Статустагы жаңылануу
Акыркы кыймыл аракеттер
kokjar92 Кеч кириши менен күндөгү адат.( Күндүзү моюн сунбай, тоготпой жүрүп, кечинде күрөшүшкө күчүм жетпей жатып калтам да грипп менен...
31 Окт 2013 19:53
Debi 31 Окт 2013 23:28
Суук суй жыкчу болду. Мен эртеси күнү туруп, эки-үч күндө чыйралып кеттим, момундай дарыдан: сарымсактын (чеснок) жакшысынан, бир тишчеси эки бармагымдай бар эле, майда туурап, орточо чоңдуктагы чыныга салып, ага бир аш кашык суюк май куйдум. Кара мурчтан салып, үстүнө көмө, чынынын кырбуусунан кайнак суу куйдум да, 5-7-мүнөттөй коюп койдум. Тузду татымына жараша салып, ичтим эле, шорпо ичкендей боло түштүм. Жакшы болгуча ушундай "шорпо" ичип жаттым. Инсти-минстилерге караганда таасир...
Debi 31 Окт 2013 23:29
таасири бир топ күчтүү болду. Жараткан берген таза табият да. Ден соолукта болгула :).
kokjar92 АЙТ МААРЕК БОЛСУН... КЕЛЕРКИ КУРМАН АЙТГА ЖЕТҮҮ БААРЫБЫЗГА НАСИП ЭТСИН!!!
15 Окт 2013 07:50
kokjar92 Эл журт үчүн кадырыңыз көп экен/ Элим сыйлайт дайым сизди эжекем/ Эч нерсеге теңебеймин мен сизди/ Эч оорубай жүрсө экен деп тилейм.../ "Эссиз болбо"- деп айтасынң кагылып/ Эчен ирет бала үчүн жалынып/ Эх, устазым эмне белек берейин/ Жүрсөң экен "Алтын орден" тагынып.../ КЕСИПТТИК МАЙРАМЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН УРМАТТУУ АГАЙ-ЭЖЕЙЛЕР!!!
06 Окт 2013 08:02
nazira1989 06 Окт 2013 10:51
Белгилуу илимпоз,депутат,министр,президент да мугалимден билим алган.Майрамыбыз менен урматтуу коллегалар!!!Аман болгула,бар болгула!!!...))
Debi 06 Окт 2013 12:40
Бардык жакшы тилектер жалпыбызга бирге болсун! Мугалимдердин түйшүктүү иши акыбеттүү болуп, өлкөбүз өнүп өссүн!
Бардык жакшы тилектер жалпыбызга бирге болсун! Мугалимдердин түйшүктүү иши акыбеттүү болуп, өлкөбүз өнүп өссүн!
kokjar92 Сени сүйөм, сүйгөндүгүм сүттөн ак... Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат...
01 Сен 2013 14:24
kokjar92 Кыргында даалай беттешип, Кыргызым нени көргөн жок. Кырылып көбү өлсө да, Кыргыздын тили өлгөн жок. Жомогу кумдай куюлган, Жоголбойт тили кыргыздын, Жаркырай берсин түбөлүк, Нурундай Чолпон жылдыздын... 22 жашың кут болсун ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНЫМ!!!
31 Авг 2013 04:30
kokjar92 Сүйөм сени сүйгөндүгүм сүттөн ак/ Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат/ Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды/ Жаткым келет көкүрөккө кучактап...
26 Авг 2013 22:35
kokjar92 26 Авг 2013 22:43
Биринчи окуганымда сүйүктүүсүнө арнаган го деп ойлогон элем... кийин толук куплеттерин окусам кыргыз жерине арналыптыр ("Ата-Журтум" 21-ноябрь, 1946-ж. Чолпон-Ата). Кандай сонун керемет саптар э... Алыкул Осмоновдой чыныгы таланттар аз кездешет... Супердин бүгүнкү санындагы Алыкул жөнүндөгү макаласына таасирленип кеттим...
kokjar92 Азайып элдин агымы/ Карарып көчө жарыгы/ Уйкуга чөгүп баратат/ Тынчы жок турмуш кайыгы/.... Баарыңыздарга бейпил түн, ширин уйку...Аманчылыкта көрүшкөнчө, замандаштарым!!!
10 Авг 2013 23:57
kokjar92 Кутман таң замандашым! Орозо Айтыңыз маарек болсун... Ак өргөңүз кутка толсун... Элге, Журтка тынчтык консун... Береке жааган ушул күндө маанайыңыз ачык болсун!!! Жакшылык жылоолосун... жамандык жолобосун... үй-бүлөңүзгө ыйман берип, Жараткан өзү колдосун... Келерки жылдын Рамазан айын көрүү ар бирибизге насип этсин...
08 Авг 2013 06:10
kokjar92 Баардык кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, кыла турган күнөөлөрдөн өзүң сактай көр, Жаратканым...
04 Авг 2013 04:08
kokjar92 Ийилгенге ийилгин, төбөң жерге жеткиче-атаңдан калган кул эмес, Какайганга какайгын, төбөң көккө тийгенче-Пайгамбардын уулу эмес!!!..................
29 Июл 2013 05:22
kokjar92 Оо, Жараткан, ысык деп орозоңдон качпайын, мындан да ысык тозок отуңдан сактагын........... ушул сөздөрдү мурунку жылдын рамазан айында бир форумчунун кол тамгасынан окуган элем, эстей албадым ким экенин, бүгүн көп жол жүрүп коюп, ушул сөздөр эсиме түшүп кетти))))
24 Июл 2013 15:16
kokjar92 Күлкүңдөн кубат алып жашайын, /Турмуштун кырын бирге ашайын. /Жараткан кошкон узун жолунда, /Жанашып бирге чогуу басайын... (-_')
18 Июл 2013 23:56
kokjar92 "Йа бисмилла, Пайгамбар, жарамазан, /Он айда бир келген орозо жан /О дүйнөнү ойлонуп өздөрү үчүн /Орозоңуз кабыл болсун кармаган жан. /Кудайым кубангандан “кулум” десин /Үммөтүм дегенди угуң Мухаммеддан (САВ)./ Пайгамбарым уштаган орозону/ Ал атаган ыйык сөз “ырамазан”./ А дүйнөдө болот деп тогошору /Пайдаңызга айтабыз жарамазан." -деп Нурмолдо жарамазан айтчуу экен...
18 Июл 2013 02:01
Basmachy111 18 Июл 2013 02:25