Канатсыз куштар...
#1 22 Декабрь 2020 - 16:06
Автор: Жалгызым(Назик). ..
Чуркап баратты. Тим эле жан алы калбай, тердеп алып чуркап баратат. Чарчаганына деле кайыл боло, бет маңдайынан уруп жүзүн албыртып үшүтүп жиберген шамалга да ыраазы болуп чуркап жатты. Белгисиз багытты көздөп, максатсыз эле чуркай берди. Такыр токтогусу келген жок. Токтоп калса эле кайра чуркай албачудай коркуп, ансайын күчөп баратат. Бир убакта "күп" эте кулады.
-Жооок?! Жоок!
Кыйкырып жатып ойгонуп кетти Элдос. Түшү экен. Ойгонуп алып эч кандай талаада эмес, мыкталып өз төшөгүндө жатканына ызаланып кетти. Баягы шып, баягы люстра, баягы караңгылатылган терезе. Титиреген колдору менен үстүнө жабылган жуурканын сыйрып ыргытты. Азыр эле түшүндө чуркап бараткан буттары кыймылсыз, муздак. Колдору менен сылап жиберди. Сезген жок. Кайра ургулап, чымчыганга өттү. Деги пайдасыз. Кыйкырды, өкүрүп, бакырып бакырып жиберди.
-Балам?
Бөлмөсүнүн эшиги кыйгач ачылып апасы баш бакты.
-Кееет! Кирбе!
Элдос ансайын кыйкырды. Өпкө өпкөсүнө батпай ыйлай берди. "Жоок! Жоок, мен басуум керек. Мен мынтип эле олтуруп кала албайм да! Кана силер кыймалга келүүңөр керек!" Алдастаган жигит сулк эте кыймылсыз жаткан жаны жок буттарын сүдүрөп, кыймылдатканга аракет кылып жатты. Онтоп жатып жаткан керебетинен жерге кулап түштү. Апасы чуркап кирди да, олтура калып жыгылып жаткан уулунун башын тизесине койду. Сыягы жана кетип калганга түтпөй эшик артында тыңшап турган окшойт.
-Элдос! Уулум! Мени карачы балам!
Алдында суналып жаткан уулун жаш жууган жүзүн колдору менен сылап жатып сүйлөдү апасы. Ага кошулуп өзүнүн да жүзүн качан эле суу болгон ачуу жаш жууп бүткөн эле.
-Апа кетчи! Кетип калчыыы?
Уулу ансайын ызаланып сүдүрөлгөн бутун ургулап жер муштайт. Дал ушул учурда кимге көбүрөөк кыйын эле? Аңдоо кыйын. Чуркап жүрүп, кырчындай убагында кокустан төшөккө мыкталып, анан бул тагдырына моюн бербей, кабыл ала албай жаткан жигиткеби? Же жашоосунун, өмүрүн теңине айланган, көзүнүн кареги болгон уулу мынтип жатканын көрүп жүрөгүнө кошулуп жан дүйнөсү аңтарылып жаткан энегеби? Кимиси канча азап тартып жатты экен? Ал эми бул тагдырга ким күнөөлү?... Элдос апасынын чыгып кетүүсүн талап кылып жатты.
Жок, кетип калган жок. Эне гана мындай абалда чүрпөсүн таштап кете албайт. Ооба чүрпөсүн. Биз канча жашта болсок да эне үчүн ар дайым кичинекей чүрпө бойдон калабыз. Атүгүл уулу тиштегилеп, өкүрүп кыйкырса да кетпей бекем кучактап олтура берди.
-Чыда балам, чыда! - деп жатты ошол эле учурда шыбырап.
-Апа, мени коё берчи, жашоого мажбур кылбачы?! Мен мынтип жашай албайм апаке! Түшүнчү. Могул буттарымсыз! Алар кыймылга келбесе мага жашоонун не кереги да, не кызыгы бар?!
-Мажбурсуң! Ушул бойдон да мага гана керексин уулум!
Жанатан жулкунуп жаткан уулу чарчадыбы же апасынын жылуу кучагына эреркедиби бир аз тынчтанып калды. Бирок көз жашы басылбады. Бөлмөнүн тээ бурчунда көзүнө суук көрүнүп бирок ошол эле учурда өмүрүнө түбөлүк шерик болгон араба турду. Аны жек көрүп да, ызаланып да карап жата берди жигит.
Бир жыл! Так эле бир жыл мурун иш десе ишке, оюн десе оюнга тойбой турган эле. Апасынын жалгыз уулу, карындаштары бар. Атасы болсо үй бүлөөдөгү жетишпестикти, турмуштун запкыларын көтөрө албай буларды чанып таштай качкан. Ошондон бери үйдүн багарманы Элдос болчу. Мектепти бүткөндө да башка досторундай окууга аракет кылбады. Түз эле Россияны көздөй сапар алды. Баргандан эле ресторанга официант болуп ишке кирсе бара - бара көнүшүп олтуруп, ашканага өтүп алган болчу. Баш повардын жардамчысы. Алгач баары жакшы өз нугу менен бараткан. Бардык балээ ушул ресторанга повар болуп ишке кирген Айбек аттуу өзбек улутундагы жигиттин келүүсүнөн башталган. Башында келишип эле иштеп жатышкан болчу, кийин эле мунун иштегени ага жакпай, анын сүйлөгөнү буга жакпай ортодо уруш чыгып экөө жакалашканга чейин барышты. Бир күнү чоң заказ түшүп банкет болду. Бир убакта кыйкырган жетекчиси ашканага атып кирди да Элдос жасап чыгарган тамакты стол үстүнө ыргытты.
-Бул эмне? Ким жасады?
-Мен, - деди Элдос.
-Чач ичинде! Эртең арызыңды жаз. Иштен бошодуң!
Жетекчиси териштирип да олтурбады. Элдос болсо бул жорук кимдин кылганы экенин даана эле билип турган болчу. Экөө кайра жакалаша кетишти. "Баары бир иштен алындым, жоготчу эч нерсем жок!" - деген Элдос тиги баланы сабап туруп кетип калды. Ошондо Айбек ичинен кекенип калган болчу.
Андан соң күнүмдүк иштерге курулушка чыгып жүрдү. Айбек ошондо кесиптештеринин алдында катуу басынып ызаланып калгандыктан, мунун артынан түшүп кантип болсо да өч алуунун амалын кылып жүрдү. Анан ошол курулушта Айбек өзүнүн досу иштерин билип кубанып алган. Элдос адатынча кулагына наушник салып өз иши менен алек. Коопсуздук үчүн берилген курду чечип, өзү жөн эле иштеп жаткан, бир убакта эмне болгонун деле билбейт, өзү турган тактай кыймылдап жатып урап түштү. Алтынчы кабаттан кулаган Элдос жерде эсин жоготуп койду. Тапыраган жигиттер ызылдап ооруканага араң жеткирип келишти. Бирок омурткасы катуу жабыркап, буттары кыймылга келбеди. Мунун баарын кокустук деп түшүнгөн ал атайын Айбектин суранычы менен анын досу, Элдос чыкчу тактаны бошотуп салганын билбей кала берди. Ошол күндөн жашоосуна караңгы түн кирип, кызыгуу жок мынтип жатат. Өзүнө эч кимди жолотпойт. Айрыкча апасын. Намыстанат. Досторуна да көрүнгөн жок. Терезелерин караңгылатып жаап алып, ушинтип жата берет. Арабаны болсо душманын көргөндөй заарканып кабыл албады. Буттары мындан ары кыймылга келбейт экенине ишенгиси келбей турду. Бул чындыктан качып кабыл албай жатты. Күндөрдүн биринде ошол,түштөрүндө көрчү, жомокторундагы керемет аткарылаарына, ойгонсо эле буттары чымырап, узак уйкуда жаткансып кыймылга келерине ишенип гана жашай берди. Бир жыл, бир жыл ушинтип күрөшүп жашады жигит. Башына түшкөн тагдыр менен келише албай алыша берди...
#2 22 Декабрь 2020 - 16:07
-Качанкыга чейин мен кул болом силерге?
-Эмнең кул болуп жатат? Каалагандай эле жашап жүрөсүң го?
-Тиги майып карындашыңдын түйшүгү менде. Жашмын мен. Аны карайм деп көчөгө да чыга албайм! Көтөрүп жүрүп, жаш туруп белим ийилгени калды.
-Акырынчы! Эмне кыйкырасың? Укса көңүлү ооруп калбайбы?
-Ээ укса уксун! Көңүл силерде гана бар! Менин көңүлүм көчөдө калган! - деген жеңесинин ачуу үнү Жазайым канчалык кулагын жаап алса да угулуп жатты. Төшөгүнө оролуп жатып, кулактарын бекем жаап жаткан кыздын көздөрүнөн тамчылар кулады. Күн сайын байкеси менен жеңесинин бул сыяктуу урушунан тажап кетти. Анан калса ал уруш өзүнүн айынан болуп жатканы кыздын жүрөгүн ансайын оорутуп жатты. Ошол кечте атасы менен апасын алган кырсык өзүн да алып кетпегинине ичи ачыша өксүп, өксүп алды. Жанын калтырганы аз келгенсип, мынтип буттары жок калганычы. Кесилген буттарынын орду түн жарымда ушунчалык сыздатып оорутчу. Тиштенип атып, ооруну калтыруучу даары ичип араң жаны калат. А бирок көңүл оорусучу? Таза, али кирдей элек бала дилин майдалап туураган мындай ачуу сөздөрдүн дабасын кайдан табат?
-Жазкоооу? - деген байкеси эшигин такылдатты.
Көздөрүн шашыла аарчып, чачтарын артка кыла башын көтөрдү кыз.
-Ооу байкее, кириңиз.
-Кандайсың шириним? - деген байкеси акырын жанына келип чачтарынан сылады.
-Жакшыы, жакшымын. Чарчабай келдиңизби сиз?
Жазайым байкесинин мээримине эреркеп көзүнөн тамган жашын кармап кала албады.
-Жазым менин! Байчечекейим!
Байкеси жанына олтуруп бооруна басты. Өпкө кага ыйлап жатты кыз.
-Капа болбо жеңеңе, мен сүйлөшүп коём.
Байкесинин да жүрөгү ачышып жатканы, ыйлап жатканы дирилдеп чыккан үнүнөн, Жазайым кучактап турган далысынын солкулдап атканынан билинди.
-Капа болгон жокмун! Байке, мени кечиргиле. Силерге жүк болуп. Жеңеме катуу айтпаңыз суранам!
Жазайым жалынып байкесинин көздөрүнө карады.
-Макул!
-Сөз бериңиз?
-Эмне деп?
-Жеңеме катуу сүйлөбөйм деп.
-Жеңеңе катуу сүйлөбөйм! - деди Эрнис да аргасыз.
Карындашы жылмайды. Бажырайган гүлдөй кыздын көздөрүнөн өөп алды байкеси.
-Карачы сага не алып келдим?
-Ии эмне?
-Толо боёктор, кудум сен каалагандай!
-Аай иий! Байкеее рахмаат сизге!
Кубанган кыз ансайын Эрнистин мойнуна асыла кучактап жүзүнөн өөп ,өөп алды.
-Сен күлсөң эле болду.
Эрнис карындашынын көздөрүндөгү кубанычты көрүп аялына болгон бүт жини, таарынычы таркап кеткендей. Бүгүн жумушунан маянасын алып, атайы Жазайым үчүн боёк, сүрөт тартчу такта, жана башка бардык керектөөлөрүн сатып келип берди. Ушул менен болсо да көңүлүн көтөргүсү келди.
Ата - энесинен бирдей ажырап, жалгыз карындашын мынтип жарым жан болуп калганына жыл айланды. Коноктон келе жатышып жол кырсыгына кабылышкан алар ошол жерде жан берсе, Жазайым мынтип буттарынан ажырап калды. Ошондон бери үйүндө ушундай уруш. Аялы үйгө бут коюп кириши менен баштайт наалып. Алгач ачуусу менен кол көтөрүп ийсе, бара - бара кол шилтеп гана койчу болду.
-Байкее?
-Ооу.
-Мен тиги эрте менен күндүн чыкканын тартайын дегем.
-Макул.
-Бирок, бөлмөм тескери да, - деди кыз башын шылкыйта.
-Таң атканда сени көтөрүп алып чыгабыз, мен жок болсом жеңең.
-Жеңемди ойготпой эле коёлу. Ансыз да чарчайт.
-Анда, сенин бөлмөң менен биздин бөлмөнү алмаштырабыз. Сен биз жака көчөсүң.
-Чын элеби? - деди кыздын көздөрү жайнап.
-Чын эмей эмне?
-Жеңем эмне дээр экен, - деди кайра Жазайым акырын.
-Көндүрөм.
Эрнис карындашынын маңдайынан сүйдү.
Бирок ичинде дагы аялынын заар сөздөрдү агытып сүйлөп, ыйлактап жаңжал чыгарышын ойлоп ичиркенип алды. Албетте ага катуу сүйлөп ордуна коюп койсо болот. Бирок анын күчүн мына кыздан чыгарабы деп кооптонот. Өзү болсо кечке жумушта, талаалап. Жазайымды аялы карап калат да. Ушуну ойлоп гана аялынын канча сүйлөнүп, кагынып ийгенине да кайыл. Жазайымды караса болду. Бул дүйнөдө ата энеңден кийин эле сага боор тартып, жүгүңдү кошо көтөрүшүп, көзүңдөгү жашыңды сүрткөн бир тууганың болот экен. Жазайым Жаратканга, ата энесине ушундай байкени берип койгонуна ыраазы болуп кетти.
-Эми ушунуку өттү, жөн жата бербей бөлмө алмашам деп.
-Жамал!
-Эмне Жамал? Деги сүйлөтөсүңбү мени? Эмне болот экен ал бөлмөсүндө жата берсе? Жалгыз башына бул чоң бөлмөнү не кылат дейм да.
-Эмне эле мынча ал кызга жармаштың? Сеникиндей болуп алты саны аман болгондо, ушул сага жалдырабай качан эле өз күнүн көрүп кетмек.
-Дегиле муну кыйынын!
Жамал Эрнис күткөндөй эле жаңжалдын чоңун чыгарып, алды кетем деп коркутуп жатып анан бөлмөсүн бошотту.
Аппак болуп булуттардын жылуу койнунан тургусу келбей эркелеп жаткан кыздай назданып күн башын көтөрүп келе жатты. Терезени чооң ачып, чыйрыгып атканына кайыл боло жүзүн муздак айдарым желге тоскон Жазайым жылмайды. Баахх! Жаз дегениң кандай керемет мезгил! Таң заардан мынтип таза соккон шамал, ар түркүн гүлдөрдүн жыты, жашагыңды келтирип делебеңди козгойт. Бекеринен "жаз тирүүлүк жарчысы!" - дешпеген чыгаар! Ээх кана эле буттары болгондо?! Мынтип терезеге гана кадалып суктанбай жылдагыдай чуркап кетмек беле? Байчечекей терип келмек да. Адырларга чуркамак, кыйкырмак...
Жазайым мостойо түштү. Жоон санынан ылдый кесилген буттарын кармалап алды.
-Туулган күнүң мееенен! Туулган күнүң мееенен!
Капыстан эшик ачыла курбу кыздары менен байкеси, байкесинин жаш балдары жеңеси кирип келишти.
-18 жаш кут болсун Жазым! - деди байкеси алгач келип адатынча маңдайынан жылуу сүйүп. Андан ары жеңеси жасалма күлуп куттуктады. Курбулары... Жазайымдын көңүлү көтөрүлө кубанып алды.
Таң заардан баарын мынтип чогултуп атайын карындашынын көңүлүн көтөрүү үчүн кылган аракети эле Эрнистин. Анткени жылда атасы менен апасы мына ушинтип куттукташчу. Ошол салтты бузбай, алардын жоктугун сездирбей карындашын кубанткысы келди. Чоң залга дасторкон жазылып таттуулар коюлуптур. Жамалды дагы тултуңдатып, өзү жардам бере коюп жасаган эле байкеси. Жаздын алгачкы айында төрөлгөнү үчүн ата энеси жетине албай Жазайым деген ысым беришкен.
Бул күн Жазайымдын бактылуу күндөрүнүн тизмесине кошулду. Баары тарап өздөрү калган эле үйдө, байкеси улам күлкүлүү нерселерди айтып күлдүрүп олтурган. Бир убакта кыздын жүзү кызарып чыкты.
-Эмне болду?
-Жеңемди чакырыңызчы, - деди уялгандан байкесинин көзүн карай албай.
-Азыр, азыр.
Эрнис шашыла ордунан туруп ашкана тарапка жөнөдү.
-Жамал! Жамал дейм.
-Ой эмнее?
-Жазайымга жардам берчи, ажатканага. ..
-Тойдум ушул жашоодон. Бул жагымды эптей албай жатса эми мунусу! - деп кыйкырган жеңеси адатынча кыз олтурган арабаны жулкунтуп сүйрөп жөнөдү. Жазайымдын жалдыраган көзүнө караган да жок. Балким бир эле тиктесе кызды аямак, анын үнсүз арманын түшүнмөк...
Байкеси гана түйүлгөн муштумун оозуна тиштеп, карындашына жардам бере албай жатканына, гүлдөй өмүрү ушинтип өтүп кетерине сызып үнсүз ыйлап жатты.
#4 22 Декабрь 2020 - 17:01
Билдирүүнү түзөткөн: jindirak: 22 Декабрь 2020 - 17:01
#5 23 Декабрь 2020 - 19:51
jindirak (22 Декабрь 2020 - 16:46) жазган:
*********
-Дагы? Дагы айтсаң?
-Азыр жаз мезгили, гүлдөр ачылган. Сен жыттасаң.
-Гүлдөр. Сүрөттөп берчи?
-Гүлдөр деген назик болот, ар кандай түстө.
Чуркап ордунан турган кыз короодо өскөн розаны жулуп келди да Заремага карматты.
-Мынакей акырын карма. Азыр...
Дагы чуркап барып гүлдөп турган алчанын бутагын сындырып келди.
-Муну дагы кармасаң...
Колуна аяр кармаган кыз этияттык менен колдору менен бутакты кармалады да мурдуна жакын алып келип искеп алды.
-Мммм! Жыты укмуш да!
-Ооба, - деген Айдана курбусуна боору ооруй түштү.
-Айдана, дүйнө аябай кооз болсо керек э?
-Кооз.
-Ээхх кандай бактылуу экениңди билбейсиң да! Сен көрө аласың!.
-Зарема, сенин көздөрүң да укмуш сулуу!
-Көрбөгөндөн кийин... - деген кыз көңүлү чөгө акырын унчукту.
-Сенин эч кимде жок үнүң бар! Ырдасаң?
-Ушул үнүмө кошуп, сен айткан сулуу көздөрдү дүйнөдөгү эң жагымсыз бирок көргөн көздөргө алмаштырмакмын. ..
-Зарема сен көрөсүң, мени айтты дейсиң. Сен аябай дүйнөгө таанылган ырчы болосуң да, анан көөп акча таап огол акчага көзүңө операция жасашат.
-Мен ырчы болуппу? Кайдан дейсиң...
-Балким бир боорукер адам сенин көздөрүңө операция жасаганга жардам берер.
-Айдана, ооба үмүт зор менде. Билесиңби ишке ашпасын билсем деле, үмүтүмдү үзбөймүн. Балким качандыр бир, күндөрдүн бир күндөрүндө көздөрүм ачылса, мына өзүм элестеткен дүйнөнүн чыныгы сулуулугун өз көздөрүм менен көрөөрмүн!
-Албетте да.
Эки кыз кыялдана олтурушту. Аңгыча ары жактан:
-Заремааа?! - деген өгөй апасынын ачуу үнү экөөнү тең селт эттирди.
-Кайда жүрөт десең эми темселеп?! Көрбөгөн көзү менен ушунча издетет артынан, көзү көрсө тим эле таптырбай качмак экен!
-Аппаа! Мен, мен бул жактамын.
Зарема колуна узун таягын кармап, бир колун алдыга созо эшик тарапка жөнөдү.
-Айдананын үйүндөмүн!
-Сага эмне дегем ыя? Кадам жылба деген белем?
-Салкын эжее, Зареманы мен алып келдим үйгө. Курсагы ачып...
-Эмнее? Сен курсагым ачты, мени ачка коёт деп арызданып жүрөсүңбү? - деген аял заардуу чаңкылдап ансыз да көзү көрбөй үлбүрөп турган кызды чаап алды.
-Жоок! Урбаңызчы Зареманы, мен жөн эле.
-Ай кыз өз кызым, деги өзүм билем! Жүрчү үйгө.
Салкын кызды колдон сүйрөп дегдеңдетип жөнөп кетти.
Зарема! 16 жашта. Башка кыздардай күзгүгө каранып жашоонун таттуу убагын тарта турчу убагы. Бирок мынтип көздөрү көрбөй төрөлө элек жатып тагдырдын сыноосуна кабылган. Кичинесинде көзү бир аз бозгуч тартып көрчү, кийин эле көрбөй калды. Ал убакта Зарема аябай эле кичине болгондуктан көргөндөрүн эстеп калган эмес. Апасы ушул кызын төрөгөндө көз жумуп, атасы кызын колуна кучактап жалгыз калган эле. Бир жыл өзү жашады. Баары бир эркек эмеспи, бала менен аябагандай эле кыйналды. Акыры туугандарынын кийгилешүүсү менен Салкынга баш кошкон. Салкын Эркинге турмушка чыкканда колунда өзүнүн кызы менен келген. Алгач экөөнү тыпыйта кийинтип эгиздей ээрчитип алып жүрчү. Кийин эле кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз Заремага атасы жокто кол көтөрчү болгон. Кыз төрт, беш жашка барып калганда анын көздөрү көрбөсүн билишти. Анда да түз жолдон жыгылып, алдынан чыккан нерселерди сүзүп эчен ирет бети башы көгөргөндө гана дарыгерге көтөрүп барышкан. Үмүт болгону менен өтө аз дешти. Көздү биз жөнөкөй адамдар түшүнбөгөн кандайдыр бир чел кабык тосуп калганын, аны чет мамлекетте чоң суммага операция жасашаарын айтышты. Күнүмдүк оокатын араң кылган автобус айдоочусунда мынча сумма кайдан дейсиң. Башын шылкыйта кызын бооруна басып келе берди. "Акча топтоп албетте көзүнө операция жасатам!" - деп жүрүп бир жыл мурун каза болуп калган атасы. Ошондон бери Зарема Салкындын колунда. Анын ачуу сөздөрүнө да кайыл боло жашап келе жатат. Кече да бир жерге тойго барам деп кызды жалгыз калтырып кеткен болчу. Салкындын жүрөгү ушундай таш беле же турмуштун ашууларында, суугуна тоңуп ташка айланганбы белгисиз... Зареманын бул сыяктуу калып кеткен күндөрү көп эле болгон.
-Карасаң таалайсыздын өңүн? Тим эле кудай сулуулукту аянбай бергенин.
Салкын дирилдеп бурчта турган Зареманы карап алып кызына сүйлөдү.
-Үнүн айтсаң апа. Тим эле булбулдай таңшыйт.
Кыткылыктаган Салкын менен кызы Зареманы мыптип эрмектеп жаткандары биринчи жолу эмес...
#6 23 Декабрь 2020 - 19:55
jindirak (22 Декабрь 2020 - 17:01) жазган:
******
"Сен жалгыз эмессиң! Атаа көрдүңбү алардын жүзүндөгү кубанычты? Алардын бактылуу экенин көрүп эле менин өмүрүм узарып, жашоомо маңыз кошулуп жаткандай! "
Селт эте чоочуп ойгонгон Сабыр дагы эле самолёт жерге коно элек экенин байкады. Иллюминатордон аппак болуп каалгыган булуттарды тиктеп алып эмелки көргөн түшүн эстеди. Кызы! Ушул булуттардай аруу, ушулардай таза эмес беле? Тилегичи? "Эээххх кызым сенин тилектериңдей, сенин максаттарыңдай бул дүйнө кең эмес экен!" - деди Сабыр ичинен. Ноутбугун жандырып кызынын сүрөттөрүн көрүп жатты. Бала кезинен тарта өмүрүнүн акыркы күнүнө чейинки сүрөттөр. Мына акыркы сүрөтү экен. Оору жанын кыйнап турса да, күлүмсүрөп түшүптүр.Көмүрдөй капкара болгон чачтары химия ала берип түшүп кеткен эле. Алдырып салып, өзү тигип алган шапка кийип олтурат. Колдорунда өмүрүнүн жарымына айланган асма уколдор илинип, көздөрүнүн алды карайып, эриндери кургап. Соолуп бараткандагы кези... Абалы ушунчалык оор болуп турса да жылмайганын. ..
Сабыр ноутбукту жаба салды да, өзү да байкабаган абалда көзүнөн тамган тамчы жашын жеңи менен сүртө салды. Кызына ал кеткенден кийин "ыйлабайм! " - деп сөз берген. Бирок. Бирок кантип ыйлоо мүмкүн эмес, ушундай кереметин жоготуп жатса. ..
Дария! Кичинекейинен бир орунда турбаган аябай шок кыз болгон. Мектепке барганда да эң жакшы окуп атасынын сыймыгы болду. Өмүр бою атасы экөө гана жашады. Апасы кызын таштай салып качкан. Сабыр кызды өзү чоңойтту. Кызына ушунчалык байланган экен жада калса башка аялга да үйлөнбөдү. Экөө эле бактылуу болчу. Бой жеткен кызы спорт менен да машыгып, бий ийримине катышып, деги койчу колунан баары келчү. Баарына жетишчү. Окуп да, иштеп да. Үйгө келип үйдүн ишин, тамактарды түрлөп жасап, гүлдөрдү түрүн өстүргөн. Шашып жашачу кызы. Ар бир күнү жада калса мүнөтү план менен кетчү. Көрсө өмүрүнүн аздыгын ошондо эле сезген окшойт. Жетишип калайын дегени го. Көргөн жанды суктанткан, жакындан тааныган адамдарын тамшанткан кыз болгон. Сүйүүсүн да тапты. Мына жакында той дегени турганда ушул каргаша болуп кетпедиби...
Чоң ресторанда кызга сөйкө салынып шаңдуу олтурушкан. Дария жигитинин кучагында туруп эсин жоготту. Ызылдаган эл. Чакырылган тез жардамда эсин жоготуп жаткан кызынын колдорун өөп Сабыр бара жатты. Текшерүү, анализдер башталды. Дария эсине келери менен үйгө кетем деп туруп алган. Жок, кармап калышты. Акыры узак текшерүүлөрдөн соң канында кандайдыр бир оор дарт бар экендигин аныктап чыгышты. Башкы дарыгердин алдында олтурган Сабыр башын мыкчыды. Кантсе да, кандай ойлосо да кызын бул жамандыкка эч эле кыйгысы келбейт.
-Алып кетем! - деди ордунан туруп чечкиндүү.
-Албетте, өзүңүздүн чечимиңиз. Бирок кеч болуп калды деп корком. Дарылоо курсу өмүрүн узартып гана бере албаса, сактап кала албайт, - деди дарыгер акырын.
-Жок! Кызым жашайт! Керек болсо дүйнөдөгү эң кымбат дарыгерлерди табамын! Азыр өнүккөн заман!
-Албетте Сабыр мырза. Бирок Дария чалдыккан дарттын дабасы али жок.
Тарс эттире эшикти жаап чыгып кетти Сабыр. Уккусу келбеди. Кулактарын жапырып чындыкты четке какты. Ошол эле күнү кызын жетелеп кетти. Тойду да токтотушту. Медицинасы өнүккөн Германияга алып келди. Өзү айткандай эң эле күчтүү, тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болду Дария. Бирок күн өткөн сайын көз алдында, өз колдорунда кызы соолуй берди. Көрсө эң бийик даражаң, жыйнаган байлыгың ден соолуктун, өмүрдүн алдында бир тыйынга да татыбайт туура. "Пенденин миң чуркаганы, Кудайдын бир буйруганы" - деп бекер айтылбаган чыгаар. Таасирдүү, мансаптуу көптөргө жардам колун созгон Сабыр жалгыз кызын ажалдан арачалап кала албады. Ошондо да Дария үмүтүн үзбөдү. Азыр ойлосо атасы кызына эмес, кызы атасына көбүрөөк дем берип жүрүптүр. Эсинде бир жолу абалы начарлап кеткен. Колдорун кармап өзүн жаштуу көздөрү менен тиктеп олтурган атасына алсыз жылмайган кыз.
-Атаке, менин эле көзүмдү карап бекер кылгансың. Үйлөнүп дагы балалуу болгонуңда мени жоготуп жатканың үчүн жаның мынчалык кыйналып, көкүрөгүң ачышмак эмес. Эми деле кеч эмес. Үй бүлөө күт. Ата, мени кечир. Сенин үмүттөрүңдү актай албаганым үчүн. Небере жытын жыттатпай кеткеним үчүн...
Сабыр үнсүз ыйлаган. Жүз баласы болсо деле ушул кызын жоготкондо кан жутаары белгилүү. Анткени Дария башкача болчу.
Өмүрүнүн аз калганын сезгенде Дария өзүнө окшоп оор дартка чалдыккандар, тубаса оорулуу адамдар менен маектешип, чакан клуб түзүп аларды колдоого ала турган фонд түзүүгө жетишти. Фонд "Сен жалгыз эмессиң!" - деп аталат. Биргеликте түрдүү даамдарды жасашат, кол өнөрчүлүк кылышат, ырдашат. Бактылуу болушат. "Ата карачы, адамдарга бакыт тартуулоо канчалык оңой! Биз куштар болсок, канатыбыз кыркылды. Бирок биз жер менен басууну үйрөнөбүз, биз жеңилбейбиз! " - деген бир жолу.
Сабыр самолёт Бишкекке конуп жатканда дагы бир жолу сыртты карап алды. Бул жака Дарияны алып кеткенден бери келе элек. Сагынганын туйду туулган жерин. Дариянын ошол баштаган ишин өз мекенинде улантуу үчүн жолго чыккан. Бул жакта да ага окшогон, Дариянын колдоосуна муктаж адамдар көп экенин билди. Траптан түшкөн Сабыр аппак булуттары бар, жаздын көк асманын тиктеп көпкө туруп, анан ары карай кадамын улады.
#8 24 Декабрь 2020 - 19:43
jindirak (24 Декабрь 2020 - 02:47) жазган:
*******
Көзүм жумук бирок ойгоо жатамын.
Оор чыккан үшкүрүгүм катамын.
Угузбаймын деймин үнүм башкага.
Ич ичимден тоодой жүктү катамын.
Мен бирөөгө таарынбадым жөн гана.
Эхх тагдырым мен өзүңө капамын.
Улан ушул саптарды чиймелеп алып калың дептерин жаап терезеге койду да толуп турган айды тиктеп алды. Колундагы телефонун алып чыгып жатка билген номерин терип кулагына такап турду. Узак кеткен чакыруудан соң шаңк эткен кыздын жагымдуу үнү угулду.
-Алло? Угуп жатамын?
Улан демин ичине тартып тыңшап тура берди.
-Кайра чалыңыздар, угулбай жатат, - деген кыз коюп салды. Жигит ушуга эле шүгүр кылгандай телефонду карап жылмайып алды.
Эртеси эрте менен ошол кыз окуган окуу жайга барды. Имараттын алдында турган кыз жанындагылар менен күлүп сүйлөшүп жаткан экен. Анын сол тарабында турган бала бир нерселерди айтып ага Аруужан күлүп жатты. Заматта ичин кызганыч ээлеп, тиги баланы жек көрүп, бир эсе өзүнүн кол жеткис кыялы болгон кызга сөз атып тамашалап турган жигиттин бактысына көз артып кетти. Ордуна өзүн койду. Өзү болгондо тиги кара көз сулууга не деген сөздөрдү айтмак. Жүрөгүнөн төгүлүп, дилинен түбүнөн чыккан эң аруу, эң таза сезимдерди ырга айлантып сайрамак. Бирок андай бакыт кайда. Канчалык аракеттенгени менен ошол сөздөр жигиттин тилин күрмөөгө келтиргенге алсыз эле.
Улан, сүйлөй албай кол жаңсап түшүндүрөт. Туубаса дудук төрөлдү. Мунун себеби апасы уулуна кош бойлуу кезинде катуу ооруга чалдыкканы менен түшүндурүштү. Бала атайын мектептен билим алып өз дүйнөсүндө жашап жүргөн. Анын мынтип башка адамдардын бактына суктануусу ушул кызды көргөн күнүнөн башталды. Капыстан жашоосунда пайда болгон периште Уланды такыр бөлөк дүйнөгө жетеледи. Канча жылдан бери акмалап артынан калбай келет. Күн сайын күч топтоп, колуна атайын кызга арналып жазылган катты сунууга бел байлап үйдөн чыгат да, периште кыздын аруу жүзүн, карагаттай көздөрүн, күндөй жаркып турган күлкүсүн көргөндө артына кайтат. Деми басылып шагы сына түшөт. Бирок мунун да жолун тапты. Кыздын интернет желесиндеги почтасына күнүнө кат жолдойт. Экөө ошол жактан баарлашышат.
-Эмнеге сырдуусуз? - деди кыз жылмайган быйтыкчаны жиберип.
-Сырдуу эмесмин...
-Анда эмнеге көрүнбөйсүз?
-Көргүң келеби? - деп жазды жигит делөөрүп.
-Албетте, сиздей акын жигитти көргүм келет...
-Көрсөң, тоготпой кетсеңчи?
-Эмнеге антесиз?
-Деги айтканым...
-Бутуңуз жокпу?
-Бар..
-Колуңузчу?
-Сага жазып жатсам демек ал да бар...
Кыз жылмайган быйтыкча жиберди.
-Анда баары жайында экен да, - деп жазды кыз кайра артынан.
-Жайында.... - деп жазган Уландын көңүлү чөктү.
-Анда мага кезигүүңүздү күтөм...
Жигит чыгып кетти. Эми эмне дей алмак... Кандай айла кыла алат? Жолуксунбу баарына кол шилтеп, бирок кыз жактырбай кетсечи? Анда ушул жазышуу бактысынан да куру калбайбы? Жок! Жок! Эч качан андай болбойт... Кызга жолукпайт.. Жөн гана ушинтип алыстан караанын сүйүп, телефондон жазышкан бактысына ыраазы болуп жашай берет. Бирок күн сайын кызды сырттан акмалаганын токтотподу. Кыз менен кошулуп артынан кечке жүрө берет. Кээде анын артында басып баратып, экөө жетелешип басып баратканды кыялданып ийет. Анда эмнелер жөнүндө айтмак? Баягы күндөлүгүнө толтура жазган кызга арналган ар бир саптарды, ар бир ырларды окуп бермек да...
Бир күнү дагы адатынча окуу жайдын алдында группалаштары менен турган кызды аңдып турган. Бир убакта бою узунунан келген жигит Аруужандын колдорун кармап алды. Кыз силкип жиберди эле, кайра өзүнө катуу тартып бетинен сүйүп алды. Баары кол чаап жиберип кыз, ыйлаган бойдон чуркап кетти. Мунун баарын четте карап турган Уландын муштуму түйүлө, азыр эле тиги жигитти басып жыгылчудай болуп турду. Ошол күнү Улан кыздын эмес, ошол жигиттин артынан түштү. Үйүнүн жанына жетейин деп бурчтан бурула бергенде Улан тиги жигиттин алдын тороду.
-Ээй кимсиң сен?
-...
-Кач жолдон....
Улан ошол кызды кармаган колдорун кайрып туруп, түйүлгөн муштуму менен тиш жигиттин жүзүнө муштап жиберди...
Эртеси оозунун чекеси жарылып, бир колу мойнуна илинип байланган жигит Аруужандан кечеги кылган кылыгы үчүн бардык группалаштарынын алдында кечирим сурады. Эч ким, эч нерсе түшүнбөгөн бойдон кала беришти. Ал эми Улан кызды ушинтип сырттан кооруп, интернеттен баарлашып, телефондон анын жагымдуу үнүн угуп жүрө берди.
Бирок...
#9 24 Декабрь 2020 - 19:45
-Элдоос? - деген апасы акырын баласынын эшигин каккылады.
-Эмне?
Терезенин чала ачылган пардасынан сыртты тиктеп олтурган калыбында жооп берди уулу.
-Кандай олтурасың балам?
-Жакшы...
-Балам муну карачы?
Жибек колундагы телефонду уулуна сунду.
Көңүлсүз апасынын колундагыны алды. Анда "Сен жалгыз эмессиң!" - деген жазуу менен кармашкан колдордун сүрөтү бар экен.
-Эмне болуптур?
Элдос кайра апасына сунду.
-Окусаң?
-Өзүң айтчы...
-Тиги, сен сыяктуу тагдырдын оор сыноосуна кабылган балдарга лагер экен он күндүк.
-Анан?
-Балким барып келерсиң... Көңүлүң ачылат. Тренингтер өткөрүлөт дейт. Жаратылыш койнунда экен.
-Эмнесине көңүлүм ачылат? Өзүмө окшогон майыптарды көрүппү? Ошолордун арасынан орун алып калганыма кубанамбы?
Элдос корс сүйлөдү. Жибектин жүрөгү канап кетти. Жок бул анын өзүнүн уулу эмес. Ар дайым апалап, өөп эркелеп турчу өз уулу эмес бул.
-Апа менин ордум ал жак эмес! Менин ордум тигилер менен! - деген Элдос терезенин тушундагы чакан спорт майданчасында чуркап фудбол ойноп жүргөн балдарды көрсөттү.
*******
-Эмне болуптур барып келсе?
-Кантип айтамын мен муну Жазайымга? Менден кутула албай жатышыптыр деп көңүлү ооруп калбайбы?
-Эрнис, түшүнчү, орундар чектелүү экен. Жөн гана он күндүк лагер го бул. Мен да эс алып бир аз нервтеримди даарыламакмын.
-Койчу... - деген Эрнис кол шилтеп басып кетти.
-Байкооу?
-Ооу Жазым?
-Кандай тартылыптыр?
-Сонун! - деди Эрнис карындашынын маңдайынан жыттап. Колундагы Жазайым тарткан сүрөттү кармап.
-Балким чын эле барып келсемчи байке.
-Жазка, болду унут.
-Байкеее?
-Эми сен баштадыңбы?
-Жок, мен өзүм баргым келип жатат. Байке өзүмдөй адамдар менен таанышам. Баарлашамын. .
-Сүйлөшөбүз дагы, - деди Эрнис.
Бирок ичинде жибергиси келип турду. Анткени он күнгө алыс жолго чыгып жатат. Өзү жокто Жамал карындашына не деген күн көргөзбөйт. Бир жагынан лагерге жибергени да туура болоор. Бирок барып шартын көрүп келүү керек...
*********
-Апа Зарема барса сонун болмок да.
-Кайдан дейсиң, тиги Салкын аны жиберер бекен.
-Биз сурансакчы апа? - деди Айдана апасына жалдырап.
-Макул кызым..
-Эмнеее? Кайдан чыккан лагер дагы?
Салкын Айдана менен апасын жактырбагандай бир тийди.
-Эс алуучу кадимкидей лагер.
-Муну аяка таксаңдатып жиберип коюп, тирикчилигимди ким кылат?
Салкын эки күндүн биринде кызын шаарга алып барып атайы эл көп жүргөн жерге тургузуп ырдатып, астына куту коюп койчу. Анын таап келген акчасы күнүмдүк тамак ашына кеңири жетер эле.
-Он күнгө эле, - деди жалдыраган үн менен Айдана.
-Ыя оон күүн?
-Кой айланайын? Лагер магериңди жыйыштыр. Бул он күн ал жакта жыргаса биздин тамак кантет? Менин тапканым кийим даарыдан ашпаса...
Салкын адатынча наалып көп сөз сүйлөдү.
-Аппааа суранам? Жиберчи? Сөз берем ал жака барып келсем, дем алышсыз көчөгө, базарга чыгып иштеймин.
Жанатан бурчта турган Зарема көз жашын төгө ыйлап жиберди.
- Мынаны карасаң элден мурун оолугуп алганын.
Заремага жете келген Салкын колдон ала жулкуп ийди кызды. Зарема кайра апасынын бутуна жыгылып ыйлап , суранып жатты.
-Ээ барсаң барчы! - деди да этегин кагып туруп кетти.
#11 26 Декабрь 2020 - 10:58
jindirak (24 Декабрь 2020 - 22:03) жазган:
********
Шаардын чет жагынан атайын конок үйүн сүйлөшкөн Сабыр он күндүк лагерди ушул жерден өткөрмөй болду. Кыздарга үч кыз, балдар үч бала жардамдашып караганга алып алды. Алгач баары менен таанышуу үчүн чоң залды жасап чыкты. Анда төрдөгү чоң мониторго коюлган кызы Дария менен бирге түшкөн адамдардын сүрөтү турду. Сабыр негедир толкунданып жатты. Улам кол саатын карап, стол үстүндөгү ручка жана бир нече дептерлерди кеминде жүз жолу оңдоду окшойт.
-Саламатсызбы? - деген үндөн жалт караган Сабыр арабада олтурган уулун сүдүрөп кирип келген аялды көрдү.
-Саламатчылык, келиңиздер!
-Биз кеч калдык го дегем, - деди жанагы аял бөлмөдө эч ким жок экенин көрүп.
-Орун алыңыздар, эми келишет баары.
Сабыр сылык сүйлөп жылмая аларга бөлмөнүн төрүндөгү орундукту көрсөттү.
-Таак,силерге чай кофе?
-Чай,
-Сагачы? - деген Сабыр жанатан кабагы анча ачылбай арабада олтурган жигитке суроолуу карады.
-Кереги жок, - деди Элдос көңүлсүз.
Чынында бул жака келүүнү каалаган эмес, бирок апасы жалдырап суранып туруп албадыбы. Аргасыз макул болгон. Элдос өзүнө боору ооруй карап, аянычтуу тиктеген көздөрдү көргүсү келбейт. Ошондуктан адамдарга аралашууну, алар менен маектешүүнү жактырбайт. Аңгыча дагы эки үч адам келди. Алар да арабада олтурушат экен. Лагер жалпы он эки балага болжолдонуп орун даярдалган эле. Акырындап чубуруп жатып баары келишкен өңдүү, 11 адамдын ысымдары менен фамилиясын окуп жоктоп жатты.
-Сагынбекова Назел?
-....
Зал жымжырт.
-Сагынбекова Назел? - деген Сабыр дагы бир жолу кайталап олтурган адамдарды бир сыйра тиктеп алды. Аңгыча эшик оозунан:
-Мен! - деген үн чыкты.
Баары жабыла ошол тарапты карап калышты. Эшик оозунда балдак таянган кыз туруптур.
-Келиңиз?
Сабыр жеңил кыймылдап кызга келип залдан орун алуусуна жардам берди да өзү кайра ордуна келип турду.
-Саламатсыздарбы? Баарыңыздарга ушул жерде биздин катарда турганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. "Сен жалгыз эмессиң!" - атту долбоордун түптөлгөнүнө 3 жыл болуп жатат. Биринчи ирет Германияда түзүлгөн. Менин кызым негиздөөчүсү Дария Сабыржановна!
Чоң монитордон Дариянын жылмайган сүрөтү чыкты.
-Бул долбоордун негизги максаты сиздер менен баарлашуу, бири - бирибиз менен жакындан таанышуу, көңүл ачуу...
-Майыптарга жасалган кайрымдуулуктун бир түрү, бир сөз менен айтканда, - деди Элдос Сабырдын сөзүн бөлүп.
Баары ал тарапка бурулду.
-Эмне? Туура эмес айттымбы?
-Элдос! Ооба үч жыл мурун бул долбоор түптөлүп жатканда сиз мага жолугуп бул сөздү айтканыңызда балким сизди кош колдоп колдомокмун, - деди Сабыр токтоо жылмайып.
-Бул жерде убактыңыздарды кызыктуу өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ал эми сиздер менен кошо келген жакындарыңыздар лагер менен тааныщып анан кетсе болот.
Балдарды алып келген жакындары лагердин шарттарын көрүп, көңүлдөрү жай ала жолго чыгышты. Ал эми балдар бири - бири менен эркин таанышып алуусу үчүн ошол залда жалгыз калтырышты. Кызык э? Не деген тагдырлардын ээси бир жерге чогулганы. Анан калса окшош сыноого кабылгандар. Тез эле бири бири менен тил табышып кетишти. Айрымдары күлүп сүйлөшүүгө өттү. Бир гана Элдос кошула албай жатты. Дагы эле башына түшкөн бул тагдырга баш ийгиси келбей, булардын катарынан өзүн көрө албай жаткандай.
-Сизде баары жакшыбы? - деген үндөн артына жалт тиктеген Элдос көздөрү күлмүңдөп турган кызды көрдү.
-Жакшы, - деди кайра башын буруп терезени карап.
-Жазайым!
Артына бурулса кыз колун сунуп турган экен.
-Элдос! - деди аргасыз сунулган кыздын колун кыса.
-Эмнеге кошулгуңуз келбей жатат?
-Анткени бул жер, бул чөйрө меники эмес! - деген Элдос арабасын колу менен жылдырып ары жүрүп кетти. Биринчи күн ушуну менен соңуна чыкты. Булардан өзгөчөлөнүп келген Зареманын өзүнө бир кыз бөлүндү. Анткени көнө элеү жаңы жерде, тепкичтерге урунуп жыгылып кетүүсү мүмкүн.
Күндөр билгенге, жашоону сүйгөнгө аябай кызыктуу өтүп жатты. Сабыр кудум Дария үйрөтүп кеткен жашоону буларга көрсөтүп, үйрөтүп жатты. Бир күнү сыртта эшикте чоң болуп жагылган оттун айланасында баары кызуу маек куруп олтурушту.
-Келгиле жашообузга бакыт тартуулган себептерди санайбыз, - деди Сабыр отко жыгач таштап.
-Эрте менен ойгонгон бакыт!
-Жашап жатканыбыз бакыт!
-Сүйлөй алганым бакыт! - деди бир жигит.
Улан унчукпай жер тиктеди.
-Оттун күйгөнүн карап олтуруу деле ырахат, - деди Назел жылмайып.
-Сиздер бактылуусуздар, - деди Зарема.
-Көрө аласыздар. Айлананын ар бир көрүнүшүнөн, жаратылыш кубулушунан ырахат ала аласыздар.
-А сен болсо баса аласың, - деди Элдос бир убакта.
-Ал эми сиздин буттарыңыз бар, демек үмүт дале бар, - деди Элдоско караган Жазайым.
-Көрдүңөрбү ар бириңерде шүгүр келтирүүгө себеп бар. Бул жерге силерди топтогон себебим, бири - бириңерди көрүп кысылсын, көңүлү чөксүн деп эмес. Кайра өздөрүн жалгыз сезбесин деп шүгүр келтирсин деп чогулттум. Эң негизгиси силер ар бирүүңөр тирүүсүңөр! Дем алып жатасыңар! Мына чыныгы бакыт! Демек силерде мүмкүнчүлүктөр толтура. Кызым Дария! Оор дартка чалдыккан. Силердей болуп арабага олтуруп калганда да жашоону сүйүп, тойбой жашады. Ар бир күнүнөн ырахат алып жашады. Мен ага эмес, ал мага жашоону үйрөтүп кетти. Аз жашоосунда өтө чоң иш жасады десем болот. Силер наалып, нааразы болуп жаткан жашоого зар болуп төшөктө өлүм менен алышып жаткан миңдеген адам бар. Силер эч болбосо мынтип олтуруп болсо да аралаша аласыңар адамдарга, өмүр бою козголо албай төшөккө мыкталгандар бар. Андыктан өзүңөрдө болгонун баалай билгиле. Өмүр кымбат, анын ар бир мүнөтү баалуу. Өзүңөрдөн жогоруну карап нааразы болуп эмес, төмөндү карап шүгүр келтирүүнү үйрөнгүлө. Көктү тиктеп даттанууну эмес, ыраазычылык айтууну адат кылгыла. Дени карды соо болуп деле жашоосуна кейиген адамдар толо. Силер ошолорго үлгү болгула. Бул жалган дүйнөдө эч бир пенденин телегейи тегиз, бакыт чынысы толо эмес. Ар бир көңүлдө, ар бир жүрөктө бөксөөлүк бар. Бир адам бактылуубу, демек анын да баасы бар. Төлөмү бар. Балким ал бакытка чоң курмандык менен жеткендир.
Баары жымжырт болуп, кээ бири көзүнөн жаш агызып Сабырды тиктеп калышты. Сабыр өзү билбеген абалда ыйлап жаткан.
-Ар бир адам төрөлгөндөн Энштейн же Чыңгыз Айтматов болуп төрөлбөйт. Бирок Жараткан эч бир адамды талантсыз, шыксыз кылып да жаратпайт. Демек силердин да колуңардан келчү иш бар.
-Мен бийлей алам, - деди Элдос бир убакта колдорун толкун сымал кыймылдатып, башын кошо кыйшайта.
-Эң сонун!
-Мен сүрөт тартканды жактырам, - деген Жазайым жылмайды.
-А мен ырдай аламын!
Зарема кубанычтуу үн катты.
-Мен ырларды жазамын! - деген жазууну барака жазып көтөрдү Улан.
Баары кол чаап калышты.
-Мен тикмечилик колумдан келет, үстүмдөгү кийимдер өз колумдан жаралган, - деди Назел да акырын.
-Аябай кооз тигилиптир. Сизде талант бар турбайбы? - дешти баары бир ооздон.
-Кана эми бизге Зарема кыз ырдап берсин. Биз коштоп турабыз.
Мейли тагдыр мага башың ийбегин,
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын.
Аска тоодой ата энеме тийбегин,
Медер туткан бир тууганга тийбегин....
Кыздын жумшак, булбулдай таңшыган үнүнө арбалып баары угуп олтурушту.
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 26 Декабрь 2020 - 11:00
#13 26 Декабрь 2020 - 12:08
jindirak (24 Декабрь 2020 - 22:03) жазган:
*****
Назел бул жака келгенде эле Сабырдын жанында кошо жүргөн адам менен тиктеше түшкөн. Негедир тааныш адамдай сезилди. Көздөрү. Бир күнү Сабыр булар менен олтурганда кирип сүйлөп калганда үнүн укту. Ошол! Бүл үндү миң жылда да унутпас. Миң сан кыйкырыктын арасынан да тапнып коё алат. Селт эте жүрөгү башкача согуп алды. Кудум ошол күндөгүдөй, дүкүлдөп, энтигип алганычы. Сагынган экен. Көз албай тиктеп тура берди. Мунун көзүнө жаш толуп тиктеп турганын сезгендей, ал адамда чыгып баратып Назелди тиктеп алып кетти. "Кетип калуум керек!" - деди ичинен.
Бир күнү тамактанып болуп бөлмөсүнө келе жатканда узун коридордун башынан ошол адам келе жатканын көрүп шарт бурулду. Таянган балдагы менен канчалык бат басууга аракет кылганы менен ал аракети текке кеткендей. Тиги адам жетип келип колдон алды.
-Назии?
-...
-Сени тааныдым, - деди ал адам энтигип.
-Кечиресиз сизди тааныбайт экем?
Назел артына бурулуп өзүн чындап тааныбаган адамдай көргөзүп жылмайды. "Оо кудай көздөрү! Сүрөттөгүдөн да отту, андан да мээримдүү турбайбы?" - дели ичинде жигиттин көздөрүн карап.
-Ошондой дечи, анда эмнеге мени көрүп качып баратасың?
-Мен, ашканада телефонумду унуткан экем. Ошону эстеп кеттим, - деди жигитти түртүп бөлмөсүнө карай жөнөдү.
-Анан эмнеге кайра бөлмөңө жөнөдүң? - деп кыйкырды тиги адам Назел бир аз алыстаганда.
-Чөнтөгүмдө экен, эстеп кеттим. - деди да кайра балдагын тарактатып шашып бөлмөскнө кирип кетти
-Сен баары бир алдаганды билбейсиң! - деп кыйкырып кала берди тиги адам.
Нащел бөлмөсүнө кирип эле эшикти жаап жөлөнүп алып ыйлай баштады.
-Негее? Неге сени кайра көрдүм? Унутпасам да сагынычым бир аз карттанып бүтүп бараткан!
Керебетине бүк түшүп кулаган кыздын көз алдына ошол жылдар келди...
Назел кичинесинен баса албайт болчу. Диагнозун дцп деп беришкен. Анын себеби аябай көп түшүндүрүштү. Бирок ошого карабай кыздын атасы менен апасы колдон келгенин жасашып, дарылатууга болгон аракеттерин көрүшкөн. Назелдин балалык чагы дарылануу менен ооруканаларда өтүп кетти. Башка кыздардай куурчак кармап, ыр жаттабай даарынын түрүн алып, кийимдери, бардык буюму даары жыттанып өттү. Чет мамлекетке алып барып даарылатышты. Жаш туруп үч оор оперцияны башынан өткөрдү. Анын жыйынтыгында ден соолугунда бир аз жылыш болуп мынтип балдак менен басып калды. Бирок жоготулган ал күндөрү канчалык оор эле. Массаждын түрүн алып, жанын кыйнаган канча азаптуу түндөрдү өткөрдү экен. Убакыт билинбей учуп олтуруп бат эле бойго жетти. Бирок коомго кошула албады. Мектепке да бара албай, мугалимдер атайын үйдөн окутуп кетишет. Назел өзү ар кандай кийимдерге кызыгып жүрүп, акыры өзү да акырындан кийимдерди тиге баштады. Назел жаз мезгилин өзгөчө жакшы көрчү. Жаратылыш ойгонуп тирүүлүк башталганда көчөгө чыгып басканды жактырат. Ошондой жаздын күндөрүнүн биринде социалдык сайт аркылуу бир адам менен таанышып калды. Өзүн Бекбол деп тааныштырган адам менен Назел бат эле тил табышып байке карындаш болуп алышты. Акыркы күндөр ал адамдын ар бир смсин күтүп ага байланып баратканын өзү да байкабай калды. Бекбол да ошондой. Күн сайын кабарлашып, Назелди жакшы сөздөр менен эркелетип турат. Өзүнүн жан дүйнөсүндөгү өзгөрүү сыртка да билине баштаса керек, эмнегедир апасы Назелдин телефон тиктеп жылмайып алгандарын байкап жүрдү. Назел эжеси менен апасына Бекбол тууралуу айтып бергенде негедир адардын жүздөрүнөн өзүнө окшоп кубанууну көрө албады. Кандайдыр бир тынчсыздануу менен санаркоо турган. Ошол күндөн апасы ал жигитке ишенбе деген сөздөрдү көбүрөөк айта баштады. Апасы гана ачык айтпаса, эжеси сөздү айлантырып түшүндүрчү. Бекболдун сүрөтүн көрсөткөндө "ушундай бала сени карамак беле, дени соо кыздар жүрсө" - дешкен. "Сенден пайдаланып анан үйлөнбөй ьашьап кетет, кайсы жигит эле жубайынын жарым жан болуусун кааласын. Атүгүл дени соо алып, жашап жүрүп ооруп калсаң чанып кетишет, анан мынтип турсаң..." - деген сыяктуу сөздөрдү Назел күн сайын уга баштады..
-Энемин сени ойлойм, алданып. Ансыз да жарты көңүлү бир жолу сынбасын дейм кызым, - деди бир күнү апасы Назелдин маңдайынан сылап.
Мындай сөздөрдөн кийин чын эле өзүн төмөн сезип, Бекболдон да алыстай баштады. Кыздын мындай аракетине таң калган жигит сүйлөшүп алуу керектигин айтты.
-Назел кел жолугабыз, - деди бир күнү.
-Эмнеге?
-Кандай эмнеге? Сени жакшы көрөм.
-Мен сизди байкемдей эле сыйлаймын, - деп жазды Назел көзүндөгү жашын сүртүп.
-Алдап жатасың ээ? - деген жазуу менен тиштерин көрсөтүп күлгөн быйтыкча келди Бекболдон.
-Жоок, байке. Чын айтамын. Сизди байкем катары эле жакшы көрөм.
-Ээхх Назел! Сен алдадың. Билбедим эмнеге экенин. Бирок көңүлүм сезип жатат. Айтчы сени башка бирөөгө мажбурлап берип жатышабы? Андай болсо ачыгын айт, дарегиңди издеп барайын. Ата энеңдин алдынан өтөйүн, - деген жигиттин жалооруган смси келди.
-Жакшы адамсыз, бирок менин көңүлүмдөгү инсан башка, - деп жазды да ыйлап жиберди.
-Макул, сени катуу жакшы көрдүм. Эми тынчыңды албайм. Бактылуу бол садагам! - деди өчүп калды...
Назел көпкө ыйлап жатты. Үнүн чыгарып да, ичтен сызып да ыйлады. Чын эле Бекбол дайынсыз кетти. Кайра издебеди. Чалбады. Убакыт болсо өтө берди. Назел эми кайра мурунку өз жашоосуна түштү. Эч кимге сүйлөбөй, кошулбай. Өзүнчө дүйнө. Көнүп калган экен. Бекбол менен жашоосуну кызыгы кеткендей, ансыз да кунарыз дүйнөсү ансайын өңүн жоготуп бозоруп бара берди. Көп убакыт өттү. Жашоосундагы алгачы сүйүү тартуулаган инсан Бекбол Назелге акыркы да бойдон кала берди.
Эми кайра мынтип экөөнүн кездешкенин карачы. "Мындай абалымда көрүнгүм келген эмес. Канчалык сени сагынып, карааныңды көрүүгө зар болсом да Жараткандан кездештире көрбө дегем. Кечир..."
#16 29 Декабрь 2020 - 23:31
#17 30 Декабрь 2020 - 14:21
#18 30 Декабрь 2020 - 14:26
jindirak (30 Декабрь 2020 - 14:21) жазган:
*********
Он күндүк лагер соңуна чыкты. Бүгүн балдардын жакындары алып кетишмек. Негедир Сабырдын жүрөгү тызылдап чыкты. Он күн ичинде булардын ар бирине байланып калган экен. Ар дайым кабагы салынып турса да ак көңүл Элдоско. Өзү да ысымындай жаз болуп турган Жазайым. Сүйлөгөн сөздөрүн тил менен айтпаса да, кагазга сөздүн берметтерин төгүп жазган Улан. Өзгөчө кийимдерди өз колдору менен тигип кийип алган назик кыз Назел, жана булардын эң кичинеси, эркеси мукам үндүү Зарема. Баары өз балдарындай болуп калган экен. Ар биринин кылыктары, көз алдына тартыла түштү. Эми түшүндү кызы Дарияны. Көрсө бирөө бактылуу болгонун көрүү, анан да ошол бакытына сен себепчи болсоң чыныгы ырахат бакыт туура.
Эрте менен баары менен кучакташып коштошту. Көздөрүнө жаш алган балдар томсоруша бирин - бири кыя алышпай араң үзүлүштү. Акырында калган Назел эжесин күтүп аткан, негедир эжеси да кечигип жатты. Аңгыча жанына Бекбол пайда боло калды.
-Жеткирип келейин?
-Жок, убара болбоңуз.
-Назиии...
Ары караган Назел көздөрүн жумду. "Назиии! Ошол кездегидей жагымдуу, мээримдүү чакырды! Суранам кыйнабачы?! " - деп алды ичинде.
-Эжем келди, - деди кыз эжесин көрүп кубана алдыга кадам таштап. Жанына келген эжеси кыздын сумкасын көтөрүп унаага салды да, Сабыр менен коштошуп кете беришти.
Унаага түшөөрү менен томсоргон кыз, терезеден сыртты карап көздөрүнөн жаш тамып кетти. Бул жерден канчалык кетүүнү каалап турса, экинчи тараптан ошончолук кетпөөнү да эңсеген. Бекболдун жанына алыстагысы келбесе да, алыстап кетүүгө мажбур эле. Бул не деген карама - каршы сезим. Бири - бирине туура келбеген жагдай менен абал?...
Балдар кетишти. Сабырдын колунда алардын ар биринин сүрөттөр менен биргеликте жасаган кол эмгектери видеолору калды. Видеону көрүп олтуруп Элдостун колдорун толкун сымал кылып бийлегенин көрдү. Эсине бир нерсе кылт эте шашыла ноутбуктан изденип жатты.
Лагерден келгенден кийин Элдос жакшы тарапка өзгөргөнүн көргөн апасы кубанды. Ал уулу мурункудай бөлмөсүнө камалбай булар менен чогуу олтуруп, карындаштары менен ойноп жатканына жетине албай сүйүнүп жатты. Ал тургай кээ күндөрү сыртка арабасы менен айланганы да чыкчу. Эми үйдүн алдындагы футбол ойногондорду терезеден ызалуу карабай, тескерисинче жанынан кубанып карап турду.
-Кандай жигит? - деген үндөн артына бурулган ал Сабырдын жылмайып турганын көрүп кубанып кетти.
-Сиз? Кандайсыз байке?
-Мен жакшы, сенчи? - деди да Элдостун жанына олтургучка олтура кетти.
-Жакшы.
-Элдос, бир жерге барып келбейлиби? - деди Сабыр сырдуу жылмайып.
-Кайда?
-Барганда көрөсүң да.
Чакан имаратта жайгашкан, кенен залга киришти. Залдын ичи жапжарык анан бийик экен. Жогору жактагы терезеден күндүн нуру түшүп, ылдый жагындагы бөлмөнү айланта коюлган күзгүлөргө чагылып турат. Жогору жактан ылдый көздөй илинген ак чоң кездемелер турат. Кудум цирк оюндарындагы акробаттар ойной турган аянтка окшош. Аларды алдынан жаш жигит тосуп алды.
-Келиңиз Сабыр байке.
Кол алышып көрүшүштү да тиги жигит Элдоско бурулду.
-Сиз айткан таланттуу жигит ушулбу?
-Ии ушул жигит болот.
-Аман! - деген жигит Элдоско кол сунду.
-Элдос! - деп алып Сабырды тиктеди эч нерсеге түшүнбөй.
-Элдос, канча жашыңдан бийге кызыгасың? - деген Аман сүйлөгөнчө илинип турган ак кездемелерге асылып айлана баштады.
-Кичинемден эле.
-Бий курсуна баргансыңбы?
-Жок! - деп башын чайкады Элдос.
-Өзүм эле телевизордон көргөнүмдү туурап, андан кийин интернеттен таап көрүп өздөштүргөм.
-Эң жакшы! Айтчы азыр да бийлегиң келеби? - деген Аман кездемеге байланган буту менен төмөн көздөй эки колун эки жака керип алып кулады.
Мунун баары Элдостун көзүнө укмуш сонун көрүндү. Илинген ак кездемелердин улам бирине өтүп, жумшак ошол эле убакта ыкчам кыймылдаган жигит мунун көзүнө кудум ак куштай көрүнүп турду. Залдан жаңырган музыкага айланып Аман көздөрүн жумуп алып бийлеп жатты. Элдос да өзү ошол жигиттин ордуна болгондой музыканын ыргагында термелип денеси жеңил тартып учуп бараткандай. Берилүү менен көздөрүн жумуп алып элестетип жатты. Бир убакта музыка бүттү.
Көздөрүн ачкан Элдос маңдайында турган Аманды көрдү..
-Каалайсыңбы сен да?
-Ооба,бирок бул абалымда бийлөө мүмкүн эмес, - деп башын шылкыйтты.
-Жок жаңылышасың! Эң негизгиси каалоо болсо жетиштүү! Бардык нерсенин мүмкүнчүлүгү, бардык жагдайдын айласы табылат. Сенде максат, каалоо анан эрк гана болсо жетиштүү, - деди Аман Элдосту шыктандырып.
-Жардам бересизби?
Элдостун жүрөгүндө кандайдыр бир үмүттүн, жакшылыктын учкуну ойгонду.
-Сөзсүз жардам берем!
Ошол күндөн Сабыр баягы лагердеги таланттуу балдарын чогултууну көздөдү. Элдосту, Уланды сүйлөшүп келүү оңойго турганы менен Назелге барышканда ал көнбөй койду.
-Назел айтчы эмнеге каалабай жатасың?
-Байке бул такыр мүмкүн эмес.
-Эмнеге?
-Дени соо адамдар араң үйрөнгөн бийди, биз кантип бийлейт элек. Анан да мен кызыкпаймын.
-Назел, баллар сурансачы? - деди Сабыр жалооруп.
-Жок, байке.
Баары бир көнбөй койду. Анын мынтип көгөргөнүн себеби Бекбол эле. Кайрадан ошол жигиттин жалындуу каректерине кабылуудан коркту. Араң басып, кармап турган ичиндеги бир алоолонгон жалын атылып чыгып бүт жакты жалмап кетүүсүнөн коркуп жатты. Бекболдун алдында мындай абалда көрүнүүдөн, анын көздөрүнөн сүйүү эмес, өзүн аяп тиктеген аянычтуу сезимди көрүүдөн качты.
*******
Балдар чогулду. Баары бириккени менен чын эле бул нерсе оңой эмес болчу. Кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү үчүн канчалаган көз жаш, маңдай тер, аракет керек болду. Эчен жолу Элдос бийиктиктен кулады. Канча жолу колун шилтеп кеткиси келди. Аларга дем күч берип сүрөгөн Аман менен Сабыр. Жыгылып, жеңилип баратканда сөйөп тургузуп, кулаганда кармап калып эмне гана кыйынчылыктарды көрүшпөдү дейсиң. Бир ай, эки айда гана бир аз жылыш болду. Бирок кептин баары жалгыз жыйынтыкта эмес болчу. Балдар бул аралыкта бирге болушуп, эң жакын адамдарга айланышты. Бирге ыйлашты, күлүштү, жыгылышты, кайра бирге турушту. ..
Кечинде ар кандай жаңылыктарды окуп олтурган Сабыр интернет желесинде жүргөн видео роликке көзү түштү. Шаардын жер астындагы өтмөктөрдүн биринде турган кыздын ырдап жатканы экен. Үнүнөн эле тааныды Зарема! Жупжука кийинип алып, ырдап жатыптыр. Ары бери өткөн адамдар алдында турган эски кутуга акча таштап өтүп кетип жатышат. Сабырдын жүрөгү ачышып кетти. Кызды аяп, анын көрбөгөн көздөрү менен көктү тиктеп ырдап жатканын көрүп көздөрүнөн жаштар куюлуп кетти.
Эртеси эле ошол өтмөккө жетип барган ал кызды таппай калды. Жалдырап ошол күнү кечке кыз ырдаган жерди айланчыктап жүрө берди. Бул убакта Зарема чоң, кымгуут түшкөн базарда жүргөн эле. Аны апасы Салкын күнүгө шаардын ар кайсы райондоруна коюп кетчү. Ошону менен Сабыр кызды бир жума ошол жерде күттү. Күн сайын келип күткөндөн тажабайт...
#19 30 Декабрь 2020 - 14:27
Бүгүн да келди Сабыр. Башын шылкыйта үмүтсүз бараткан анын кулагына шак деген Зареманын дабышы угулду. Башын көтөргөн Сабыр узун көйнөк менен үстүнө жука күрмө кийип, көздөрүн жумуп ырдап жаткан Зареманы көрдү. Маңдайына келип кыз ырын соңуна чыкканга чейин карап тура берди. Өткөн адамдардын кээ бири кызды аяп тыйын таштап өтсө, кээ бири жөн гана анын булбулдай мукам үнүнө суктана карап өтүп жатышты. Сабыр кыздын жанына жакын келип, сууктан муздап калган аппак ичке колдорун кармады. Алгач дир эте колдорун тартып алган кыз шашып кетти.
-Тийбеңиз! - деди доошу титиреп.
-Зарема!
Кыз көздөрү көрбөсө да бактылуу бажырайа алдыга колдорун сунду.
-Сабыр байкеее?!
-Ооба мен. Тааныдың ээ?
-Кантип сизди унутайын? Кайдан жүрөсүз бул жакта.
-Жумуштар менен өтүп баратып, сени көрүп, - деди Сабыр, кызды атайын издеп жүргөнүн жашырып. Оңтойсуз абалга салгысы келбеди. Өзү али наристе болсо да, ушул турган абалынан уялып кетти кыз.
-Мен.. мен бул жакта апама жардам берип, - деп сүйлөгөн кыз андан ары сөзүн улай албай турду.
-Зарема жүр үйгө жеткирем.
-Жоо- жоок! Мен бүгүн акча табуум керек, - деген кыз чоочуп кетип, кыйкырып жибергенин билбей калды.
-Бүгүн эс ал, сүйлөшчү сөздөр бар, - деген Сабыр кызды колдон жетелеп унаасына салды.
Үйүнүн алдына токтогон унаанын үнүнөн улам сыртка чыккан Салкын Зарема менен Сабырдын кирир келе жаткандарын көрдү.
-Эмне болду? Дагы бир нерсеге кабылыптырбы? Ай кыз мен сени ордуңдан жылба дебедим беле? - деген Салкын Зареманы жулкуп алды.
-Мен өзүм алып келдим ырдап турган жеринен, - деди Сабыр Зареманы калкалап.
-Эмнеге? Силер кимсиңер өзү?
-Мен Сабыр Аликжанов боломун.
Сабыр унаасынан эки баштыкка салынган белек бечкектерин түшүрдү.
Чакан бөлмөдөгү дасторкон үстүндө олтурушту.
-Зарема боюнча сүйлөшөйүн деп келгем, - деди Сабыр.
-Ага эмне болуптур?
- Мен Зарема барган лагердин уюштуруучусу болом. Зарема абдан таланттуу кыз.
-Ооба, - деди Салкын маңдайындагы адамдын эмнеге келгендеги максатын түшүнбөй.
-Ал окуусу керек. Атайын мектептен билим алуусу керек..
-Аа, силер муну айтып жатасыңарбы? Атабыз көзү тирүү кезинде окуткан. Андан соң менин чамам келбей эле жүрөм, - деди Салкын калптан көз жашын агызып жашып.
-Эгер сиз макул десеңиз, мен Зареманы алып кетсем. Окутат элем.
-Ыя? Койгула айланайындар. Аны окутсам мага оокатыма ким жардам берет? Көп болбосо да бир жагымды илештиргенге көмөгү тийип жатат. Анан муну окутканда эле эмне? Азыр эки көзү көрүп, эки диплом алгандарың жумуш таба албай жүрүшөт, - деген Салкын кол шилтеди.
-Мен сизге жардам беремин, - деген Сабыр дасторкон чекесине акча коюп Салкындын астына жылдырды.
-Эмии, - деген Салкын акчаны көргөндө көздөрү калимкидей жайнап, Заремага күйгөн адам болуп көп нерсени божурап, көз жаш төгүп алды. Азыр Сабырга бул аялдын эмне жорук жасаганы деле маанилүу эмес болчу, негизгиси Зареманы бул жактан алып кетсе болду.
Жол катар унаада бараткан кыздын кубанычында чек жок эле.
-Мен окууга барамынбы? - деген суроону кеминде он жолу берди.
Анын кубанычын көргөн Сабырдын да көңүлү көтөрүлө кыңылдап ырдап коюп баратты. Машинасына илинген Дариянын сүрөтүн колу менен сылап койду.
Зареманы жетелеп кирген Сабырды көргөн балдардын кубанганын айтпа. Бири - бирин бекем кучакташып ыйлап да алышты.
-Мени да кошосуңарбы? - деген ундөн баары жапырт карап босогодо жөлөнүп турган Назелди көрүштү....