Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш
#61 19 Ноябрь 2011 - 01:11
Бойдон алдыруу-убал
Энелерге эскертүү:
Сиз кош бойлуу экениңизди билдиңиз дейли, бирок, бул сиздин планыңызда жок эле. Азыр сиз коркуп, кимдир бирөөгө таарынып, өзүңүздү жоготуп, эмне кыларыңызды билбей кыйналып турасыз. Албетте, каалабаган бойго бүтүү абдан оор сезилет. Бирок, сиз чечим кабыл алганга чейин бардык фактыларды билүүгө укуктуусуз. Бул кырдаалда оң жолго түшүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар экенин унутпаңыз.
Бойдон алдыруу - татаал медициналык процесс. Көпчүлүк аялдар үчүн бул окуя физикалык, эмоционалдык, рухий өзгөрүүлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Буга чейинки боюнан алдырган айымдар боюнан алдырганга чейин ал жөнүндө толук маалымат алгысы келгенин айтышкан. Мүмкүн, сиз каалабаган бойго бүтүүнү жашооңуздагы тоскоолдук катары көрөрсүз. Бирок, сиз маселени чечүүдө ар дайым көптөгөн варианттар бар экенин билишиңиз керек. Жакшылап ойлонсоңуз, туура чечимге келесиз. Мындайда көпчүлүк энелер оң чечим кабыл алышарын эсиңизден чыгарбаңыз.
Вакуум аспирациясы жөнүндө эмнелерди билүү керек?
Бул операция кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде (түйүлдүк 7 жумалык кезде) болот. Жатындын оозунун булчуңдары темир медициналык тетиктер жатындын ичине кире алгыдай болуп кеңейтилет. Жатынга киргизилген трубканын экинчи учуна атайын шприц бекитилет. Түйүлдүктү дал ошол шприц аркылуу сордуруп чыгарат.
Алдыруудан кийинки ырбап кетүү
Бойдон алдыргандан кийин жатындын ичи ырбап кетиши толук ыктымал. Ичтин асты чыдатпай ооруп, көңүл айланып, кусуп, ич өтүшү мүмкүн.
Олуттуу ырбап кетүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
1) Көп кан кетүү. Себеби, жатындын артериясы кесилсе, абдан көп кан кетет. Бул учурда аялга кан куюу зарыл.
2) Инфекция - жугуштуу оору. Алдыруу учурунда жатындын ичине ар түрдүү бактериялар кирип кетиши мүмкүн. Натыйжада аял жугуштуу ооруга кабылышы мүмкүн.
Олуттуу жугуштуу оору
Аялдын температурасы көтөрүлүп, түшпөй коюшу мүмкүн. Бул да кайрадан ооруканага жатууга аргасыз кылат.
Бүтпөй калган алдыруу
Жатындын ичинде түйүлдүктүн кайсы бир бөлүгү калып калса, кан кетиши мүмкүн. Башка медициналык каражаттарга аллергиялык дүүлүгүү (мисалы, кан аркылуу дары куюлган учурда) болушу ыктымал. Бул конвульсияга, инфарктка, кээде өлүмгө да алып келет.
Ички органдардын зыян тартуусу
Жатында айрык же кесик пайда болсо, бул жакын жайгашкан башка органдарга, мисалы, ичегиге, табарсыкка зыян келтирет.
өлүм
Кыйын учурда бойдон алдыруудан кийинки ырбап кетүү, айрыкча көп кан кетүү, жатындын жака-белинин уколго дүүлүгүүсүөлүмгө алып келет. Мындай ырбап кетүүлөр өтө сейрек болот, жалпысынан алганда, 1 жылда 20 жолу болушу мүмкүн. Медицина кызматкерлери бойдон алдыруу менен сүт безинин айыкпас ооруга чалдыгуусунун байланышын азыркыга чейин изилдеп келишет. Бирок, бул жерде төмөнкүдөй маанилүү факторлор бар:
1) Түйүлдүктү төрөлгөнгө чейин көтөргөн организмде сүт бездеринин айыкпас дартка чалдыгуусуна каршы коргонуу түзүлөт. Бул коргонуу бойдон алдыруудан кийин түзүлбөй калат.
2) Бойдон алдыруудан кийин эстроген гормону кокустан түшүп кетиши ыктымал. Бул учурда сүт бездеринин клеткалары айыкпас дартка чалдыгат.
3) Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы көрсөткөндөй, бойдон алдыруу менен сүт бездеринин айыкпас дартка чалдыгуусунун ортосунда олуттуу байланыш бар экендиги көрүнүп турат.
Бойдон алдырган соң, кайра бойго бүтөбү?
Алдыруудан кийинки келтирилген зыяндар тукумсуздукка же кийинки бойго бүтүүгө зор кыйынчылыктарды жаратат. Эгерде кимде-ким биринчисин бойдон алдыртса, анда кийинкилери бойдон түшүү менен коштолот, 50 пайызы айыкпас сүт бездеринин оорусуна чалдыгат.
Эмоционалдык таасир
Кээ бир аялдар алдыруудан кийин олуттуу эмоционалдык кыйналууга туш болушат. Бул биринчи эле күндөрү байкала башташы мүмкүн. Кээде көп жылдан кийин деле козголо берет. Алдыруудан кийинки эмоционалдык стресстин пайда болушуна төмөнкүлөр кирет: аялдын жашы, алдыруунун шарттары, бойго бүтүүнүн кечеңдеши, анан да аялдын диний көз карашы.
Рухий жактары
Адам баласынын кудай жөнүндөгү түшүнүгү ар кыл. Азыр сиздин диний ишенимиңиз кандай болсо, бойдон алдыруу да рухий жактан өтө маанилүү. Эгер сиз бойдон алдыртсаңыз, ал акыл-эсиңизге, организмиңизге гана таасирин тийгизбестен, кудайга карата мамилеңиздин да өзгөрүшүнө түрткү болот. Бул кырдаалда кудай сизге эмнени каалайт? Сиздин бойдон алдырткан балаңыз жөнүндө эмне деп ойлойт? Ошондуктан, урматтуу энелер, булардын баары өтө маанилүү маселелер болгондуктан, олуттуу ой калчап, туура чечим чыгарыңыздар.
#62 19 Ноябрь 2011 - 01:24
ДАРЫЛОО
Консервативдүү дарылоо
Бул - атайын багытта чыгарылган трикотаж кийимдерди: колготки, байпакты кийүү; дары-дармекти кабыл алуу; дарылык багыттагы физкультура менен машыгуу. Дарыларды кабыл алуу менен катар, аталган кийимдерди туура кийип жүрсө, төрөттөн кийин кеңейип кеткен веналар калыбына келет же алардын саны азаят.
Хирургиялык дарылоо
Склеротерапия. Дарт чалган вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Склеротерапияда ошондой иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Бул жумасына бир жолудан жасалат. Мындай ыкма менен дарт чалган веналардан толук кутулуу убактысы оорунун формасына жараша болот.
Флебоэктомия. Наркоз же жергиликтүү анестезия менен операция жасоо аркылуу оорудан кутултуу.
Варикоздун алдын алуу боюнча кеңештер
*Бир орунда узакка отуруудан же туруудан качыңыз. Чуркоо, сууда сүзүү менен алаксып, жөө сейилдөөнү адатка айлантыңыз;
*Балтыр эттин булчуңдары иштөөсү үчүн, татаал эмес гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз;
*Эс алганда, бут өйдө көтөрүлүп туруу үчүн, бут алдына жаздыкча төшөп коюу жакшы;
*Бутту кайчылаштырып отуруу варикозго алып келерин эске алып, мындай адатыңыз болсо, таштаңыз;
*Тар шым менен ичке, бийик такалуу бут кийим кийүүдөн, катуу курларды пайдалануудан баш тартыңыз;
*Ичимдиктерди ашыкча ичүүдөн, ачуу татымалдарды көп колдонуудан качыңыз;
*Кош бойлуу аялдар ашыкча тамактануудан баш тартканы оң. Себеби, ашыкча салмак бутка күч келтирет;
*Буттар чарчаганда, деңиз же аш тузу, болбосо дары чөптөр салынган ванна кабыл алуу зарыл. Бутту муз менен сүртүү, массаждоо да эс алдырарын жадыңызга түйүңүз;
*Жылына, жок дегенде, кан-тамырлар боюнча дарыгерге кайрылып, врач-флебологдун текшерүүсүнөн өтүп турууну унутпаңыз.
jpg]
#63 28 Ноябрь 2011 - 01:03
убакта озунчо бир керемет
#64 28 Ноябрь 2011 - 01:09
#65 28 Ноябрь 2011 - 01:24
#66 28 Ноябрь 2011 - 02:12
Эненин тамеки тартуусу ичтеги түйүлдүккө чоң терс таасирин тийгизет. Энеси тамеки тарткан учурда, түйүлдүк никотиндин бир бөлүгүн кан аркылуу алат да, натыйжада өлүк болуп төрөлүшү ыктымал же башка дени сак төрөлгөн балдарга салыштырмалуу өнөкөт бронхит, өпкөнүн сезгенүүсү, аллергия же кан тамыр оорулары менен көп оорушу мүмкүн. Ошентип, өзүн-өзү алдап мээни тынчытам деп тамеки тарткан эненин организмине таза аба жакшы жетпей, өпкөнү катырып, бала абага муктаж абалында төрөлөт.
Тамекини тарткан учурда организмде 800 гө жакын зыяндуу заттар пайда болот. Аммиак, ис газы, концерогендик заттар, түтүн, никотин ж.б.. Тамеки тартуудагы дагы бир опурталдуу жагдай - тамекини тартып жүрүп өпкөгө, жалпы эле организмге таза аба жакшы жетпей, мунун айынан жүрөк да иштен чыгат. Анткени, аба жетишпеген соң, тез- тезден жыйрылып иштеп, келечекте инфарк оорусу менен да ооруп калууга жол ачып берет.
jpg]
#67 04 Декабрь 2011 - 15:44
Ымыркайдын бөлмөсү
Ымыркай жарык дүйнөгө келгенге чейин эле анын бөлмөсүн жана жалаягы менен ороолорун даярдап коюңуз. үйүңүздүн бир бөлмөсүн же бөлмөнүн бир ыптасын ымыркайга арнаңыз. Ымыркайдын бөлмөсү жөнөкөй жана таза болушу зарыл. Түркүн түстүү сүрөттөр наристенин көзүн, мээсин чарчатып жиберет. Ошондуктан, дубалдар жана терезе пардалар жууркан-төшөктүн түсүнө жакыныраак болгону оң.
Ымыркайдын тынчтыкты сүйөрүн эсиңизде тутуп, телевизордун жана радионун үнүн басайтып коюңуз;
Ымыркайдын бөлмөсүн бирдей температурада (20-240 С) кармап, үй ичинде тамеки чектирбеңиз.
Ымыркайдын керебети жана төшөнчүсү
Ымыркай 3-4 ай бешикте, 2-3 жашка чыккыча тегереги тосулган керебетте жатканы оң. Ымыркайдын керебети оңой тазаланып, тез-тез жуулуп турушу керек. Баланын бою жеткен керебеттин кырлары жумшак болушу зарыл. Тактап айтканда, керебеттин ичи момосуй же чыт материалдар менен капталышы керек. Ушинткенде гана баланын колу-буту керебеттин тосмолорунан сыртка чыкпайт. Торолуп калган бала керебеттен түшүп кетпеши үчүн, керебеттин тосмолору төшөктөн 55 сантиметрдей бийик болушу абзел. Төшөк жумшак, оңой жуула турган, өзүнө нымдуулукту тартпаган пахтадан жасалганы оң. Шейшептер дагы оңой жуулуп, оңой үтүктөлгөн кездемеден тигилгени жакшы. Баланын башына жаздык жаздабай эле коюш керек. Анткени, ал байкабай башын жаздыктын астына катып, өзүн өзү тумчуктуруп алышы мүмкүн. Эгер бала бийигирээк жатсын десеңиз, анда жаздыкты төшөктүн алдына салып коюңуз.
Ымыркайдын төшөнчүсү жумшак жана мезгилдерге жараша колдонулушуна көңүл буруңуз. Кышында жүндүү көрпөчө колдонуңуз. Куштун жүнүнөн жасалган көрпөчө же электр жылыткычтуу одеалдар баланын денсоолугу үчүн өтө кооптуу. Балага түнкүсүн байпактуу бешмант же комбинезон кийгизиңиз
Ымыркайдын керебети өтө жумшак болуп, денесин түлөтүп жибербегидей болсун;
Баланын керебетинде жаздыкты колдонуунун кереги жок;
Куштун түгүнөн жасалган төшөктү же электр жылыткычтуу одеалды колдонбой эле коюңуз.
Ымыркайдын астын кургактоо
Ымыркайдын астын кургактоодо даяр жалаякты же пахталуу кездемени колдонуңуз. Бүгүнкү күндө даяр жалаяк индустриясы өтө өнүккөн. Нымдуулукту өзүнө сиңирип алып, төшөктүн суу болуп калышынан сактаган кездемелер бар. Мындай кездемелерди колдонуу энелердин ишин жеңилдетет.
Ымыркайды жуунтуу
Ымыркайды дайыма таза сууга жуунтуңуз. Жуунтар алдында пластиктен жасалган чылапчындын ичин чайкап алганды унутпаңыз. Баланын таза кийимдерин жана керектүү буюмдарды салганга ылайыктуу атайын себет, балдар үчүн колдонулуучу түссүз, жытсыз самын, шампунь, мончо термометри, пахта кутучасы, жүзаарчы, жалаяк, бышырылган крем, нымдандыруучу лосьон колдонулушу зарыл.
Ымыркайдын азыгы
Алгачкы айларда эненин сүтү бала үчүн өтө пайдалуу азык болуп саналат. Дүйнөлүк денсоолук уюму бала эмизүүнү 2 жашка чейин улантууну сунуштаган. Кызматта иштеген энелер сүт саагычты колдонушса болот.
Ымыркай үчүн табылгыс азык - эненин сүтү.
Ымыркайга кандай кийим ылайык?
Баланын көөдөнүн, курсагын жана буттарын орогон ички кездемелер, комбинезон, буткийим же байпак, көйнөк, башкийим, бешмант, боркок ж. б. кийим-кечегин күн мурун камдап койгон оң. Алгачкы айларда бала өтө тез чоңоёт. Дал ушул мезгилде баланын бою 10 сантиметрге чейин узарып, салмагы 2-2,5 килограммга көбөйөт, натыйжада кийимдери чак келбей калат. Кийим сатып алып жатканда чөнтөгүңүзгө жана табитиңизге жараша тандап алыңыз.
Балага пахтадан, жүндөн жасалган кездемелерден тигилген кийимдерди сатып алыңыз;
Жаңы төрөлгөн бала ысык-суукка бат урунарын унутпаңыз;
Ысыкта балага өтө калың кийимдерди кийгизбеңиз, анткени, баланын температурасы көтөрүлүп, денеси кычышып, түлөп кетет;
Баланын кийген кийими бир аз кененирээк болгону жакшы;
Мүрүсүнөн топчуланган кийимдер, курсак жагы ачылып калбаган, чурайынан сыдырылган комбинезондор балага абдан ыңгайлуу;
Сыртка баланы жылаңбаш алып чыга көрбөңүз. Балага кышкысын алың, ал эми жайкысын пахталуу кездемеден тигилген жука башкийим кийгизиңиз.
Ымыркайдын унаасы
Адатта ата-энелердин көбү жөрмөлөп жүргөн балдарына жүгүрткүчтөрдү сатып келип беришет. Бирок, атайын иликтөөлөрдүн натыйжасында жүгүрткүчтөр баланын эрте басышына эч кандай жардам бербей тургандыгы аныкталган. Жүгүрткүчтөрдөн көптөгөн балдар колу-бутун оорутуп, атүгүл, өздөрүн майып кылып алган учурлар кездешет.
#69 21 Декабрь 2011 - 23:20
Ар бир аялзаты эне болууну каалайт.
Дайыма сулуу жана келишимдүү боюнча калуу үчүн табият аялзатынан көп нерсени талап кылат. Дайыма ден соолугу чың жана таза баланы төрөө үчүн өзүнө аяр мамиле кылуусу да шартталат.
Аялзатынын эне болуу каалоосун басып коюу үчүн көптөгөн оорулар бар. Ал эми мындай оорулардын курмандыгы болуп калууда, көпчүлүк аялдар мен эмне үчүн эне боло албай жатам же эмне үчүн эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадым?- деп сарсана болушат.
Көпчүлүк учурда жөнөкөй эле оорулар эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюшат. Ошондуктан ар бир эне ден соолугуна биринчи кезекте кам көрүүсү зарыл.
Тукумсуз болуп калуу маселесин чечүү оңойго турбайт. Анткени кээ бир оорулар өтө эле олуттуу болгондуктан узак жана азаптуу дарылоону баштан өткөрүүгө туура келет. Ал эми көпчүлүк учурда бойго бүтүрбөй жаткан ооруларды өз убагында туура дарылап, бат эле айыктырып койсо болот.
Ар бир аял ден соолугуна кам көрүш керек. Ал эми ден соолукка аялдын өзү жана медиктер тараптан көңүл бөлүнбөй калган учурда, жөнөкөй эле оорулар аял затын тукумсуздукка алып келет. Эгер аялзаты эч убакта балалуу болгусу келбеген учурда да, кайсы бир убакта өкүнүп калышы мүмкүн.
Бул макалада аялдарды тынчсыздандырган эң негизги оорулар тууралуу айтылмакчы. Ошондуктан макала жалпы мүнөздөмө түрүндө гана берилди.
Ак суюктук (Молочница)
Аялдардын арасында таркап кеткен бул оору аялдын жыныстык органдарын бузат, кээ бир учурларда моюнчасындагы былжырлуу чел кабыктар да жабыркайт. Чындыгында бул микробду ар бир аялдын организминен кезиктирсе болот. Бирок, аялдын иммунитети милдеттүү образда иштесе бул микробдор көбөйбөйт. Ал эми аялзатынын организми алсыз болуп, иммунитет өз функциясын туура аткара албаса, козу карын микробу өтө тез көбөйө баштайт.
Аялзаты бул оору менен жашоосунда сөзсүз кезигишет жана ага көп көңүл бөлө беришпейт. Албетте, бул кайдыгерлик мамиле сабатсыздыктын белгиси. Анткени ар бир кыз келечектеги эне болгондон кийин сөзсүз жыныстык ооруулар тууралуу бардык маалыматтарды билиш керек. Ал эми мындай учурда дарыгерлер дагы жакшы түшүндүрүшпөй, кайдыгер мамиле жасаганы андан да өкүнүчтүү. Көпчүлүк энелер бул микроб болгондо дарыланып кереги жок деп ойлошот. Андай туура эмес, сөзсүз дарыланыш керек. Анткени, бул ооруну дарылоодо эне жатын кынына эң сонун шарт түзүп бере алат. Ошондой эле бойдо бар учурда да бул оору менен ооруп калса, сөзсүз дарыланыш керектигин энелер унутпаш керек. Энелер бул оору менен жабыркап жатканын билип, бойго бүтө береби жана дени сак баланы төрөсө болобу? -деген суроону көп беришет. Албетте, болот. Бирок, бул оору энеге көп жагымсыз таасирлерди алып келет жана энени ыңгайсыз абалда калтырат. А эң негизгиси жатын кынынын микрофлорасын бузат. Ал эми бул көрүнүш боюнда бар энеге, жана эне болгусу келген каалоочуларга кереги бар деп ойлойсузбу? ..
Суук тийип калыптыр
Кыргызда “суук тийип калыптыр” деген жакшы сөз бар. Ошондуктан кыз бала жана эркек бала кичинекей кезинен эле бул ооруга чалдыгат да, бул адаттагы көрүнүш катары калып калат. Азыр эң чоң маселеге айланып, ата-энелердин көп убакытка чейин көптөгөн дарылануулардан кийин да балалуу боло албай жатканы так ушул “суук тийип” калгандан болуп жатат. Адамга суук тийип калгандан кийин жыныстык мүчө алсыз жана оорулуу болуп калат. Ага ар кандай микробдордун түрү жайгашып, көрүнбөй жашоолорун улантып, көбөйө беришет. Өзүнө ар кандай олуттуу ооруларды жуктуруп алганга абдан ыңгайлуу шарт түзүп алат. Ал эми эркектер мындан тышкары жыныстык жактан шал оорусуна чалдыгат. Ал эркектин курагына карабайт. Азыр алга-күчкө толуп турган 17-18 жаштагы балдар бул оору менен ооруп жатышканы да абдан өкүнүчтүү.
Инфекциялык оорулар балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат
Суук тийүү жана ак суюктук тууралуу сөз кылдык. Эгер мындай жөнөкөй оору катары каралган бул ооруларды дарылоо абдан маанилүү болсо, андан башка инфекциялык оорулар тууралуу сөз кылуунун да кереги жок. Анткени, ал оорулар салыштырмалуу он эсе олуттуу жана балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Ал эми “инфекциялык оорулар менен ооруганда бойго бүтүп калса болобу?” деген суроого, ар бир аң сезими бар адам жообун айттырбай билсе керек.
Ар бир ата-эне балалуу болгусу келгенде же мүмкүн болушунча эки жаш баш кошоордо жакшылап текшерилип, дарыланып анан үйлөнүшсө, ашыкча маселелер чыкмак эмес.
Эсиңиздерде болсун, балалуу болгусу келген адам сөзсүз кандай оору, кандай кыйынчылык болбосун биздин заманда баарын жеңе алат.
Витаминдер балалуу болууга жардам кылат
Курамына фолий кычкылтеги кирген мультивитаминдерди аялдардын дайыма ичип туруусу бойго бүтүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат, деп жаңы ачылуулар тактап чыкты. Бул кычкылтек башынан эле түйүлдүктүн өсүшүнүн токтоп калышын алдын ала эскертүүчү касиети менен белгилүү. Ал эми азыр болсо окумуштуулар ал бойго бүтүрүүгө да жардамын берет деп жаңы маалымат киргизишти.
Америкалык окумуштуулар атайын изилдөөлөрдү бойго бүтүрө албай жүргөн 18500 аялга жүргүзүп көрүшкөн. Ошондо бул витаминдерди дайыма ичип жүргөн аялдардын 40%нын маселеси такыр же анда-санда ичип жүргөн аялдарга караганда оңоюраак чечилген.
Окумуштуулар эне болгусу келген аялзатына мультивитаминдерди ичүүсүн сунушташат. Ал эми фолий кычкылтеги көк чөптө жана помидордо бар. Ошондой эле курамында бул витаминдер бар азыктар менен организмди жетиштүү камсыз кылуу мүмкүн эмес.
Дайыма витаминдер менен азыктанып туруу бойго бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн эки эсе жогорулатат. 200 аял дайыма витаминдерди үзгүлтүксүз колдонуп, бардыгы көздөгөн максаттарына жетишкен. Өзгөчө Е жана С витаминдери энелик жумурткаларды терс таасирлерден коргойт. Бирок бардык эле энелер витаминдерди жеп бойго бүтүрөт деп жыйынтык чыгаруу кыйын. Витаминдер болгону мүмкүнчүлүктү эки эсе жогорулатат жана организм ага муктаж.
Элдик ыкмалар бойго бүтүргөнгө жардам береби?
Баланын төрөлүшү бул эң бактылуу учур. Ал эми бойго бүтпөөнүн көп себептери бар. Мисалы, жөнөкөй ооруулардан баштап, стресске кабылган учурга чейин. Бойго көп убакытка чейин бүтпөй тынчсыздансаңыз, албетте биринчи кезекте тийиштүү дарыгерге кайрылыш керек. Бирок, байыртадан бери колдонулуп келген жана эң сонун тыянактарга жетишкен элдик ыкмалар дагы жардамын берет.
Касиеттүү чөптөр менен дарылоо эффективдүү жана зыянсыз. Алар химиялык заттарга бай дарыларга караганда жакшы жол болуп эсептелет. Бирок, аны өтө кылдаттык менен туура жана так колдонгондо гана учурда.
Таасирлүү витаминдер
Аялдын да эркектин да жыныстык мүчөсүнүн жана жумурткалардын эң мыкты иштөөсүнө сонун жардам берген бул Е витамини. Ал эми бул витаминге бай өсүмдүк болуп роза гүлү жана чычырканак эсептелет. Ошондуктан чычырканактын мөмөсүн чийки бойдон каалашынча жеп жана ширесин иче берсе болот. Ал эми роза гүлүнөн “роза суусун” даярдап ичсе болот. Ашкабак дагы бул витаминге бай. Анын үстүнө ашкабак мындан башка дагы көптөгөн витаминдерге, микроэлементтерге бай жана организмдеги жетишсиз витаминдерди толуктап турат. Ошондуктан эне болгусу келген адамга бул өсүмдүк абдан керек. Анан дагы ашкабак бойго бүткөн энени жүрөк айлануу, кусуу, жытка чыдабоо сыяктуу жаман көрүнүштөрдөн сактайт. Ошондой эле бала эмизген эненин сүтүн жакшыртат.
Бойго бүтпөй жатканда эң сонун жардамды спорыш чөбү берет. Ал аялдын максатына жана жумурткаларына дарылык касиетин берет жана бойго бүтүүнү жеңилдетет. Аны чай катары: 1 ашкана кашыгы менен кургак чөптү 1 литр сууга кошуп кайнатып, ичсе болот. Ошондой эле дагы бир жолу 2 ашкана кашыгы менен кургак спорыш чөбүн 2 стакан кайнак сууга салып да даярдаса болот. Кайнатмаларды 4 саат коюп, муздатып 4 жолу тамак алдында жарым стакандан ичиш керек.
Буудайдын данынан жасалган жаңы ширени ичсе, эркектин да аялдын балалуу болуу мүмкүнчүлүгү артат. Аны күнүнө 2-3 жолу тамактанууга жарым саат калганда ичиш керек.
Касиеттүү чөптөр
Байыркы дарыгерлер шалфейди касиеттүү улуу өсүмдүк катары эсептешкен. Чындап эле ал ушул убакка чейин өзүнүн касиети менен суктандырып келет. Байыркы гректер шалфейди аялдын тукумсуздугуна каршы мыкты дары деп эсептешсе, байыркы Египетте болсо согуштардагы кырылуулардан кийин тукум көбөйүш үчүн аны колдонуп келишкен. Бирок бул өсүмдүк менен өтө этият болуш керек. Иче турган дарыны өз өлчөмүндө туура жасап, так колдонуш керек. 1 чай кашык шалфейди 1 стакан сууга демдесе жетиштүү. Анан 11 күндүн ичинде күнүнө 1 ашкана кашыгы менен 2-3 жолу ичип туруш керек. Бул ыкманы кыздардын этек кири бүткөндөн кийин баштоо кажет. Ошентип бул ыкманы үч айда айына бир курстан гана кайталап туруу зарыл. Эгер үч айдан кийин бойго бүтпөсө эки айга эс алып, бул ыкманы жасабаш керек. Шалфей чөбү өзүнө аялдардын эстроген гормонуна окшош фитогормондорду камтыйт.
Ал эми жыныстык жакка суук тийгизип алып, бойго бүтүрө албай кыйналгандарга эне жана өгөй эне, ромашка, календула гүлдөрүнүн тундурмасы жардам берет. Ар бир гүлдөн 50 граммдан алып жарым литр кайнак сууга кошуп 3 саат коюп коюш керек. Күнүнө 5-6 жолу 1 стакандан ичилет. Бул тундурманы 1-2 ай ичсе болот. Бирок дарылануу учурунда жыныстык катнашка барса болбойт.
#70 22 Декабрь 2011 - 10:09
#71 22 Декабрь 2011 - 22:38
Баланын жынысын аныктоо"Байыркы кытай элинин таблицасы"
М-эркек
Д-кыз
#72 22 Декабрь 2011 - 22:49
Бул жерден аялдын туулган айын аныктап жана жолдошунуздун туулган айын
...экоонун кесилишкен жердеги санды белгилеп алгандан сон,таблица B)дан карайбыз.
A)
B)
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 22 Декабрь 2011 - 22:56
#73 22 Декабрь 2011 - 23:41
Эненин тамактануусу дагы баланын жынысына таасирин тийгизбей койбойт экен.Мисалы, эркек болуусун кааласаныз тамактын рационунда калий менен натрий кобуроок болуш керек экен...буларга: банан,балык, эт ж.б.
Kыз болуусун кааласаныз, магний жана кальций кобуроок болушу зарыл.Тиешелуу турдо сут ичип дан осумдукторун, жангак жана сырды коп колдонуш керек экен.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 22 Декабрь 2011 - 23:42
#74 23 Декабрь 2011 - 02:15
Бала курсакта кандайча жетилет?
Бойго бүткөндөн баштап, башкача айтканда эркектин жана аялдын жыныс клеткалары кошулгандан тартып, баланын төрөлгөн күнүнө чейин тогуз ай өтөт. Кош бойлуулуктун үчүнчү жумасында ал тукум клеткасы жатындын кабына үйүр алат.
Биринчи үч айлыктын аягына барып, сиздин ымыркайыңыз 6-7 сантиметрге жетип калат, уруктан түйүлдүккө айланат. Анын ички органдары пайда болот. Колдору жана буттары кыймылдай баштайт. Манжаларында жупжумшак тырмактар пайда болот.
Экинчи үч айлыктан убагында бала тездик менен чоңоё баштайт, биринчи кыймылдары пайда болот. Ал уктайт жана эс алат, ыйлайт, ыктытат, колунун бармагын сорот, бырышыңкы көрүнөт, тери алдындагы май катмары дегеле болбойт. Алтынчы айдын аягында сиздин ымыркайыңыз дээрлик 700 грамм салмакта болуп, анын бою 35 сантиметрге жетет.
Акыркы үч айда сиздин ымыркайыңыз дагы да өсөт, бул мезгилде ал көзүн жумуп, ача алат, кыймылдайт жана түртүнө алат. Курсактан ылдый жыла баштайт. Ал баарын угат жана түшүнөт. Кош бойлуулуктун акырында нормалдуу жетилген баланын салмагы 2,5дан 3,5 килограммга чейин, бою 50-55 сантиметр болот. Ал сыртка чыгууга даярдана баштайт.
#75 23 Декабрь 2011 - 02:22
Тамеки тартпаңыз
Чылым чегүү бойдон түшүүгө, ара төрөөгө, баланын өлүк төрөлүүсүнө же төрөлгөн баланын өлүмүнө алып келүүсү мүмкүн.
Чылым чеккен энелердин балдары дем алуу органдарынын ар кайсы оорулары менен көбүрөөк оорушат. Төрөлгөндө да салмагы аз болот. Кош бойлуу аял бар жерде чылым чегүүгө уруксат бербеңиз.
Алкоголдук ичимдиктерди ичпеңиз
Кош бойлуу аялдын алкоголдук ичимдик ичиши баланын туура эмес өсүшүнө, акыл-эси тубаса кем болуп, денесинин өсүшүнүн артта калышына алып келет. Мисалы: арак, вино, кала берсе пиво дагы.
Врачтын кеңешисиз дары-дармек колдонбоңуз
Айрым дары-дармектер курсактагы баланын тонунан балага өтүп барып, тубаса майыптыкка алып келиши күтүлөт.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 23 Декабрь 2011 - 02:24
#76 23 Декабрь 2011 - 16:17
Aydashka (22 Декабрь 2011 - 22:49) жазган:
Бул жерден аялдын туулган айын аныктап жана жолдошунуздун туулган айын
...экоонун кесилишкен жердеги санды белгилеп алгандан сон,таблица B)дан карайбыз.
A)
B)
Сактап койдум мумкун чындап жардамы тийип калаар деп))) Рахмат чооон!!! Айдашка
#77 23 Декабрь 2011 - 16:29
#78 23 Декабрь 2011 - 17:57
#79 23 Декабрь 2011 - 19:31
Aikala (22 Декабрь 2011 - 10:09) жазган:
Аман-эсен коз жарып алыныз,Кудайым сизге куч-кубат берсин!! !
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 23 Декабрь 2011 - 19:31
#80 24 Декабрь 2011 - 19:36