Тоюнун белгиленген кунун уктум. Чыгармаларда,
лирикаларда,
кинолордо болот эмеспи ушундай коз ирмем. Суйуктуун чакыруусун которуп келип, тоюна ардактуу конок катары чакырган учурлар... Андай болбосо да, достору аркылуу кабарын уктум. Мен канчалык ичимден "унутуп салдым" деп алдай берген менен бул нерсенин оюнчук эмес экендигин тушундум. Бул чон жашоо, чондордун жашоосу. Уйлонуу оной олтон иш эмес, оной олтон чечим эмес. Кандай себептер менен болсо да, ал ошол жолду тандады. Мен да анын элесин журогумдон чыгарып, ансыз жашоону туура кордум. Жок..жок.. Бугун козумдон бир тамчы жаш акпады. Менин бала кыял журогумдун мерез болуп, конулумдун жерге талкаланып сынган кристалдай чачырап, кыял жоругумдун бир заматта чоное тушконун сездим. Мен мындан кийин журогум менен эмес, акылым менен иш жасайм. Мен эми суйуу азабын тартып, суйуунун соккусун жеген, экинчи ирет бул катаны кайталабашка соз берген адаммын.
Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..
#483 17 Сентябрь 2014 - 22:38
Аны унутуп сени суйгон адамга конул бур.Айтышатко сен суйгон эмес сени суйгон адамга турмушка чык деп.Суйгонун суйууну эмес ата -энесинин чечимин тандаптыр.Бактылуу бол.Он гулунун бир гулун ачыла элек али.Бактылуу кундорун алдыда .
#485 18 Сентябрь 2014 - 09:50
эже ал жигитинизди жакшы элестер менен журогунуздун тупкуруно сактап койуп, башкадан жаны жашоо башташынызды каалайм
#486 18 Сентябрь 2014 - 10:05
Озун ыйлабасан да бизди ыйлаттын го. Ал жигитин деле ортодо чайналып калды го, деп ойлоп атам, эгер ала турган кызын катуу суйуп турса, сага келмек эмес да кайрылып. ал байкушка деле сени унутуш кыйын болуп атса керек.
#487 18 Сентябрь 2014 - 11:00
Бактылуу жашоо кучак жайып тосуп алсын сизди! Бирок эмнегедир суйгонунуздун ордуна озумду коюп коруп, кыйналып кеттим, бироонун омурун тобокелге салып таштай албай жатса, бири озунун журогунун жарымына тен суйгону болсо. Байкуштун журогу чыдаса экен Мээримине кошулуп ооруп калбай.
Сиздин ар бир откоргон кунунузду, кун сайын жаныланган жашоонузду жана маанайынызды биз да билип турсак жакшы болот эле, а то сизди ойлой берип, кыйналабыз го.
Сиздин ар бир откоргон кунунузду, кун сайын жаныланган жашоонузду жана маанайынызды биз да билип турсак жакшы болот эле, а то сизди ойлой берип, кыйналабыз го.
#489 18 Сентябрь 2014 - 13:21
#490 18 Сентябрь 2014 - 13:44
Эх, суйуу!!!
Суйуу- бул , бакыт да ,кубаныч да, жылмаю да и ошону менен эле бирге ый да, арман да тартуулаган,
ырахаты менен арманы канчалык денгээлде оор экенин ажырата албоочу сезим тура. Тема башынан окуп келем, автор менен кошо кутуп ал жигитти, кошо ыйладым окшойт. Экоонун бирге калышын абдан каалаган элем. Тагдыр насип бирикпесе,айла жок тура. Бактылуу болунуз!!
!
#491 19 Сентябрь 2014 - 12:35
Журок муздаганда биротоло сокпой калбайт суйуктуум, жылыта турчу бироо чыкса кайрадан согуп баштаары анык. Тагырак айтканда кандайдыр бир убакыттан кийин кайрадан бироону суйо алат дегим келип жатат. Мен да журогумду жылыттым, андан кийин муздап калган конулумду. Бутка туруу кыйын болду чындыгында,
журогум менен кошо буттарым да жабыркаган сыяктуу, ордумдан туруп басып баштаганда байкадым. Алгач артындан абдан ыйладым, коз жашымды токтото албадым. Бул кадимкидей ый эмес болчу. Ошол коз жашына кубо болгон дубалдар, жаздыктар тилге келип суйлосо... Коз жашым суу болсо дуйнодогу суу жетишпестиги жок болот беле балким. Андан кийин аарчыдым жузуму, отуруп ойлондум. "Эмне учун мен кеткен адамдын аркасынан ыйлап жатам?",-деп ойлондум. Кетууну каалады, кетти. Кеткиси келген адамды мажбурлап калтырсам анда суйуу болобу? Ою, конулу башка жерде болгон сон, жанымда отурса не пайда? Журогум сыздап жатты, бирок бир силкиндим. Эн алгач чачтарачка бардым, чачымдын тусун озгорттум. Андан кийин сага тиешелуу нерселердин баарын бир коробкага салдым, керексиздерди ыргыттым. Суротторунду сага адам катары болгон урматымдан ыргыта албадым. Эн жакшы коргон койногумду кийип, досторума чалдым. Бирге конул ачып, озумду алаксыттым.
Уйго келип, эч нерсе болбогондой уктадым. Эрте менен козумду ачканда мен мурунку "мен" эмес болчум. Колумда телефон, коздорум телефонумдун экранында...
Балким чалып калаарсын деп куттум, бирок канча кун отту ким билсин, сенин чалуунду да кутпой калдым, жада калса сени да.. Менин суйуумо татыктуу болсон, жанымда калмаксын. Мени чындап суйсон, азыркы учурда колумду кармап жанымда отурмаксын.
Бирок сен кетууну тандадын, мындан кийин жон гана эскеруу бойдон каласын журогумдо. Суйбодумбу сени? Суйгондо да кандай суйдум. Бирок озумду сенден артык суйууну уйрондум, оор тажрыйбалар аркылуу болсо да.
Билдирүүнү түзөткөн: LaraKroff: 19 Сентябрь 2014 - 12:57
#494 19 Сентябрь 2014 - 16:06
Суйбодумбу сени? Суйгондо да кандай суйдум. Бирок озумду сенден артык суйууну уйрондум, оор тажрыйбалар аркылуу болсо да.- кандай гана кооз создор менен жазылган!
Молодец!
келечек алдыда
#495 19 Сентябрь 2014 - 17:30
Алмазды кечээ алгачкы жолу кечки тамактанууга чыкырдым. Бул жолкусунда арманымды айтып, анын башын оорутуу учун эмес, жалгыз калбаш учун эмес, жон гана ыраазычылыгымды ушул жол менен билдиргим келди. Отмушту унутуш учун эмес, эски суйгонумо очошуп эмес, чын журоктон.. Дениз жеегинде бир кафеден орун алып, терезеден денизди карап кутуп отурдум. Алыкул акын Ысык Колго арнап жазган ыры бар эмеспи. Менин да денизге, колго болгон суйуум ошондой чексиз. Кубансам дениз жээгине келип, кайгырсам дениз жээгине келип, болгон сырымды болушуп журогумду женилдеткендей болом. Дениз мелтиреп гана угат. Мени куноолобойт,
сырымды эч кимге айтпайт, жемелебейт.
Бул адат мага балалыгымдан калса керек. Айылга таенемдин уйуно барганда, уйдон алыс эмес жерде аккан арыктын жээгинде копко отурчумун. Туугандар чуру чуу тушуп мени издеп калышаар эле. Бара бара дароо эле отурган жеримди билишчу болду. Таенем жарыктык: "Сууга тушуп кетпегей эле" деп жемелеп калчу.
Кыз болуп жаралгандан алгачкы жолу эркек адамды кутуп отурушум. Убагынан атайын эрте келдим. Алмаздын туруктуулугун жактырам, чечкиндуулугун. Ар дайымкыдай жылмайып, мен жактырган гулдон чон букет которуп кирип келди. Алгачкы жолу ага башкача коз менен карагым келди.
-Эртен кун батыш тараптан чыгат го,-деди бетимден ооп учурашып жатып. Мен жылмаюу менен баш ийкеп букеттин кооздугуна суктанып жаттым. Ангыча официант келип, букетимди сууга коюу учун алып кетти.
-Кызыл койнок укмуш жарашыптыр, -деди Алмаз мени стулга отургузуп жатып.
-Рахмат, сен да дайымкыдай джентельменсин.
-Мен сенин бугун мынча даярданышынды билсем, футболкачан келмек эмесмин,-деди озу отуруп жатып.
Атайын даярдангандай болуп келгенсип, уялып кеттим. Мурдакы "мен" болсом, Алмазды жемелеп, ага таарынып да алмакмын бул создору учун. Бирок азыр озгоргонумду байкадым. Жону жок суйлогум келбей калганымды билдим.

#496 19 Сентябрь 2014 - 17:38
Эх эжеке козумо жаш тегеренип кетти Алмаз сиздин бактыныз болсун! Ишениниз ал сиздин эч качан конулунузду оорутпайт. Ошончо жылдан бери жанынызда жургону дагы да жанынызда болгону анын сизге болгон суйуусу аруу таза махабатынан маалым берип турат. БАКТЫЛУУ БОЛУНУЗ
Журогумсун
#497 19 Сентябрь 2014 - 17:54
Ал ото бактылуу болду. Мага 2 саат тынбай анекдотторун,
кулкулуу окуяларын айтып, абдан шандуу отурдук. Тамактанып чыгып уйумо узатып коймокчу болгондо:
-Мен уйго кетким келбей жатат,-дедим.
Тан калган коздору менен карап калды.
-Мен дениздин жээгинде отургум келип жатат,-дедим созумду улай.
-Мени бир кундо коп тан калтырба, журогум токтоп калат,-деди кулуп.
Бутумда бийик така, мен эч качан мындай кийимдер менен сейилдеп коргон эмесмин. Бирок, кечинде ушул убакка чейин кылбаган нерселерди кылгым келип жатты. Басууга ынгайлуу болушу учун анын колун кармадым. Суйлоп бара жаткан жерден созун токтотуп мага карады. Коздорубуз тиктеше тушту. Анын колун кармап койгонумдан мынчалык толкунданышы чындап эле суйгонун тастыктайт да. Менин журогумдо ага болгон суйуум аныкындай коп эмес болуш керек. Анткени ушул кунго чейин мен аны дос катары коруп келгем. Бирок, алгачкы жолу козунон козумду албай берилуу менен карап турдум. Ал эми эле озуно келгендей болуп:
-Эмне жонундо суйлоп жаттым эле,-деди козун алакачып.
-Билбейм,-дедим жай гана.
-Сен мени укпай эле озундун ойлорун менен болуп жатыпсын да демек, таарындым,-деди жаш балача чын эле таарынгандай болуп.
-Таарынсан таарына бер,-дедим, бут кийимимди чечип жатып. Дениз жээгиндеги кумда жыланаяк басуу башкача сезим. Ал мени кытыгылап баштады. Эн алсыз учурум. Мени кытыгылаганда кучум калбай, дуйнонун эн алсыз адамы болуп калам.

#498 19 Сентябрь 2014 - 18:18
Кытыгылаган кимге жагат достор? Мага эч качан жаккан эмес. Же кулушунду же ыйлашынды билбейсин.
-Сураныч,-дедим озумду алыстатып.
-Кызганчаак, -деди кулуп.
-Мен сени кытыгылабайын, -дедим озумду эр корсотуп.
-Сенби?,-деди шылдындагандай.
Мен анын жанына барганда, кыймылдабай турду.Эч кандай кытыгысы жок экен. Унчукпай турду да, колумду кармап журогуно койду.Бир заматта кулкусун токтотуп, токтоо адам боло калды.
-Бул журогумдун жалгыз ээси бар,-деди. Мен тушунуп турсам да, темадан алыстоону каалап:
-Сен ушундай создорду билесинби?,- дедим какшыктап. Ал калыбынан жазбай суйлой берди:
-Коктугуно салбачы. Мен сени омур бою бактылуу кылууга соз берем. Биз эми жаш бала эмеспиз го. Сен да бактылуу болууга акылуусун. Теманы кантип башкага бурсам деп турганда кафеде унуткан букет эсиме келе тушту.
-Гулдорумду унутуп калыптырбыз, -дедим анын созун болуп.
Ал да тушунгондой кулуп баш чайкады. Мен эми эле суйуу азабынан кутулуп, кайра эле ошол темаларга киргим келбей жатты. Азыр да ошондой ойдомун. Копко суйлошуп отуруп уйго кеч келдим. Бугун эрте менен тура калып, кечээки кафеден букетимди которуп келдим. Ким билсин, Алмаздын кадырын билип жаткандырмын балким. Мурун ушундай учур болсо атайын барып гулдорун алып келмек эмесмин.