Senuchunzhashaim (10 Февраль 2015 - 20:33) жазган:
Сүйүүнү деле тапса болсо керек. Болгону туура жашоону үйрөнө билиш керек. "Бирөөнү сүйдүм, ансыз жашоо жок, андай адам аалам да жок" дегендин өзү акылсыздык. Туура, бир адамдын ордун бирөө баса албашы мүмкүн. Ал адам бир гана ата-энең. Калгандардын ордун алмаштырууга болот, андан жакшы адамга.
Байлык керек, сүйгөнүңө жетип бирок, элдин эң артында жашасаң да ичиңден аттиң кыласың. Неге ушуну көрдүм экен? Азыркы акылым болгондо башка байыраак бирөөнү тапмакмын деген ойлор да болот.
Өзүңөрдү көп алдай бербегиле "сүйүү, сүйүү" деп.