Орток түрк маданиятынын көрүнүктүү өкүлү саналган Баласагындык Жусуп ойчулдун "Кут алчу билим" эмгеги Ислам баалуулуктарынын негизинде жазылганы аны менен тааныш болгонго айдан ачык көрүнүп турат. Анын калемин шыктандырган,
көз карашын калыптандырган Кудай таануу, Анын пайгамбарын ээрчүү менен келген түшүнүктөр биринен сала бири коштолуп тизмектелип келген саптарында айкын чагылат. Ата-бабабыздын,
ошол доорлордо эле мына ушундай улуу инсандардын дүйнө таанымы Исламга негизделгени бүгүн айтылып жүргөн, Исламды жеригендердин кебин жалганга чыгарат. Чыгарбай эмей эмине, ойчулдар Ислам изи менен толгонуп жатса, ким бул чындыкты тана алмак. Танайын десе мындай мурастар кайдан, кантип жаралмак?!
Урматтуу окурман, Жусуп Баласагын тууралуу маалымат карап жатып, анын ысымын алып жүргөн Кыргыз улуттук университетинин интернет булагынан бул макаланы таап алып, сиздер менен бирге бөлүшүүнү туура көрдүк. Ислам темасында жазылган чыгарманын өзөгү менен таанышып, "Кут алчу билим" чыгармасын окууга дем аласыз деген ойдобуз.
Улуу ойчул Жусуп Баласагын Ислам дин илимин терең түшүнүү менен эң туура мамиле кылып, ислам динин бекем тутканы анын "Кут алчу билим" дастанында кайра-кайра кайталанып,
баса белгиленет.
Жусуп өзү да медресени окуп бүтүргөн, өтө билимдүү, акылман, такыбаа адам болгонун дастанда: «Такыбаалык жыйнак дешти бүт Чиндер» деп, баса белгилеп жазат. Демек, «Такыбаалык жыйнакты» өзү билимдүү, акылман, такыба адам гана жазары белгилүү эмеспи. Бул жерде түндүк кытайлардын бул баасы эң эле туура, оң баа экендиги чындык. Жусуп Баласагын өз учурунун динге бекем, эң эле такыбаа, акыйкатчыл адамы экенинде шек жок.Демек, эң такыбаа адамдын колунан «Кут алчу билим» «Такыбаалык жыйнак» жазылары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошону менен катар Жусуп Баласагын кийинки урпактарга зор ишеним менен кайрылып:
Баракча 1 - 1
Жусуп Баласагын: «Кудай де, сөздө, ойдо болсун чындык, Ар иште Кудайыңа ургун кулдук» ...
#2 01 Июнь 2014 - 13:54
«Сен үчүн түркчө ырлар тартуу кылдым,
Окуурда мага арнап дуба кылгын.
Өтөрмүн бул дүйнөдөн, уккун өзүң,
Акыл тут айткандарды ачып көзүң.
О, Кудай, ак пейлиңди арттыра көр,
Жамы журт, момундарга кеңчилик бер!»–деп бир нече жолу кайталап, эскертип жазат.
Демек, Кудай буюрса, Жусуп бабабызды ар дайым эстен чыгарбай, айткандарын акылга тутуп, дуба кылып туруучу мезгил эми гана келди. Ошондуктан, биз Ислам дининин «Кутадгу билиг» дастанындагы терең таасирин жана анын ээлеген ордун туура түшүнүп, акыйкат чечмелеп, калыс пикир айтуубуз зарыл.
Анткени, «Кутадгу билиг» дастанында Ислам дининин таасири өтө күчтүү берилип, Исламдын асыл идеялары дастандын өзөгүн аралап өтүп, эң негизги лейтмотив катары кызмат аткарып турат. «Кутадгу билиг» дастаны Курани Каримдин жана шарияттын негизинде жазылган чыгарма болуп саналат. Дастандын эч бир жеринде бул позициядан четтеп кеткен жерлери жок. Кайра Исламдын эрежелерин жөнөкөй, жеткиликтүү кылып, өз жан дүйнөсүнөн өткөрүп, калайык калкка көркөм формада таасирдүү сүрөттөп берет.

#3 01 Июнь 2014 - 13:55
Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» дастанында Ислам дининин адам турмушундагы ордун таамай белгилеп көрсөтүп, жашоо-тиричилик,
билим жана адам, коом жана анын мүчөлөрү, алардын өмүр-тиричилиги,
мамлекеттик түзүлүштү, саясат, экономика, маданиятты өнүктүрүү үчүн Ислам дини, шарият көрсөткөн жобо-эрежелерди так колдонуу, иш-аракетти күчөтүү, адамдардын активдүүлүгү,
билимге умтулуусу, акыл менен ойлонуп иш кылуусу сыяктуу жашоо-тиричилик маселелерин көркөм формада чечмелеп жазат.
Адамдардын рухий тазалыгы, билими, акылы, аракети, ыймандуулугу аркылуу гана Алла Тааланын ыраазылыгы, колдоосу менен ар кандай максат иш жүзүнө ашып, өнүгүп-өсүп турары айныгыс чындык экени «Кутадгу билиг» дастанынын негизги өзөктүк идеясы болуп саналат. Ал эми адепсиздик, акылсыз-бузукулук, көрө албастык сыяктуу терс көрүнүштөргө Ислам дини катуу каршы турат.
Алла Таала берген акылды илим-билим менен байытып өнүктүрүү, ал акыл-жөндөмдү турмушта, иш жүзүндө туура колдоно билип, эл үчүн эмгек өтөй маселеси Ислам дининин шарттарынын бири болуп саналат. Мына ушул идеялар «Кутадгу билигде» даана сүрөттөлөт. Бул идеалдуу асыл ойду ар бир окурман атуул туура түшүнүүсү абзел.
Демек, «Кутадгу билиг» дастанында Курани Каримдин, шарият жолунун адам турмуш-тиричилигиндеги эң акыркы, туура, гумандуу, акыйкатчыл, чынчыл, руханий жактан таза, бакытка алып баруучу Алла Тааланын жолу экенин Жусуп Баласагын өтө билимдүүлүк менен эң туура түшүнүп, Алла Таала берген акылды илим-билимге ширелиштире синтездеп келип, дагы эле Алла Тааланын көмөгүн көздөй менен ушул китепти түрк тилинде жазганын өзү да дастанында какшап айтып жатпайбы. Ошондуктан Алла Таала колдоп, «Кутадгу билиг» дастаны он кылым бою жоголуп кетпей сакталып келди. Дагы да сакталып, изилденип улам кийинки муундар үөрөнө берери шексиз.

#4 01 Июнь 2014 - 13:57
«Кутадгу билигди» туура түшүнүш үчүн Исламдын негизги жоболорун, Курани Каримди, Шариатты, б.а. Алла Таала тарабынан жиберилген Улуу илимди терең өздөштүрүү зарыл. Мына ошондон кийин гана атеисттик көз караштан арылып, дастанды эң эле туура түшүнүүгө жол ачылат.
Жусуп Баласагын өзүнүн «Кутадгу билиг» дастанынын башталышындагы алгачкы эле бет ачарында кара сөз менен эң алдыда бардыгын жараткан Алла Тааланы жана анын элчиси болгон пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаЛлаху алейхи ва саллам) туурасында: "Мээримдүү жана Ырайымдуунун аты менен баштайм! Кудурети күчтүү улуу Кудайга урмат жана даңк, ал улуулардын улуусу, бүткүл ааламдын падышасы. Жерди-көктү жараткан, кыбыр эткен жан-жаныбарларга жан салган да өзү, тилегендин тилегин берген, бардык каалаганын өтөгөн да Өзү, көңүлүнө келгени ишке ашкан, каалаганы кабыл болгон, ойлогону орундалган да бир Кудайымдын Өзү. Бардык жаратылгандардын улугу, Кудайымдын кулу Мухаммед пайгамбарга (саллаЛлаху алейхи ва саллам) миң мертебе алкыш, анын жолун жолдоочуларды бир Кудайым өзү колдосун…Бул китепти окугандын көңүлү көкөлөп,Кудай жол берсе, китепти жазган адамдын ысмына дуба окуп койсун», – деп жазат.
Ал эми ыр түрүндө:
«Тирүүлөрдүн баарынан Кудай улуу,
Бир өзүнө татыктуу урмат кылуу.
Ал улук да, күчтүү дагы ченемсиз,
Агаруу да, көгөрүү да жок ансыз.
Жерде, көктө күн көргөндүн Эгеси,
Сага жашоо, өмүр берген дагы Өзү!
Бардык жанга ичерине аш берди,
Баары тойлойт, өзү билбейт ичкенди.
Тирүүлөргө ач койбостон кам көрөт,
Жээрине аш, ичээрине суу берет.
Тилегендин ой-тилегин болтурат,
Мээри түшсө, зоболосун зор кылат.
Кудайымдын Элчисине ырахмат,
Жолун жолдоп жүргөндөргө урмат-даңк!
Калктын башы ал Мухаммед пайгамбар,
Көптүн жүзү көрө турган көзү ал»–деп,бардыгын жараткан Алла Таала жана анын Пайгамбары жөнүндө дастанды окуган кандай гана адам болбосунбаарына түшүнүктүү жана аң-сезимге таасир эткидей деңгээлде көркөм баяндап берет. Жалпы элге түшүнүктүү жана дапдайын болуп турган бул мүнөздөмөлөрдүн өзөгү Курани Карим менен түздөн-түз байланышып турат.

#5 01 Июнь 2014 - 13:58
Дастандын башталышындагы биринчи темада да ушул мотив тереңдетилип:
«Улуулук Сенин гана улуу белгиң,
Теңдеш жок, бир өзүңдөй, болбойт эч ким.
Сага эч ким кошула албайт, Сен бүтүнсүң,
Аягы, башы да Сен – бардык иштин!»-деп, Жусуп Баласагын Алла Тааланын жалгыз экендигин, улуулугун жана бардыкты жаратуучу теңдешсиз зор күчүн кыска, бирок терең сүрөттөп жүрүп олтуруп, акырында адамдарга кайрылып:
«Аалам ээси бир Кудай деп таанып бил,
Тообо кылгын, ак дилиңден билип жүр!
Ойлобо Анын сырын түшүнөм деп,
Ишенип ойго топук кылганың эп.
Кулуңмун – кайгысы көп, – муңсуз Теңир,
Кулуңдун күнөөлөрүн өзүң кечир!
Сыйындым бир өзүңдөй, мен үмүткөр,
Жыгылсам муңга батып, колуңду бер.
Пайгамбардын үммөттөрүн жолдой көргүн,
Ыйман берип,Кыяматтаколдой көргүн», –депКурани Каримдин негизинде, өзү таанып билген шарият жоболорунан жана Ислам дининин негиздеринен бизге насаат түрүндө акыл сөз айтып түшүндүрдү.

#6 01 Июнь 2014 - 14:00
Ал эми дастандын экинчи темасында Мухаммед пайгамбарыбыздын (саллаЛлаху алейхи ва саллам) сапаттары туурасында баяндап келип:
"Жөнөкөй, сыпаа бирок иши улуу,
Боорукер, пейили ак, жоомарт ушул.
Ал ыйык – жерде, көктө тегиз бирдей,
Кудайым баарын берген чачпай-төкпөй.
Көңүл бурдум өзүм анын жолуна,
Кабыл тутуп айткандарын оюма.
Пейил-оюм бузулгандан оңдой көр,
Сурагыңда Пайгамбарым колдой көр!
Кыяматта бура көрбө жүзүңдү,
Жол көрсөтүп, сакта мендей кишиңди!», –депөз жан-дүйнөсүнөн чыккан жакшы оюн жазат. Мындан биз Жусуп Баласагындын Ислам динине жан-дили менен берилген жана бекем ишенген инсан экендигинен толук кабардар болдук.
Жогорудагы биз сөз кылган көркөм тексттерден даана эле байкалып тургандай, Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастанынын мааниси жана андагы сүрөттөлгөн турмуш көрүнүштөрү, Алла Таала жана анын Пайгамбары туурасындагы ойлор, идеялар Курани Каримдин сүрөөлөрүнө үндөшүп турат. Муну көз жаздымында калтырып коюуга эч болбойт. Анткени, дастандын башталышындагы айтылган жогорудагы тексттерден байкалып турган асыл идеялар «Кутадгу билигдин» бардык бөлүмдөрүндө улам тереңдетилип:

#7 01 Июнь 2014 - 14:01
Келечекте болом десең таптаза,
Эки дүйнө күнөө кылбай ак жаша!
Кудай де, сөздө, ойдо болсун чындык,
Ар иште Кудайыңа ургун кулдук.
Буйругуна Кудайдын моюн сунгун,
Кызмат кылуу – милдети ар бир кулдун
«А, акыл Кудай өзү сага берген,
Күч алат, тазаланат окуу менен!»,-депандан ары да улана берет. Өзгөчө, Ислам идеялары сүрөттөгөн бөлүмдөрдө да даана байкалат жана терең ачылат.
Мына ушул жогорудагы айтылган ойлордон эле Көрүнүп тургандай Жусуп Баласагын өзүнүн бул дастанын Курани Каримдин негизинде жана анын терең таасиринде жазганы эң туура жана өзү да Курани Каримди, шариятты терең түшүнгөн илимпоз, ыймандуу, такыбаа чыныгы момун мусулман болгону талашсыз чындык болуп саналат.