Кандай учурда бала атасында калат?
#1 18 Октябрь 2014 - 21:45
#2 18 Октябрь 2014 - 22:03
#4 19 Октябрь 2014 - 09:57
Сен тороп кайненен бакса,бала талашка тушсо,алардын кубоосу бар болсо анда да деле апасына берилет.Ким торосо бала ошонуку.
Бирок шаардын бардык жеринде юрист консультантар бар кенеш сурап корсон ошолор жол жобосун айтып берет.
#5 19 Октябрь 2014 - 13:26
#7 19 Октябрь 2014 - 19:22
- Эгер энеси баласына карабай, үйүнө түнөбөй, ичип-чегип, сайынып-сайрандап жүрсө, т.а. наркологиялык диспансерде учетто турса, мурун соттолуп, соттун чечими менен энелик укугунан ажыратылса ж.б. далилдүү документтерди топтоп, күйөөсү аялын сотко берип, баланы өзүнө алып калат.
#8 19 Октябрь 2014 - 19:49
zirek.kyz (18 Октябрь 2014 - 21:45) жазган:
Жалпак тил менен түшүндүрүп бергенге аракет кылып көрөюн... Күйөөң Россиянын жараны болсо, демек каттоодо турат. Тиешелүү документтерди топтоп, райондук сотко арыз таштап кой. Соттук отурумга күйөөндүң катышып же катышпай койгонунун деле зарылчылыгы жок. Күйөөңдүн бир жерде официалдуу иштейби, иштебейби, сот белгилүү мерчемде балага алимент кестирип берет.
Эгер күйөөң "эч жерде иштебейм, алимент төлөбөйм" - деп баш тартса, эч жерде иштебейт деген справкасын көтөрө келип далилдеп бериши керек.
Күйөөңдүн жөндөн-жөн эле эмчектеги балаңды сенден тартып ала албайт! Буга мыйзам жол бербейт!
#9 19 Октябрь 2014 - 20:06
vrednaya (19 Октябрь 2014 - 01:58) жазган:
Нотариалдык конторага барган менен пайда жок, анткени күйөөсүнүн макулдугу керек, а күйөөсү аялынын баланы Россиядан Кыргызстанга алып кетүүсүнө макулдугун бербеши маалым болуп жатпайбы... Бирок башка жолу бар.
Ан үчүн келин Москвадагы Кыргызстандын консульдук бөлүмүнө жардам сурап кайрылышы керек. Ал жакта юристтер отурат, иштин чоо-жайын түшүндүрүп, кеңеш алыш керек. Ал жактан справка жазып беришсе, келин баласы менен Россиянын аймагынан мыйзамдуу түрдө чыгып кете алат. Кыргызстанга келип балага Кыргызстандын жарандыгын алса болот.
#10 19 Октябрь 2014 - 20:33
raia (19 Октябрь 2014 - 09:57) жазган:
Сен тороп кайненен бакса,бала талашка тушсо,алардын кубоосу бар болсо анда да деле апасына берилет.Ким торосо бала ошонуку.
Бирок шаардын бардык жеринде юрист консультантар бар кенеш сурап корсон ошолор жол жобосун айтып берет.
Сот аркылуу ажырашпай туруп (ЗАГС турса) деле күйөөсүнөн балдарына алимент кестирип алса болот. Эгер аялы-күйөөсү чогуу жашабай балдары энеси менен чогуу турушса.
#11 20 Октябрь 2014 - 09:41
#12 26 Октябрь 2014 - 20:49
#13 28 Октябрь 2014 - 19:01
#14 06 Ноябрь 2014 - 19:54
#15 06 Декабрь 2014 - 14:51
zirek.kyz (19 Октябрь 2014 - 13:26) жазган:
Баланыздын метркесинде(свидетельство о рождени ребенка)сында кызыл печать басылганбы уфмстен? эгер басылса кабатыр болбой куйонузго айтпай деле границадан чыгып кете берсениз болот!
#16 09 Декабрь 2014 - 04:22
Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 09 Декабрь 2014 - 04:22
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#17 12 Декабрь 2014 - 10:00
#18 12 Декабрь 2014 - 18:34
#19 13 Январь 2015 - 09:53
Салам..... Мага кенеш берип коесузбу..... .. Женем менен агам жашап журуп 2 балалуу болушкан..... женем балдарды алып кетип калды.... агам болсо моквага кеткен..... Эми москвадан келсе женем жашайм деп атат... Агам болсо жашабайм деп атат..... Агам арыз жазам десе женем мен кол коюп бербейм деп атат...... Балдарды болсо женем мен олгондо алаып кет деп атыптыр...... Канткенде агам мыйзам чегинде ажыраша алат.... женем каршы чыкса деле ажыраша алабы????? Анан канткенде жок дегенде бир баласы агамда калат????Мага кенеш беринизчи суранам Мумкун болсо эртереек Алдын аоа чон рахмат!! !!
#20 25 Июнь 2015 - 16:35
mailashka (13 Январь 2015 - 09:53) жазган:
Салам..... Мага кенеш берип коесузбу..... .. Женем менен агам жашап журуп 2 балалуу болушкан..... женем балдарды алып кетип калды.... агам болсо моквага кеткен..... Эми москвадан келсе женем жашайм деп атат... Агам болсо жашабайм деп атат..... Агам арыз жазам десе женем мен кол коюп бербейм деп атат...... Балдарды болсо женем мен олгондо алаып кет деп атыптыр...... Канткенде агам мыйзам чегинде ажыраша алат.... женем каршы чыкса деле ажыраша алабы????? Анан канткенде жок дегенде бир баласы агамда калат????Мага кенеш беринизчи суранам Мумкун болсо эртереек Алдын аоа чон рахмат!! !!
Убакыт отуп кетиптир, ошондой болсо дагы жооп жазып коёюн.
Женениз макул болбосо деле аганыз ажыраша алат. Ал учун аганыз женениз жашаган райондогу сотко доо арыз менен кайрылат. Женениз сот отурумунда макул эмесмин десе, сот 3 айга чейин жарашууга моонот берет. Ал моонот буткондон кийин дагы женениз макул болбосо дагы, аганыз ажырашам дегендиктен сот тарабынан нике ажыратылат.
Ал эми балдарын аганыз алам десе, баланын туруктуу жашаган жерин аныктоо жонундо доо арыз менен, тиешелуу документтерди тиркеп сотко кайрылуу керек. Балага ата-эне бирдей укуктуу жана бирдей милдеттуу.
Кыргыз Республикасынын Уй було кодексинин 70-беренесинин 2-болуму
2. Ата-энеси эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-энелердин макулдашуусу менен белгиленет.
Макулдашуу жок болгон учурда ата-энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет. Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын, ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алат.