Биз баарыбыз керектөөчүбүз,
кимдир бирөөгө кардарбыз. Бирок көп учурда турмуштун көп тармагында кардардык укугубуз бузулат. Ошондой учурларды эске алып, "Кардардын укугу" аттуу жаңы бөлүм ачтык.
Эгер сиз керектөөчү,
тейлөөчүлөргө алданып же алардын көрсөткөн кызматына нааразы болсоңуз, бул бөлүмдө тема ачып, талкууга алсаңыз болот.
Бөлүмдүн кошумча эрежелери
Бул бөлүмдө ачылган тема төмөнкүлөрдү камтыш керек:
1. Болуп өткөн окуяны болушунча так жана кеңири баяндап берүү зарыл.
2. Орду жана убактысы так болуусу шарт.
3. Бөлүм "Кардардын укугу" деп аталгандыктан,
ачылган тема же жазылган билдирүү темадан алыс болбошу керек.