— Өлдү… өлдү… ну и што? Мен эмне кылайын?..- Марлен үтүрөңдөп, тигилер түшүнсүн дегендей кыргызча чалып булдуруктап,
сайгычын жерден алып кулагына сайды.
— Ой, бу… Тү-ү-ү ата! Акмак турбайбы анык!- адатынча алгач Эрмек күйүп кетти.- Эй, мен сага атаң өлүп калды деп жатам. Панимаешь ты это? Атец умер! Өлүк камылгасын көрбөйсүңбү!
Көмбөйсүңбү атаңды!
— Чё? Как? Обязятельно мен штоли, көмөт?- Марлендин жаны да кашайды. Анын бейгам жашоосун, тынчын бузуп жатышса кантип жинденбесин.
- Все набросились на меня, ###… как собаки…
Коңшулардын да чыдамы түгөнүп кетти белем, Эрмектин артындагы мурутчан, жашырагы жулунуп келип жатмаккабы,
же олтурмаккабы керебетине бурула берген Марленди артынан желкеге бир чапты:
— Ким блядь сага, ыя? Атаңды көмөлү деп сага жан тартып келген бизби? Акмак!
Марлен колдору менен башын ката олтура калды да.
— У-уу, суки…- деп, ылаажысы түгөнө ызалуу үңүлдөп ыйлап жиберди.
Ал атасынан айрылганына эмес, алсыздыгынан,
мындай кордукту өмүрүндө биринчи жолу көрүп жатканынан жаны ачынып кетти. Ага ушунча жашка келгени эч кимдин колу тургай, сөзү тийген эмес болчу. Катуу шапалак тийген кежигеси аябай ачышып, көзүнөн от чагылыша түшкөн эле.
— Ай, кой, болду. Жөн! Акмакка теңелип… Мындан пайда жок экен. Такыр эле мал болуп калган турбайбы. Арбак үчүн өзүбүз ырасмибизди жасайлык,- деген Эрмек менен дагы бирөө ортого түшө калып, ызырынып жаткан тигини артка итерип, баарын сыртка чыгарып кетти.- Жакшы киши эле байкуш… атасын тартпай калган турбайбы бу макулук… мал!
— Өй, анан ушунуку жакшыбы?!.
Аяп келсек, кайра бизди тилдеп…
— Тобо! Ушундай да болот экен ээ…
— Кыргыз болбой калган турбайбы!
— Ит!..
— Маңкурт!
— Мындай баланын барынан жогу…
Ангемелер.
#102 06 Февраль 2015 - 03:32
Кобуранып,
жаны кейиген көпчүлүк топурай чыгып кеткен соң жаны сеп ала түшкөн Марлен ачышкан желкесин кашыгылап бир азга турду да, жаны жай ала кайрадан керебетине сулай жата кетти.
Эл деген эл эмеспи. Кошуналар түп көтөрүлө колунан келгенине чуркап, жайын каздырып, акча чогултуп… маркумду эртеси эле эптеп көөмп коюшту. Аныгын ким билсин, балдар үйүндө өсүп, туугандарын тааныбай калганбы, же аларды табууга ниеттенип, чыгынган эмеспи, маркумдун жакын-туугандарынан бир да бири келишкен жок. Уулунун кылыгын угушкан көпчүлүк аны эстеп, жаназасына тургузуп, топурак салганга да чакырып коюшпады. Көргөн-уккандардын баары андан түңүлүп калышкан болучу. Андай малкиши арбактан айланып кетсин деп жерип коюшту.
Атасы каза болгондун эртеси эле Марлен күндөгүсүндөй таң эрте, маркумдун сөөгү чыга электе эле ишине кетип калган. Аны көргөн ишиндегилер жеткизишкенби, деректири дароо кабинетине чакырып алып:
— Марлен, эми болору болду, белиңди бекем буугун. Балким акчадан кыйналып тургандырсың. Ие, сага оор болду. Ме, театрда иштегендердин атынан сага жардамыбыз болсун,- деп, колуна конверт карматты.- Бар, бара гой, атаңды жайына тапшыр…
Сыртка чыгып, эптеп тамагын жасап койчу атасынын жоктугунан улам кечээтен бери наар албай, курсагы каңтарыла ачып турган эле, жакынкы ашканага ашыга жөнөдү. Жолдо баратып деректир берген конвертти ачса, бир топ көк, сары акчалар бар экен, кубанып кетти. “Буюрса бир топко чейин ач калбайт экемин, атасы өлгөн жакшы болот турбайбы” деп ойлоп койду…

Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#103 06 Февраль 2015 - 11:38
Азаматсың, Белка! Айдарбектин мыкты аңгемесин илипсиң! Муну мен бир убак сыналгыдан абдан мактаган элем...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#104 11 Февраль 2015 - 04:12
А.Сарманбетов. “Бакталаш»
— Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап:
— Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү.
— Жанагы… тиги… ортодогу…
Небересинин чалды-куйду кебинен алда кандай жаман окуяны боолгогон Бектур китебин таштай карбаластап тура калып, өтүгүнө бут сала тарталаңдай сыртка умтулду.
Ошондой. Сырттан удаама-удаа чакылдап чабыла баштаган балтанын үнүн жанатан эле шооткондо бу неси болуп кетти экен деп кулак түрүп жаткан. Көрсө, коңшу Акмат эки короонун ортосунда эзелтен бери чек болуп турган куураган карт теректи күрсүлдөтө кыйып кириптир! Тим эле маашырлана эки билегин түрүнүп, көйнөкчөн болуп, шымаланып алган. Жалпайган калпагын артындагы алманын бутагына илип коюптур, каадалантып. Өзүнүн багын кыйып жаткансып дегеле шайдоот!
— Ой, ата-бабаңдын… бу, не кылып атканың?!- ага аттап-буттап ашыга жетип барган Бектур коңшусуна жете бербей эле мурду менен бир тийди. Тиги болсо ага көңүл буруп, карап да койгон жок. Кулагы катуу неме укпады көрүнөт. Анын үстүнө ушу тапта эшик алдындагы кан жолдон күүлдөгөн эки-үч жүк машина удаа өтүп бараткан болчу
— Эй, кыт кулак! Бу бакты эмне кыйып жатасың деп жатам?! Суроо-сопкуту жок…
Балтасын кере шилтеп, болгон күчүн үрөп жоон теректи күрсүлдөтө кыйып жаткан Акматтын көңүл да буруп койбогонуна туталанып кеткен Бектур күү менен барып аны ийинге катуу итерип жиберди. Тиги, балтасын дагы шилтемекке кериле берген неме байкоос түрткүдөн улам кыйшая жыгылып кетти. Иш алдында кере-кере жуткан жармадан бөрсөйгөн курсагы чулк этип, балтасы колдон ыргый, жерге күп кулады.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#105 11 Февраль 2015 - 04:13
— О-уй, кокуй аалат! Өлтүрдү кокуй!!!
— деген аялдын ач айкырыгы теребелди жаңырта коңшу короодон угулду.- Жеди эле жеди!.. Жеп салды, кокуй!..
Бул Акматтын катыны Зуура болчу. Семиз, көсөөдөй кара, ажаан. Айылда албууттук жагынан аны менен ат салыша турган катын жок. Азыр да этек-жеңин далбалактатып, айгай сала чаңкылдап, эркектерге жүгүрдү.
Күтүүсүз түрткүдөн көмөлөнгөн Акмат, эч нерсеге түшүнбөй бозала болуп, Бектурду жаалын чыгара карап, жаңы эле көк чыга баштаган карамык жерден дароо туруп кете албай буйдала түштү. Карылык да. Курсактуу да эмеспи. Капталдай жер таянып, ынтыкты. Элейип, өңү дароо кара-көк тарта чыңалып чыкты. Бет алдына капыс келе калып эле кекете бакылдап жаткан кошунасынын ыргыта түрткөнүнө жини шакардай кайнап, аны жеп ийчүдөй көзү менен элтең атып, турмакка умтула бергенде Бектур аны чыкыйга катуу нукуп:
— Ата-бабаңдын оозун гана… ой, бакты эмне кыйып жатасың дейм, ыя?! Бир ооз сурап койбойсуңбу ыя?! Ээсимин го мен!.. Тим эле өзүң тиккенсип… Токтот! Ата-бабаңдын гөрүн урайын…- деп, кайра артка кулатты.
Сакал-башы титиреп, мурдунан бери кызаңдай кыйкырып жаткан Бектурдун капилеттен жыга түрткөнү аз келгенсип, баладай чыкыйга чукуп кайра кулатканына жаны кашайып кетти Акматтын. Жан тарта жете келген аялынын колтуктан сүйөөсү менен ордунан ынтыга эптеп туруп, үстү-башын күбүнүп:
— Эмине керек сага?! Эрбеңдеген эчки сакалыңды… улуу деп сыйлап койсо тим эле… кыйын боло бересиңби?.. Эмне түртөсүң мени?..- деп, кол салып жиберчүдөй ызырынды.- Жөн койсо… тим эле,- томпоюп, демейде момурап жүрө берген немеден мындай айбат сөз тигиге эселей ачуу тийди.
— Оме-ей, ата-бабаңдын… кыз боозуп энесин коркутат… багымды кыйганы аз келгенсип… тилдеп… Эмне, болбосо мени жеп жибересиңби? .. Деле кой, муну…- деген Бектур сөзүн жута туттугуп, каны башына тебе кызыраңдай кетти. Демейде оор басырыктуу Бектур бир ачууланып алса артка кайтчулардан эмес эле. Өлгөндөн кайра тартпай калат. Ошону үчүн теңтуштары аны “кантужин” деп коюшчу.
— Ой, кокуй алат, аке, бул не жоругуңуз?.. - Акматтын аялы ортого кыпчыла кетти,- Өлтүрүп коё жаздабадаңызбы? .. Анчалык эмне чоң күнөө кылып жибердик биз?.. Сыйлап койсо…
Ызырынып алышкан эркектер Зуурага көңүл да бурушкан жок. Бектур Акматтан төрт-беш жашка кичүү, аталаш тууган да болуп кетишет. Аялдын аке деп жатканы ошондон улам.

#106 11 Февраль 2015 - 04:14
— Ой, бу бакты эмне кыйып жатасың дейм?!.- Бектур Акматты сөөмөйү менен дагы чекеге нукумак болду эле, Акмат жалтанып, башын алакача берди. Солдойгон неменин учталган казыктай сөөмөйү бу жолу мерчемине жаза, чекеден өйдөрөөк, аялуу эмгегине сайыла ачуу тийгенден, Бектурдун жанына бата түшүп:
— И-ий, энеңди…- деп, сыздап жиберди. Демейде ооз учунан эле айтылып келген анын бу төл сөзү бул жолу жарага сайылган шибегедей ачуу тийди.
— Эмне дейт?! К-кудай аткыр!- Бектур ок тийгендей секирди!- Ушул сөзгө кантип оозуң барды ыя, с-сенин?! Энемдин колунан далай даам татып жүрүп чоңойдуң эле го, ыя, ата-бабаңдын? !.- Бектур Акматтын кежигесинен бүркүттөй чеңгелдеп, жерге итерип жиберди.
— Кокуй! Жеди!..- тигинин аялы дагы чырылдап, “ыңк” эте бүктүшүп калган күйөөсүнүн үстүнө үйрүлүп түшө калкалай чаңырып жиберди.- Эл-журт!.. О-ой, жардам кылгыла-а! .. Жеди эле жеди!
— Энеңди дейт, ой! Келес!.. У-у, энеден туулбаган айбан!
Акмат байкабай оозунан катуу жаңылып калганын эми туйду. Амалы куруй түштү. Кантип чыгып кетти, бул балакет сөз? Теңтуштарына, балдарына күнүгө эле жүз ирет айтып жүргөн бул ылакап сөзү эми минтип жаңылгандан жазгырып, кашайтпадыбы! Чынында эле чатакты дал ушул бир ооз сөз ырбатып жиберди.
Маркум энесине тил тийип, ачууга ууккан Бектур бүктүшүп калган чыканактай Акматты өпкө талаштыра тепмек болуп катуу бут шилтеди эле, артынан жете келген аялы аны булка тартып кетпегенде тиги жарылган топтой эле былч этмек. Анан эмне, эңгезердей эки кез, сөөктүү неменин буту да кырк беш болбосо да кырк төртүнчү болсо керек, суу, ысыктан какжырап калган колжойгон өтүгү дал тийсе оң таптырмак эмес. Кабыргалары ыдырап, сынбаса да соо калбайт болчу.
Бектурдун байбичеси оор басырыктуу киши эле. Абышкасын колтуктан тарта, үйүн көздөй сүйрөп жатты:
— Болду эми, абышка. Улуу-кичүүгө уят болбой… Көргөн эл эмне дейт…- Ызаланып алган абышкасы болмокпу, суюк сакалын эрбеңдете, аялына бой бербей жулунат:

#107 11 Февраль 2015 - 04:18
— Анан ушунуку жөнбү ыя, багымды кыйганы аз келгенсип, энеңди деп… ата-бабаңды… Эй, токонаалат!
Тийбегин бакка!..
— Кой абышка, келин-уулга уят… Эртең элге кеп болобуз…
— Ой, эмине эле бакылдашып жатасыңар, жанатан бери? Деги тынччылыкпы? - деген үндөн баары жалт карашса, көчө тоскон кашаанын нары жагында чүкөдөй, Токтомамбет чал аты үстүндө шоңшоюп олтуруптур. Чырдын кызуусу менен аны, кайда барса көлөкөдөй ээрчип жүрчү ширидей арык, сары ити экөөнү байкабай калышыптыр. Анысы небак эле элди жалтак аралап, өтүк, багалектерин жыттагылап жүргөн болчу. Чууну угуп кайрылышса керек.- Кыйкырышып эле жатасыңар көчөнү жаңыртып, деги анчалык мине балакет болуп кетти?..
Жалпайган, уктаганда да башынан түшпөгөн майлуу калпакчан, суюк сакал Токтомамбетти көрө салган Бектур ызасын укчу киши чыга калганына каниет тарта, арманын айтып кирди.
— Ой бу, жотосуз… менден бир ооз сурап койбой багымды кыйганы аз келгенсип, энемди кошо сөгүп… ата-бабаңдын оозун урайын десе… Сиз деле билесиз да, бу бакты атам тикпеди беле…согуштан келип…- бу жолу “ата-бабаңдын…” деп, демейде аягын жута айтчу каймана сөзүнө “оозун урайынын” кошуп айтты. Ачуусу чындап келген экен. Акмат бозоруп, тил кайырган жок. Аялы ажылдай кетти:
— Эк, коюңузчу аке, өз көзүм менен көрбөдүмбү, жулунуп келип эле көмөлөтө түрттүңүз… башы тиги ташка же бактын дүмүрүнө тийип жарылып калса эмне болмок… алдырганды жаздырган болуп бу, буталган бутакка өпкө-боорунан сайылып калсачы?!.
— Жарылбай, нетпей эле турбайбы, кудай албагыр… Иштебеген башты эмне кылат көтөрүп, жарылып калса болмок…
— М-м, ие, чеки иш болгон экен…- деди Токтомамбет тигилер басыла калган ара-чолодо. Ал, чолтойгон камчысын аласына кыпчый ат жалына өбөктөп, не деп чатакты жайгарарын билбей тургансыды. Эски актип эмеспи, эптеп бир нерсе деши керек. Кашайып, оозуна сөз келбей калса болобу!
Оолугуп алган Бектур болсо колдорун адатынча тарбалаңдата жаңсап:
— Оо, мен бала кезде, анда кашаа-машаа деген жок болчу кыргызда, ушул бак ортодо чек болсун деп атам тиккен, бу теректи. Айылдын баары билет. Эми бу энеден айлангыр, өзүнүкүнүкүнөн бетер кыйып жатпайбы аны!..- деп, дагы эле басылбай жатты.
— М-мен, арыкты чек экен деп… бери жагында тургандан эле…- Акматка тил бүтө, арачолодо күңк эткен болду.- Жөн эле айтпайсыңбы анан! Ыргыта түртпөй…- деп кызыраңдай кетти, Бектурдун сөз улантмак болуп келатканын байкай сала.

#108 11 Февраль 2015 - 04:20
— Эй, бир эмес эки айтсам да укпай койбодуңбу,
дың кулак! Анан эмне, бак кулап түшкөнчө карап тура берейинби? Ал арыкты да мен казгам, бактын нары жагынан казайын десем сенин сенейген атаң болбой койгон, чыканактай жерин ыраа көрбөй…- Бектурдун кемсинте айткан сөздөрү чучугуна жете түштү белем:
— Жетишет! Сенейген дебе, сенейип калгыр!- деген Акмат үтүрөңдөп, бетинин түгү түксүйө түштү.- Атамдын арбагына асылбагын! ..
Анын минтип тил тийгизгени андан эзели каяша укпаган Бектурдун жанын оготөтөн кашайтып жиберди.
— Ики ата-а, атачылын мунун, намыскөйлүгүн дегеле…- ал эми катынына болбой жулкуна кетти:- Ата-бабаңдын с-сенин!.. Сенейип кал дейт тура! Сенейгенди азыр сага көрсөтөйүн! ..
— Өзүң баштабадыңбы, атамды…
— Сен дегенин кара мунун, бешигимди терметип жүргөнсүп… Котур болуп өлүп каларыңда мен жууп-тазалап, тоюнтуп аман алып калдым эле го, ыя, согуш кезинде? Алдыкы катыныңа коюмду союп, никеңди да мен кыйдырбадым беле, ыя, чычкак улагың жок кезде… Эсиңе жара чыгып, көзүңдү май басып калган экен, эми! Самтыр…
Ызы-чуу кайра башталды. Эки эркек бири-биринин сөзүн укпай кыйкырышып, небак көздөрү өтүп кетишкен ата-жотосуна чейин тил тийгизип, көрүнөн козгоп жиберишти. Ушул чеки иш болду. Мындайда кайсыл кыргыз баласы чыдап турмак! Кошуна ага-ини да колу жетсе бири-бирин баса калышчудай улунуп-жулунушуп, ортодо аялдары айгайлай аларды артка сүйрөп… Кызый-кызый кыздын койнуна кирет болуп сөздөн сөз чыгып, чатак такыр ырбап кетти. Эл чогула берди…
Демейде тил кайырбай момураган Акмат агасына:
— Тойдум ошол багыңа, өзүңө гроб жасап алгын, эн-неңди…- деп, бети ачылса, Бектур:
— Гуроп-муробуңду алдыкы абжеп аялыңа жасап бергин! Ал, бак башымдан садага!.. неңдурайын…- деп, ачуудан оозуна ээ боло албай “кантужини” кармап калды. Мурда келини болумуш этип, андан тартынып жүргөн Акматтын аялы да:
— И-ий, өлүк-тиригиңди көрөйүн, чирик шыргыйдай солдойгон… башыңа гана отура калайын десе… Абжептик кылганымды сен көрүп койдуң беле?!.- деп, уят-сыйыттан караманча кетти. Кой-койгула деген эле токтоо Бектурдун байбичеси болду. Ал, кайым айтышка аралашып, күйөөсүнө болушту дегиче эркектердин мушташып, аялдардын чачташмагы турулуу болчу. Ачуу эмнени гана кылбайт.

#109 11 Февраль 2015 - 04:22
Кыйкырык-
чууну угуп жете келишкен кошуналар, көчөдө баратып кайрыла калгандар болуп ончакты аял-эркек чогулуп калышты короого. Алгач, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып айгайлашкан ага-инилерди жандай келип, кой-ай демиш эткен менен ачуу сөздөр алардын да бүйүрүн козгоп, ар кими өз жакынсанаганына тартып, баары ажылдап жатышты.
— Ой, Зукеш, эмине болуп кетти? Кой эми…
— А-ми-ий, бетим, кантип оозу барды?..- деген Зууранын ниеттештери аны коштой чаап, Бектурга атырылып атака коюшту.
— С-сакалың өрттөңгүр…
— Абжип болуп калыптырбызбы ыя?!.
— Ой, эже, эриңизди кой дебейсизби…
Кимисин тыярын билбей калдыбы, же бараткан иши эсине түштүбү чатакты баса албасын сезген Токтомамбет аксакал камчысын катуу шилтей сооруга чаап, атын бастырып узай берди.
— Эй, Акмат, агаңды аттаганың эмне? Мындан башка кайсыл жарыткан жакының бар ыя, сенин?
— Неңдурайын, дың кулак! Жап оозуңду, болбосо…
— Анан Бектурдун кылганы жөнбү? Кой дебейсиңерби аны…
— Тур нары!..
— Эмне түртөсүң?!
— … түп жагын алба, чирик болот…- деп, кыйыла элек бакты бөлүштүрүп, кеңеш бергендер да чыкты.
— Ооба, түбүн жарганга сенин алың жетпейт, Акмат кичүү эмеспи…
— Ой, абайлап кыйбаса тетири жыгылып үйдү басып калса не болот…
— Кран менен үстүнөн көтөрүп туруш керек болчу…
— Кызыталак! ..
— С-солдойгон суволуч, баягыда короосуна кирип кеткен козумдун шыйрагын сындыра чапкан болчу! Эсиңдеби ошол?!.- бу, Бектурдан эки үй алыс кошунасы Качкын болчу. Өткөн ызасы эсине түшө калып, учурдан пайдаланып Бектурду демите ичтегисин эми айтып алды.

#110 11 Февраль 2015 - 04:23
Аны наркы, ийри Акмат коштоп кетти:
— Былтыр суу талашып, баламдын кетменин жулуп алып ошо бойдон бербей койгон… Апкел!
Көпчүлүк жоон топ чогулуп кетти. Бектур менен кошунасынын кошуналары, атургай тээ эле көчөнүн четиндеги Аманай менен Бейшебай экөө да короздордой чеке тирештирип калышыптыр:
— … эмне кылып аласың ыя?! Жеп жибересиңби? ..
— Төлөп бергиле Акмат экөөң ошол эшегимди! ..
Көрсө, мындан беш-алты жыл мурда Акмат айдоолорго кароолчу болгондо жоголгон алдагачанкы эшегин Аманай да эми эстеп, ич күптүсүн чыгарып жаткан тура. Ошондо Акмат менен Бейшебай эле сатып жиберди, ал каңгыган эшекти деген сөз чыккан, айыл-апада. Экөө мектепте чогуу окушкан, ымаласы ысык катыштардан болчу. Мындайда баары эске түшөт эмеспи.
Бара-бара эки жаатка бөлүнгөн аял-эркектер эки-үчтөн болуп алып айтышып, жакалашып, кой-айлашып түрткүлөшө баштады. Бирин-бири укпайт. Ар кимисинин көкөйүндө көң болуп калган ич күптүлөрү эми эске түшүп, териштирип жатышты. Чатактын чыккан башы болгон куу терек баарынын эсинен чыкты. Атүгүл, Бектур менен Асан да унутулуп, четте калышты. Атамзамандагы арман-доолор айтылып ажы-кыжы, ызы-чуу… Чырды басайын деген деле эч ким жок. Чыкса да курулай убара болмок. Арачага алты таяк болуп, төөбастыда калары бышык эле. Эч кими укпайт да болучу. Келген эле киши дароо эки тараптын бирине кошулуп кетип, кыйкырышып жатты. Кан тартат да. Бүт айыл бири-бирине жээн, таяке, бөлө, теңтуш дегендей… Алыс эч ким жок. Ошентип, түш оой башталган чатак, каш карайганча токтободу. Мал-жан, бала-үйлөрү баарынын эсинен чыкты. Уйлары мөөрөп, койлорунун маарагандары кулакка кирбей калды. Куру сөздөн тажап кетиштиби, баштары айланып же кандары эми кызыдыбы аял-аял, эркек-эркек болуп жулмалашканга өтүштү. Ошо маалда:

#111 11 Февраль 2015 - 04:25
— Ой, кудай аткырлар десе, болбодубу, эми! Дагы эле басыла элексиңерби?
!.- деген Токтомамбет аксакалдын өктөм үнү капыс чыкпаганда дагы эмне болуп, чатактын соңу качан, не менен бүтмөгү белгисиз эле. Ал, жана бараткан ишине небак эле барып, бүтүрүп, эми үйүнө кайтып келаткан болучу. Анын бу арадан качан, кантип кеткенин эч ким элес албай калган.- А сага эмне жок, жаман!.. Бас үйгө!- деп, көрө салган кемшийген кемпирине камчы үйүрүмүш этти эле тиги эрин жалтаң карап алып шүмүрөңдөй жолго түштү.- Жетишпей жаткансып жетип келгенин карасаң мунун!..
Бир кезде биргадир эмес беле, кайратынан кайта элек Токтомамбет буйра бакылдады. Андан баары айбыгыша турган, саалга элейе токтоп калышты. Болбосо бу көрүнүштөрү менен каны кызып алган немелер бирдин ичинен чыгышмак. Бери дегенде биринин чекесин бири айырып, аялдар тытышмак… Бети ачылып алган Акмат агасы менен жанараакта мушташмак да болгон, сес көрсөтө эки-үч ирет Бектурга кол сермеп жиберсе болобу! Дагы жакшы, алары алыстан шилтенип, аялдардын артка жулка тарткандарынан улам мушу бетке жетпей калды. Тийсе тиш сынып, көз канап — кан чыгып… жаатташып, ит эле болушмак. Акматтан мындайды ким күтүптүр! “Жооштон жоон чыгат” деген сөз тегин айтылган эмес тура.
— Ак, Кудай аткырлар десе! Жетишет эми, эсиңер барда этегиңерди жапкыла! Эркеги катын, катыны айбан болуп…- деп, Токтомамбет топурап тургандарды жактырбай, сыдыра карап кажына кетти. Ошондо гана ачууга алдырып койгондору эсине жете калдыбы, непада көптөн берки желдери чыга түштүбү, баарынын жаагы жап боло соолуга калышты.- Куураган бир бак үчүн тууган-урук, уят-сыйыттан кетип… – ал, тигилердин илгерки доолорун кубалоого өтүшкөнүн укпаган неме, дагы эле дарактын чатагы басыла элек тура деп ойлоп жаткан болчу,- Эмне, ал бак ажалыңарга аралжы болуп бермек беле… ал эмес жыйган-тергениңердин баары калат, бир күнү. Көрүңөргө ала жатмак белеңер? Артыңарда эле эзели кеткис жаман кеп-сөз калат: ага-ини, тууган-урук бир куурай үчүн ит болушкан деген. Бала-чака, укум-тукумуңарга чейин жер карап калбайбы, шерменде болуп, катыгүн! Токтоткула! Эл укпасын, чү!- деген Токтомамбет атын моюнга бир чаап, боорго темине, коркок-билиш желе басып бараткан кемпиринин артынан желдирип жөнөй берди.- Тарагыла! Жалдырабай… кудай аткырлар десе!

#112 11 Февраль 2015 - 04:26
Жанатан оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткандардын бири да калп болсо да сый катары аксакал менен кош айтышканга жараган жок. Ызы-чуу, жакалашуудан элирип алган немелер али демин басып, эстерин жыя албай деңгиреп турушту. Эч кимиси ордунан жылбады.
— Эк, кетчи нары, акылдуусунбай…- кимдир бирөө күңк этти. Ызырынганына караганда Токтомамбетте кайсыл бир өчү болсо керек анын. Бетине айта албаган менен артынан болсо да ызасын чыгарып алганына каниет кылып алды көрүнөт.
Соодасы бүтпөй калган сарттай кыйылып, араздашкандардын эч биринин кеткилери келбей турду. Жан тартып келишкен жакындарын таарынтып алчудан бетер Бектур менен Акмат да аларды таштап кете албай турушту. Кеткенин качты, бети чыдабай кетти да деп айтышары турган иш. Таркабай турушкандарынын жөнү ошол, куру намыс болчу, ичтен тынышып. Аксакалдын акыл сөзү болсо кулактарына кирбей, жел менен талаага кетти. Анткени, алардын мээсине акыл үчүн жол небак жабылып, ушак, чалчык сөздөргө бош кумгандын оозундай дайыма аңкайып ачык болчу…
Алар ошентип күңкү-мыңкы болуп турушканда көчөдөн ат үстүндө улам бир жагына ыргала ооп келаткан Таштан көрүндү. Ал ылжыган мас болучу. Көзү-мээси тумандап, кайда баратканын, эмне кылып жүргөнүн билбейт. Алдындагы аты көнгөн жолу менен ээсинин ооган жагына ооп, жыкпай, үйүнө эптеп алып бараткан. Эки күн мурда саткан торпогунун кечээги жуумайдан калган акчасын тели-теңтуштары менен дүкөндө эртеден бери көңтөрүп бүтүп, оозу куру калганына кыжынып, Таштандын кучунашы кармап келаткан болучу. Ал, Бектурдун короосунда топурап турушкан топ кишилерди көрө сала:

#113 11 Февраль 2015 - 04:28
— М-м, ыңк,- эте ыктытып алды да, элдин эмнеге чогулуп алганын түшүнө албай, артка чалкалап, текши мээлей тиктеп алды. Кудум койчу кезинде жөө туман арасынан кой издегендей канчалык жүлжүйгөн менен мээ-көзү туман ал кимдин кимдигин айырып көрө алган жок.- Э-эм-не болгон ыя? Ө-өлгөндөн с-сообу, б-булар?- Анан эле ага котолошкон элдин арасынан бирөөгө аңкылдап жаткан катыны көзүнө урунду. Ага да бирөө кыйкырып, жулмалап жаткандай. Таштандын каны башына тепти! Эркектана эмеспи, катынын кыйбай кетти.
— Чү!- деди ал атын катуу теминип. Боорго капысынан кадала тийген оор согончоктон чочуп кеткен аты атырылып, жанатан котолоп турушкан көпчүлүктү урдура короого кирип келди.
— Эй, энең-дур-райындар! Эм-мне, к-катыныма ас-сылып…ыя, с-силер?!- Таштан туш келген эле кишилердин ким экенин айрып билбей, оңду-солду камчысын шилтеп кирди.- Ме, ме, сага! Ө-өй, м-менин к-ка-тынымда эм-мне ө-өчүңөр б-бар, ыя?! Ч-чогулуп алыш-шып…
Камчы тийген-тийбеген эркек-катындар какыйлашып, кыргый тийген тооктордой чуру-чуу түшүп туш-тушка чачырады.
— Коку-уй!
— Жеди!
— Ой, бу Чоң жинди дагы ылжып алган тура!..
— А-а!..
Таштанга кол кайырган эч ким болбоду. Жанагыл баатырсынып жаткан эркектер жан тартып келишкен катындарына да карап койбой өз башын ала качып короо-короолорго жите качышты. Бу, “Чоң жинди” аташкан Таштанга эч ким тең келмек эмес. Андай баатыр айылда жок. Мас болгондо ал атасын да тааныбай, өлүп да, өлтүрүп салуудан кайтпай калчу. Азыр да ал атынын башын туш келди жулка буруп, бет келгендин баарын кызыл камчыга ала берди. Анын көкжинди сырын жакшы билген катыны небак эле качып жоголгон. Калган катындар болсо камчы жегени ачуу чаңырып, аман калганы башын катып жакынкы үй-үйлөргө безип жоголушту. Он акылдууга бир акмак теңата деген ушул бейм. Көчө бир паста жым-жым болду. Жаңжалдуу бак да, бакталаш да баарынын эсинен бирпаста ыргып кетти. Бектур менен Акмат да аялдарынан мурда үйлөрүнө житип жоголушкан. Чоң жиндиге тең келмек кайдан, аларга. “Багың менен жерге кир!..”

#114 12 Февраль 2015 - 00:48
Сулайман Рысбаев. «Айгерим менен күзгү»
Колунда таттуу шоколады бар Айгерим күзгүнүн жанынан өтүп баратып, күзгүдөн өзүн көрдү да: «Эй, карачы, менин шоколадым бар, атам апкелди…»-деп мактанды. Арадан беш мүнөт өтпөй, шоколадын жеди да, кайрадан күзгүгө келди. Ал күзгүдөн бети-колу ботала-шатала болгон «тентек кызды» көрдү. Анан ал апасын чакырып:
— Апа, карачы, мобу кыздын бети-колу бүт ботала экен.. Мен андай эмесмин ээ…–деди. Апасы аны көрүп күлдү да:
— Көрдүңбү, бети-колунду жууп жүрбөсөң, сен дагы ошондой тентек кыз болуп каласың,-деп, бети-колун жуундурду. Бети-колу таза болуп калган Айгерим эми мактанайын деди да, кайрадан күзгүгө келди. Күзгүгө келсе — «баягы кыз» дагы бети-колун эчак жуунуп, супсулуу болуп алыптыр бир заматта… Айгерим бир саам таң кала карап калды.
— Апа, бул кыз дагы менчилеп бети-колун жууп алыптыр мени туурап, карасаң: «Кой, Айгеримдей болуп мен дагы жуунуп, таза, сулуу кыз болоюн — деген го э» — деди, өзүн өзү мактап.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#115 17 Февраль 2015 - 03:16
Зинакан Пасанова. “Аял сыры”
Аял ойгонуп кеткенде жер жарый элек экен. Терезеден агарып кирген көчө шамдарынын бүлбүл шооласынан боюн качырган караңгылык жымжырт болуп уюп турат. Чоң жолдон тынбай өтүүчү машинелердин доошу сээлдеп калыптыр. Кез-кезде гана жалгыз-жарым машиненин күңүрт доошу угулат. Түн шоокумун тыңшаган аял таң атаарга али узак экенин боолголоду. Күнүгө ушу. Түн жарымынан оогондо капыстан ойгонот да, көздөрү чайыттай ачылып уйкусу качат.
Бүгүн да жүрөгүн мыкчыган белгисиз кыжаалаттык аны кайра уктата койчудай эмес. Күйөөсүнүн дем алышына караганда ал да ойгоо жаткансыйт. Бирок, аялынын түйшөлүп ойгонгонун билсе да бурулуп карабады. «Балдарын ойлонуп жатса керек» деп ичи ачышып кетти аялдын. Эркектин биринчи аялында калган балдары жөнүндө ойлогон ойлоруна, чеккен санаасына өзүнүн күнөөсү бардай жыйрыла түштү. Күйөөсү акыркы күндөрү аларды сагынып, кусаланып жүргөнсүйт. Бул сагынычты алмаштырып, ордуна тартуулай турган эч кандай кудурет таппаган сайын аял аргасыздан эринин мурдагы аялын эстөөчү болду.
Эркекти үйүнө биротоло киргизип алгандан кийинки алгачкы күндөрү күндөшүн минтип ойломок турсун тушарына да теңөөчү эмес эле. Балага бастырып, эрте карыган улгайыңкы жубан ага тең тайлаша албасын түшүнгөн. Ал казан-аяктан башканы эмнени билет эле, ошол үчүн бир эркекти күтө албай тарткызып жиберди да деп көңүлү ток жүрчү. Мына эми ошол күндөшүнө көз артып жатат. Анын жанында жатканда күйөөсү, мүмкүн, азыркыдай ичтен сызып, жалгыз санаа тартпас беле? Экөөнүн каны-жанынан жаралган төрт баланын ысык-суугу, кыял-жоруктары бүгүнкүдөй уйкусуз түндөрдө узун сабак эрмек болуп, кобурашып таң атырышмактыр… Эркек да азыр ушинтип ойлоп ич дарты ичинде болуп, өкүнүп жаткандыр…
Ушундай божомол ойлордон аялдын ичи ансайын күйду. Эри чындап эле биринчи аялына ооп кеткендей тыбырчылай, сол капталына оодарылып алды. Бир туруп «Мен чакырдым беле кел деп, келген өзү, алам деген өзү, бала чакасыыан кечкен өзү, – деп табалап алат. — Мага эмне… Жалгыз бой аялмын…»
Ал чындап эле төрт баланын алдьнда абийирим ак деп ойлоочу. Алардьш атасын азгыруу оюна да келген эмес. Кылган иши, баскан-турганы тың, кырктын кырына чыгьш калса да али жигиттик сымбатынан тая элек бул эркекти жөн гана кызматташы катары сыйлоочу. Ал да башкаларга окшоп жалгыз бой келинге тузак тартпай түз жүрчү. Бир жолу аялдын үйүнө зарыл жумуштап келгенге чейин ушундай болгон. Ошол күнү чайлашканча аркы-беркини сүйлөшүп узакка олтуруп калышты. Эркек кайтаарында: «Сонун кеч болду. Кетким келбей турат», – деди кыйылып. Келин мунусун көңүл үчүн гана айтылган деп кабылдап, бирок ага эшик ачып берип жатканда жүзүнө тиктей албай калтаарып кеткен. Караса эле анын коздөрү оп тартып, экөө жабыша калчудай туюлган. Денесиндеги майда калтыракты зорго басып, чала-була коштошумуш болгон. Капыстан келген бул күчтүү сезим дарманын алып, эшикке сөйөнө калбаса жыгылып түшкүдөй. Эркектин тепкичтерден түшүп бараткан оор дабышына үн алышкансып жүрөгү түрсүлдөп кагып туйлаган.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#116 17 Февраль 2015 - 03:17
Ошол түнү чабалактап уктаган эмес. Өзүн-өзү тыйса деле ээ-жаа бербей акыл-эсин чырмап алган каалоо анын шаштысын кетирди. Жүрөгүнө уурданьш кирип, сезимин капыстан ойготкон эркектин элеси зми төшөгүнө кошо жатып алды. Аны өктөм колдору сылагылаган сайын тулку бою жазылып магдырап келатты. Жан эриткен жалыныч сөздөр да чаңкоосун кандыргансыйт.
Тынымсыз аймалаган ысык эриндер аны биротоло эритип жиберди. Тырп этерге дарманы калбай, өзүн бүтүндөй бийлеп алган сезимге баш ийип берди. Көздөрүнөн тыньмсыз жаш агып жатканын да баамдаган жок. Эркектин ысык кумары жалгыздыктан тарамыштай чыйралып калган кайратынан жандырып, кайрадан назик жароокер аялга айлантып койгонсуду.
Көкүрөгүндө эркекке айта турган сөздөрү да түгөнгүс болуп жыйылып калган экен. Бирде муңканып ыйлап, бирде жаны эргип күлүп төгүлүп-төгүлүп айтып түгөтө алгыдай эмес. Булардын баары аял үчун жаңы сезим-туюмдар эле. Ал өзүнүн аялдык сезимин алда-качан жоготуп алып, унуткара баштаган. Биринчи күйөөсү менен көңүл калып ажырашкандан кийин эркек аттууга жакындай элек. Сөз салган, көз салган, көз арткандар да жүрөгүн козгой албаган.
Рас, көңүлүндө бир эркек бар эле. Бирок, анын аты– жөнүн, ким экендигин алигиче билбейт. Билип да кажети жок. Олбурлуу боюнан башка өңү-түсүн да дааналап эстей албай калган. Ошол жигит аялдын кыялында гана эңсеттирип жашашы мүмкүн. Ал эми турмушта болсо ал башка бир кермаралдай келиндин сүйгөн жары. Аял кокусунан күбө болгон алардын ынактыгын тагдырдын таш боор буйругу бузбаса эле, майдай-сүттөй болушуп, ынтымак жашап жүрүшкөндүр. Эркек-аялдын сүйүүсү, жубайлык таттуу мамиле жөнүндө эңсегенде ал жигитти эстебей кое алчу эмес. Өзү тааныбаган кайсы бир бейтааныш келиндин жүрөгүн жылытып жүргөнүн ал жигит туйбаса да керек. Каяктан туйсун.
Ал жигитти шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө сокур ичегисин алдырып, реанимацияда жатканда көргөн. Наркоздон кийин эсине түзүк келе электе терезенин айнегин бирөө узакка тыкылдаткандай болгон. Акыл-эсин жыйганда караса, айнекти бойлоп жабышып алган жигит ага жаңсагылап жатыптыр. Колунда кыпкызыл гвоздикалар. Эшикте кыш күчүндө болсо да гүлдөрдөн жаз илеби уруп турду. Аял гүл көтөргөн жигит эмнеге эле андан көзү өтүп тиктеп, жан алакетке түшүп жатканына түшүнө албады. Мынчалык күйүп-быша турган жакыны деле жок эле. Оо көптө гана жигит анын жанында жаткан келинге келгенин баамдады.
Келин жаңыдан гана операциядан чыккан окшойт. Көздөрүн ачкан менен кыймылдаарга, ооз ачаарга шайы жок сулк жатат. Бирок анын да эки көзү жигитте. Мынчалык сүйүктүү жан кандай болду дегенсип аял келинге кызыга көз салды. Келин жаш экен. Өңү да көзгө ысык көрүнөт. Баарынан да бото көздөрүнөн жаны ооруганы билинбей, магдыраган жылуу нур тамылжып турат. Кудум эле эс алып жаткансып жоодурайт. Дүнүйөсү түгөл жанбы, же ага жете албай жарадар кушча канатын каккылаган жигиттин демиби, айтор башкаларга окшоп онтобой, кумсарбай, бир башкача болуп мемиреп жатат. Аялдын ансайын ага кушу түшүп калды. Кичине сөзгө келгендей болгондо:
– Жигитиңби? – деп сураган.
– Күйөөм, – деди келин жылуу үн менен.
– Жаңыдан үйлөндүңөр беле?
– Жок, үч балабыз бар, – деди келин «ысыгы таркай элек жаш жубайлардан болуш керек» деп ойлогон аялды ансайын таң калтырып.

#117 17 Февраль 2015 - 03:18
Ошол күнү догдурлардын урушканына карабай жигит терезеден таптакыр кетпей койгон. Көздөрү ирмелсе эле аялы бир балээ болчудай телмирет. Күүгүм киргенде аял жаны бир аз тынч алып, ыктап кетиптир. Аны кандайдыр бир шоокум ойготту. Көздөрүн ачса палатанын шамы өчүп, жатаар маал болуптур. Жанынан күбүр-шыбыр угулат. Ак халат жамынган бир эркек баягы келиндин жанында олтуруптур.
Аял буурул жарыктан келиндин күйөөсүн тааныды. Жаш баланы эзилип аягандай аялынын чачтарын назик сылагылап, кайра-кайра жалооруп жатат. Ал реанимацияга кантип амалын таап кирди экен? Догдурлар да бул жигиттин сүйүүсүнө туруштук бере албаса керек. Бир колунда шорпо куюлган кесе. Улам андан аялына кашыктап ууртатып коет. «Дагы кичине ичкин? Ичсең?» деп жалооруйт.
Аял алардын сөздөрүн атайлап тыңшагандай болбоюн деп жуурканын чүмкөнүп алды. Ага болбой эле эркектин дембе-дем шыбыры кулагын көзөп өтүп, жүрөгүнө жете сайылып калгандай болот. Өзүнө арналбаган сүйүүнүн ошол сөздөрү, эрди-аялдын күйүмдүү мамилелери анын турмушун соттоп, аеосуз өкүм чыгарып жаткансыды. Ушуга чейин өзү эмнеге чаңкап келгенин да түшүндү. Сүйүүгө тойбогон аял, суу жетпей какшыган даракка окшоп калат, же ач кенедей тажаал болуп чыга келет тура. Күн өткөн сайын жаагы ачылып, тили жыландыкындай заар болуп баратканына өзү да таң калчу. Эри ага теңелбей жол берип калганына көп болду. Жаңжал чыкпасын, ачуу тилин укпайын дегенсип коркок-билиш болуп турат.
Ал ушинтип эңилген сайын аял күчөй баштаган. Күйөөсүнүн аны жакшы көргөнүнөн эмес, коркконунан көзүн карап бөйпөңдөп турганы ансайын кыжырын келтирчү. Кээде анын чыр-чатактан жүдөп, мукураган кейпин көргөндө көксөөсү сууп, табасы кана түшчү. «И-и, баатыр, – дечү ичинен, – алың ушул экен го? Мени алдап кетем дедиң беле? Ак никелеп үйлөнбөй, ичимдеги балаңдан танып, таштанды кылам деген сенби? Сени жакшы көргөнүмдөн, сенсиз жашай албастыгымдан жармашып жүрүп тийди дейсиңби? Сага болгон сезимим сен мага үйлөнбөйм деген күнү өчкөн, биротоло өчкөн. Боюмда болуп калган бейкүнөө баладан кечкенде аялдык ысык сезимимди гана эмес, денемди да кошо өлтүргөнсүң. Ошол күндөн баштап мага жек көрүмчү адамыма айлангансың. Сенден өчүмдү алгым келген. Шашпа-а дегемин. Төрөлө электе өлтүрүп алган баланын убалы үчүн экөөбүз оо дүйнөдө тозокко түшкүчө бул дүйнөдө тозокту мына менден көрөсүң дегемин. Беш көкүл кыздын ишенчээк, таза сезимдерин булгоо кандай болоорун сага көрсөтүп коеюн дегемин. Бул али башталышы гана… Али көргөнүңдөн көрө элегиң кө-өп, баатыр…»
Аял ичинде буулуккан бул чыңырыгын күйөөсүнө эч качан ачык айтчу эмес. Күндөп, айлап, жылдап унутулбаган өчүн башка бир болоор-болбос нерселерге шилтеп чыгара берчү. Келин болуп башына ак жоолук салынбаганы үчүн, той көйнөгүн кийип, кайнатасынын эшигин ызааты менен аттабаганы үчүн, куру намыстан тун перзентин төрөбөй өлтүрүп алганы үчүн, сүйүүгө тойбой, үй-бүлөлүк, энелик бакыттан куру келатканы үчүн арманы канча жыл өтсө да эскирбей, эрине күнүгө кайраштырып турчу. Аял качандыр кордолгон абийирин кечире да, унута да албай койгон. Күйөөсүнүн да өзүнөн алда канча көңүлү сууп калганын да билчү. Ансайын тажаалы чыгып, жок нерседен кыр таап урунуп-беринип ич күптүсүн андан чыгарат. Эмнегедир же күйөөсү, же өзү ушул тозоку турмуштарына кол шилтеп басып кете алышпады. Экөө тең бири-бирин эчак кажып бүтүшсө да бир төшөккө жатышып, бир казандан аш ичишип, алигиче орозгерлик тутуп келатышат.
Ооруканада жатканда аял өз турмушуна башкача көз менен карады. Жанында жаткан келиндин аялдык бактысы анын көзүн ачып, акылына келтирди. Өзү бир адамдын сүйүүсүнө татый албаганына, же бирөөнү бактылуу кыла албаганына жети өмүрү жерге киргидей болуп арданып калды.
Аял ооруканадан чыккандан кийин күйөөсү таң калып жүрдү. Мурдагы сиркеси суу көтөрбөгөн аялы басмырт тартып жумшара түшүптүр.
– Эмне болду сага? Өзгөрүлүп кетипсиң?–Бир күнү ишенип ишене албагандай тиктеп туруп. Аял үндөгөн жок. Экөө ажырашаарда бир ооз гана мындай деди:
– Эгер жакшы жашайм десең эми ала турган аялыңа ак ниетиң менен адамча үйлөн. Үйүңө сый-ызааты менен алып кел.
Ушуну айтып жатып жашып кетти.

#118 17 Февраль 2015 - 03:20

#119 17 Февраль 2015 - 03:22
Кээ бир күнү эркек ага суз тартып калгансыйт.
Аял ансайын азап чегип, маанайы пастай түшөт. Кайра эле анын бир ооз ысык сөзү, же көз карашы бүтүндөй акыл-эсин алып, мас кылган учурлар да келет. Ушинтип эңсөөсүнө жетпей думуккан келин жарыларына аз калды. Деги эркектин оюнда эмне бар? Сүйсө сүйөөрүн билдирип ачык айтпайбы? Эмнеге тартынат?
Эркек иши боюнча узак командировкага кеткенге чейин ушинтип туюк кыйналып жүрүштү. Ал жокто аял таң калаарлык муздап, а түгүл эстебей да калды. Кез-кезде гана бир кымбат нерсесин жоготкондой коңултуктап, анан ал эмне экендигин бүшүркөп, оюнун учу эркекке барып такала түшкөндө жүрөгү зырп этип алчу. Бардык балээ ал сапардан кайтканда башталды. Эшиктен өзүн тиктеп кирип келе жаткан эркекти көргөндө аялдын денесине ток жүрүп кеткенсиди. Сүйүүсү да, сагынычы да жүрөгүнүн тереңинде бугуп жаткан экен. Алар жанар тоодой атылып чыкты.
Эркектин көздөрүн да чагылгандай бир сезим жарып өттү. Ушул кезге чейин алар аттай алышпай жүргөн тосмо алардын арзууларына туруштук бере албай кулап түшкөнсүдү. Эркек колун сунуп учурашты да, келиндин колдорун кое бербей туруп: “Сагындым…” – деди амалы куругандай дирилдеген ысык дем менен. Аял бул күчтүн алдында алсыз эле. Бакубат алакандардын от менен жалын болуп алоолоп ысык экенин бир билет. Алакандарынан жүрөктүн туйлап соккону сезилип турду. Кандай ыйык эле ушул көз ирмем! Аял өзүн көккө учуп чыккандай тээ ободон сезип, башы айланып кетти. Ал сүйөт, сүйөт! Жогол шек саноолор! Жогол ичтен бураган кусалык. Жогол эки анжы ойлор! Чочутуп аламбы, же кагып жибереби дегенсип бетинен өбүшкө зорго батынган эркектин мойнунан өзү жабыша калып кучактап, эриндерине сорулганда анын сүйгөнү да, таң калганы да бир кызык. Аялдын да өзүн көптөн бери эңсеп жүргөнүн түшүнүп, бактысын жашыра албай эрээркеп күлүп жиберген: “Мен кандай акмакмын. Коркуп жүрбөдүмбү сага жакындаштан…”
Ал түн ажайып эле. Үстүнөн ныгырган тоодой санаадан бошонгондой сергип. Асманы шаңкайып ачылып, өзүн чексиз бактылуу сезип, жарык да күйгүзбөй караңгылыкта олтура берген. Ушундай да сулуу түн болорбу? Толгон ай кыркаар теректердин үстүнөн толукшуп көтөрүлүп келатты. Терезе түбүндөгү гүлдөргө коюлган бир билек суу шылдырттап, салкын илеби урат. Кез-кез саратандын узакка чырылдаганы болбосо айлана жымжырт. Келинге жашоо кңп жылдардан бери биринчи жолу кубанычтуу жана кызык көрүнүп турду. Анын бактысын эч бир нерсе көлөкөлөй албоочудай сезилет. Сүйгөн кишиси экөө үйлөнмөк турсун, аны жат көздөрдөн бекитип катып жүрүүгө мажбур болору да санаарката алган жок. Ал кандай гана күттү эле ушул сүйүүнү! Ага кабылганына ыраазы болгон жүрөгү турмушка, адамдарга болгон сүйүүгө мелт-калт толуп турду.

#120 17 Февраль 2015 - 03:24
Аялдын ою ушул жерден чорт үзүлдү. Күйөөсү төшөктөн туруп кийине баштаптыр. Шаар да ойгонуп, жарык кирип калган экен. Машинелердин дүрүлдөгөнү күчөп, жолдон шашып өтүшкөн бирин-серин адамдардын шарпы угулат. Ушул маалда эринен мурда туруп, нары-бери нанүштө белендей салчу. Күйөөсү ишке кетмейинче анын жанында чарк айланат. Кийимдерин бирден кармап жанында туруп жаш баладай кийиндирет.
Үстү-башы купулга толгондон кийин дасторконго отургузчу. Жасаган тамагын көңүлдөнө жеп берсе ошого да сүйүнүп калчу. Анан күйөөсүн жолго чейин узатып чыгып, карааны көрүнбөй калгыча кыялбай карап турчу. Ошондон кийин гана тиричилигине киришет.
Мунун баарын ал эркекке жагынайын деп жасоочу эмес. Жүрөгүндө ага деген сүйүүсү көлкүлдөп эрип, ага жан-дили менен кызмат кылгысы келе берет. Ошонусунан өзү да ырахат алат. Мурдагы ажаандыгынан дайны түбү жок. Сүйүү аны таптакыр өзгөртүп салды.
Бүгүн гана биринчи жолу эринен кийин калып төшөктөн козголбой жата берди. Түнкү оор ойлордон бошоно албай «эмне мынча күнкор болом» деген ызаалуу сезимге жеңдирди. Жүрөгү бир жамандыкты туйгансып коолдоп муздайт. Күйөөсү улам бир нерсеге чалынып, издегенин таппай, күңкүлдөп сөгүнүп жатты. Анын кыжырлуу доошу аялдын безине тийип, уккан сайын бүрүшө түшөт. Минтип жок жерден өзүн айыпкер сезип жаткандан көрө бая эле туруп жалгандан болсо да жароокерленип чайын берип жөнөтүп ийсе болмок экен. Бирок, аялды эбелек кылып учуруп туруучу сезими бүгүн муз болуп тоңуп, өзүн зордоп да козголто албай койду.
Эркек жини менен эшикти карс жаап кеткенден кийин ансайын айласы түгөнө түштү. Эми күйөөсү эч качан кайрылып келбөөчүдөй коркунуч жүрөгүнө жыландай сойлоп кирди. Акыркы күндөрү ушинтип коркуп жүргөн. Ушул жылы күйөөсү мойнунан байлагансып аргасыз жашай баштаган эле. Аялды көңүлдөнүп кучактабай калганына да көп болду окшойт. Үйгө күнүгө келип, бир төшөктө жатышкан менен ой-санаасы башка жакта болуп, түнт тартып кетти. Аял тиричиликтеринин кем-чомун айтса да ага тиешеси жоктой кулак салчу эмес.
Күйөөсүнүн салкындыгы жанына батып азап чегип жүргөн менен өзүнүн ага болгон сезиминин күчүнөн гана турмуштарын ушуга чейин сүйрөп келиптир. Бүгүн гана көзү ачылгансыды. Көптөн бери үлүңдөп калган от акыры өчүптүр да. Күйөөсүн ушул үйгө алып келип туруучу жылуу сезими муздаган күнү эч нерсе менен байлай албасын билет. Перзент көрүп калышса да орозгерлик уланып кетмек беле. Аялды жазалагансып кудай да экинчи жолу перзент ыраа көрбөдү. Бала жөнүндө ойлогондо эле күйөөсүнүн качандыр айткан сөздөрүн эстебей кое алчу эмес.
Ошол күнү эркек таң жарый электе аялдын үйүнө купкуу болуп кирип келген: «Болду! Мен эми сендикмин. Үйдөн чыгып кеттим». Аял бир ооз гана «Балдарыңчы? » – деп сураган. Ал балдарын өтө жакшы көрүп, алардын тагдырлары жөнүндө көп толгоноорун билчү. Эркек бул жөнүндө да көп ойлонгон окшойт, шыдыр жооп берди: «Экөөбүздүн да балдарыбыз болот. Сен уул төрөп бересиң»