Статустагы жаңылануу
Акыркы кыймыл аракеттер
Kirgizshaa
Ctrl+W=?...
14 Мар 2013 00:33
Kirgizshaa
Өмүр чиркин... баарыбызга өлчөнгөн // Өзөн сымал агып барат күтпөстөн. // Өзүңдү бир көрүп калсам өмүрдө, // Өкүнбөстөн өтөөр элем дүйнөдөн... // Өтүнөөрүм бир келип кет садага...
09 Мар 2013 08:22
Kirgizshaa
Сабагына тутуна албай күз келгенде/ Саргайган жалбырактай күбүлсөм да/ Бак-дарактын боорунан жарып чыккан/ Бүчүр болуп келем кайра.. эрте жазда!!!
04 Мар 2013 09:30
Kirgizshaa
Муңга батып, сен да бир күн сагынсаң\ Мени күтүп, бирок таппай чаалыксаң\ Мейкиндикке учуп кетти деп билгин\ Мээрим издеп, жылдыздардын артынан\\\Көрүп калсаң, кара түндө асмандан\ Кулап кетип бир жылдыздын өчкөнүн\ Кабарымды угузуптур деп билгин\ Карыганын сапарымдын, бул дүйнөдөн көчкөнүм...
01 Фев 2012 21:37
Kirgizshaa
Тамырыңда кан жүгүрүп/ Жүрөгүң токтобой кагып турса/ Мына ушул зор бакыттын өзү тура...
26 Янв 2012 01:56
Kirgizshaa
Баарына кызык болгон бул жашоодо\ Кайдыгермин, эч нерсеге алаксыбай... \Ыраактан көз саламын\ Тааныштардын арасында...бейтааныштай...
19 Янв 2012 08:26
Kirgizshaa
Жашынып тоо артына\ Артынан кеттиң Күндүн\ Дегенсип... “келип калам...\ Жаңырган Айды күткүн”...\ Карааның сиңип кетти\ Кучагына коюу түндүн\ Дегенсип...кол булгалап\ “Келем балким...таңды күткүн...”\
18 Янв 2012 08:05
Kirgizshaa
Келем деген/ Бар дүйнөсүн мага гана берем деген/ Ошол бойдон жоголду го...эмне учун келбеди экен..../Жанынызга барам деген /Баары жогум жалгыз сизге арнайм деген /Жоголду го...ал оюнан кайткан белем....
17 Янв 2012 10:19
![](https://superstan.super.kg/superstan/public/style_images/master/user_popup.png)
Барайын десе жолдор жабылып калса керек да. Булуттан чыккан айга окшоп келсе керек бир куну.
Kirgizshaa
Жалбырактан үзүлгөн шүүдүрүмдөй\ Турган жерден бир күнү кулап кетем.... \Асманда учуп кеткен жылдызга окшоп\ Бир күнү о дүйнөгө узап кетем....
16 Янв 2012 05:07
Kirgizshaa
Махабатым кыш чилдеде чыйрыкпасын. ..\ Жүрөктүн очогуна от жагайын\ Үмүтүм үшүбөсүн...суук өтпөсүн...\ Күтүүнүн жуурканына жамынайын...
13 Янв 2012 08:16
Kirgizshaa
Баары өзгөрүп, баары алмашат.../Эч бир нерсе токтоп калбайт.../Бир гана мен...кара таштай/Бир ордумдан козголо албай/Айдоонун четиндеги каракчыдай/Турамын кыймылдабай... /Бир гана мен.../Бир ордумда турам токтоп/Тынымсыз өзгөрүлгөн/Ызы-чуу бул ааламда сени жоктоп....
12 Янв 2012 05:01
Kirgizshaa
Элдер кандай жүрөсүңөр?
04 Янв 2012 17:30
Kirgizshaa
Бүгүн туулгандар аябай эле көп экен го...
01 Янв 2012 05:46
Kirgizshaa
Кароосуз там жанында/ Ээси жок ач күчүктөй/ Алыстан караан көрсөм/ Куйругум шыйпаңдатам/ Жаныма сен келчүдөй.../Көрүнчү, көрүн эми/ Булуттун арасынан чыккан Күндөй!
30 Дек 2011 07:52
![](https://superstan.super.kg/superstan/public/style_images/master/user_popup.png)
Браво, Кыргызшаа! Калеминиз курчуй берсин. дагы да журокко таасир калтырган ырларды жарата бериниз. Талантынызга таазим.
Kirgizshaa
салам элдер кандай журосунор ыя
28 Дек 2011 19:50