Чек ара боюнча чырлар Чындык кеткен чырдуу Баткен, же Баткен Маселелери...!
#61 26 Август 2014 - 12:57
Чет элдик маалымат каражаттары Тажикстандын жазган маалыматына ишенишип алардын жазган маалыматын таркатып жатышат! Эми дуйно эли кыргыздарды жаман коруп чыгышат. Маалымат согушун уттурбашыбыз керек!
#62 26 Август 2014 - 12:58
#63 26 Август 2014 - 13:01
Кулунду айылынын тургуну тажик жарандары тарабынан сабалды. Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууган агасы Бакир Арзыбаев SUPER.KG порталына билдирди.
“Бүгүн, 26-август күнү эртең менен иним Салибай Арзыбаевди тажик жарандары тосуп алышып сабап салышкан. Ал Максат айылындагы орто мектептин директору болуп иштейт. Кулунду айылынан унаасы менен жумушка бара жаткан экен. Учурда ал аймактык ооруканада жатат”,- деди Бакир Арзыбаев.
Айта кетсек, Лейлек районунун Кулунду айылынан Максат айылына баруу үчүн Тажикстандын чек арасын кесип өтүүгө туура келет. Мындан улам Кулунду – Максат унаа жолу курулуп жаткан болчу. Кечээки окуя да аталган унаа жолундагы көпүрөнүн курулушунан улам келип чыккан.
Тажиктер айлалары кетип эми жалгыз кыргызга кол салышыптыр! Ошол Тажикстандагы кыргыздардын абалы оор болуп калбашы керек. Аларды ал жактан чыгарып оз мекенине алып келиш керек эле. Алар деле ошол жактан озулору акырындап кочуп келе беришсе болмок. Кокус бир нерсе болсо, алардан башталат "тазалоо" ! Украинадагы орустарды кандай жоготушту!
#64 26 Август 2014 - 13:36
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#65 26 Август 2014 - 13:45
#66 26 Август 2014 - 13:47
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 26 Август 2014 - 13:48
#67 26 Август 2014 - 13:53
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#68 26 Август 2014 - 16:12
Бугун Интернационал айылында Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, болуп өткөн окуялардын себептерин жана келтирилген материалдык чыгымдар боюнча талкуулашты.
Маалыматка ылайык, күндүн экинчи жарымында, тактап айтканда саат 16:00гө экинчи жолугушуу пландалган. Анда чек-арада катталган атышуулар боюнча талкуу жүрөт.
#69 26 Август 2014 - 16:22
Кандай чечим чыгат деп ойлойсунар? Эки республика бийлиги жолугат, кол коюшат. анан бүтөт. Элчи? Тургундар жашайт чек арада. Биз эмес, форумчулар эмес, бийликтегилер эмес...(((
#70 26 Август 2014 - 16:46
#71 26 Август 2014 - 17:02
#72 26 Август 2014 - 21:17
#73 26 Август 2014 - 21:19
Beka90 (26 Август 2014 - 21:17) жазган:
Биротоло жаап салса да эч ким каршы эмес.Озбек тажиксиз да откон жашоо ото берет
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#74 26 Август 2014 - 21:38
Билдирүүнү түзөткөн: Ala-Tooluk.Jigit: 26 Август 2014 - 21:44
Бул кундор откон чакта,
Кеч болот анда сага!
#75 27 Август 2014 - 12:35
#76 27 Август 2014 - 16:49
aikow92 (27 Август 2014 - 12:35) жазган:
Тажиктер ушинтип жанын жеп калп айтып олтурса бир кун чындап эле озу айткандай жогорудан граната келип тушуп жарылса кантер экен байкуштар. Кыргыз эчкачан эчкимге тийишкен эмес. А тийишкендин катыгын берген. Жон эле журо беришпейби катылбай...
#77 28 Август 2014 - 12:26
Чек ара маселесин чечүүлөрү, тактоолору керек. "Бул жер биздики!" дейин десен, чек ара жок. Тосмо тосконго да дараметибиз жетпейт. Ошондуктан алар кенен кесир кирип, чыгып жүрөт. Бул да боло бийликтин кайдыгерлиги.
#78 14 Сентябрь 2014 - 21:28
#80 25 Март 2015 - 00:49
Туштукто буга окшогон талаш жерлер толтура. Ошол жерлердин аныгын билип туруп, кайра алуунун такыр эле жолу жокпу? Анын устуно эл дагы кызык экен. Ошо тажик, озбек менен чектеш жашагандар уйлорун Тажикстандын жарандарына сатып жиберишет дагы озулору Бишкек, Чуй жакка кочуп жатышат. Алар коз коруноо эле жерин бошотуп берип жатышпайбы. Озунор билесинер, алар дегеле беттегенин бербеген, тажаал, ожор калк. Цыгандардай болуп "биздин жерибиз" деп когоруп, кошоруп отуруп эле тартып алып коюшат. Биздикилер унчуга албай кала беришет. Же "жыландын куйругун басып албайлы"- дегендериби?
Жерибиз озу алакандай болсо, ошону дагы сактай албайбыз. Памирдеги кыргыздар саналуу эле калыптыр. Ошолорду эмне учун кочуруп келе албайбыз же аларды тажиктер, афгандар "биздин кыргыздар" - деп талашабы? Таш боор экен биздин парламенттегилер. "Байлыгынардын жарымын бергиле"- деп сурайбы алар? Канча деген кытайлар жана башка улуттагылар кыргыздын жараны болуп жатышат, мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен. Аларга караганда тиги памирликтер биздин кыргыздар эмеспи.
Мен муну менен эмнени айтайын дедим эле? Кебинин башы башка, аягы башка болуп кетти дебениздер. Менин айтайын дегеним орустар айткандай "Слабо характерный" муноздогу адамдарды алдап кетиш оной болот тура. Туштуктон тажик, озбектер, тундуктон казак боорлор алдап болуштуруп кетишке дайым даяр турушат. Ошол учун озубузго-озубуз бек болуп, тын болуп турсак эч ким бизди басынта албайт. Оз жерибизди озубуз коргоп, эч кимге тарттырбай, эч кимге жерибизди сатпайлы, сактайлы. "Чала молдо дин бузар" да болбойлу. Арабдардын кийимин эмес, кыргыздын эле кийимин киели. Коррупцияны ооздуктайлы, акча деп тескери жолго азгыруучуларга Кыргызстандын жарандыгын бербейли жана кытайларга тебеленип кетпейли. Кытайлар коп, аны озунор билесинер. Бир району эле келсе бизди басып алат акырын эле. Озбектер кобуроок отурукташкан жерди "бул жер Озбекстандыкы" - деп чыгышат. Кытайлар да "жер Кытайдыкы" - деп чыкпасын? Озунор деле коргондурсунор сыналгыдан. Белоруссия келишимге кол коюп алып, келишимди бузуп жатышканын. Украина менен Польшанын товарын "Белоруссияныкы" -деп откорууго аракет кылышканын. Анан дагы "оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт" болуп, Путин келишимди бузуп жатат деп коет... Ушул туурабы эми? Кимге ишенсе болот азыркы убакта?...