Статустагы жаңылануу
Акыркы кыймыл аракеттер
anas Ортодон кээде чыр чыкса
Ороңдоп жарың кыйкырса.
Оозуңду бекем кулпулап
Олтура бергиң, унчукпа.
Ачуусу келип кекете
Алкына берсин жекече.
Айтышчу болсоң теңелип,
Ал сенден ашат эки эсе.
Ызасы сага ашынат,
Ыйлап да ийип азыраак.
Буулуккан буусун чыгарып,
Бүткөндөн кийин басылат.
Чаң салып үйгө бакырат
Чатагың бүтпөй батыраак.
Чамына берип акыры
Чарчаган кезде басылат.
16 Мар 2014 18:22