Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#341 30 Сентябрь 2011 - 18:11
#342 30 Сентябрь 2011 - 21:56
#343 17 Октябрь 2011 - 03:10
#344 17 Октябрь 2011 - 03:25
MIRULYA (10 Май 2007 - 16:43) жазган:
кыргыз кызы эч качан колдорун, буттарын, тошун корсотуп кийинген эмес, чачын жазып жургон эмес!!! хиджаб кийип кайсы ко-оп нерсеге мумкунчулук жок болуп калыптыр? перчислите, пожалуйста.
меня хиджаб не стесняет ни в семейной жизни, ни в общественной, ни в спорте, ни в образовании, ни в работе, ни за границей, ни где!!! нету ни одной возможности, которую я нереализовала бы из-за хиджаба!! !
#345 18 Октябрь 2011 - 11:13
#346 18 Октябрь 2011 - 20:25
kgboy3239 (23 Сентябрь 2011 - 21:32) жазган:
Бисмиллахир- Рахмаанир-Рахийм
Ааламдардын жалгыз Раббиси – АллахТаалага мактоолор болсун! Бардык пайгамбарлардын арасынан эң улугу болгонМухаммад пайгамбарыбызга чексиз мээрими төгүлсүн! Улук, Даанышман Аллах ТаалаӨзүнүн улук китебинде дүйнөдөгү бардык улуулук, бардык тазалык жана бардыкжогорку касиеттер шарият мыйзамында катылуу экенин билдирди.
Табиятынан аялзатына тазалык, сулуулук, акыл эстүү оор басырыктуулукылайыкталган. Алар ошого башынан умтулушат. Жаман иштерди, күнөөнү жек көрүп,жашынан эле абийирдүү ак жүрүүгө болгон аракети алардын табиятында “тунуктук”чоң мааниге ээ экенин баяндайт.
Мындай сыпаттарды аялзаты өзү жактыратжана анын ушул өзгөчөлүктөрүнө маани беришет.
Аялзатына ылайыктуу кийинип жүрүүмаселеси асмандан түшкөн шарияттардын бирден бир негизинен болуп саналат.
Яхуддардын “Талмут” китебинде ушулнегизги күбөлүк берилет. Атүгүл дүйнө акылмандары изилдөөлөрү аркылуу булмаселеге токтолушуп терең түшүнүшүп, аялдарды (күңдөрдөн бөлөк) башкаэркектердин көзүнчө өзүн ачып көрсөтүп жүрүүдөн кайтарышты.
Исламда аялдын табиятын, коомдунсаламаттыгын эске алып, хижабты лаазым кылуу менен аялдын сырткы жана ичкитазалыгы коштолуп туруусуна өбөлгө түзөт.
Ошондой эле үй-бүлөнүн фундаменти бекемболуп, аялдын сулуулугу менен сымбатттуулугу өз жары үчүн гана арналып,бөлөк- бөтөндөрдүн андан пайдалануусуна тыйуу салган.
Натыйжада, кийинип жүрүү мыйзамы аялдынтазалыгын сактоо үчүн гана пайда келтирет. Эч кандай анын колу-бутун чынжырлаптуткунга алуу үчүн эмес же анын акыл-эсин өлтүрбөө илим-өнөр үйрөнүүсүнөтоскоолдук кылуу максатында эмес кайта анын рухун байытып, жашоодогу инсандыкжоопкерчилигин таанусуна шарт түзөт. Тарыхта, эл алдында сөз сүйлөгөн, өзгөчөсыпаттары бар көптөгөн аялдар болгон жана алардын сөздөрү, эмгектери тарыхтажазылып кала берген.
Ислам жумурияттары, аялдардын хижабменен жүрүүсү иш-аракеттерине тоскоол болбостон тескерисинче кайра алардынкоомдук милдетин эң жакшы аткаруусуна шарт түзөөрүн бекем далилдешкен.
Хижаб
Ислам дини тарабынан аялдарга парыз кылынган хижаб абийирдисактоочу негизги чеп (сепил) болуп саналат. Ошондой эле, хижаб – бул парда,салабаттуулук, бузукулукка калканыч, шарияттык өзгөчөлүк менен сыймыктануу, коомдук жана эркек-аялды бирдей ыйбалуулук менен камсыздоо экени белгилүү.
Аялдын хижабы мусулман аялкааласа зыйнат катары кийип, каалаганда чечий койо турган традициялык кийимэмес, тескерисинче, Аллах Таала тарабынан катуу белгиленген парыз. Аллах Таалааларды сактоо үчүн, алардын абийирдүү аял экенин билдирүү үчүн муну парызкылган. Мусулман аялдар хижаб маселесинде улук пайгамбарыбыздын аялдарынаээрчишет.
Ислам думшандары жана аларгасокурлук менен ээрчиген, каалоо-кумарларына жана сезимдеринин кулуна айланганмусулмандар аялдын хижабына аябай кенен масштапта чабуулдарды жасашты жанажасап жатышат. Ал эми, кээ бир убакыттарда өздөрүн мусулмандарга доскөргөзгөндөй түр менен “хижабты кабыл алса болот, бирок, бардыгын эмес, улуттукменталитетке ылайыктап гана кабыл алыш керек” дешет.
Биз хижаптын зарылдыгын жана ага байланыштуу баалуулуктардыбилгенибизден кийин, ага каршы козготулган чабуулдун (же согуштун)айоосуздугунан таң калбайбыз. Маселен, Батыш башка бир диндин, эч бир тайпанын кийимине хижабкаасылганчалык асылган эмес, Батыштын же батышчыл араб же мусулман өлкөлөрүнүнмыйзамдарында жана коомдук жашоосунда хижабка жасалган кысымдар оркоюп элекөрүнүп турат.
Эгер хижаб коомдун жана аялдынулуулугун сактоону жана ыйманын негизин кубатоону максат шарият жана өзгөргүспарыз болсо, ушул максатты кубаттаган дагы бир мыйзам.
Хижаб жана аруулук Ыйык Курандын көз карашыбоюнча
Ыйык Курандахижаб жөнүндө ачык айкын бир канча аяттар түшкөн, анда эмесе силердинкөңүлүңүздөрдү ошол аяттарга бурабыз.
Аллах Таала “Нур” сүрөсүнүн 31аятында айтты:
“Момун аялдарга айт: “(Ар кайсыл эркекти кароодон) көздөрүнсакташсын жана уйаттуу жерлерин сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүптургандардан башкасын [1].Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтпөшсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, кайын аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына,(бир тууган) ага-инилерине, алардын уулдарына, эже-сиңдилеринин уулдарына,мусулман аялдарга, кол алдындагы күңдөргө, аялга муктаждыгы (кумардануусу)болбогон [2]кызматкерлерге, же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген [3]наристелерге көрсөтсө болот. Анан да, көмүскө кооздуктарын жерге катуу урупжүрүшпөсүн [4].Эй, момундар! Баарыңар Аллахка гана тообо кылгыла! Балким (азаптан)кутуулаарсыңар”.
(Нур 31 аят).
Аллах Таала “Азхаб” сүрөөсүнүн59- аятында мындай деген:
“Эй, пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардынаялдарына айткын: “Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын. Бул алардынтаанылуусуна [5] жанакордолбоолоруна [6]жакыныраак. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү! ”
(33-сүрө, 59-аят).
Бул аятта Аллах Таала мусулмандардын аялдары башкадиндегилердин аялдарынан жана күң аялдардан өзгөчөлөнүп, таанымал болуп турушуүчүн өзгөчө форма (хижаб) кийишин буйюрууда. Ал эми, жалпы мусулман эркектерге, айрыкча, дин кызматкерлерине “таанымал болгула” деген буйрук жок.
ЫйыкКуранда Аллах Таала мындай дейт:
“Эй, Адамдын[7] урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн кийим түшүрдүк.Бирок, такыбалыктын кийими[8] - эң жакшы (кийим). Бул- Аллахтын белгилеринен. Мүмкүн түшүнөрсүңөр! ”
(7-сүрө, 26-аят).
Хижаб – артта калуубу же цивилизациянын белгисиби?
Адамдардын айбандарданайырмачылыктарынын бир белгиси алардын кийинип жүрүүсүндө. Инсандын бардыкжашоо өнүгүүсүн изилдеп келгендердин чечими боюнча жылаңачтануу же жарымжылаңач жүрүү жапайы жана цивилизация деңгээлине жете элек адамдарга таандык.Адамдын өнүгүп жетишкендиги анын кийиминин толук болуусу менен коштолуп турган.
Жазуучулардын бири бул жөнүндө мындай дейт: “Ар кандайцивилизация таасирлерин окуп, караштырып көрүп аялдардын хижабы байыркы кездеэле инсандын жетишкендик белгиси болгонун байкайбыз. Албетте, жапайы жанаөнүкпөгөн урууларда хижаб түгүл аялдар кийимсиз жүргөндөрү маалым. Чындыгындахижабдын пайда болушу оболу кадыр-барктуу аялдардын абройу катары таанылып,кийин уят-сый маанисинде кийилип, анан диний салттар менен коштолуп кеткен”. Натыйжада, аялдын кийими цивилизация болупчектелбестен, кийиминин деңгээлинен адамдын канчалык өнүккөнүн баамдашкан.
Кызыгы, ар кандай рекмаларменен цивилизациянын фундаменти болгон “Хижабты” артта калуу деп ашкерелеп, алэми жапайылыктын белгиси болгон жылаңачтанууну цивилизация деп аташты!! ! Ташдоордун жылаңачтары “жапайы” болуп, азыркы замандын жылаңачтары“цивилизованный” эсептелип калдыбы?
Анда эмнеге эвропалыктарафрика урууларына кирүү үчүн (цивилизацияга таянып) “кийимиңерди толуктагыла”деп кеңеш айтышып, азыркы күндө аларды кайра жарым жылаңачтыка чакырышат! Курани Мажид инсандын цивилизация тарыхын эң туура, акыйкатты байандаган жана аялдардынжарым жылаңач жүрүүсүн мурунку наадандык жаахилият заманына салыштырып мындай дейт: “Эй,пайгамбардын аялдары! Өз үйүңөрдө болгула мурдагы динсиздик кездеги аялдарсымал артыкча жасанып түзөнбөгүлө! ”
Эгер илгерки маданияттысактоо (хижабтуу жүрүү) артта калуунун белгиси болсо, анда эмнеге азыркызаманда цивилизованный улуттар мурунку маданиятты тирилтүүгө жана аны сактоогоумтулушат!
Ушул себептен чыгыш таануучулардын: “цивилизация батыштын өзгөрүүлөрүндө, ал эми азыркы кылымдагы аялдарын хижабыалардын өспөй, артта калуусуна себепболот” деген маанисиз сөздөрүнө жоопкатары мындай демекчибиз:
“Азыркы замандын жылаңачмаданиятын айбандык, жапайылык жашоого кайтуу деп билебиз. Мындайча айткандаалардын кайрадан артта калууга, жахилиятка наадандык сабатсыздык доорго кайрылуу деп атаса болот. ”
Ал эми кийинүү (хижабтуужүрүү) накта цивилизация белгиси болуп кала берет.
Хижаб жана аялдын кадыр-баркынын жогорулашы
Негизинен алып көрсөк бардык жерде жайнаган, издетпейтабылган нерселердин баасы төмөнүрөөк тураары анык. Адам баласы дагы кымбатбаалуу буюмдарын дайыма көздөн алыс сактаган. Мисалы, алтын-күмүш жана башкаасыл таштарды атайын сандыкчага салып, бекем ишенимдүү жерге бекитишкен. Исламдини аялзатын жаратылыштагы эң баалуу, инсандык бийик сыпатка ээ деп санооменен хижабты ошол сандыкчага окшотуп, анын ичиндеги нерсе аялзаты, баалуу,кадыр- барктуу сакталуусуна курал катары ылайыктаган.
Ал эми аялдарга боёнуп-жасанып, өзүнүн дене сулуулуктарынжалпыга көрсөтүүсүнө чакырып үгүттөгөндөр чындыгында аялды инсан катары санапурматташпайт жана коомдогу ордун сырткы дене сулууктары аркылуу табуулары керекдеген пикирде турушат. Тажрыйбада ушул маселени далилдеп турушат. Исламгачейинки заманда аялдар кадыр-барксыз болгону аз келгенсип, кыздуу болууүй-бүлөө үчүн айып, шермендечилик болуп эсептелчү.
Мындай коомдо, баасыз,төмөндүктү белгилеп турган хижабсыз жүрүү өтө тараган эле. Ислам, аялдын мартабасынжогору көтөрүп, инсандык даражасын урматтады жана хижаб мыйзамы буйруу менен бул кадыр-барктын дайым улануусунаөбөлгө түздү.
Таанымал Француз тарыхчысыГусто Вальбун мындай деп жазат: “Аялзаттын абалын жакшыртууга көп аракет кылганжалгыз Ислам дини экени баарына маалым. Бул дин аялдын мартабасын бийик койду,ошентип жалпысынан алып көрсөк чыгыш аялдары урмат-сыйлуу, илимий тарбиялыккадыр- барктуулугу жагынан Эвропа аялдарына караганда бир канча алдыраактурушат”.
Акырында Ислам динине киргенанглис аял жазуучусу Эфлин Кубалад “Кудайды көздөй” деген китебинде: “Исламдагыаялдын бийик мартабасын бир гана анын “харам” урмат-сыйлуу деп атаганынанбаамдаса болот”, - деп жазылат.
Ушул себептен хижаб, аялдынкоомдогу ийгилигине шарт түзүүчү, кадыр-баркын, урмат-сыйын жогорулатуучу куралкатары кызмат өтөөрүн Куранда баяндайт: “Эй пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңажана момун аялдарга айткын, үстүлөрүнө жамынчыларын жамынышсын! Мына ушуну мененалар (таза, түз жүргөнү) таанылып, зыян, кордук тартпастыгы үчүн эң жакын жол.Аллах Мээримдүү жана Кечиримдүү зат”. (Азхаб 59 аят).
Хижабсыздык кадыр-барктын төмөндөшү
Бүгүнкү турмушта хижаб четкекоюлуп, “жылаңачтылык” өөрчүп, аялдын инсандык кадыры эске алынбастан жалаңгана анын сулуулугуна, сырткы келбетине көңүл бурулуп калды. Аны ишке алууда дакөбүнчө өңү түсүнө чырайына карап баалап алышат. Аялдын жылаңач тартылып чыккансүрөтү- баасыз, арзан товарды жарыялагандай мааниде жайнап турганы менен алардынкөз карашы боюнча аял, товарга окшош эле маалым. Мисалы, “Люкс” товары башкатоварга салыштырмалуу баасы ылдый түшкөндөй, аялды кемсинтүү, баркын ылдыйлатуутүрдө жыл сайын көптөгөн чыр-чатак менен “сулуулар” конкурсу өткөрүлөт.
Аялзатын лаззат алуучу нерсекатары санашы, жадаса анда-санда гана кайрылып туруу керек деген пикирде эркинкатнашты колдоп жатышат. Ганди айткандай: “Аял сырткы көрүнүшүндө азаттыккажеткени менен жаңы коркунучтун босогосунда турат, ал коркунуч өз нафсисин ээрчиген эркек сөрөйлөрдүнколунда оюнчук болуп калуу коркунучу”. Ал сөзүнүн уландысында: “Мен, мындай эңназик жаралган аялзаты (көөп, каалаганын кылган эркектердин оюнчугу болуп)айбандарга төмөн түшүүсүнөн көрө адам тукуму биротоло түгөп, куруп кетүүсүнартык көрөм... Эгер мен аял болгондо “Аялзаты эркектин оюнчугу болуу үчүнжаралган деген пикирге катуу каршы туруп күрөшмөкмүн. Эй аялзаты, эгер сенинбоёнуп –жасанганың эркектердин көңүлүн буруу үчүн болсо бул иштен кайт дагы эчубакта мындай пастыкка барба!” Биз, дүйнө жүзүндөгү бүткүл аялдар хижабты кабылалышып, бир кезде колдон чыгарышкан кадыр-баркын кайра колго алаар дегенүмүттөбүз. Ошондой эле ар бир жылы “Сулуулар конкурсун” өткөрүүнүн ордуна-илим, өнөр конкурсун же адеп-ахлактуу аялдарды жана мээримдүү энелерди тандооконкурсу өткөрүлсө жакшы болмок.
Хижаб чыныгы баалулуктарды тирилтет
Эгер аялдар хижаб кийишсе, баары бирдей тегиз көрүнүшөт.Сырткы өзгөчүлүктөр, дене сулуулуктары, кымбат жасалга байлыктаржашырылып, ошон до элдин көңүлү-илим, адеп, өнөр, ахлак сыяктуу чыныгыбайлыктарга бурулат. Инсан ушул кенчтерди өркүндөтүүгө аракет кылат данатыйжада акыл-эс, зээн коом өнүгүү жолуна түшүү менен тез алдыга чыгат.
Ооба, Ислам дини хижабты моралдык баалуулуктарды тирилтүүчү катарытаанытып, аялдын бөлөк-бөтөндүн көзүнчө авратын жаап кийинип жүрүүсүнө өзгөчөмаани берген. Ислам пайгамбарыбыз хадисинде “Силердин араңардагы эң жакшыаялдар аруу, таза, уялыңкы келген, бир гана күйөөлөрүнө боёнуп-жасанып, ал эмибөлөк-бөтөн эркектердин көзүнчө хижаб кийингендер” – деген. Дагы бир хадисинде:“Эң начар аялдарды сыпаттап кетейинби? Алар, бөлөк-бөтөндөргө боёнуп жасаныпалышат да, күйөөлөрүнүн көзүнчө жарашыксыз жүрүшөт (өздөрүн карашпайт)”.
<BR clear="all" style="mso-special- character:line-break;page- break-before:always" >
Хижаб жана сүйкүмдүүлүк
Негизи жакшы көргөн нерсегежетпей алыс турса ага болгон кызыгуусу күчөйт. “Алыс жүрсөң кадырың артат”деген макалга окшош. Ошентип аялзаттын хижабтуу жүрүп, эркектерден алыс болгонуалардын кызыгуусун арбытат, жетүү аракетин көбөйтөт. Адабий-лирикалыкыр- дастандар, мисалы, “Лейли менен Мажнун”, “Фархатменен Ширин” жана башка көптөгөн ашыктык дастандардын баарысы ушул-аялдын хижабкийип, өзүн эркектерден алыс кармаганынын эсебинен келип чыккан.
Натыйжада, эгер аял өзүнүнмартабасын жогорулатып, сүйкүмдүүлүгүн арттыргысы келсе анда аны хижаб аркылуугана ишке ашыруусу мүмкүн.
Бүгүнкү аял хижабсыз жүрүп,эркектер менен ар жерде аралашып, сүйкүмдүүлүгү азайу менен кадыр-баркытөмөндөдү. Азыркы заманда эч убакта мындай адабий-лирикалык дастандар чыкпайтдагы ошол илгеркидей махабат, тартылуу, эңсөө сезимдери кайталанбайт мунунбаары эркеке-аялдын эркин катнашынан чыккан бузулуунан кесепетинен экенижалпыга маалым.
Хижаб жана дене салмакттыгы
Хижаб бузулуунун себебинен келип чыккан аркандай оорулардын алдын алып, коомдун саламаттыгында маанилүү ролду ойнойт.Азыркы статистиканы карап көрсөңөр жыл сайын түрдүү жыныстык ооруларгачалдыккандардын саны өсүүдө. Алардын айрымдары даарыланышса, айрымдарынынмүмкүнчүлүктөрү жетпей аягы өлүм менен бүтүүдө. Спид оорусу: Азыркы замандын эңкоркунучтуу, өлүмгө алып келүүчү апааты болуп саналат. Бул оору бузулуунунэсебиндеги эркин жыныстык катнаштардан пайда болот. Ага чалдыккан адамдынденесиндеги (коргонуу системасы бузулуп кичинекей микроптор менен күрөшө албайакырындап өлүмгө дуушар болот).
Хижаб – үй-бүлөөнүн бекем сакталышынатаасир этет.
Коомду түзүүдөчоң ролду ойногон үй-бүлө, махабат, үмүт очогу болуп, жаш кыз-келиндердинжашоосун, таттуу кыялдарын оорундатып, ишеничтүү турмушту арнайт.
Коомдун бекемдиги үй-бүлөнүнбекемдигинде экени шексиз.
Ал эми үй-бүлөнүн бекемдигине бирден бир себепкерболгон бул хижаб маселеси. Эгер коомдо хижаб толук сакталса, жыныстык алакаларүй- бүлөнүн аркасында чектелсе, үйлөнүүгө умтулуу көбөйүп, турмуш куралуу менен анын туруктуулугу дакүчөйт эле. Натыйжада эркектер өз аялдарын гана камсыздандырып, махабатын,түйшүк эмгегин үй-бүлөсүнө арноонунартында көрөт эле. Ал эми коомдо сулууланып- жасанып, жарым жылаңач жүрүүтараса, үй-бүлөдөн тышкары жыныстык байланыштарга оңой жол ачылат.
Эгер турмуш курушса да дайыма ажырашуукоркунучунда турат, анткени, эркек жасанган делебени козгоочу аялдарды көргөнсайын зыянга учурап (ою бузулуп) натыйжада үй-бүлө очогу муздап, жарына болгонмахабат сүйүүсү аз аздан жек көрүүгө айланат да анын эркин жүрүүсүнө, жаңыойношуна жолтоолук кылуучу душман катары санап калат. Ошондуктан исламийхижабты сактоодо гана үй-бүлө жаркырап бейкуттукка тынчтыкта өмүр сүрөт.Мисалы, эгер кошулуп турган зым коопсуз, соо болсо чырак жакшы күйөт, ал эмизымдар капталбаган жылаңач же кескиленген болсо, ал чыракты жакшы күйгүзбөстөнкайра суу чачыраган сайын же бири-бирине тийери менен от чыгып алоолонуп,айланага да коркунуч алып келет.
Жорж Каминекс – таанымал коомтаануучу бул маселени айкындап мындай деген: “Аял-эркектин чатакташуусунун(ажырашуусунун) негизги себеби алардын өз жарын чанып, башка менен алака түзүпкетүүлөрүндө”.
Ажырашуунун артындагызыйандарга терең көңүл бура турган болсок. Биринчи кылмышкерлик көбөйөт, аягыменен ажырашып бала чакаларынан оолактап калгандан кийн үй бүлөө бузулуп аракичүү, нашаа чегүү ж.б.у.с. жаман иштерге жол ачылат. Статистика белгилегендей14- 15 жашка чейинки бузулган жаштардын 90% зы ата-энеси ажырашып кеткен бүлөдөнчыккан балдар.
Дагы бир зыяны: ажырашуу,никесиз байланыштардын саны жогорулаган сайын көчөдө ташталып кеткен, багуусузкалган балдардын саны өсүүдө. Азыркы күндө статистиканын маалыматы боюнча дүйнөжүзүндө 20 жашка чейинки 90 миллион жаш өспүрүм балдар ташталып, үйдөн куулупкароосуз самтырап көчөлөрдө жашоолорун улантышууда. Ажырашкан аялдар, келиндериштээрге иш таппай, көбү өз денесин сатып жаман жолго түшүп кетишүүдө. Ал элеэмес жаш кыздар чоочун элдин жаңы маданиятынын кесепетинен коомдон терс сабакалып бузулушууда.
Жогоруда жазылган нерселерденсилер, аялдардын жасанып жарым жылаңач жүрүү менен жеңил ойлуулуктарынан чыкканзыйанынан көбү өздөрүнө кайтып ый, өкүнүч алыпкелээринен кабардар болдуңар.
Хижаб коомдун туруктуу сакталышына себепчиболот.
Коом карама-каршы эки жыныстан түзүлөөрү маалым. Аял-эркек от менен кагаздай тез алака табышат,ошондуктан мүмкүн болушунча бири-биринен алыс жүрүүлөрү зарыл же алакаларыүй- бүлө куруу аркылуу сакталышы керек. Коомдо аял менен эркек ылайыктуу (эчкандай сезим козгоочу түрдө эмес) мыйзамсыз байланыштардан тышкары басыптурушса, ал коом таза сакталып, бекемделип өнүгүп өсүүсүнө кенен шарт түзүлөт.Бир улуу аалым мындай деп жазат: “Силердин оюңарча, кыз менен жигит өзүнчөбашка- башка жерде окушса же бир окуу жайга окушуп, кыздар жасануусуз толуккийинип жүрүшсө окуучулар жакшы окушабы же аралаш отурушуп, тизесинен өйдөкыска кийип, боёнуп жасанышып жүргөн жерде окууга көбүрөөк көңүл бөлүнөбү? Эгерэркек киши көчөдө, базарда, жумушта же башка жерлерде жарым жылаңач болупжасанып жүргөн аялдарга учурап, алар менен аралашып жүрсө ишке көбүрөөк көңүл бурабы же андай көрүнүштөрдөналыс болгон коомдо жакшы эмгектенеби? ”
Натыйжада хижаб-аялдардынкоомдогу терс көрүнүштөрдөн сактануучу калканы.
Аялдын турмуштагы ордун,жоопкерчилигин туура аныктоого шарт түзүүчү хижабтын ролу чоң экенин бир нечемисалдар менен белгилеп кетмекчибиз.
Биринчи мисал: Газды туураколдонуу үчүн анын бекем нерседесакталуусу заарыл. Эгер атайын турбаларда болсо анын тешилип калуусунан сакболуу керек, антпесе газ бекерге кетип, жарылып өрттөнүүгө чейин барат. Ушулсыяктуу эле хижабты сактоо менен гана аялдын кадыр баркы сакталат. Ал эми, тескерисинче боёнуп жасануу, жарым жылаңачжүрүү пас маданияты жайылып коомдун жарымы “Эмне кийим? Кандай кийим? Кантипжасанам? ” деген ой менен алектенип, коомдун экинчи жарымын өздөрүнө бурупнатыйжада эмгектенүү, илим алуу, изденүүнүн ордуна-жасануу, элге көрүнүү, аркимге көз салып лаззат издөө күчөйт да коом өнүгүп өспөң кайра бузулупжакырланып артка кетек.
Экинчи мисал: Тегеретекурчалган тосмо чогулган сууну тышка агызбай сактап, зарыл гана нерселергесарпталуусуна кам көргөндөй хижабтагы аялды коргоо менен туура эмес жолго түшүпкетүүсүнөн сактап турат.
Үчүнчү мисал? Күйүп турган отсууну жылытып, кайнатканга чейин жеткирет. Бирок шарты-суу экөөнүн ортосундатосмо (суу идиште) болуусу зарыл, антпесе суу отко төгүлүп, жылыгандын ордунааны өчүрүп, өзү да сиңип жок болот. Ошентип, хижабты толук сактоо менен ганааялзаты өзүнүн чыныгы ордун таап, күч аракеттери туура жолго жумшалып коомгоанын чоң жардамы тийет. Ал эми хижабсыз жүрүп боёнуп-жасануусу анын болгонкүчүн ошого гана чыгарып, отко төгүлгөн суудай башкалардын эмгектенүүсүнөтоскоолдук кылат. Анткени, аял өзүн жасалгалоо менен алектенсе, коомдунжарымынын көңүлү ага алектенүүсү шексиз.
Хижаб - Жараткандын алдында жагымдуу кийим
Жаратылыш тартибинде ар бир затка ылайыктуу жоопкерчиликберилген жана ар бир зат да ошол жоопкерчилигине ылайыкталып жаралган. ЖаратканАллах Таала инсанды табиятына жараша бир канча жоопкерчиликтерди мойнуна коюп,ошондой эле өз жолун эркин көз карашта тандап кетүүсү үчүн башкаларданөзгөчөлөп ага ыктыярды берди.
Аллах Таала аялзатын жаратыптабиятына жараштыра абийирдүүлүк аруулукту ылайыктады. Ошентип аялдынжоопкерчилиги ушул табиятын сактоодо болгон соң, Аллах Таала аялзатка хижабтываажиб (зарыл) кылды жана бул хижаб аркылуу тышкы ички дүйнөсүн таза сактапжүрүүгө буйруду.
Ооба, Аллах Таала аялзатын ушулкийими менен жакшы көрөт жана кандай кооз кандай сулуу! – Бул Аллах мененпенденин байланышы. Ошондуктан аял Жараткандын алдына барып сыйынаарда, намазгатураарда хижабын толукташ заарыл.
Анда билипкой! Хижаб-аялзаттын өз Жаратканына кайтаруучу кийим, хижаб менен аял өзүнтабат, чыныгы инсандык касиетин, кадыр-баркын, баалуулугун түшүнөт жанабийиктикке, урмат-сыйдын туу чокусуна көтөрүлөт.
Хижаб-адам өзүн таанусуна, натыйжада Кудайын таануусунажана акыйкатта жакындатуусу башталгыч тепкич.
Хижаб-Исламдын байрагы жана аялдар аны көтөрүүчүлөр.
Ким Алланын мыйзамдарын урматкылса, анда, албетте (бул урмат) дилдердин такыбалыгынан болот.
Хижаб-Ислам ураанын урматтап-бийиктетмек.
Мисалга алсак Курманжан датка энебиз өз кийими (кыргыздынулуттук нукура) менен эл башкарып, Россия сыяктуу Улуу державалардынэлчиликтерин, Кытай, Англия баш болгонөнүккөн өлкөлөр менен тыгыз байланышта болгон.
Ошол учурда алар кайра Курманжан даткага урмат-сый,кызыгуу менен мамиледе иш алып барышат[9] .
Ошентип, хижаб - эң мыкты жана Алланын алдындагы эңжагымдуу кийим.
Хижабсыз жүрүү жана жылаңачтануу шайтандын торуна түшүү.
Куранда жылаңачтануу, бузулууну шайтандын алдоо, айла-амалдарынан дептаанытат.
Эй, Адам балдары Шайтан (Адам) атаңардын авраттарынөздөрүнө көрсөтүү (уят абалга салып коюу үчүн кийимдерин чечип, бейиштенчыгарган сымал силерди да алдап койбосун! ) Албетте Биз шайтанды ыймансызадамдарга дос кылып койгонбуз.
Хижаб сулуулакка, аруулукка жана такыбалыкка жеткирүүчүкурал болсо, ал эми хижабсыздык шайтандын анын жолдошторунун азгырыктарынанболуп эсептелет.
Ушул себептен Куранда шайтандын тутуучу торун чечмелепмындай деп айтат: “Эй момундар, шайтандын изинен ээрчибегиле! Ким шайтандынизинен ээрчисе анда албетте (шайтан) бузукулукка жана жамандыкка буйрат. Эгерсилерге Алланын берешен жоомарттыгы болбогондо, силерден бир да киши (бир дакүнөөдөн) таза болбойт эле. Бирок Аллах Таала (берешен жоомарттыгы менен) өзүкаалаган кишини (аруулайт) Аллах Угуучу Билүүчү”.
Бул аят шайтандын арам ой-максаттарын кабарлап, бузулуунуанын азгыруусунан болоорун билдирип, мусулмандарга “Ойлонгула” деп эскертет.
Хижабсыз жүрүүнүн тарыхчасы
Өткөнкү темалардан силер окуп түшүнгөндөй хижаб кийүүнүнтарыхы ошол жер жүзүнө биринчи жандык Адам менен Хаава жиберилгенден башталат.Ошондон бери хижаб канча бир кылымды, жолду басып өтүп, ар кандай деңгээлдетүрдө болгон, бирок аны буга чейин эчким жоюп сала алган эмес. Хижабты чечүүнү тарыхы жаңы ыкмада жүрүү Европанын илим техника жаралуусунан башталган.Маалыматтар боюнча ири ишканалардын ээлери аялдардын күчүнөн арзан пайдалануумаксатында “азаттык” деген алдоочу ураан менен аларды иштетүүгө алып чыгышканжана аялдар да - укугубузду колго алабыз, - деп алданышып алардын колундагыбуюмга айланышты. Бул көрүнүштөр акырындап Исламий мамлекеттерге тароо менендиний ишенимдерди, адеп-ахлакты азайтып, Исламды жок кылуучу куралга айланды.
Исламий мамлекеттерден биринчи хижабты чечкен Афганистанөлкөсү болду. Афганистандын президенти Аманулла Европага сапарлап, 1306-жылы(шамси) Иранга келип, Хурасан аркылуу мекенине кайтат. Борборго кирип келээрименен “аялдар хижабсыз жүрүүлөрү керек” деп жарыялап, эң биринчи өзү хижабсызаялы менен элге чыкты.
Анын бул тартынбастыгынан улам жалпы Афганистан эликөтөрүлүшкө чыгышып, Аманулла кечирим сурап, мекенин таштоого аргасыз болгон.
Экинчи өлкө Турцияда десек болот. Осмон империясы кулаганданкийин Ататүрк 1313-жылы (шамси) хижабкийүүгө тыюу салды.
Иран хижабсыздыктын башатын ачкан “Куратулайн” деген аял 1223-жылы (шамси) Казвинде диний үй-бүлөдөтөрөлгөн. Ал, эксплуаторлордун дин ишенимине кирип хижабын чечип боенупжасанып, “бахои” динин таратууну аркалаган.
Хижабты сактоо
1. Ички табияттын чакырыгына жооп
2. Артта калуу эмес, цивилизация белгиси
3. Баардык улуттарда таралган нерсе жана алардын маданиятыболуп саналат
4. Аялдын кадыр-баркы, урматын жогорулатат.
5. Дене саламаттыгын жана ички дүйнө тынчтыгынкамсыздандырат.
6. Үй-бүлөөнүн бекем жана бейпил сакталышына себеп болот.
7. Коомдун өсүшүнө жана туруктуу сакталышына өбөлгө түзөт.
8. Аялдын коомго катышуу уруксааты, тоскоолу эмес.
9. Негизги баалулуктарды тирилтет.
10. Аялды ажарлуу жанаыйбалуу кылып, анын адабий өнөр мүмкүнчүлүктөрүн өстүрөт.
11. Алланын мыйзамын аткарууга жардам берип, аныныраазычылыгына арзыйт.
<B style="mso-bidi- font-weight:normal" ><BR clear="all" style="mso-special- character:line-break;page- break-before:always" ></B>
Хижабсыздык жана бузулуу
1. Хижабсыздыкинсандын табиятына, ички умтулууларына туура келбейт.
2. Аялзаттынкадыр- баркы түшүп, ийменчээктиги, тартынуусу азаят.
3. Аялдын инсандыкбаалуулугу унутулуп, жалаң гана сырткы келбетинин сулуулуктарына көңүл бөлүнүпкалат.
4. Аялзаты товардыннаркындай кадыр-баркы түшүп, аны өтпөгөн товарларды рекламалагандайпайдаланышып калышат.
5. Өзүн кем сезүүдөнчыгып, көптөгөн дене жана рухий ооруларга чалдыктыруу менен өлүмдүн санынкөбөйтөт.
6. Жылаңачтануумаданияты- маданияттын жылаңачтануусу жана жапайчылыктын белгиси болуп саналат.
7. Өнөр, билимдитөмөндөтүп, аялдын руханий жактан өсүүсүнө тоскоол болот.
8. Жалпынын умтулуусункумарданууга буруп, чыныгы баалулуктарды унуттуруу менен тарбиялануу жолунанчыгарат.
9. Үй-бүлөнүнфундаменти бошоңдоп, ажырашуунун саны өсөт.
10. Душмандын далай жолу коомду кулатууга колдонгонкоркунучтуу куралы.
11. Бөлөк-бөтөндөрдүн ар тараптан ээлеп алуусуна жакшы жагдайтүзөт.
12. Алланын ваажиб кылган мыйзамын тебеленгендиккежатат. Натыйжасы өтө зыяндуу.
Хижабтын кийүү чеги же исламий кийимдинкөрүнүшү
КийимибизИслам негиздеген кийимдерге дал келиш үчүн төмөнкү шарттарды аткарышыбыз керек:
1. Кийим кол манжалары менен беттен тышкары башты жана дененитолук жабылып турушу керек: Демек, моюн, билек жана ага тагылган сөйкө жабыкболууга тийиш.
2. Кийим аялдын сулуулугуна эркектердин көңүлүн өзүнөтарткыдай кооз болбоого тийиш. Демек, жалтыраак түстөрдөн жылтыр-жултур кооздукбуюмдарды тагынуудан жылтырак жиптер кошо өрүлгөн кездемеден кийинүүгө болбойт. (Булардын баарысы үйдө кийип жүрүүгөболот, ал эми көчөгө, эркектер бар жерге чыгаарда, махрамсыз туугандаргатийешеси жок адамдардын арасына бараардааларды кийбеш керек).
3. Кийимден дене көрүнбөгүдөй болууга тийиш: тешиктери барже түссүз кездемелер ылайыксыз.
4. Кийим кенен болуп, дененин сөлөкөтүн жашырып туруусукерек: денеге чыпталып, анын формасын көрсөтүп турган кийимдер ылайыксыз.
5. Парфюмериянын жыттары болбоого тийиш.
6. Эркектердин кийимине окшош болбош керек. Шым сыяктуукийимдер аялдардын стилине ылайык тигилиши керек.
7. Кийимиңиз сизди көпчүлүктүн арасынан өзгөчөлөнтүпкөрсөтпөөгө тийиш-ал ачык, көрүнүктүү түстө жана көзгө тез чалдыга тургандайбычылса, элдин көңүлүн сизге бурдурат. Ушул себептен улам айрым мусулмандараялдарга мусулман кийимин же ирандык чадор сыяктуу өзгөчө түрлөрүн кийипжүрүүгө тыю салат. Андан көрө мусулман стилине ылайыкташкан батыш кийимдеринтандаганыңыз жакшы, мисалы узун түз жакеттен жана кенен шымдан турган костюм. Кийим тандоо арбир аялдын индивидуалдуулугуна, анын акыл-эсине, ынсабына байланыштуу. Бирокхижаб тандоодо өлкөңүздүн климатын, жумуш ордуңузду жана кылган ишиңизди эскеалышыңызга сунуш кылабыз.
8. Мусулман аялдарынын кийимимусулман эместердин кийимине окшобоого тийиш. Хижабтын фунцияларынын бири-аныкийип жүргөн аял өз дини менен сыймыктанган мусулман экенин көрсөтүүдө ошондойэле бизге башка элдердин диний кийимдерине окшош кийим кийүүгө болбойт. Индийстилиндеги жолук салынуу Азиядагы мусулман аялдарынын арасында кеңирижайылгандыгы буга ачык мисал боло алат.
9. Кийим өз ээсинин “Сыймыктанууну же мен менсинүүнү”далилдеген, башкача айтканда кымбат баалуу таштар менен кооздолгон, алтын жекүмүш жиптер менен өрүлбөшү керек. Пайгамбарыбыз(саллолоху алейхи вассалямдын)убагында жашаган аялдар үйдөн чыгып жатканда жилбаб (плащ, сырт кийим) жанахимар (башка жабуу) кийишкен. Мезгил өткөн сайын мусулман дүйнөсүнүн ар түрдүүбөлүктөрүндө сырт кийимдердин ар кандай түрлөрү келип чыкты, алар араб өлкөлөрүндөабайяс, иранда чадор, пакистанда бурка жана башка булардын баарысы элекыргызстандагы климаттык шарттарга туура келе бербейт, бирок бул өлкөлөрдө даушул сыяктуу кийимдерди кийип жүрүүгө болот. Бул үчүн узун стилине, түсүнө,бычылышына төп келген пальто же плащ тандап алууга болот, ал эми өлкөнүнкөпчүлүк жерлеринде азыркы тил менен айтканда жилбаб аталган, баардык мусулмандарга тааныш плащты эске салганкийимди тигип же сатып алууга болот.
Дупатта (пленкадан тигилгеншалвар- хамиздин ордуна берилүүчү баш жабуу) хижаб катары ылайыксыз башка чачтыкөрсөтүп турган дупаттаны кийип жүргөндө андан чач чыгып турса туура эмес болупкалат. Дупаттанын ичинен чач көрүнүп калбагыдай кылып бир же эки каттап жамынуукерек. Мындай кылууга мүмкүн эмес болсо-бул максатта башка жоолук же жабуутагынуу керек.[10] Ал эми,жабууга зарыл болбогон эки нерсенин бири: колу-алаканынын өлчөмү жана жүзүжуушлук өлчөмдө. Бул жөнүндө хадисте:“Анас ибн Малик (разияллоху ъанху)дан рываят, Пайгамбар (саллолоху алейхивассалям) кызы Фатима (разияллоху ъанха)га согончок жактан бир карыш төмөнкарай узун кылууга уруксат берди жана айтты: “Аялдардын пайчасы (этеги) ушунчаузун болуусу керек, кызыл ашыгын жаап согончогун да жаап туруусу керек ”.Эркектердин пайчасы кызыл ашыктан жогору болуусу керек, жогоруда айтылганхадистер “Мүчөсү билинбеси” дегенге караганда аял кең кийим кийүүсү керек, кеңкийим кийүү ден-соолукка да пайдасы бар.
Ушул жөнүндө имам Тирмизий(разияллохи алайхи) айтат: “Аялдардын согончокту жаап кийүүсү бул өкүм”.
Дихя (разияллоху ъанху)данриваят, Пайгамбар (саллолоху алейхи вассалям)га Купти шаарынан чыккан ак жука материал келди,Пайгамбар (саллолоху алейхи вассалям) аны мага берип айтты “Аны экиге бөл да,жарымын өзүң көйнөкө ал, жарымын аялыңа бер аны менен оронсун”. Жана артынабурулуп кайтаарда, ага мындай деди: “Аялыңа мунун ичине астар тигип ананкийсин, анын денесинин мүчөсү билинбесин” [11].
Корутунду
Сага кайрылып айтайын дегеним сен исламий кийимиңди таптакыр унутуп койдуң!Кудайдын буңругун көрмөксөнгө алдың! Кийимңди кыскартып тарытып абийириңдиачтың! Сен бул ишиң менен табиятынңдагы аруулугуңду, тазалыгыңды, сулуулугунңдукирдеткениңди сездиңби? Өз улутуңдун маданият, цивилизациясын четке кагып,ислам байрагын жерге ыргытып, бөлөк-бөтөн чоочундардын кийимин киңдиң! Сен булжүрүшүң менен душмандардын кол салууларына жол ачтың да өз элиңдинкең- байлыктарын оңой тоноттун! Сен билесиңби жылаңачтанып жүрүп урмат-сыйңды, баркыңды абийириңди чачканыңды? Үң-бүлөңдүн кыларкандан бышык алакасынбошоңдотуп, ооруларга чалдыктың, жаман дартты элге таратып, коомду да өзүңдү дасазга батырдың. Сен сездиңби моданын кулу болуп азаттыгыңды алдырганңды? Коомдочоочундарга көзүңдү сүзүп кадыр-баркыңды түшүргөнүңдү?
Эгер буларды билип сезсең тезирээкойгон, эсиңдин барында этегиңди жаап, абийириңди, өзүңдү сакта жана хижабтынпардалары аркылуу коомуңа пайда келтир.
Эми хижаб табият чакырыгы,улутуңдун цивилизациясы, маданияты жана Ислам мыйзамы экенин түшүнүп ансызбузулууга, ооруга, миңдеген балээлерге чалдыгаарыңды түшүнгөндөн кийин бул тематуралуу терең ойлонушуңду өтүнөм жана исламий жүрүүгө, хижабты сактоого,улуттук ата-салтыңды өркүндөтүүгө чакырам. Мусулман экениңди амалың мененаныктоого аракет кыл. Ошондой эле жалпыга кайрылаарым өзүңөрдүн исламиймаданиятыңардан кайтып, жамандыктардан баш тартуу менен элди үгүттөп өзүңөр даүлгү болууга тырышкыла!
<BR clear="all" >[1]Бети, колу, бутунун томуктан ылдыйжагы.
[2]Абдан картайган, өтө жаш,же дагы башка (маселен: эч нерсенин түшүнбөй калган ...)
[3] Ага азырынча баам-парасаты жетелекнаристе
[4] Аялдар буттарына мончокторду, жебашка жасалгаларды тагып алып, анын үнү угулсун үчүнбуттарын жерге урбасын, анын үнү угулсун үчүн буттарын жерге урбасын, жебийлебесин
[5]Аялдардын “хижап” (Ислам шариятында мусулман аялдардын кийими ушундай аталат)кийүүсү, денесин чоочун эркектерге көргөзбөөсү жөнүндө Куранда Аллах Тааламындай айткан: “Көздөрүн төмөн түшүрүсүн! Абийирлерин сакташсын! Көрүнүптургандан бишкасын (жүзүн, манжалары жана кызыл ашыктан ылдый жактарынанбашкасын) көрсөтпөсүн. ..” (24-сүрө, 31-аят). Демек тийиштүү жерлерин жаап жүрүүаялдарга Аллах Тааладан болгон түздөн-түз буйругу. Ошондуктан дүйнөдөгү бардыкмусулман аялдар (улутуна карабастан) бул буйрукту аткарышат.
[6] Себеп болот
[7] Адам Атанын
[8] Такыбамусулмандар кийген ар кандай кийим
[9]Газета “Ислам ажары” 02 (017) 4-бет.
[10] Мирбек Садыков, Мусулман аялдарынынкитеби, 18-20 бет.
[11] Молдо Абдулмажид, Аялдардынкадыр- баркы 18-бет.
Жакшы маалыматтар экен!
#347 14 Ноябрь 2011 - 22:01
#348 16 Ноябрь 2011 - 12:01
sladkoejka.shoko (14 Ноябрь 2011 - 22:01) жазган:
Жоктон көрө жогору деген сөз бар эмеспи. Адам ички дүйнөсүн ондоо үчүн биринчи сырткы көрунүшүн оңдоо керек деп айтышат кээ бир даанышмандар. Балким ошентип журүп, анан мээси менен жүрөгундө бир нерсе пайда болуп калуусу мүмкүн.
#349 02 Декабрь 2011 - 16:07
Мэри (12 Февраль 2009 - 19:36) жазган:
Мен сиздин жазган жообунузду окуп алып бир кулуп алдым :-))). Силер МАИчилерди буйтагандай эле Аллах Тааланы да буйтап кетебиз деп жатасынарбы? Улуттук кийим, салт деп улам-улам эле сайрап жатышат. Анынар Аллахтын буйругунан да жогорубу? Эгер кыргыз элин улут кылып жаратпай эле койсо эмне болот эле, ушинтип келжиреткендин ордуна, ыя?
Негизи мен деле хиджап кийсин дебейм, Dolce & Gabbana, Burberry ж.б.у.с. мусулман аялдары учун кийимдери бар - заманбап, бренд десен бар, сапаты жогору, баасы деле ото кымбат эмес.
Чыпташтырып, чычайтып (мини юбка) кийгенден коро жогорудагы айтылган моделдерди ала албасанар да, заказ менен тиктирип кийсенер силерди эч ким "кой" дебейт.
#350 03 Декабрь 2011 - 22:06
kubik (02 Декабрь 2011 - 16:07) жазган:
Негизи мен деле хиджап кийсин дебейм, Dolce & Gabbana, Burberry ж.б.у.с. мусулман аялдары учун кийимдери бар - заманбап, бренд десен бар, сапаты жогору, баасы деле ото кымбат эмес.
Чыпташтырып, чычайтып (мини юбка) кийгенден коро жогорудагы айтылган моделдерди ала албасанар да, заказ менен тиктирип кийсенер силерди эч ким "кой" дебейт. 2479-1.jpg
SUPER! Жогорку суротто берилгендер сонун моделдер экен, рахмат. Хиджап кийген эжелерге абдан жакса керек.
Билдирүүнү түзөткөн: shygirl07: 03 Декабрь 2011 - 22:08
#351 14 Декабрь 2011 - 23:09
#352 15 Декабрь 2011 - 14:55
#353 15 Декабрь 2011 - 17:50
Lui (15 Декабрь 2011 - 14:55) жазган:
Уаль 'ийязу биллях!Аллахтан коркунуз! Айтынызч?-,Ыйман деген эмне озу?
#354 18 Декабрь 2011 - 18:51
#355 09 Январь 2012 - 19:50
#356 25 Январь 2012 - 03:04
Замира (25 Август 2010 - 16:41) жазган:
kozumo ajbai suluu korunushot.
Menin dagy kelechektegi, jakyn aradagy kaaloom, kuday buirusa
Каалоомду оорундаткан Аллах Таалага шугурлор жана мактоолор болсун!! !
Бизге (адам затына) эмне жакшы жана эмне жаман экенин Аллах Таалам эн мыкты билуучу!
Ошондуктан бул теманы талкуулоонун кереги жок деп эсептейм.
#357 28 Январь 2012 - 19:25
#358 29 Январь 2012 - 15:46
#359 29 Январь 2012 - 16:22
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#360 30 Январь 2012 - 11:47
MIRULYA (10 Май 2007 - 16:43) жазган:
Ар бир адамдын өзүнүн көз карашы бар ошону сыйлаш керек