Төрөгөндөн кийин калыпка келүү Ким кандай жол менен арыктады?
#101 05 Июль 2014 - 02:30
#102 06 Июль 2014 - 14:31
![:crazy-girl:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy-girl.gif)
Баары жакшы, мен жаман...
#103 11 Июль 2014 - 14:05
Begimkyz (06 Июль 2014 - 17:31) жазган:
![:crazy-girl:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy-girl.gif)
Канча баланар бар? Бир экини торогондо ич андай деле чыкпайт. Фигураны сактап калса болот.
#104 17 Июль 2014 - 00:45
#105 20 Июль 2014 - 15:49
bermet104 (17 Июль 2014 - 00:45) жазган:
Kegel' konuguulor kandai konuguu? keniri tuwundurup koesuzbu?
#106 24 Июль 2014 - 02:41
#107 24 Июль 2014 - 11:38
#108 24 Июль 2014 - 14:59
Озум эки баланын энесимин. Копчулук "жашсын, торогон айымдарга окшобойсун "дей беришет.
Эки баламды тен торгондон кийин ичимди чон жоолук менен катуурак байлап алчуумун. Момо жемиш, суусундуктарга такыр жолобойм. Негизи балам 3-4 ай болгучакты ушул режимди колдоном.
Ошондуктан жаны торогон айымдар озубуздун ден соолукту,дене мучобузду жакшы алып журуу учун, ар кандай конугууго караганда, озубуз жеп ичкен тамак ашыбызга да байланыштуу экенин эске ала журсок ашыкча болбойт.
#109 28 Июль 2014 - 13:59
М ындай суроо ар бир жаш энени тынчсыздандырат. Кош бойлуу учурунда ашыкча салмакка ээ болуп, төрөттөн кийин аны өз ордуна келтирүү кыйынга турат. Кайра кантип келишимдүү болуш керек?
Эмизүү учурунда эч убакта катуу диетага олтурбаңыз. Организм жабыр тартып, ден - соолугуңузга таасирин тийгизет. Бардык тамактарды рахаттануу менен жегениңиз оң. Анткени наристе да толук тамактанууга муктаж. Кээ бир диетологдор күнүнө 5-6 жолу тамактанууну сунуш кылышат. Белоктуу тамактарды жана мөмө-жемиштер, жашылчаларды көп пайдаланыңыз.
Чөп чайларды ичиңиз. Төрөттөн кийин чалкан менен ромашканы кайнатып, чай катары колдонуңуз. Ал организмдеги толуп калган суюктукту чыгарып, арыктоого түрткү берет. Тамактанууга 20-30 мүнөт калганда бир стакан ичип, аны 2-3 жума улантыңыз. Чөп чайлардан кийин белоктуу тамактарды кеңири колдонсоңуз болот. Мындай жол аркылуу балага таасирин тийгизбей, сиз арыктоонун жыйынтыгын көрө аласыз.
Дайыма кыймылда болуңуз. Кыймыл - ашыкча калорияларды жок кылат. Бирок, бул төрөттөн кийин эле гимнастикага же фитнеске жазылуу дегенди түшүндүрбөйт. Доктурлар төрөттөн кийин, чуркап же оор жумуш жасап, пресс кылууга тыюу салышат. Бирок, таза абада жөө басууну талап кылышат. Мүмкүнчүлүк болсо бассейндерге барыңыз. Суу алдындагы массаж абдан эффективдүү болот. Дал ушул көнүгүүлөр булчуңдардын жана сан эттердин тартылышына жардам берет. Жөнөкөй көнүгүүлөрдү үй ичинде да аткарууга аракет кылыңыз. Чыдамкайлуу болуп, адистин сөзүн угуңуз.
#111 28 Июль 2014 - 23:11
мүчөңүздү калыбына келтириңиз
Эгер төрөттөн кийин сиз төрөткө чейин кийип жүргөн кийимдериңиз батпай калса, таң калбай эле коюңуз. Ошондой болушу толук мүмкүн. Мындай көрүнүшкө жөн гана чыдап койгонуңуз оң, себеп дегенде сиздин салмагыңыз тогуз айдын ичинде кошулган.
Төрөттө 6 кгга чейин салмак таштайсыз, бир-эки жумада 2-3 кгга чейин дагы арыктайсыз. Аз деп айтканда төрөттөн кийин келбетиңизди кайра калыбына келтирүү үчүн жарым жыл убакыт кетет. Болгондо да сиздеги ашыкча салмактан тышкары ичиңиздин чоюлуп калганын да эске алышыңыз керек. Териңиз чоюлуп, отурганда ичиңиз бөлүкчөгө бөлүнүп калат. Ал коркунучтуу эмес, себеби, ичиңиз алты ай ичинде кайра өз калыбына келет. Эгер сиздин төрөтүңүз жеңил болсо, эч кандай операциялык жол менен төрөбөсөңүз, анда бир айдан кийин чоюлуп калган ичти калыбына келтирүү үчүн көнүгүүлөрдү жасап баштасаңыз болот. Бир күндө бир нече жолу ар кандай ыкмада, кааласаңыз жатып алып, туруп же отуруп алып көнүгүү менен машыгуу сиздин келбетиңизди кайра калыбына келтирүүдө жардамы чоң. Биринчи бир күндө 3-4 жолу машыгуу менен баштап, акырындык менен көбөйтө берсеңиз болот, 9-12 ге чейин. Машыгып жатканда өзүңүздү угуп, жай кыймыл менен чарчабагандай болуп машыкканыңыз туура. Оор дем алып, кайра жай демиңизди чыгарып, кайра дем алып, демиңизди ичиңизге кармап туруңуз. Тыным маалында ичиңизди тартып, үчкө чейин санап туруп, кайра жай коё бересиз. Ушул эле ыкманы бир күндө бир нече жолу кайталап туруңуз. Арадан 2-3 ай өткөндөн кийин майларды кетирүүчү машыгууга өтөсүз. Бассейнге түшүү менен бир саатта 350 ккал кетире аласыз, 300 ккал бийлөө менен жана ушул сыяктуу ар кандай машыгуучу залдарга барсаңыз болот.
Төрөгөн айымдарыбыз үчүн кеңеш
1. Арыктайм деп тамак ичпей койгон болбойт, машыгыңыз.
2. Атайын майды эритүүчү минералдарды ичип, витаминдерди колдонуңуз. Йод, темир, С,L- карнитин, коэнзим Q10 пайдасы көп.
3. Бала менен сейилдөөгө көп чыгыңыз. 40 минутка созулгандай атайын өзүңүз үчүн маршрут тандап алып, бир күндө эки жолу айланып келсеңиз, күнүнө 400 ккал таштайсыз.
#112 29 Июль 2014 - 02:21
![;)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/wink.gif)
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#113 30 Июль 2014 - 23:52
Azem2013 (11 Июль 2014 - 11:05) жазган:
Бир кыздын апасымын. Мен торогондон кийин апам (кайненем) "тамак ич сут болот, бала эмизесин" -деп аркаман тушуп алчуу, анан кыйратып кыймылдабай жей берип, семирип кеттим. Азыр жакшы элемин, бирок, конугуу такыр жасабайм.
Баары жакшы, мен жаман...
#114 07 Август 2014 - 14:57
#115 07 Август 2014 - 20:08
#116 15 Август 2014 - 18:11
#117 06 Сентябрь 2014 - 01:19
#118 19 Сентябрь 2014 - 23:58
Билдирүүнү түзөткөн: Jamalym: 20 Сентябрь 2014 - 00:00
#119 20 Сентябрь 2014 - 17:46
Jamalym (19 Сентябрь 2014 - 23:58) жазган:
Жок дегенде тунуно танууну чечип жатыныз.
Конугууну 4, 6 жумадан сон.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#120 21 Сентябрь 2014 - 02:39