"Ишенимиң бышык болбосо, ишенгениң мышык болот"
#81 19 Ноябрь 2013 - 08:55
Билбейм мен ишенебербейм мындайларга. ..
Мисалы:Коз мончок адамды сактайт дейт,аны таш менен урсан сынат экен,озун сактай албай жатып адамды кантип сактасын дегендей...
#82 19 Ноябрь 2013 - 10:16
Lumia-800 (19 Ноябрь 2013 - 08:55) жазган:
Билбейм мен ишенебербейм мындайларга. ..
Мисалы:Коз мончок адамды сактайт дейт,аны таш менен урсан сынат экен,озун сактай албай жатып адамды кантип сактасын дегендей...
Сиз 2 нерсени чаташтырып жатасыз: материалдык жана материалдык эмес тушунуктор эки башка да. Мисалы, коз мончок сизди бироонун муштумунан сактабайт, толпада калбайсын дегендей кепилдик бербейт. Аны айрымдар 'удар жебейин' деп эмес, 'коз тийбесин' деп тагынышат да
Же, мисалы, 'Кудай жок' деп жургон кишилер деле тируу журушот. Эч кимиси мурт кеткен жок. Бирок алардын материалдык эмес баалуулуктардан куру калуусу толук мумкун.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#83 15 Апрель 2014 - 14:52
ММКлардан чыгарбай койсо болбойбу? Себеп аларда куноого батып жатпайбы? Ким кандай ойлойт?
Билдирүүнү түзөткөн: Elenora92: 15 Апрель 2014 - 14:56
#85 15 Апрель 2014 - 15:04
#86 15 Апрель 2014 - 15:20
Elenora92 , ширк тууралуу ушул темадан талкуу кылыңыз.
#87 19 Апрель 2014 - 13:29
Билдирүүнү түзөткөн: infiniti: 19 Апрель 2014 - 13:32
#88 01 Июнь 2014 - 20:53
Мен бир-эки жолу сынык кузгуго каранып алдым эми эмне болот?
#89 01 Июнь 2014 - 21:08
Ал эми сиздин бакытыңыз кайсы бир күзгүнүн сыныгы менен чектелбейт. Жана да азыр айтып жатканыңыз (мен сынык күзгүгө каранып алдым эми эмне болот) Аллахка (ал Жалгыз жана Улук) шерик кошуу же күмөн саноого тете. А бул нерсе өтө чоң күнөөлөрдүн бири.
#90 01 Июнь 2014 - 22:12
#93 02 Июнь 2014 - 00:41
#94 02 Июнь 2014 - 03:22
Билдирүүнү түзөткөн: Ханбийке: 02 Июнь 2014 - 04:02
#95 02 Июнь 2014 - 09:45
Ырым жырым жонундо кайсы бир темада Таллас деген форумчубуз зор тушундуруп кеткен экен! Издеп окуп коюшунарды сунуштайм.
#96 02 Июнь 2014 - 10:24
#98 03 Июнь 2014 - 02:01
Бирок биз, жакшы насааттарды, көп нерселерди ырым-жырым кылып алганбыз.
Досума бычакты тик койбо десем, кайдагы ырым-жырымды айтасың, Кудайдан болот дейт.
Бирөө аны колу же буту менен басып алса, жакшы болобу.
Күлдө жин-шайтан көп болот. Күлдө басып алардын тынчын алсыңыз, зыян берүүлөрү мүмкүн.
Аллахтан болот деп, толук якын кылыңыз. Бирок Аллах, сактанганды сактайт.
Шыпыргыны тик койбо дегени, тик койсоңуз учу сынып, же кайрылып калса, шыпырганга жакшы болбой калат. деген мааниде айтышса керек..
Ал эми- сынык күзгү, көз мончок, мышык-чычкан бул, башка маселе..
Бир темадан: Эки адам жерди караса, бирине көлчүк, экинчисине жылдыздуу асман көрүнөт... дегенди окудум эле.
Адам баардык нерсени жакшы, илим менен, карап көрүш керекко дейм. (Булар менин гана ойум).
Менде кемчилдик көп, Ислам кемчилдиксиз. .
Билдирүүнү түзөткөн: musulmanin: 03 Июнь 2014 - 02:03
#100 05 Март 2015 - 12:21
Кимдин башынын арт жагынын оң тарабы сайгылашса - бир аймакка же элге башчы болот.
Баштын арт жагынын сол тарабы сайгылашса – шаттыкка жетишет.
Эгер пешенеси кычышса - сапарга аттанып, мурат-максатына жетет.
Оң пешенеси кычышса – балдары жана досторунан пайда көрөт.
Сол пешенеси кычышса – таанышына жолугат.
Эгерде оң кулагы кызыса - жылуу сөз, куш кабар угат.
Сол кулагы кызыса - өзүнө ылайык улуктук, башчылык кызматына ээ болот. Туугандары анын кадырына жетет.
Мурунунун сөөгү кычышса - жогорку мартабага жетет.
Мурунунун оң тарабы кычышса - бирөөлөр менен пикир келишпестиктер болот.
Мурундун учу кычышса - жакын арада эт жейсиз деген белги.
Сол тарабы кычышса – алгач кайгырып, артынан эле кубаныч келет.
Оң колу кычышса – анча-мынча акча табат.
Сол колу кычышса - жогорку бийликке жетишип, мал-дүйнөсү көбөйөт.
Эки кашынын ортосу учса - досун көрөт.
Оң кашы учса - шаттыкка бөлөнөт.
Оң кашы жана көзү тартса - эмнени тилек кылса ошого жетет.
Сол кашы жана сол көзү тартса - мал-мүлкүнө, акчага байланышкан жагымсыз нерселер болуусу мүмкүн. Садага берүү керек.
Сол көзү учса –уулуңуз жолдон келет.
Оң көздүн кабагы ылдый көздөй тартса – кубанычка толосуз.
Оң көздүн үстүңкү кирпиктери учса - өмүрүндө көрбөгөн адамдар менен таанышып, учурашат.
Оң көздүн ылдыйкы кирпиги учса - күтүлбөгөн жерден жетекчи адамдын алдынан кубанып чыгат.
Сол көздүн үстүңкү кирпиги учса - жаман кабардан алыс жүрөт.
Ылдыйкы кирпиги учса - кимдир бирөө аны эстегендиги болот.
Оң көзүнүн бир чекеси тартса – кокусунан шаттыкка бөлөнөт.
Эгерде сол көзүнүн чекеси учса –анда күтүп жаткан перзенти келет.
Оң колдун баш бармагы кычышса - көп өтпөй эле кубанычтуу окуяга туш болот.
Сөөмөйү кычышса –бирөө аны сөз кылганы.
Ортончу колу кычышса – кылган ишинен кубанычка жетишет.
Аты жок манжасы кычышса –бир нерсе таап алат.
Чыпалак кычышса – күнөө иштерден алыс болгун, деген белги.
Сол колдун баш бармагы кычышса - душманын жеңет.
Сол колдун сөөмөйү кычышса –бирөө менен мелдешет.
Ортончу колу кычышса – бирөөгө атаандашат.
Аты жок кычышса – таап алган буюму кубаныч тартуулайт.
Сол колунун чыпалагы кычышса –болгон акчасын керексиз нерселерге иштетип жиберет.
Оң бети кычышса –бирөө акча сурап келет.
Сол бети кычышса – балекет-салекеттен кутулат.
Оң таманы кычышса – жолго чыгат, же күтүүсүз кубанычка туш келет.
Эгерде сол таманы кычышса – жолго чыгат, же бирөөгө душмандык мамиле кылат.