Статустагы жаңылануу
Акыркы кыймыл аракеттер
Jeka Базар-Коргон районунуну прокурору жыйында уктап калгандыгы үчүн иштен айдалбай, "ээлеген кызматынан бошотулуптур". Айрымасы эмнеде?
19 Фев 2014 11:50
Мэри 19 Фев 2014 13:36
Мен мындай деп түшүнүп жатам. Эгер ишинен айдалса, ал ошол мекемеден биротоло кетмек болуш керек. Бирок ал "айдалбагандыктан", ошол эле мекемеде кала берет, башка тармагында же бөлүмүндө иштейт, б.а. кызмат абалы төмөндөдү деп түшүндүм.
realliver 19 Фев 2014 13:52
Aidaldy degen soz kiyimki kar'erasyna zalakasyn tiygizet chygaar. Kyzmatynan boshotuldu degen jakshyraak bolso kerek da, kiyin bir jumushka kirishine))
Jeka 19 Фев 2014 18:42
Эмгек кодексинде "ишинен айдоо" деген термин жок, баары бир "өз каалоосу менен" же "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан бошотулду" деп жазылмак. "Иштен айдалган жок" дегени коомчулукту, анан прокурордун "самолюбиесин" тынчытуу үчүн эле айтылган сөз болсо керек.
Jeka Rinatik94 бир күндө 75 билдирүү жазыптыр. Ар бирине 5 мүнөттөн эле коротсо, 375 мүнөт же 6, 25 саат. Бул деген дээрлик бир жумушчу күн, түшкү тамакты кошпогондо. Мына, "Суперстандын" популярдуулугу!
24 Янв 2014 09:02
Rinatik94 22 Авг 2014 09:23
Аргымак, сиздин вариант да туура,)) анткени адам кичине кыймылдаса, курсак байлабай арык болот.
Аргымак, сиздин вариант да туура,)) анткени адам кичине кыймылдаса, курсак байлабай арык болот.
ЛЕД, антип ойлобо. Башка иштеримди чогуу алып кетуу - мендеги калыптанган корунуш.
Jeka Беш жылдан бери форумда жүрүп, бүгүн биринчи жолу "күндүн алдыңкыларына" кошулдум. Жаман жери - жумуштун баары калып калат экен.
22 Окт 2013 21:11
Jeka Орто мектепти бүтүрүп аткандарга мамлекеттик экзамен тапшырыуунун эмне зарылчылыгы бар, окууга ЖРТнын баллы менен алып атса. Ошондой эле, аттестаттын кызыл болушунан не пайда...
22 Окт 2013 12:19
КОЛЮЧКА 22 Окт 2013 12:31
"Лучше иметь красное лицо и синий аттестат, чем красный аттестат и синее лицо" деңиз. Аттестаттын түсүнүн айырмасына такыр түшүнбөйм, ал тургай дипломдун да түсү мен үчүн керексиз эле нерсе. Себеби бизде баары сатылат, көрүп эле жүрөм далай кызыл аттестаттуу/дипломдуу эргулдарды. Аларга салыштырмалуу 2 класс билими бар мен кыйла жогору турам :)
Jeka "Активдүү темалар" дегенди баса койсом, "Минет, куннилингус", "Велосипед менен кумарды кандырса болобу?" дегендер чыкты. "Өтө маанилүү темалар" экен деп койдум ичимде...
19 Сен 2013 11:56
Jeka Бүгүн эрте менен маршруткада болгон окуя: - Кайсы жерден түшөсүз? - Кийинки аялдамадан. - Анда жылып туруңузчу, мен кийинки остановкадан түшөм.
26 Апр 2013 12:25
Jeka Күнүгө эле күндүн алдыңкы авторлоруна кошулайын дейм, же убакыт табылбайт, же пикир табылбайт...
13 Ноя 2012 17:58
andormeda 13 Ноя 2012 19:21
Jeka мырза, саны менен эмес, сапаты менен алган тургун болуп жүргөнүңүз эле жакшы. :)
Likvidator 14 Ноя 2012 01:46
Президент болуу - кундун алдынкы авторуу болуш керек деген тушунуктон алыс бололу. :)
maksatkyz 14 Ноя 2012 13:25
andormeda туура айтат... Сиз кундун эмес, мезгилдин алдынкы авторлорунун бири экенинизди унутпаныз...
Jeka "Супер-инфонун" өткөн санындагы "Таракан" тууралуу макалада "Экватордун узундугу 40 миллион 75 миң 696 чакырым" деп жүрөт. Кудай сакта! Экватордун узундугу буга чейин болгону 40 миң километрден эле бир аз ашыгыраак болчу!
11 Апр 2012 09:29
Jeka Кызык, мамлекет бюджетте окуган студенттерге 300 сом стипендияны эмне максатта төлөйт болду экен? Менин, мисалы, акылым жетпеди!
10 Мар 2011 08:50
MaRmeLaDka 10 Мар 2011 09:22