Статустагы жаңылануу
Акыркы кыймыл аракеттер
monster_high_98 Сооротушту көп ый көрүп калгандар, Буугум толуп, ыйламсырап калганда. Бейтааныштар жакыныма айланды, Жакындарым урган кезде артымдан. Ажырата билип калдым адамдын, Ким жакынын, а кимиси душманын... Көпчүлүктө болгон мындай учурлар, Өздөрүнөн жат адамы чыкканы. 17/11/18 ГКАБ
20 Ноя 2018 23:50
monster_high_98 Бирөөнө керек болуп, бирөөнө артыктырмын, Бирине жакпас билем келбетим, арыктыгым. Барлыгым бакыт болуп, жашооно үмүт берип, Ким-бирөө сүйүп келет жашырбай айтып чынын. Бирөөсү сүрсө четке, бирөөнө керек болдум, Биринин бактысына буйуруп, себеп болдум. Бирине катуу тийип көңүлүн ооруттум да, Бирине жардам берип аябай сундум колум. Бирөөнө сүйүлдүм да, бирини сүйдүм өзүм, Бирөөсү таштап кетип, бирөөсү ачты көзүм. Буйурса, көөдөнүмдү баарына кенен коюп, Жакшы адам болуу үчүн сөз бердим өзүмө...
23 Сен 2018 22:12
monster_high_98 Мага азыр кереги жок эч кимдин! Мен учурда өзүмө өзүм артыкмын. Чертишпесин каалгасын жүрөктүн, араң уюп турган бузуп тынчтыгын. Бир күн мен да аларга окшоп зарыгам. Бирок азыр четтегеним маанилүү... Унчукпасым, өчүүм (мүмкүн) - бузганым тынч уйкусун, оюн кимдир бирөөнүн. Мага азыр дүйнө тынчы маанилүү. ГКАБ
20 Сен 2018 00:10
monster_high_98 Өйүткөн өздүк. Өзүмдү издесең сен изим менен, Өчкөнмүн өздүгүмдүн тизмегинен. Өзгөргүм келбейт такыр, билбейм неге, Өзүмдү таппай келем өзүмдөн мен. Мен азыр өзгө кейпин кийип алып, Аруулук мезгилдерге багыттанып, Өзүмдү издеп өзүм жүргөн чагым, Балалык, жаштыгыма эшик кагып. "Кайда кетти? Жок" - дебе. Изделебе! Жоктурмун... Жансыз сымал тирүү дене. А бир күн жазгы желдей жылуу гана, Келээрмин өзүмдү өзүм тапкан кездеГКАБ
05 Сен 2018 17:42
monster_high_98 Же сенин тынчыңды мен албайынбы? Жазбай кат, чалбай дагы, күтпөй дагы... Сезгенсип чачыроодо тамгалар да, Өзүнө арнап жазган барактагы Же, балким сурасамбы кечиримди? Сен дагы үнсүз азыр турсаң керек, Үңүлүп, түшүп койгон бир кездеги сүрөткө кадаланып ыйлап карек? Же сенин тынчыңды мен албайынбы? ГКАБ
26 Авг 2018 00:52
monster_high_98 Бүгүн аның уйкудан көп ойгонду. Тынчын алып, уйку бузган бирөө бар... Эрте таңда жылуу айтып ойготуп, Күздүз, кечте, бирге болгон түндө да. Азыр аның мурдакыдан бактылуу. Сенин барың эстебейт да, унуткан. Терип берчү гүлзарлардан гүлдөрүң, Бүгүн анын дүйнөсүндө ачылган. Билсең аның күндөгүдөн бактылуу. ГК
16 Авг 2018 21:15
monster_high_98 Кимдир-бирөөлөрдү бир эле жолу көрсөм болду эле дейбиз. ▪Бирөөлөрдүн жанында дайым жүрөбүз, бирок анын барлыгың көкүрөгүбүз көрбөйт. ▪Жолукпай, көрбөй жакыныңа айланган бар. Жаныңда жүрүп жат сымал чангандар бар. ▪Көрүүгө шашылабыз - көрүшкөн соң алысташабыз
15 Авг 2018 08:28
monster_high_98 Өйүткөн өздүк. Өзүмдү издесең сен изим менен, Өчкөнмүн өздүгүмдүн тизмегинен. Өзгөргүм келбейт такыр, билбейм неге, Өзүмдү таппай келем өзүмдөн мен. Мен азыр өзгө кейпин кийип алып, Аруулук мезгилдерге багыттанып, Өзүмдү издеп өзүм жүргөн чагым, Балалык, жаштыгыма эшик кагып. "Кайда кетти? Жок" - дебе. Изделебе! Жоктурмун... Жансыз сымал тирүү дене. А бир күн жазгы желдей жылуу гана, Келээрмин өзүмдү өзүм тапкан кезде. ГК
13 Авг 2018 23:26