Арманым чексиз,арылбай койдум санаадан,Аппак гул издеп,аргымак чапкан талаадан,Ызгаары кыштын ызалап мени баратат,Кайдасын жазым,кайдасын менин садагам.ушул ыр сап кимге таандык билгендер болсо айтып койгулачы?!
!
Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#1682 19 Август 2014 - 17:25
Жан дуйномо бир башкача атып тан
Койнок кийдим каухар менен жакуттан.
Кубанчымды ката албастан турамын
Кабар Келди мен издеген бакыттан!
Конул куунак коздорумдон тамып нур
Корсотпостон карегинди салып тур
Кечээ келген таалайыма ырахмат
Кылымдарга очпой умут жанып тур!!!
У.А.
Койнок кийдим каухар менен жакуттан.
Кубанчымды ката албастан турамын
Кабар Келди мен издеген бакыттан!
Конул куунак коздорумдон тамып нур
Корсотпостон карегинди салып тур
Кечээ келген таалайыма ырахмат
Кылымдарга очпой умут жанып тур!!!
У.А.
#1683 22 Август 2014 - 01:21
Эңгиреген боштук кылып жүрөктө.
Эзип мени жалгыздык сен жүдөтпө.
Сени жеңем! Сактап койгун эсиңе!
Секин ээрчип күндө мени күзөтпө!
Эзип мени жалгыздык сен жүдөтпө.
Сени жеңем! Сактап койгун эсиңе!
Секин ээрчип күндө мени күзөтпө!
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#1684 22 Август 2014 - 02:12
А балким жалгыздыкты мен жүромүн жактырып..
Аны сезип,маани бербей,башкалардан жашырып..
Өзүмчүлдүк бузуп менин кыялымды,маанайымды. .
Өзгөлөрдөн бөлөт окшойт бир күн келип азгырып...
Аны сезип,маани бербей,башкалардан жашырып..
Өзүмчүлдүк бузуп менин кыялымды,маанайымды. .
Өзгөлөрдөн бөлөт окшойт бир күн келип азгырып...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#1685 23 Август 2014 - 14:18
Журтуң да жаным, журтумдан алыс,
Мен чөлдүн кызы, сен тоолук жигит.
Улакка түшкөн аттардын сырын.
Саяпкер сымал турасың билип.
Уккансың тыңшап улардын үнүн,
Мен сага тунук булакмын бүгүн.
Талаадан учкан торгоймун сайрап,
Тыңшачы бүгүн талаанын үнүн.
Сан түркүн болот талаада гүлдөр,
Аптабын табын алышкан күндүн.
Жыттагын жаным, аярлай үзбөй,
Талаада өскөн мен кызыл гүлмүн.
***
Жолугушуу узап кетти арадан,
Кечиккенге кечир дейсиң жан биргем.
Сүйүүгө да ойлуу тартып баратам
Айтсаң болду "кечир" сөздү чын дилден.
Таарыныч да, сагыныч да сезилип,
Жолугушуу балким жакшы кечигип,
Калган ырас жалын сымал куракта
Түшүнбөстүк, элбе-делбе эссиздик.
Жалын-өрттү дене бойго жашырып,
Калкалаймын жайнап турса жамалым,
Жан-дүйнөмдү түшүнүүгө карагым,
Тайыз эмес, тереңирээк карагын.
Айнагүл Базарбаева
Мен чөлдүн кызы, сен тоолук жигит.
Улакка түшкөн аттардын сырын.
Саяпкер сымал турасың билип.
Уккансың тыңшап улардын үнүн,
Мен сага тунук булакмын бүгүн.
Талаадан учкан торгоймун сайрап,
Тыңшачы бүгүн талаанын үнүн.
Сан түркүн болот талаада гүлдөр,
Аптабын табын алышкан күндүн.
Жыттагын жаным, аярлай үзбөй,
Талаада өскөн мен кызыл гүлмүн.
***
Жолугушуу узап кетти арадан,
Кечиккенге кечир дейсиң жан биргем.
Сүйүүгө да ойлуу тартып баратам
Айтсаң болду "кечир" сөздү чын дилден.
Таарыныч да, сагыныч да сезилип,
Жолугушуу балким жакшы кечигип,
Калган ырас жалын сымал куракта
Түшүнбөстүк, элбе-делбе эссиздик.
Жалын-өрттү дене бойго жашырып,
Калкалаймын жайнап турса жамалым,
Жан-дүйнөмдү түшүнүүгө карагым,
Тайыз эмес, тереңирээк карагын.
Айнагүл Базарбаева
В каждой шутке есть доля правды...
#1686 23 Август 2014 - 14:21
Акпа жашым, акпа бүгүн ал үчүн,
Аярлаба жолдон калып кеч күүгүм.
Аябачы, тун сүйүүмдүн бакытты,
Аябачы, аруу сезим бар үчүн.
Акпа жашым, ал бийик жан кезикен,
Айып койбо, аласам жок мезгилден.
"Жалгызым" деп жар салдырып сезимге,
"Жалгызым" деп жаңылуудан кечиккем.
...Бакытым дейт туурун таанып конбогон,
Асылым дейт бир бөксөрүп толбогон.
Баёо жандын аруулугун сагынса,
Суроо салат мен узачу жолдордон.
Ал өзүмө бакыт болуп келгендей,
Башка жанга өкүт болуп беремин.
Мен өзүңө арзуу болуп бергендей,
Башкаларга үмүт болуп келемин.
Акпа жашым, ошондуктан акпагын!
Жолдор
Жолдор жатат дене бою суналып,
Күбөсү жок күткөнүмдү сезишет.
Сезимдерим убакытка уурдалып,
Боз чаң басып, боз тукаба кийишет.
Сендик болуп кеткен аруу сезимдер,
Сезимдердин тогошушун күтүшөт.
Унута албай улутунуп кыйналып,
Удургуган борошодо жүрүшөт.
Үмүт учуп желге айланып жер кезет,
Жолдор мага жообун айтып кезигет.
Муз төшөнүп, кардан жаздык жазданып,
Күтүүм чарчап, кайгым сынып мертинет.
Жароокерим, кыш артынан жаз келет,
Жолугабыз, жолдорубуз биригет!..
Жараланган сезимдерге жаза жок,
Жаңылууга кечирим бар бир ирет...
Алтынай Ормотоева
Аярлаба жолдон калып кеч күүгүм.
Аябачы, тун сүйүүмдүн бакытты,
Аябачы, аруу сезим бар үчүн.
Акпа жашым, ал бийик жан кезикен,
Айып койбо, аласам жок мезгилден.
"Жалгызым" деп жар салдырып сезимге,
"Жалгызым" деп жаңылуудан кечиккем.
...Бакытым дейт туурун таанып конбогон,
Асылым дейт бир бөксөрүп толбогон.
Баёо жандын аруулугун сагынса,
Суроо салат мен узачу жолдордон.
Ал өзүмө бакыт болуп келгендей,
Башка жанга өкүт болуп беремин.
Мен өзүңө арзуу болуп бергендей,
Башкаларга үмүт болуп келемин.
Акпа жашым, ошондуктан акпагын!
Жолдор
Жолдор жатат дене бою суналып,
Күбөсү жок күткөнүмдү сезишет.
Сезимдерим убакытка уурдалып,
Боз чаң басып, боз тукаба кийишет.
Сендик болуп кеткен аруу сезимдер,
Сезимдердин тогошушун күтүшөт.
Унута албай улутунуп кыйналып,
Удургуган борошодо жүрүшөт.
Үмүт учуп желге айланып жер кезет,
Жолдор мага жообун айтып кезигет.
Муз төшөнүп, кардан жаздык жазданып,
Күтүүм чарчап, кайгым сынып мертинет.
Жароокерим, кыш артынан жаз келет,
Жолугабыз, жолдорубуз биригет!..
Жараланган сезимдерге жаза жок,
Жаңылууга кечирим бар бир ирет...
Алтынай Ормотоева
В каждой шутке есть доля правды...
#1687 23 Август 2014 - 14:23
Мени менен сен бактылуу бологой,
Шуулдап турсун тирүүлүктүн аралы.
Капам өчүп, күйөт кайра көңүлдө,
Айнектейим, адаммын мен жаралуу.
Кантип сүйлөп, качан айтып берейин?
Канааттануу - бактысы экен тирүүнүн.
Мен мээримге канбай калгам, себеби…
Чырактайым, ушу менин түйүнүм.
Жанда жүрүп жарым болдуң күтүүсүз,
Барбы бакыт, барбы сүйүү чын эле.
Деңиз өңдүү жаркын болду ушул кыш,
Акактайым, өрттөй кырчын ким эле?..
Мен бактысыз болбой жаштык барынан,
Алаксыдым кербез мүнөз көркүмө.
Ажыратпай мени ыйык тагыман
Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн, ээ?
Жаншоолам
Жаншоолам, бүгүн-эртең казыларсың,
Тирүүмдө ээлеп алган жайым болуп.
Маңдайга аза болуп жазыларсың
Баамчыл бир-экөөнө дайын болуп.
Жаншоолам, бүгүн-эртең жоктолорсуң,
Кептердей көздөрүмдө учуп-конуп.
Ээн калган мекенимдей оттолорсуң,
Эркинче жүргөн жанга койнуң толуп.
Жаншоолам, бүгүн-эртең сыйланарсың,
Капшытта жаткан сөөктүн зыйнатындай.
Мен сындуу кайра баштан сырдаларсың,
Сынарсың… кыздын көпкөк сыргасындай.
Афина Бакирова
Шуулдап турсун тирүүлүктүн аралы.
Капам өчүп, күйөт кайра көңүлдө,
Айнектейим, адаммын мен жаралуу.
Кантип сүйлөп, качан айтып берейин?
Канааттануу - бактысы экен тирүүнүн.
Мен мээримге канбай калгам, себеби…
Чырактайым, ушу менин түйүнүм.
Жанда жүрүп жарым болдуң күтүүсүз,
Барбы бакыт, барбы сүйүү чын эле.
Деңиз өңдүү жаркын болду ушул кыш,
Акактайым, өрттөй кырчын ким эле?..
Мен бактысыз болбой жаштык барынан,
Алаксыдым кербез мүнөз көркүмө.
Ажыратпай мени ыйык тагыман
Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн, ээ?
Жаншоолам
Жаншоолам, бүгүн-эртең казыларсың,
Тирүүмдө ээлеп алган жайым болуп.
Маңдайга аза болуп жазыларсың
Баамчыл бир-экөөнө дайын болуп.
Жаншоолам, бүгүн-эртең жоктолорсуң,
Кептердей көздөрүмдө учуп-конуп.
Ээн калган мекенимдей оттолорсуң,
Эркинче жүргөн жанга койнуң толуп.
Жаншоолам, бүгүн-эртең сыйланарсың,
Капшытта жаткан сөөктүн зыйнатындай.
Мен сындуу кайра баштан сырдаларсың,
Сынарсың… кыздын көпкөк сыргасындай.
Афина Бакирова
В каждой шутке есть доля правды...
#1688 23 Август 2014 - 18:20
seni menen az jolugam,
seni mene az suilowom.
birok sen unsuz tuwunosunbu,
men seni kanchalyk suioorumdu
seni mene az suilowom.
birok sen unsuz tuwunosunbu,
men seni kanchalyk suioorumdu
#1689 23 Август 2014 - 18:43
Азыр чарчап алын келбей турсада
Ушул ырды мунот табып окуп кой.
Кутуп журом сагынычта буулугуп
"Келебер" деп торт сап ырын токуп кой.
Коргун келбей менден качып турсанда
Суротумду бир дубалга илип кой.
Сурдоп менден азыр алыс журсонда
Суйоорумду кайра айтам билип кой.
А.Жоодар.
Ушул ырды мунот табып окуп кой.
Кутуп журом сагынычта буулугуп
"Келебер" деп торт сап ырын токуп кой.
Коргун келбей менден качып турсанда
Суротумду бир дубалга илип кой.
Сурдоп менден азыр алыс журсонда
Суйоорумду кайра айтам билип кой.
А.Жоодар.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#1690 28 Август 2014 - 15:22
Айрылуу
Ал учурда сен да, мен да жаш элек,
Айрылуунун ачуу даамын тата элек.
Сезимдерге ойноп отсо бир нерсе,
Ойлоптурбуз журоктогу арзуу деп.
Он сегиз жаш кандай гана керемет.
Айрылуунун ачуу даамын тата элек....
Раяна.Б.
Ал учурда сен да, мен да жаш элек,
Айрылуунун ачуу даамын тата элек.
Сезимдерге ойноп отсо бир нерсе,
Ойлоптурбуз журоктогу арзуу деп.
Он сегиз жаш кандай гана керемет.
Айрылуунун ачуу даамын тата элек....
Раяна.Б.
#1691 28 Август 2014 - 15:42
"Айрылуу"
темасы менен бириктирилди.
naryn94 , бир ыр үчүн тема ачпай, ушул темага жазсаңыз болот.
naryn94 , бир ыр үчүн тема ачпай, ушул темага жазсаңыз болот.
#1692 28 Август 2014 - 20:06
Суротунду карап туруп колумдагы,Суйуумду суртум балга окшотомун.Суук тарткан сагынычты койнумдагы,
Сулуу перим канткенимде токтотомун.
Элесинди тупкурундо журогумдун,
Эдельвейстин ак гулуно окшотомун.Эстен танып бир озунду сагынууну,Эми кантип айтчы пери токтотомун.
Коздорундун корктоп буткус сулуулугун,
Конулумдун жаз айына окшотомун.Коздон учуп коргум келип сагынууну,Конул калып качан эми токтотомун.
Салаа салаа орум узун чачтарынды,
Саманчынын жолуна мен окшотомун.Сабыр жетпей самап турган сагынууну,Санаам тынып кантип пери токтотомун.
Автор: Воин.тени.
Судьба не приговор, судьба творение...
#1693 04 Сентябрь 2014 - 14:11
Кайтып келдин,бирок калдын кечигип,
Калган кезде келечек жол чечилип.
Сага деген сезим очкон журоктон.
Таарынбаймын, койгом сени кечирип.
Сен да мени кечирип кой,кечиктин,
Озум куткон махабатка кезиктим.
Сага болгон сезимдерим саргайган,
Барагындай он жыл откон гезиттин.
Ырлар болуп жалгыз сырдаш эрмегим,
Кутуп жургон кезде неге келбедин.
Сага шагым ийип тургам ошондо,
Азыр сенин колун жеткис жердемин.
Белгисиз автор.
Калган кезде келечек жол чечилип.
Сага деген сезим очкон журоктон.
Таарынбаймын, койгом сени кечирип.
Сен да мени кечирип кой,кечиктин,
Озум куткон махабатка кезиктим.
Сага болгон сезимдерим саргайган,
Барагындай он жыл откон гезиттин.
Ырлар болуп жалгыз сырдаш эрмегим,
Кутуп жургон кезде неге келбедин.
Сага шагым ийип тургам ошондо,
Азыр сенин колун жеткис жердемин.
Белгисиз автор.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#1694 04 Сентябрь 2014 - 18:46
Сенчи мейли башка менен безип кет!
Кочо бойлоп жалгыз озун кезип кет!
Санаалардан алыстатып жанымды,
Сагынганым бирок чындап сезип кет!
Журогумду тен ортодон тилип кет!
Умутумду аска-зоого илип кет...!
Бир кун эмес бир омурго кутомун
Эч болбосо ошонумду билип кет!
Арзууларды мага койбой терип кет!
Коз корунду башка жанга берип кет!
Сага айтам дагы созум чарчабай,
Сагынсанчы эч тартынбай келип кет!
Озгорбодум ишенбесен коруп кет.
Бар жанымды тен ортодон болуп кет.
Жообун жокпу анда мындай кылалы-
Жолун болсун мага десе олуп кет....
Суйуу эмне билем менден сурап кет
Жакпай турсам кулагымдан бурап кет!
Асылбаймын мындан ары коркпогун!
Мага десе бийик тамдан кулап кет!
Гул багымды каалаганча бойлоп кет.
Жулуп-жулуп тойгонунча ойноп кет!
Чарчап калсан жакшы созго тушунбой
Ылай жерде бетин менен сойлоп кет!!!
Абдималиков Жоодар.(тамаша, бирок журоктон чыккан.)
Кочо бойлоп жалгыз озун кезип кет!
Санаалардан алыстатып жанымды,
Сагынганым бирок чындап сезип кет!
Журогумду тен ортодон тилип кет!
Умутумду аска-зоого илип кет...!
Бир кун эмес бир омурго кутомун
Эч болбосо ошонумду билип кет!
Арзууларды мага койбой терип кет!
Коз корунду башка жанга берип кет!
Сага айтам дагы созум чарчабай,
Сагынсанчы эч тартынбай келип кет!
Озгорбодум ишенбесен коруп кет.
Бар жанымды тен ортодон болуп кет.
Жообун жокпу анда мындай кылалы-
Жолун болсун мага десе олуп кет....
Суйуу эмне билем менден сурап кет
Жакпай турсам кулагымдан бурап кет!
Асылбаймын мындан ары коркпогун!
Мага десе бийик тамдан кулап кет!
Гул багымды каалаганча бойлоп кет.
Жулуп-жулуп тойгонунча ойноп кет!
Чарчап калсан жакшы созго тушунбой
Ылай жерде бетин менен сойлоп кет!!!
Абдималиков Жоодар.(тамаша, бирок журоктон чыккан.)
Эркиндикби кун коруу куйуттогу?!
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)
Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)
#1695 15 Сентябрь 2014 - 14:41
Мени 1-топтогу майып болуп калганым учун куноолоп "баспайсын"
деп окуудан кууп жиберген Нарын районундагы 8-март айылындагы М.Осмонов атындагы орто мектептин СЫДЫКОВА Р. ШЕРАЛИЕВА А.ж.б.мугалимдерине:
МЕН ТААНЫГАН МУГАЛИМ.
Айтпайын десем айттырды,
Жазбайт элем жаздырды.
Айласыз калем карматып,
Ыр эмес арыз жаздырды.
Жеп-ичкенди билишкен,
Жексурдай басып журушкон.
Мугалим аты болбосо,
Желмогуз кейпин кийишкен.
Тууганым десе олушкон,
Кокосун ойлоп журушкон.
Койкондоп эле суйлошот.
Мансап деп журуп конушкон.
Окуучу менен ойношкон,
Окутпай эле кордошкон.
Осмонов деген мектепке,
Оз "мафиясын" тузушкон.
Чондордун баарын "кармашкан" ,
Пара менен "жайлашкан" .
Кылмышкер созун суйлошуп,
Чондордун козун май баскан.
Айта берсем жалгандай,
Айтпайын десем армандай.
Мугалиммин деп коёт,
Манкурт болгон адамдай.
РАЯНА.Б.
МЕН ТААНЫГАН МУГАЛИМ.
Айтпайын десем айттырды,
Жазбайт элем жаздырды.
Айласыз калем карматып,
Ыр эмес арыз жаздырды.
Жеп-ичкенди билишкен,
Жексурдай басып журушкон.
Мугалим аты болбосо,
Желмогуз кейпин кийишкен.
Тууганым десе олушкон,
Кокосун ойлоп журушкон.
Койкондоп эле суйлошот.
Мансап деп журуп конушкон.
Окуучу менен ойношкон,
Окутпай эле кордошкон.
Осмонов деген мектепке,
Оз "мафиясын" тузушкон.
Чондордун баарын "кармашкан" ,
Пара менен "жайлашкан" .
Кылмышкер созун суйлошуп,
Чондордун козун май баскан.
Айта берсем жалгандай,
Айтпайын десем армандай.
Мугалиммин деп коёт,
Манкурт болгон адамдай.
РАЯНА.Б.
#1696 16 Сентябрь 2014 - 21:24
Өзгөрдүм мен...
Өжөрлүгүм ал убакта өнүкпөгөн
Өздүк эрким өжөрлүккө көнүкпөгөн
Өз алдынча жүрө берген бала элем
Өксүк эмне экенин түшүнбөгөн. ..
Өзүңдү ошол күнү көрүп калып
Өрчүдү махабатым ашып ташып
Өзүмчүлдүк билинбестен мени жеңип
Өзгөрдүм мен жүрөгүмө сезим багып...
Өжөрлүгүм ал убакта өнүкпөгөн
Өздүк эрким өжөрлүккө көнүкпөгөн
Өз алдынча жүрө берген бала элем
Өксүк эмне экенин түшүнбөгөн. ..
Өзүңдү ошол күнү көрүп калып
Өрчүдү махабатым ашып ташып
Өзүмчүлдүк билинбестен мени жеңип
Өзгөрдүм мен жүрөгүмө сезим багып...
Билдирүүнү түзөткөн: AMAH.: 16 Сентябрь 2014 - 21:35
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
#1697 18 Сентябрь 2014 - 11:05
Меничи, эстечи…
Мени эстечи, мен да сени эстейин,
Мейли мени сүйбөдү деп кектегин.
Жашап жатам сенден алыс, а бирок,
Жан дүйнөмдө сенден алыс кетпедим.
Сүйчү мени, мен да сени сүйөйүн,
Сен деп жашап, сен деп өмүр сүрөйүн.
Сени эстөөдөн качып мурун турчу эле,
Сен деп согот азыр менин жүрөгүм.
Өткөн ошол сүйүүм үчүн жаңылган,
Өзүмдү да келбейт сени кектегим.
Жок дегенде атымды атап бир ирет,
Мени эстечи, мен да сени эстейин…
Жолдо…
Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн.
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн бир изиңди көрүүгө,
Жолго келдим, далай жолу биз өткөн.
Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек?
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир,
Жүргөнүмдү сезбей алар сени издеп.
Куштай болуп жаралуу да, аялуу,
Кээде кыштай бороон-чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан,
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.
"Мени эстечи,
мен да сени эстейин"
"Жалаң сүйүү, сүйүү ырлары жазганың" ,
Жабырашып жакындарым сүйлөшөт.
"Ырың менен сүйө бербей ар кимди,
Ырыстуурак бир адамды сүй"- дешет.
Сүйөм баарын, сүйөм дүйнө-ааламды!
Сын тага албайт эч ким менин сүйүүмө.
Көрүнгөндүн сөзүн угуп кейибейм,
Көкүрөгүм толуп турат сүйүүгө!
Сүйөм сени
Бүрүн ачып, жалбырагы жапжашыл,
Бүгүн сүйүүм гүлдөп турат бактагы.
Сүйүүң мейли ачылбасын мен үчүн,
Сүйөм сени сүйгүм келбей башканы.
Мөмө сымал төгүлгөндө сүйүүмдү,
Баркын билбей мейли асманга чачсаң да.
Мен баары бир ак сүйүүмдү билдирем,
Мейли түндө, мейли жаным ак таңда.
Билип туруп, билгиң келбейт сүйүүмдү,
Биле албадым издегениң башкабы?
Менин жалгыз айыбым бар алдыңда,
Сүйүп сени, сүйө албаган башканы.
Мени эстечи, мен да сени эстейин,
Мейли мени сүйбөдү деп кектегин.
Жашап жатам сенден алыс, а бирок,
Жан дүйнөмдө сенден алыс кетпедим.
Сүйчү мени, мен да сени сүйөйүн,
Сен деп жашап, сен деп өмүр сүрөйүн.
Сени эстөөдөн качып мурун турчу эле,
Сен деп согот азыр менин жүрөгүм.
Өткөн ошол сүйүүм үчүн жаңылган,
Өзүмдү да келбейт сени кектегим.
Жок дегенде атымды атап бир ирет,
Мени эстечи, мен да сени эстейин…
Жолдо…
Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн.
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн бир изиңди көрүүгө,
Жолго келдим, далай жолу биз өткөн.
Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек?
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир,
Жүргөнүмдү сезбей алар сени издеп.
Куштай болуп жаралуу да, аялуу,
Кээде кыштай бороон-чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан,
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.
"Мени эстечи,
мен да сени эстейин"
"Жалаң сүйүү, сүйүү ырлары жазганың" ,
Жабырашып жакындарым сүйлөшөт.
"Ырың менен сүйө бербей ар кимди,
Ырыстуурак бир адамды сүй"- дешет.
Сүйөм баарын, сүйөм дүйнө-ааламды!
Сын тага албайт эч ким менин сүйүүмө.
Көрүнгөндүн сөзүн угуп кейибейм,
Көкүрөгүм толуп турат сүйүүгө!
Сүйөм сени
Бүрүн ачып, жалбырагы жапжашыл,
Бүгүн сүйүүм гүлдөп турат бактагы.
Сүйүүң мейли ачылбасын мен үчүн,
Сүйөм сени сүйгүм келбей башканы.
Мөмө сымал төгүлгөндө сүйүүмдү,
Баркын билбей мейли асманга чачсаң да.
Мен баары бир ак сүйүүмдү билдирем,
Мейли түндө, мейли жаным ак таңда.
Билип туруп, билгиң келбейт сүйүүмдү,
Биле албадым издегениң башкабы?
Менин жалгыз айыбым бар алдыңда,
Сүйүп сени, сүйө албаган башканы.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#1698 25 Сентябрь 2014 - 03:36
Жагасың сен,жагып калдың билинбей.
Жакут сымал баалуу таштын бириндей.
Жалжылдаган көз карашың башкача.
Жан дүйнөмө бүлүк салат билгизбей...
Алтынсың сен өзгө жанды караткан
Алла дагы берген сага кылыктан
Алагды кылсаң деле ыраазы,
Ар бир жигит көз узатат кыйыткан.
Күмүшсүң сен,көргөн көздү имерген
Күн сыяктуу ар бир жанга жан берген
Күркүрөгөн булуттар да сени издеп
Көл-шал кылып жаанын төгүп жиберген...
Жакут сымал баалуу таштын бириндей.
Жалжылдаган көз карашың башкача.
Жан дүйнөмө бүлүк салат билгизбей...
Алтынсың сен өзгө жанды караткан
Алла дагы берген сага кылыктан
Алагды кылсаң деле ыраазы,
Ар бир жигит көз узатат кыйыткан.
Күмүшсүң сен,көргөн көздү имерген
Күн сыяктуу ар бир жанга жан берген
Күркүрөгөн булуттар да сени издеп
Көл-шал кылып жаанын төгүп жиберген...
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
#1699 06 Октябрь 2014 - 02:27
AMAH. (25 Сентябрь 2014 - 03:36) жазган:
Жагасың сен,жагып калдың билинбей.
Жакут сымал баалуу таштын бириндей.
Жалжылдаган көз карашың башкача.
Жан дүйнөмө бүлүк салат билгизбей...
Алтынсың сен өзгө жанды караткан
Алла дагы берген сага кылыктан
Алагды кылсаң деле ыраазы,
Ар бир жигит көз узатат кыйыткан.
Күмүшсүң сен,көргөн көздү имерген
Күн сыяктуу ар бир жанга жан берген
Күркүрөгөн булуттар да сени издеп
Көл-шал кылып жаанын төгүп жиберген...
Жакут сымал баалуу таштын бириндей.
Жалжылдаган көз карашың башкача.
Жан дүйнөмө бүлүк салат билгизбей...
Алтынсың сен өзгө жанды караткан
Алла дагы берген сага кылыктан
Алагды кылсаң деле ыраазы,
Ар бир жигит көз узатат кыйыткан.
Күмүшсүң сен,көргөн көздү имерген
Күн сыяктуу ар бир жанга жан берген
Күркүрөгөн булуттар да сени издеп
Көл-шал кылып жаанын төгүп жиберген...
Шамал дагы жөн өтпөстөн шыбырап
Шатка бөлөп маанайымды кубантат
Шаңшып учкан асмандагы бүркүт да
Шашкалактап сени менден кызганат
Ызгаар мезгил жылый түшөт тез эле
Ыкчый убак каяккадыр кача тушөт бекине
Ыноосуз жүрөгүм да бир өзүңдүн жанында
Ынай берет ар бир сөзгө эзиле...
Казгым келет ойдун дагы,сөздүң дагы тереңин
Кайгыртпоого өз ичимден убадамды беремин
Кайгуул болуп кызыктуу сенин дүйнөңө
Кайтаруучу болуп дагы тийсин сага керегим
Өзгөчөсүң, башкачасың жан-дүйнөмдү кубантып
Өбөлгөсүң, белегимсиң жашоомду менин узартып
Өзгөрбөгүн таптакыр,чын дилимден суранам
Өнүктүрүп кубанычты,жүрөгүмдү жүрө бергин сугарып
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин келет!!!
#1700 12 Октябрь 2014 - 21:57
Сагынамын сени ар дайым,
Сен жөнүндө гана ойлоймун.
Сени менен жолугушууну күтөм ар дайым,
Сени гана сүйөмүн.
Сен керексиң мага ар дайым,
Сенин жашооңду өзгөрткүм келет.
Бактылуу кылгым келет сени ар дайым,
Сени менен бирге түбөлүк болгум келет.
Жаным.
Сен жөнүндө гана ойлоймун.
Сени менен жолугушууну күтөм ар дайым,
Сени гана сүйөмүн.
Сен керексиң мага ар дайым,
Сенин жашооңду өзгөрткүм келет.
Бактылуу кылгым келет сени ар дайым,
Сени менен бирге түбөлүк болгум келет.
Жаным.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.