Хиджап кийген кыздар барбы форумда?
#241 23 Июль 2014 - 23:21
Себеби бул кийим аларды эркектердин жаман назарынан сактайт, жаман назардан сактангандан кийин, зордукталуу сыяктуу жаман нерселердин алдын алат дегенди билдирет. Мындай бир мисал берели, базардан 2 килограмм койдун этин сатып алып, бирок баштыкка салбай жөн эле эндей көтөрүп алып, үйдү көздөй бараталы дейли. Эгер этти пакетке ороп, көрүнбөй турган баштыкка салбасак, ал этке ар кимдин сугу түшөт, назары тиет. Өзгөчө көптөн бери эт жей элек ачка кишилердин шилекейи чууруп, жегенге аракет кылбаса да ичинен ойлоп коет. Эгер базардын айланасында жолбун иттер бар болсо, анда ээрчип алат. Эптеп бир айласын таап, иле качышты ойлошот.
Же дагы бир мисал, чоң суммадагы акчаны көтөрүп, же өтө баалуу алтын-күмүш жасалгаларды тагынып элдин көзүн кычыштыра көчө бойлой бассак, аны көргөн ниети бузуктар эптеп амалын таап алууга аракет кылат. Эгер биз бул баалуу нерселердин сакталышын кааласак, анда буларды эч кимге көрсөтпөшүбүз керек.
Аялзатын этке же жасалгага салыштыргыбыз келбейт, аялзаты булардан миң-мертебе жогору турат. Андай болсо, аялзат бул кымбат баалуу өзгөчөлүктөрүнөн ажырагысы келбесе жана эркектерди күнөөгө түрткүсү келбесе, сакташ керек.
Негизи, абийири болгон ар бир аялзат өзүн сыйлагандай эле, эркектерди сыйлап, аларды бузгусу келбейт. Ошондуктан денесин белгилүү кылбай тургандай кылып жамынса, үй-бүлөсүн да сактап калат. Себеби, жоолук салынган аялга эч ким жаман, бузуку ой менен карабайт.
#242 23 Июль 2014 - 23:23
Куран буйрук кылган кийимдин көптөгөн сырлары, негиздери бар:
1. Узун кийим кийүү, жоолук салынуу жалгыз мусулман аялзаты үчүн гана эмес, бүткүл аялзаты үчүн табигый нерсе, анткени муну табияттары талап кылат. Анткени аялдар жаратылышынан эле назик жана алсыз болгону үчүн өздөрүн жана жандарынан да артык көргөн балдарын коргой турган күйөөнүн коргоосу менен жардамына муктаж болгону үчүн, өзүн сүйдүрүп, жек көрдүрбөш жана суук мамилеге дуушар болбош үчүн узун кийишти өзү эле табияты каалап турат.
Адам баласы өзү жактырбаган, сүйбөгөн кишисинин назарынан жаман абалда калгысы келбейт. Албетте, ачык кийинген он аялдын эки-үчү чоочун эркектердин назарынан лаззат алса, жети-сегизи тартынат. Эгер аялдын жүрөгү бузула элек болсо, сөзсүз түрдө бушайман болот. Курандын, аялдардын кийими тууралуу кылган буйругу табигый болуу менен бирге мээримдүү жана түбөлүктүү өмүрлүк жолдош болгон аялдарды узун кийим аркылуу ыпылас, сук көздөрдөн, эң төмөнкү даражага түшүштөн жана рухий туткундуктан куткарат.
Ошондой эле, аялдар чоочун эркектерден табигый түрдө коркушат. Бул коркуу болсо табигый түрдө денени көрсөтпөгөн кийимди талап кылат. Куран буйрук кылган кийим аркылуу чоочун эркектердин делебесин козгобоону, алардын зордукташына тоскоол болушту алсыз табияты буйрук кылат. Куран буйрук кылган кийим болсо – аялдын бул коркунучтардан коргоно турган чеби. Ачык кийинген тигил, же бул бардык кызга жаман ниеттүү, сук көздүү эркек тийишпей койбойт, муну баарыбыз эле билебиз. Андай болсо, жарым-жылаңач кийинүү аялдын табиятына карама-каршы келет, ал эми денени көрсөтпөй кийиниш аялдын табиятына абдан туура келет. Демек, «Жоолук салынуу – бул, туткунчулук» - дегендердики туура эмес.
2. Аял менен эркектин ортосундагы ысык мамиле, сүйүү жалгыз дүйнөлүк жашоонун муктаждыгы үчүн гана бар эмес. Ырас, аял күйөөсүнүн дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү өмүрлүк жубайы эмес. Тескерисинче, түбөлүктүү жашоодо да өмүрлүк жубай.
Аял тигил дүйнөдө да өмүрлүк жолдош болгондон кийин албетте, түбөлүктүү жолдошу жана досу болгон күйөөсүнүн назарынан башка назарлардын өзүнүн сулуулугуна тартып, аны кызгандырып, таарынтпашы керек. Момун мусулман болгон күйөөсү ыймандуу болгону үчүн аны менен болгон байланышы дүйнөлүк жашоого гана тиешелүү, убактылуу болбогондон кийин, сүйүүсү түбөлүктүү жашоого чейин уланат. Ошондой эле, жаштыгында, сулуу кезинде гана эмес, карылыкта, сулуулук кеткенде да сүйүшү керек. Бул адамгерчиликтин талабы. Антпесе, көп нерседен ажырайт.
3. Үй-бүлөнүн бактылуу жашоосу жубайлардын ортосундагы урмат, сүйүү аркылуу уланат. Денени белгилүү кылып кийинүү ошол сүйүүнү бузат.
Адам баласы махрам (никеси түшпөгөн аялзат, карындашы, кызы, эжеси, эмчектеши ж.б.) аялзатына сугун артып карабайт. Тууган катары көрүшү мүмкүн, мындай жагдайда напсиси анын айбандык сезимдерине тоскоол болот. Бирок буттар сыяктуу шарият уруксат бербеген дененин мүчөлөрүн ачык калтыруу абдан ыпылас сезимдердин ойгонушуна себепкер болушу мүмкүн. Анткени махрам аялзатынын жүзү махрам эмес аялзатына окшош эмес. Бирок мисалы жылаңач буттар махрам болбогон аялзаты менен бирдей деңгээлде. Демек, жылаңач буттар махрам болуу чегинен чыккандыгы себептүү эркектин айбандык сезимдерин ойготуп жибериши толук мүмкүн. Муну далилдештин деле кереги жок, гезиттерден окуй калып жүрөбүз, өз карындашын, өз эжесин зордуктаган эркектер, өз кызына аңги болгон аталар коомубузда жок эмес, тилекке каршы... Курандын аялзатынын кийими тууралуу берген буйругу тамаша эмес. Ал буйрукка баш ийбеген коом төбө чачты тик тургузган ыпылас окуяларга күбө боло бермекчи!
4. Калктын санынын көп болушу бардык мамлекеттер тарабынан талап кылынган негиз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дагы бир хадисинде «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө. Акыретте мен силердин көп сандуулугуңар менен сыймыктанам. » - деген.
Ал эми аялдардын мусулманча кийиминин жоюлушу үйлөнүүлөрдү көбөйткөндүн ордуна азайтат. Анткени эркек канчалык жаман болбосун, канчалык заманбап болбосун, өмүрлүк жарынын намыстуу болушун каалайт. Өзү сыяктуу заманбап, тагыраак айтканда, жарым жылаңач кийинген кыз менен үйлөнүштү каалабагандыктан бойдок калат, балким зынаакордукка барат.
Аял болсо андай эмес, күйөөсүн башкара албайт. Анткени аялдын (үй-бүлөлүк жашоодо үйдөгү турмушту жөнгө салган жагы менен алып караганыбызда күйөөсүнүн бүткүл мал-мүлкүн, балдарын сактай турган кызматчы болгондугу себептүү) эң маанилүү артыкчылыгы – күйөөсүнө берилгендиги. Жарым жылаңач кийинүү бул берилгендикти жоет, күйөөсүнүн назарында аял коопсуздукту жоготот, анан абийирин азабын тарта баштайт. Эркектердеги эки өзгөчөлүк, эр жүрөктүк менен жоомарттык аялда болсо, ушул коопсуздукка жана берилгендикке зыяны тийгени үчүн жаман ахлак болуп саналат. Бирок күйөөсүнүн милдети – аны коргоо, урматоо жана мээримдүү мамиле кылуу.
Анын үстүнө, Кыргызстандын 80 пайызы мусулман, күн санап мусулмандардын саны көбөйүп баратат. 70 жылдан ашуун коммунизмдин, материализмдин таасиринде калса да, мусулманчылык көбүнесе салт катары калса да сакталып калган. Мамлекетибизди Европадагы мамлекеттер менен салыштырганга болбойт. Европа Азияга салыштырмалуу суук келет, Азия болсо ага салыштырмалуу ысык климаттуу. Ал эми климаттын адам баласынын адеп-ахлагынан таасирин тийгизет. Ошол суук мамлекеттерде жарым жартылай ачынуу адамдын айбандык сезимин ысык мамлекеттерге салыштырмалуу анча ойготпошу мүмкүн. Ойготсо да анчалык чоң зыян келтирбейт. Бирок ысык мамлекеттерде жарым жылаңачтанып кийинүү көптөгөн кырсыктарга жол ачышы мүмкүн.
Анан да, ислам эч качан бир улутту башка улутка үстөм көрбөйт. Ошондой эле, эгер исламга карама-каршы келбесе эч бир каада-салтты тыйбайт. Буга таянып, Кыргызстандагы мусулман аял Арабиядагы, же Пакистандагы аялдардан үлгү албай койсо болот. Маанилүү болгон нерсе – Куранда кандай буйрулса, ошондой кийинүү. Куранда кандай буйрулса, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) кандай айтса, ошого карап кийиниш керек, бир улутка тиешелүү өзгөчөлүктөрдү ээрчий берген болбойт.
Кээ бир аялдар «Күн ысык тийип турса, кантип тумчуланып алабыз?» - дешет. Бирок тумчуланган башка нерсе, тумчулануу – бул, жүздү да көрсөтпөстөн жамынуу. Бирок мусулман аялдардын жамынышы тумчулангандыкка жатпайт.
Кудайга шүгүр, Алла Таала аялдардын жамынышы тууралуу буйругун эң ысык өлкөлөрдүн бири болгон Арабияда жүзөгө ашырган. Арабиянын ысыгы Кыргызстандыкынан эки эсе ысык, анда аердеги аялдар кантип чыдап жүрүшөт? Бул жөн эле психологиялык таасир. Негизи, узун кийим кийип, жоолук салынган аялзатына караганда ачык кийинген аялзаты көбүрөөк ысыйт. Анткени шарият боюнча кийинген аялзатынын денесинин температурасы эшикке чыкканда да сакталат. Медиктер муну далилдеп чыгышты.
Кээ бир жаш кыздар «Мага узун кийим кийген, жоолук салынган жарашпайт» - дейт. Бирок кечиресиздер, бул жерде бүткүл ааламды жараткан Алла Тааланын буйругу бар. Мусулман аялзаты кийимди жарашканы үчүн эмес, Кудай буйрук кылганы үчүн киет.
Сөздүн кыскасы, аялдардын шарият боюнча кийинишинде жогоруда саналган көптөгөн жеке инсандык, үй-бүлөлүк жана коомдук пайдалары бар. Тилекке каршы, буга каршы чыккандар көптөгөн зыяндарга учурайт.
#243 23 Июль 2014 - 23:29
#244 23 Июль 2014 - 23:29
Кийиш колундан келбейби? Сындаба!
Жанагы, "сооп иш кылуу колдон келбесе, күнөө да кылба" дегендей.
Форумчулардан "janylka" атту форумчу кызды көргөнмүн.
#245 23 Июль 2014 - 23:36
#246 23 Июль 2014 - 23:38
#247 23 Июль 2014 - 23:41
janylka (23 Июль 2014 - 23:38) жазган:
Ошол силер оронуп чулганып жургондор эле бейишке киргилечи деген эле ак ой... Андан башка жаман ой делееее жооооок....
#248 23 Июль 2014 - 23:42
Kosmopolitka (23 Июль 2014 - 23:36) жазган:
Салаллоху алейки уа саллам! (Бироо сени мактаса Пайгамбарыбызга салават айтыш керек экен)
Алла ыраазы болсун синдим! Ниетин болсо тездет эми! Сен хиджаб кийсен тобом кокко жеткичекти суйунсом керек! Озун сонун кызсын бир гана жоолук салынган жетишпей турат да сага
#249 23 Июль 2014 - 23:44
janylka (23 Июль 2014 - 23:38) жазган:
Биз пайда коздобогондордонбуз дэвэллэ (тамаша)
Пайдасы деле жок. Озумон тээ "Аялдар тозокко отун болушабы?" деген темадан сон эле тунулгом. Бири болбосо бири тозокко суйросо, хиджапчан барамбы, же оронбой элеби, айырмасы жок (мен учун).
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#250 23 Июль 2014 - 23:45
Saltanat... (23 Июль 2014 - 23:41) жазган:
Ин шаа Аллаh бейиштен умут кылабыз. Силер бул дуйнодон умут кылган пенделер болсонор Жараткан кечиримдуу зат, силерди кечирсин. Озунордун абалынарга каткырбасанар да белгилуу.
#251 23 Июль 2014 - 23:45
bermet104 (23 Июль 2014 - 23:42) жазган:
Алла ыраазы болсун синдим! Ниетин болсо тездет эми! Сен хиджаб кийсен тобом кокко жеткичекти суйунсом керек! Озун сонун кызсын бир гана жоолук салынган жетишпей турат да сага
Рахмат Бермет эже, аракет кылам...
#252 23 Июль 2014 - 23:52
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 24 Июль 2014 - 00:16
#253 23 Июль 2014 - 23:57
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 24 Июль 2014 - 00:17
#254 24 Июль 2014 - 00:00
aijan (23 Июль 2014 - 23:32) жазган:
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 24 Июль 2014 - 00:19
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#255 24 Июль 2014 - 00:07
#256 24 Июль 2014 - 00:08
#257 24 Июль 2014 - 00:08
кидают камень, отвечайте плодами»
#258 24 Июль 2014 - 00:14
Abdullah16 (24 Июль 2014 - 00:08) жазган:
Улуу урматтуу колдоочу, суроолор дагы калып кетиптир. Жооп болобу?
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#259 24 Июль 2014 - 00:24
Тема тазаланды!
Simonetta провакация жаратканыныз учун беш кунго бан!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#260 24 Июль 2014 - 00:46
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 24 Июль 2014 - 00:47
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев