Сынакка катышуучуларды тандоо турлары республика боюнча өтүп, катышуучулар Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды аткарышкан. Жыйынтыгында республика боюнча 16 катышуучу тандалып алынып, таланты калыстардын сынынан тышкары жергиликтүү радиодо жана SUPER.KG порталында онлайн добуш берүүгө коюлду.
SUPER. KG порталындагы сурамжылоодон эң көп добуш алган катышуучу "SUPER. KG сүймөнчүгү" деген наамга ээ болуп, акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланат.
Эмесе, 16 катышуучу сиздердин назарыңыздарда! Катышуучуларга өз добушуңузду берүү үчүн бул жерди басыңыз.
Жеңүүчүлөр 22-23-24-сентябрь күндөрү борбор калаада өтө турган концерттин жүрүшүндө сыйланышат.
Эсиңиздерде болсун! Добуш берүү 24-сентябрь күнү саат 00:00дө токтотулат.
![Сүрөт](http://files.super.kg/upload/img/80067_21.jpg)