Ойлоп көрсөм таарынуу өтө жаман экен ээ... Мен ал адамды билбейм деле го... Эс тартканы көргөн эмесмин ээ... Бирөөнүн сөздөрүнөн улам эле ал адамга кандайдыр бир образ жаратып алып жектеп жүрө берипмин...
Көкүрөктө түйүлүп гана жүрө берээр эле. Көкүрөктө эле калса мейли го... Акылым да, жүрөгүм да андан жарадар эле... Азырчы... Аз убакыт болду Аны кое бергениме. Кандай жакшы..! Жан дүйнөм тынч алып, бакубаттык ээледи жүрөгүмдү...
Муну менен өзүм үчүн жакшылык кылдымбы? Аны жек көрүп ого бетер күнөөсүн ашыра бергенден корктумбу? Же кичинекей бөбөктөрдү аядымбы? Же ошол аялзатын аядымбы?……………
Жүрөгүм…………
А менин ЖароокерАсылКымбатымды ким аяйт?! Мени ким аяйт ээ?!……………………
Мейли… Аллахтан үмүтүм чоң! АсылКымбатым бу дүйнөдө бир ааз кыйналып калды, чыныгы жашоодо жашыл чөптүн үстүндө эс ала тургандай болоор…
А Сиз ошолорду ыйлатпай, аларды бактылуу кылууга болгон аракетиңизди жумшаңыз..!
Дагы айтам "мен Сизди эчак кое бергенмин! Жакшы көрбөйм дагы, жектебейм дагы... Сагынбайм дагы, күтпөйм дагы… Жамандыгыңызды тийгизбей тынч жүрсөңүз болду…".
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Каяктагы жамандык ээ? Ал мени керек болсо бет түзүлүшүмдү тааныбайт да. Ким билсин балким Асылыма окшоштуруп таанып калаар…
***
Мүмкүн ушинтип өзүмдү алдап жаткандырмын. ..бирок бактылуу болушун, Аллах Таъалам күнөөлөрүн кечиришин гана тилеп келем...
Be Happy Dad…