846 06 Октябрь 2021 - 22:22
Мен сени суйоом деп айткан жакшы болуш керек ээ? Же уккан андан дагыбы?
#5848 07 Октябрь 2021 - 17:04
Уйундо ар дайым тынчылык болсун,озун аман бол доке.
Билдирүүнү түзөткөн: MegamozG_91: 07 Октябрь 2021 - 17:05
#5849 09 Октябрь 2021 - 06:57
Кудайым баарыбызга жеңилдик берип, максаттарыбыздын орундалышына себепкер болсун.
“Адамдын акылдуулугу айткан жообунан эмес, берген суроосунан билинет”.
Гостон де Левис
Гостон де Левис
#5850 09 Октябрь 2021 - 22:28
Көөп нерсе жазгым келди эле... жөн эле коёюн эми)
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 09 Октябрь 2021 - 22:32
#5851 11 Октябрь 2021 - 03:34
Жуманын башталышы ийгиликтуу башталсын!
Билдирүүнү түзөткөн: JANTUMARYM345: 11 Октябрь 2021 - 03:35
#5853 12 Октябрь 2021 - 13:47
#5854 12 Октябрь 2021 - 22:50
Мен апасы болсом сиз атасы болос го... кызыбызды таштабайлычы атасы... ал да атасы менен, апасы менен, бир тууганы менен чогуу болгусу келет да. Энесин деле жакшы корот бирок, бизди кобуроок сагынат. Биз тэээ россияга барып 2 же 3 айда келе калбайбыз да Аллахым буйруп тынччылык болуп тура 4-5 жылдай журобуз... уйубузду салып бир тиргилик откозгудой чакан бизнес куруп анан келебиз да. Мени ташта дебенчи, таштайм дебенчи
#5855 14 Октябрь 2021 - 01:37
Сүйрөлгөн сүйүү барк албайт
Сүйөм деп азыр канча алдайт
Чыртылдап күйүп жатса да
Чын сүйгөн адам айталбайт! Б.Жамгырчиев
Сүйөм деп азыр канча алдайт
Чыртылдап күйүп жатса да
Чын сүйгөн адам айталбайт! Б.Жамгырчиев
#5857 14 Октябрь 2021 - 04:32
Сагындым. Коп болду уктай албайм жакшы , ыйлагым келет, жытын жыттаап жанында журсом жаным атам менин.
#5858 20 Октябрь 2021 - 05:27
Жаным кызым ушунчалык сагындым,сен канчалык сагындын билбейм.Бирок аябай кутуп журосун .Суйлошкон сайын апа качан келесиз деп сурай бересин.Буюрса билетти алып койгом кызым.Сага сюрприз болсун деп барбай эле коёюн деп койдум.Аз кун калды кызым.Жаным кызым омурун узун болуп,ыймандуу кыз болушунду кудайдан тилейм!.
#5859 21 Октябрь 2021 - 18:34
Бизди кучтуу кылган нерсе эмне? Кээде Адам бир нерсе менен мактангысы келет ал эмне? Иштеген ишибизби?топтогон байлыгыбызбы?
Бироо менен мушташып женгенибизби?
Же Илим-билимибизби?
Уй-булобу? Авторитет тууганыбызбы алсыздыгынарды сезгенде биринчи ойго келген нерсе эмне?
#5860 21 Октябрь 2021 - 23:32
Аллахым ооруп жаткан баардык момун-мусулмандарга өзүң шыпааңды бере көр.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.