Бир күнү эки бака сүт куюлган чакага түшүп кетет. Экөө канчалык аракет кылышса да чакадан чыга албай коюшат. Акыры бирөөсү үмүтү үзүлө: "Баары бир экөөбүз бул жерден чыга албайбыз, ушул жерде чөгүп өлөбүз", - дейт да, аракетин токтотот. Экинчиси оңой эле жеңилгиси келбейт. "Баары бир чыгам", - деп, аракетин улантат. Ары-бери тынбай сүзүп, буту менен сүттү чала берет. Бир нече саатан кийин ал бака да чарчап, аракетин токтотот. Бирок дагы эле сыртты үмүттүү карай берет. Ошол учурда сүт коюуланып, үстү каймактап калганын көрөт. Албетте, бул бир нече саат тынбай аралаштыра берүүнүн натыйжасы эле. Ошентип, сүттүн коюуланып каймактап калган жагына акырын чыгат да, сыртка секирип кетет.
Кырсыкта кылган кайрат - жарым жеңиш (Плавт).
Жашоо үчүн күрөшпөгөн адамдын жолу туюк болот (Лу Синь).
Билдирүүнү түзөткөн: Clara_Zh: 23 Май 2014 - 14:16