Кыздар неге хиджаб кийбейсиңер?
#481 25 Июль 2012 - 13:33
#482 25 Июль 2012 - 15:54
#483 27 Июль 2012 - 15:14
#484 31 Июль 2012 - 06:57
nelli (27 Июль 2012 - 15:14) жазган:
андайлар жок деле болсо керек.алардан улгу албай еле кой.Пайгамбар с.а.в айткандай кыла бер ошондо ийгиликке жетесин
#485 31 Июль 2012 - 06:59
#486 31 Июль 2012 - 11:34
#487 31 Июль 2012 - 11:53
ssesaltan84 (04 Май 2007 - 12:21) жазган:
"Үйрөнгөндүн эрте кечи жок" демекчи, форумдагы аалымдарга бир суроо менен кайрылгым келип турат. Орустарды, украиндерди Владимир деген князы "крестить" эткенден кийин, алар христиан болуп калышыптыр. А Кыргызстан качан, кантип мусулман динин кабыл алган, б.а. "биздин динибиз ислам болгондон кийин" дегенди негиздеп бергилечи (мүмкүн болсо - жөнөкөйүрөөк тил менен).
#488 31 Июль 2012 - 17:41
Jeka (31 Июль 2012 - 11:53) жазган:
Негизи бул суроо тарыхчыларга арналган суроо экен. Мен тарыхты анча жакшы билбейм. Бирок интернеттен мындай деген создорду таптым:
Цитата
Мусульманизированная система государственного управления или элементы исламского влияния и заимствований встречается начиная с эпохи Караханидов. Подобное произошло во многом благодаря принятию ислама и объявлению его государственной религией каганата. Первым из караханидских правителей принял ислам легендарный Сатук Абд ал-Керим Кара-хан (умер в 955 г.). Дошедшие до наших дней гробница и мечеть на его могиле в Нижнем Артуше, в СУАР КНР, служат местом поклонения мусульман. По данным Ч. Валиханова, который в свое время посетил и описал гробницы Аппак-ходжи, Даниял-ходжи, Абдразык-ходжи и многих других, а также святые места Восточного Туркестана, гробница и мечеть Сатука Карахана находятся на северо-востоке от Кашгара в 60 верстах (примерно – 63,5 км). Его сын и преемник Муса ибн Сатук (Бай-Таш) в 960 г. объявил ислам государственной религией [Валиханов, 1986, с. 129.].
Маалыматтын канчалык так экендигин билбейм.
#489 03 Август 2012 - 09:32
Jeka (31 Июль 2012 - 11:53) жазган:
.945 Жылы Караханиддер доорунда Караханиддердин башчысы Ислам динин кабыл алган.Кыргыздар 950 жылдары Ислам динин кабыл алган. Кыргыздар 950 жылдары Ислам динин кабыл алган. тарыхта ошентип айтылат
#490 03 Август 2012 - 10:29
Jeka (31 Июль 2012 - 12:53) жазган:
Кыргызга ислам качан келген?
Орто Азия элдеринин ислам динин кабыл алышы жөнүндө сөз кеткенде Кутайба Ибн Муслимдеген ысымды эскербей кетүү эч мүмкүн эмес. Анткени бул адам 710-жылда Согдияна(азыркы Харезм областы) топурагына эң биринчи болуп кадам изи кылган араб аскербашчысыболуп эсептелет. Кутайба Ибн Муслим 710-жылда Орто Азия чек арасын аттаган болсо,беш жыл аралыгында бул чоң территориядагы бардык падышаларды багындырып, 715-жылдаКашкарга чейин барып, Кытай императоруна элчи жибергенге жетишкен. Кытай жана араб тарыхчыларынын эмгектеринде Кутайба Ибн Муслимдин образы кайраттууаскербашчы, адилеттүү бий (башкаруучу), карасанатайлыкты жек көргөн өжөр табияттуужана илим-билимди, ырды жактырган акын киши катары сүрөттөлсө, советтик орус –еврейтарыхчылары аны өтө канкор, залым, адилетсиз, зордукчул жана илим-билимдин душманыкатары сүрөттөшкөн. Тилекке каршы, биздин Орто Азиялык (өзбек, кыргыз, түркмөн,тажик ж.б.) тарыхчылар ислам дининин Орто Азияга келип кириши жана таралышы маселесинчагылдырууда советтик орус-еврей тарыхчыларынын изинен барып, арабдардын дүйнөгөбет алып чыгууларын баскынчылык, талоончулук жоортуулдары катары баалашты.Баалагандакандай? Жок,алар (биздин тарыхчылар) кытай же араб тилиндеги том-томкитептерди, түп нуска булактарды изилдеп, «ийне менен кудук казышкан» жок. Аларболгону орус тилиндеги жана диалектик материализм рамкасынын ичиндегибурмаланган тарых китептеринен жүздөгөн цитаталарды келтирүү менен гана «илимжасап» жүрүшкөн. Пайдаланган адабияттарынын тизмесин карасаң бардыгы Абрамзон, Бартольд,Васильев, Вишиневский, Литвинский, Зеймоль, Ремпель, Снесаров сыяктуу атеистаалымдар! Эмне үчүн биз, мусулман интеллигенциясы ислам тарыхын атеисттарыхчылардан үйрөнүшүбүз керек?! Алар бизге тарых чындыктарын бузуп-бурмаланбайжеткиргенине тарыхты материалистик боектор менен кызартып бербегенине ким кепилболо алат?! Эмне үчүн илимий эмгектердин библиографиясында Табарий, Наршахий,Ибнул Касир, Ибн Халдун сыяктуу араб тарыхчыларынын эмгектери көрүнбөйт? Кызыл(атеисттик) булактан «суу ичкен» биздин тарыхчылар өз эмгектеринде «Орто Азияэлдери кылычтын күчү менен мусулман болушкан» деп жазышат. Бир тарыхчы эжекебизөз китебинде (ал китептин атын атабай эле коеюн) кызыл боекту аябай көбүртүп,мындай деп жазыптыр: «Арабы захватили весь Хорасан, левобережную часть Тахаристана проникли в глубьМавераннахра. Если город сопротивлялся, то агрессоры взяв его, казнили мужчин,а женшин и детей уводили с собой…» «Одним из стимулов завоевательных войнарабов в средней Азии, в том числе и в Согде, было погоня за рабами. КутейбаИбн Муслим из Хорезма увез 100 тыс. рабов. А согласно договору между ним иСогдийским царем Гуреком последний выплатил дань 30 тыс. рабов - молодых издоровых мужчин…» Эгер биз автордун сөзүн чын деп ишенсек, Хорезмдин өзүнөн гана 130 миң кулжыйнап, Аравияга жиберген болсо, логика боюнча өзүнө моюн сундурган Самаркан,Кеш (Ташкент), Фергана, Аксыдан тартып, Кара-Буура, Турпан, Кашкарга чейинкиондогон падышалыктар, вилаяттардан отуз, кырк миңден кул алып, Аравияга жибериптурганда бир миллионго жакын кул болуп калат экен. Эгер ушул чын болсо, КутейбаИбн Муслим бир чакан мамлекеттин элинин санындай болгон туркий кулдарды кайга,кимге жиберип, кай жерге орноштурган? Эгер атеист тарыхчылар айткандай Кутейбажүз миңдеген кулдарды Арабияга жибергени чын болсо, азыркы күнгө келип (араданон төрт кылым өткөндө) алардын саны жок дегенде үч,төрт миллионго жетип калышыкерек эмес беле? Кайсы араб өлкөсүндө ушунча түркий улут бар? Жакында Москванын «ОРТ» телеканалынын «Вокруг света» көрсөтүүсү Бразилиядагыбир негр провинциясы жөнүндө маалымат берди. Көрсө, алар илгерки кул ээлөөчүлүкдоорунда келип калган жүз миңдеген кулдардын тукумдары экен. Өз алдынчапровинция болуп, Африканын бир бөлүгү сыяктуу жашап жатышат. Адам экен, жоголуп,житип кетпептир. Ал эми, Кутейба Ибн Муслимдин жүз миңдеп кул ээлеп, Арабиягажиберип турганы чын болсо, азыр Арабиянын бир жеринде кичинекей болсо да түркпровинциясы болушу керек эле го?! Же болбосо, алардын урпактары калышы керекэле-го? ! Жанагы китеп автору «мамлюктарчы» деп өз сөзүн (өз пикирин эмесалбетте, анткени пикир аларга «жогору жактан» берилет) далилденгенге далбасташымүмкүн. Биринчиден, мамлюктарды Аббасид халифтери Кутейба өлгөндөн соң аскерийкызматка ала баштаган. Экинчиден, 1250-жылдан 1516–жылга чейин Мисирде бийликти ээлеп турган АйбекКутуз, Берекетхандардан баштап, эң акыркы мамлюк султаны Туманбайга чейинбардыгы аскер адамдарынан чыккан. Башкача айтканда согуштук туткундар эмес.Демек, Кутейбага мамлюктардын эч бир тиешеси жок. Албетте, биз муну мененКутейба Ибн Муслим эч качан кул же кызматчы кармаган эмес деген ойду айтууданалыспыз. Ал мезгилдерде согушта туткунга түшкөндөрдү кул кылып, олжолоп алуу Эларалык согуштук каада –салт болгон. Биз болгону жогоруда цитата келтиргенкитептеги «Кутейба жүз миңдеген кулдарды Арабияга жиберип турган» дегенмаалыматтын имам Кутейбанын дарегине айтылган советтик жала экениндалилдемекчибиз. Мусулман дүйнөсүндө ысымы урмат менен тилге алынган исламдыкдааватчы, аалым , акын жана ишбилги жетекчи Кутейбанын дарегине жанагы китептедагы төмөндөгүчө доомат коюлат: «Он целеустремленно уничтожил книги, писцов,ученных и жрецов храмов огня». Бул сөздү окуган окуучу аргасыздан: «Ээ, Кутейбакелгенде орто Азияда илим – маданият гүлдөп, илимий китептер жазылып, аалымдарчыгып турган экен да, анан Кутейба келип, бардыгын кууратып кырып салыптыр » депойлошу турган иш. Ооба, окуучуну ошондой ойго жетелеш советтик атеист тарыхчылардын милдетиболгон. Ал эми, чындык кандай эле? Кутейба келген убакытта Орто Азия элдеринегизинен «Теңир» деген чоң күдайга, ага кошуп, «ЖерСуу », «Буюрт», «Умай»(Кумайык) ж.б.у.с. майда-чүйдө кудайларга жана арбактарга сыйынган шамандыкдинди карманганы менен, бул ишенимдеринен көңүлдөрү толбой, тегеректен келгенБуддизм, Иудаизм,Христианизм жана Манийлик диндеринен кайсы бирин кабыл алсакэкен деп ойлонуп турган кез эле. Бул маселе Түрк каганы Билге ханды даойлонтуп, ал өзүнүн вазири жана кайнатасы Тонукөк менен масилеттешкенде, Тонукөк айтат: «Бул дин (Буддизм) адамдарды өтө жооштукка жана кедейликке үгүттөйт.Бул дин түркмөндөрдүн баатыр табиятына дал келбейт. Натыйжада көп сандуу Кытайбаскынчыларына туруштук бергенге элдин кудурети жетпей калат». Билге ханбашчылыгындагы түрк журт аталары бардык диндерди таразалап турган ушул мезгилдебиздин мекенибизге ислам дини кирип келген жана көпчүлүк түрктөр бул диндибашкаларынан абзел көрүп, өз ыктыярлары менен тандап алышкан. Демек, КутейбаИбн Муслим эч кандай китептерди өрттөбөй эле, тетирисинче элдерге китеп (Куран)таалимдерин тынчтык жолу менен үйрөткөн. Ал эми атеист тарыхчылар «Кутейбааалым, жазуучуларды жок кылды» дегенде кайсы аалым жазуучуну назарда туту экен?Тетирисинче, Фарабий, Ибн Сина, Бируни, Ибн Рушд сыяктуу Орто Азия аалымдарыдал ушул ислам таалиминин негизинде жетишип чыгышпады беле! Атеист –тарыхчыларкүргүштөтүп «өрдөк учура бергендин ордуна, жок дегенде Кутейба «жок кылган»шаман, будда, иудей, христиан аалымдарынан бирөө жарымынын атын атап берсеболмок! Жок! Алардын милдети- үстүртөн жамандоо, тарыхты каралоо жанабузуп-бурмалоо болгон! Ал эми алардын айткандарын акыйкат катары санап, акылэлегине салбай эле кабыл ала берген биздин кээ бир интеллигенция өкүлдөрүнө дааргасыздан алакан жаясың. Кутейба ибн Муслим элдерге Куран көргөзгөндөй мамилекылган. Ал эми Куранда башка диндеги адамдардын ишеним эркиндигин толуккамсыздоого ишарат кылынат. «Юнус»сүрөөсүнүн 99-аятында айтылат: «Эгер Аллахкээ бир адамдарды башкаларынан коргоп турбаганда, «Савма*а», «бия»,«салават»жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер бузулуп кетмек».Аалымдар бул аяттагы «савма*а»ны кечилдердин ибадатканасы «бия*а»ныхристиандардын чиркөөсү, ал эми «салават» еврейлердин синагогасы дептүшүндүрүшкөн. Көрүнүп тургандай, бул аятта башка дин ибаадатканалары мечиттенмурун жазылган. «Мунун мааниси, – деп түшүндүрүшөт ислам аалымдары, - Аллахмусулмандарга башка дин ибадатканаларын коргоону милдеттендирген » . Мынаислам дининин башка диндерге жана башка дин аалымдарына мамилеси! Кутайба ИбнМуслим заалим болгон эмес, адил болгон. Туура. Ал Жалгыз Жаратуучуга сыйынуунунордуна не пайда, не зыян жеткире албаган отко, күнгө, бутка, арбактаргасыйынган наадандарды Аллах үчүн жаманкөргөн. Бирок бул сезими аны ал элдерге зулум кылууга мажбурлаган эмес. Анткени, КураниКаримдеги: «Бир элди жаман көргөнүңөр силерди аларга карата адилетсизболууга мажбурлап койбосун! » деген буйрук ар дайым анын эсинде болгон.(Караңыз: Куран. «Маида» сүрөөсү, 8-аят.) Туура. Тарых китептери КутайбаИбн Муслимдин душманга аесуз болгонун жазышат. Бирок адилет диндин таралышынатоскоол болгон душманга аеосуз болбосо, ислам дини азыр бизге чейин жетипкелмек эмес эле. Ошентсе да, Кутайбе жана андан кийинки Хорасан эмирлериисламды жок кылууга баш көтөргөн душмандарды аеосуз бастыргандан кийин,диндердин эркин таралышына кеңири жол ачып беришкен. Ошол доордогу диний ахыбалжөнүндө тарыхчы Усман Туран мындай жазат: «Чыгышта уйгур ханы манихеизмДинин мамлекет дин даражасына көтөрүп, башка диндердин эркиндик укугун тааныганболсо, батышта Хазар хандыгы Иудей динин расмий түрдө кабыл алган. Ал эмирегиондун (Орто Азиянын - Ш.А.) жалпы эли болсо, ыктыярдуу түрдө ислам жанахристиан диндерине кирген. Ошол эле учурда шамандык (Теңирчилик) дини да эчтоскоолдуксуз улана берген» («Түркий элдер дүйнөтаанымы» 68-бет).
#491 03 Август 2012 - 10:32
Jeka (31 Июль 2012 - 12:53) жазган:
Биз бул макала менен Кутайба Ибн Муслимдин личностуныйыкташтырууну максат кылбайбыз. Болгону, анын тарыхый портретине каразгөйатеист тарыхчылар жармаштырган жалган-жалаалардан аны коргоп, тарыхий чындыктыөз ордуна коюуну каалайбыз. Орто Азия элдеринде «сен мага досуңдун кимэкендигин айтсаң, мен сага өзүңдүн Ким экениңди айтып беремин» деген даанышмансөз бар. Мына ушул улуу сөздүн жетекчилигинде биз Кутайба Ибн Муслимдин өзүжөнүндө энциклопедиялык маалымат берүүнү бир аз артка жылдырып, азыр анын экидосу жөнүндө маалымат беребиз. Биринчи досу - бу л ошол доордогу мусулмандардынэмири, Ислам халифасы Абдул Малик Ибн Марван. Ал халифалык тактысына отурарзамат өзү жактырган жана жакшы билген Кутейба Ибн Муслимди Хорасан вилаятынанаиб (наместник)кылып дайындады. Абдул Малик Ибн Марван кандай Адам болгон эле?Бул маселе боюнча Мухаммед Ибн Фарид Важдий жазган «20 – кылым энциклопедиясы »мындай «дейт»: Абдул Малик Ибн Марван Омайед халифеттеринин бири. Толук атыАбдуллах Ибн Марван ибн Хакам Ибн Аас Ибн Умайя Ибн Абдишамс Ибн Абди Манаф АльОмавий. Абдул Малик такыба ибадатчы болгон.
Ибн Сааддын айтышынча, оболу аны Муавия Мединага эмир кылып дайындаган. Ошондоал он алты жаш өспүрүм жигит эле. Абдул Малик Ибн Марван Усман, Абу Хурайра,Абу Саид, Умму Салама жана Муавия сыяктуу улук адамдардын насааттарын уккан.Ага чейин ислам тарыхында Абдул Малик деген ысым болгон эмес. Абу Занад айтат: «Мединадатөрт факих (дин аалымы) бар. Алар Саид ибн Мусаяб, Абдул Малик ибн Марван, Урваибн Зубаир жана Кабиса ибн Зуайб». Ибн Умар айткан: «Бардык адамдар балаболуп төрөлүшөт. Бир гана ибн Марван ата болуп төрөлгөн. «Ал халифалыктактысына отурганда Иран жана Хорасандын башкы командачысы Хажжаж деген эмиргемындай деп кат жазган». «Мага жеткен кабарга караганда сен көп кан төгөтэкенсиң жана мал–мүлктү ысырап кылат экенсиң. Мен бул жаман иштерге чыдайалбаймын». Абдул Малик ибн Марвандын доорунда анын жеке буйругу менен эңбиринчи араб жазуусу бар теңгелер чыгарылган. Илимий эмгектер башка тилдерденарапчага которула баштаган. Ал адамдарды Куран –Сүннөт өкүмдөрүн бекемкармоого, адилетт үү, акыйкатчыл жана илимди сүйүүчү болууга чакырган»(«20- кылым энциклпедиясы ») 9-том, 386-387-б.б.)
Атеист тарыхчылар «китептерди өрттөп, аалымдарды кырып салды» деп сүрөттөгөнКутайба Ибн Муслимди Харасан вилаятына мына ушул Абдул Малик Ибн Марван эмиркылып дайындаган. Бийлик башчылары өздөрүнө наиб-орунбасар (эмир) дайындаганнамзаттын (кандидаттын) өзүнө пикирлеш, санаалаш болгондорун тандайт. Ошонунсыңарындай, Абдул Малик Ибн Марван дагы Мединадагы төрт ири аалымдын бири,илимди сүйгөн Адам болгону себептүү Хорасан жерине дагы көз карашы өзүнө жакынболгон Кутайба Ибн Муслимди эмир кылып дайындаган. Кутайба Ибн муслимдин экинчидосу Абдул Малик Ибн Марвандын уулу жана мураскору, зүнөн кийинки халиф ВалидИбн Абдул Малик эле. Кутайбанын бул досу жөнүндө Бейруттан чыгарылган «Аль–Мунжид» энциклопедиясы мындай маалымат берет: «Туулган жылы - 668. Өлгөнжылы - 715.» Экинчи Омайед халифи анын доорунда халифалык империясы гүлдөгөн.Кутайба Ибн Муслим жетекчилигиндеги ислам аскерлери Бухара, Самаркан, Хорезм,Фергана өлкөлөрүн багынткан. Мухаммед ибн Хасым Индияны,Тарик ибн АзизАндалузияны (азыркы Испания) ислам мамлекетине кошуп алышкан. Валид ибн АбдулМалик Дамаскдагы Омайед мечитин, Иерусалимдеги «Аль-Акса» мечитин жанаМедина жаамы мечитин реконструкциялаган. Анын доорунда ислам тарыхындагы эңалгачкы ооруканалар курула баштаган».
Демек, Валид дагы атасы сыяктуу илимди, прогрессти сүйгөн адам болуптур.Ошондуктан Кутайба бул ата-балага көп мээрим төгүп сүйүп, аларга өтөберилгендик менен кызмат кылган. Ошондуктан 715-жылда Валид Ибн Абдул Маликөлүп, бийлик анын иниси Сулаймандын колуна өткөндө, Кутайба ибн Муслим агакызмат кылуудан баш тарткан. Мунун себеби ал (Сулайман) атасы жана агасысыяктуу аалым даанышман эмес болчу. Сулайман буга ачууланып, желдет жиберип,715-жылдын аягында Фергана шаарында Кутайба ибн Муслимди жана анынүй-бүлөсүндөгү он бир адамды өлтүрүп жиберет. Кийин Сулайман бул ишине көпбушайман болот. Бул жөнүндө араб акыны Жарир: «Бир жаралган Кутайбаныөлтүрдүңөр, Жаны учуп кеткенден соң өкүндүңөр. Бул дүйнөлүк бушайманың эч нерсеэмес, Акыретте, «аттиң!» деген жаман болоор» - деп ыр жазган. Кутайбе ибнМуслимдин туулган жылы белгисиз. Ошентип толук ысымы Эмир Кутайбе ибн Муслимибн Умар ибн Хусейн ибн Рабия ибн Халид ибн Усаид Аль-Хайр болгон улукаскербашчы 715-жылда наадан Халиф Сулайман тарабынан өлүмгө буюрулган. Аллаханын акыретин абат кылсын! Биз-орто Азия элдери бизге Ислам Нурун алып келгенимам Кутайбе ибн Муслимдин акысына дуба кылып, жакшылык менен эскерип туруугамилдеттүүбүз.
#492 03 Август 2012 - 18:04
Шамсуддин Абдыкалык уулунун ушул макаласы ар дайым ошондой суроолорго жооп болуп келет да.
Чын эле негизи өзүн илимпоз сезгендер бир багыттагы эле маалыматты (бурмаланган дагы болушу мүмкүн) окуй беришип, башка булактарды билбегенинен улам ар кандай ойлордо жүрүшү ыктымал да. Кандай болгон күндө да "билгенден биле элеги көп экенин" моюнга алышса гана болгону го!
#493 03 Август 2012 - 19:33
#494 11 Август 2012 - 05:02
Хиджаб кийууго толугу м-н каршымын.Кыргыз кызы эч качан жамынып- басынган эмес.Хиджаб кийген сон коп нерсеге мумкунчулугун жок болот.негизи арап олколордо алгач хиджабты кундон корунуш учун гана кийишкен,кийин гана диний мааниге ээ болуп калган...
[/quote
hijab-bul apabtarga gana tiyiwtuu emes,bul jalpi musulmandarga(kizdarga)parz. bawinda islam arab mamleketine tuwup owol jaktan bawtalip taralgan.islam dini arabtarga emes jalpi duinogo tuwkon,bolgonu kuran arab tilinde bolgon.paigambaribiz da arabtardan bolgon.hijab kiygen kirgiz kizdar basinip jatabi?!naoborot a4ik kiyingender basintilip jatpaibi.siz bir nerse jazarda owol jonundo jakwilap bilip maalimat aliwiniz kerek.sizge iygilik!
#495 11 Август 2012 - 20:31
Белгилүү болгондой, кыргыздар 6-кылымдан 10-кылымга чейин Енисей боюнда жашаган. А силердин маалыматыңарда көбүнчө 7-8 кылымдарда Орто-Азия (Мавераннахр, Согди, Хорезм, Самаркан, Ташкен, Фергана), Аравия, Мисирде болгон окуялар тууралуу сөз болуп атат. Муну кандай түшүнсө болот? Сурайын дегеним, жанагы князь Владимир орус, украиндерди крестить эткендей кыргыздар качан, кимдин жетекчилиги астында расмий түрдө ислам динине өтүшкөн?
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 11 Август 2012 - 20:36
#497 30 Август 2012 - 04:22
Jeka (11 Август 2012 - 20:31) жазган:
Белгилүү болгондой, кыргыздар 6-кылымдан 10-кылымга чейин Енисей боюнда жашаган. А силердин маалыматыңарда көбүнчө 7-8 кылымдарда Орто-Азия (Мавераннахр, Согди, Хорезм, Самаркан, Ташкен, Фергана), Аравия, Мисирде болгон окуялар тууралуу сөз болуп атат. Муну кандай түшүнсө болот? Сурайын дегеним, жанагы князь Владимир орус, украиндерди крестить эткендей кыргыздар качан, кимдин жетекчилиги астында расмий түрдө ислам динине өтүшкөн?
Төмөнкү жоопту, кыргыздардын мусулман болушу тууралуу Себетов Жаркынбайдын жазган макаласынан "сноска" лары менен кошо алып кыскартып жаздым.
9 - 10 - кк-да Енисейдин жээгинде жашап турганда да араптар менен кыргыздардын арасындагы мамиле жакшы болуп келген. Кыргыздарга ар үч жылда бир жолудан, 20 чакты төөгө жүктөлгөн жибек кездемелер сыяктуу баалуу буюмдар жөнөтүп турушкан, белек катары, деп жазылат. 1 Бирок, бул мамиленин Исламга чакыруу багытында кыргыздарга канчалык даражада таасири болгону тууралуу же болбосо кыргыздардын ичинен Исламга өткөндөрү тууралуу так маалымат жок.
Ал эми, "кыргыздар качан Ислам динин кабыл кылышты?" деген суроого, тарыхый булактарда ар кандай маалыматтар, көз караштар бар. Аларды катарынан алып келели:
1. Анвар Байтур жана Сейфеддин Эршахин деген кээ бир тарых изилдөөчүлөрүнүн көз карашында кыргыздар 10 - кылымда (1043 - ж.) мусулман боло башташкан. Мындайча айтканда Караханийлердин дооруна чейин алып барышат. 2
2. Geoffrey Wheeler жана Өмүркул Караев, кыргыздардын 12 - кылымдан тартып Исламды кабыл кылып мусулман боло башташканын айтышат. 3
3. 16 - кылымдын аягы 17 - кылымдын башында. Муну, Сапар Закиров жана Петров Константин Иванович жазган. 16 - кылымдын аяк чендеринде кыргыздар Теңир тоого көчүп келе башташкан учурга дал келет.4
4. Бегимаалы Жамгырчинов, Саул Менделеевич Абрамзон жана С.Б. Даржанов, кыргыздар 17 - кылымдын экинчи жарымы 18 - кылымдын башында мусулман болушкан деп жазышат. Булардын айтымында кыргыздар калмактардан качып түштүк тарапты карай көчүп келишкенде, Фергана, Самарканд, Бухара жана Кашкардын айланасында жашап аткан мусулман жергиликтүү калк менен бирге жуурулушуп, аралашып жашап атып мусулманчылыкты кабыл кылышкан. 5
5. 18 - кылымда Кокон хандыгынын кол астында жашап турган кезде Исламга кирүүгө мажбурланган дешет, Кушбек Үсөнбаев жана Т.Ж. Баялиева. 6
Жогорудагы маалыматтарды колдонуп жыйынтык чыгара турган болсок, кыргыздарды бир убакта же баланчанын кол астында жалпы Исламга өтүшкөн деп айтуу кыйын.
- Енисейдин жээгинде жашап турган кезден баштап эле мусулмандар менен болгон ар кандай байланыштарды эске алып, 9 - кылымдан башталган десек да болот. Ал эми азыркы Кыргызстан жайгашкан аймакта 960 - 1137 - жылдары Каразанийлер мамлекети жашап турган. Ошол учурда, 200 000 деген чатырлар (үй-бүлөлөр) Исламга киришкен. 7 Байтурдун айтымында ушулардын ичинде да кыргыздар болушу ыктымал, дейт.
- 16 жана 18 - кылымдарда, кыргыздардын Исламга өтүүсү же өткөрүлүүсү күчөгөн мезгил.
Төмөнкү билдирүүлөрүм темадан сырткары ИМХО.
Эң негизги айта кетчү нерсе, албетте менин оюм, Ислам - бул бир улутка таандык дин эмес. Ислам араптар үчүн гана түшүрүлүп, андан соң араптар муну жалпы элге жайды да эмес. Ислам, жалпы ааламга ыйгарылган дин жана акыркы таза дин. Аллах пайгамбарына, бул динди арап коомуна жайуу үчүн гана эмес, жалпы адамзатка жеткирип, аларды адашуудан сактоо үчүн түшүргөн. Сөздүн кыскасы, дин менен улут эки башка. Мусулман адам үчүн эң биринчи дини, андан соң улуту келиши керек, деп ойлойм. Мен муну, бир үй-бүлөдө жашаган, бирок ар башка мүнөздөгү, оорлуктагы, узундук же кыскалыктагы жана жыныстагы бир туугандарга салыштырам.
______________________________
1 В.В. Бартольд, Киргизы (Исторический очерк), Фрунзе 1927, 5 - бет.
2 А. Байтур, "Тянь - Шань кыргыздары" , Кыргыздар, (даяр. К. Жусупов), Бишкек 1991, 274 - 286 - беттер.
3 Geoffrey Wheeler, The Modern History of Soviet Central Asia, London 1962, p. 23.
Өмүркул Караев, Чагатевский улус. Государство Хайду. Могулистан, Бишкек 1995, 94 - 95 - бет.
4 Сапар Закиров, "Кожожаш" эпосунун кээбир маселелери, Фрунзе 1960, 13 - бет.
5 Бегимаалы Жамгырчинов, Кыргызы в состав России, Москва 1959, жана Даржанов, "Исламнын Кыргызстанда таралу эрекшеликлери" , Советтик Шыгыш Республикаларындагы Ислам, (даяр. К.Ш. Шулембаев), Алматы 1987, 52 - бет.
6 Кушбек Үсөнбаев, Общественно - экономические отношения кыргызов в период господство Кокандского Ханства, Фрунзе 1961, 3 - бет.
Т.Ж. Баялиева, "Диний ишеним, Салт-санаа, Үрп - адаттар", Кыргыз ССР Энциклопедиясы, Фрунзе 1983, 385 - 387 - беттер.
7 Ибн аль-Асиир, Аль - Камил фит - Тариих, 8 - том, 532 - бет.
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 30 Август 2012 - 04:22
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.
#498 31 Август 2012 - 20:44
#499 05 Сентябрь 2012 - 09:17
Afina (19 Июнь 2012 - 10:05) жазган:
Hijab kiybei dele yimanduu bolso bolboit. Oshol yimandyn joktugunan kiybei jatpaiby al. Yimany bar kyz any kiyet.... Yiman degen ishenuu,bekemdoo jana ish juzundo tastyktoo degen. Jurokto bar nerse oozdon jana denelerdin jasavatkan ish araketinen bilinet. A siz aityvatkan hijabchan jaman joldogulardynda yimany azdyktan boluvatat. Negizi kop degeninizge koshulbaim ech kachan, antkeni hijabchandar ozu az boluvatsa,anan siz kaiaktan alardy tolturup saldynyz. . Jalgan je eldi kachyruu uchun jok jerden tokup suilobosok jakshy bolotele.
#500 06 Сентябрь 2012 - 19:29
Спутник аркылуу шаршемби куну берет.Талкуу жандуу болду. "Журогу тазалардын" бироосу жыйынтыгында хиджаб кийууго ниеттенди.
ИншАллах жакын арада хиджаб тууралуу "Хиджаб философиясы же таш дооруна кайтабызбы? " деген темадагы кыскача баянымды силерге тартуу кылам.